Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2024

Опумбаев 2020-жылдагы Октябрь окуясында резиденцияда болгонун айтты

0
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев 2020-жылдагы Октябрь окуясында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болгонун айтты. Ал 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Кой-Таш окуясы боюнча отурумга күбө катары көрсөтмө берүү үчүн барганда журналисттердин суроолоруна бул тууралуу кыска гана жооп берди.


УКМКнын мурдагы төрагасы 2020-жылдагы башаламандык учурунда жана ага чейин коомдук абалга талдоо болгон-болбогону тууралуу суроолорго комментарий берген жок. Орозбек Опумбаев 2020-жылы бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуясынан бери коомчулукка биринчи жолу чыкты.




 


Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда Бишкекте ири нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Ал күнкү митингдер түнү менен уланып, 6-октябрга караган түнү нааразылык билдирип чыккандар Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан Ак үйгө кирип барышкан. Ала-Тоо аянтындагы түнкү башаламандыктар учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан улам жаракат алып каза болгон.


Ошол учурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт, анын ичинде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 6-октябрда кызматтан кеткен. 9-октябрда ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагалык кызматынан бошоткон. 


Сооронбай Жээнбеков өзү 16-октябрда Жогорку Кеңеште кайрылуу жасап, президенттик кызматтан кеткен.


Бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуяларынан бери Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз болуп жаткан. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Янник Синнер

Стало известно, где будет тренироваться Янник Синнер в период дисквалификации за допинг






"Я хочу вести жизнь обычного человека". Дочь Анастасии Волочковой рассказала о своей жизни и женихе

АСИ представило Атлас сервисно-инфраструктурных решений для комплексного развития опорных населенных пунктов

«Дюплекс» по-русски: в Театре Сатиры прошла премьера спектакля «Старушка в подарок»

Топ 3 мюзикла, которые было бы обидно пропустить в марте