Добавить новость
ru24.net
World News
Март
2025

Египетте суу алдында жүрүүчү туристтик кеме чөгүп, кеминде беш орусиялык каза болду

0

27-мартта Египеттин Хургада курортунун жээгинде суу алдында жүрүүчү туристтик кеме (батискаф) чөгүп кетип, кеминде беш орусиялык жаран каза тапты.

Москванын Каирдеги элчилиги "Синдбад" деп аталган кемедеги 45 адамдын бардыгы Орусиянын жарандары болгонун, алардын төртөө мерт кеткенин ырастады.

Калган айрым жүргүнчүлөрдүн тагдыры белгисиз бойдон калууда.

Кеменин экипажы кайсы өлкөдөн экени жана алардын арасында каза болгондор бар же жок экени азырынча беймаалым.

"Кеменин ичинде болгон жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү куткарылып, Хургададагы мейманканаларга жана ооруканага жеткирилди," – деп билдирди дипломатиялык мекеме.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, кырсыктан жалпы алты адам каза болуп, тогуз адам жараат алган.

Кызыл деңиздин жээгиндеги популярдуу курортто суу алдындагы кеменин чөгүшүнө эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

"Эркин Европа/Азаттык радиосу" кырсык тууралуу маалыматты көз карандысыз булактардан тактай алган жок.

"Синдбад" компаниясы Хургада аймагында туристтик саякаттарды уюштуруп келгени менен белгилүү. Компания билдиргендей, ага дүйнөдөгү 14 туристтик суу алдындагы жүрүүчү кеменин экөө карайт.

Бул ишкана туристтерге 25 метр тереңдикке түшүп, 500 метрлик коралл рифин жана деңиз жандыктарын көрүп келүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Египет кыргызстандык туристтер да көп эс алчу мамлекеттердин бири.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса