ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 01.08.2020

Өлүм алдындагы чечим

Azattyk.org 

Абдымомун Калбаев бир нече китептердин автору. Ал өзү мыкты билген айыл турмушун, андагы ар кыл адам тагдырларын жазат. Бүгүн автордун “Өлүм алдындагы чечим” аңгемесине токтолобуз.

Ысык-Көлдө милиция кармаган журналисттин бөгөт чарасы каралды

Azattyk.org 

1-августта опузалап акча талап кылууга шектүү катары кармалган журналист Асылбек Бектенов (Асылбек Абдрахман) бир айга үй камагына алынды. Журналисттин бөгөт чарасын Каракол шаардык соту карады. Прокуратура бир айга камакка алуу боюнча өтүнүч келтирген. Бул тууралуу кесиптеши Назгүл Мамытова маалымдады. Буга чейин Ысык-Көл облустук милициясы кармалган журналист расмий эч жерде иштебей турганын жана опузалап акча талап кылууга шектүү катары 48 саатка камакка алынганын билдирган. Милициянын 31-июлдагы билдирүүсүндө... Читать дальше...

Дубайда араб дүйнөсүндөгү алгачкы атомдук станция ишке киришти

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарында «Барака» атомдук станциясы ишке киришти. Бул тууралуу Дубайдын шейхи Мухаммед бин Рашид ал-Мактум «Твиттерге» жазды. «Бүгүн биз Бириккен Араб Эмираттарында араб дүйнөсүндөгү алгачкы тынчтык атомдук станциясынын ийгиликтүү ишке кириши тууралуу жарыялайбыз”, - деп жазды ал.   Шейх бийликтин эмираттарды "таза энергиянын жаңы түрү" менен камсыздоо ниети бар экенин кошумчалады. Станциянын курулушуна түштүк кореялык “Керсо" энергетикалык концерни тартылган. Атомдук станциянын... Читать дальше...

Жээнбеков тааныш-билиш менен кызматка орношууну жое турганын айтты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-августтан баштап кадр тандоо боюнча жаңы система ишке кирерин билдирди. Жээнбеков "Биринчи радиого” курган маегинде мамлекеттик кызматка кадр тандоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылууга аракет башталганын белгиледи. “1-августтан тартып, жаңы конкурстук система ишке кирет. Эми тестирлөөдөн ким биринчи орунду алса, кызматка ошол талапкер сунушталат. Негизги максат — тааныш-билиштикти жоюу. Айрым мыкты кадрларыбыз мамлекеттик кызматка кире албай, калып кеткени жашыруун эмес. Читать дальше...

Финпол ыктыярчыларга кысым көрсөттү деген кызматкерди издеп жатат

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) тараткан маалыматта, “ыктыярчылар тобуна Финансы полициясынын кызматкерлери басым көрсөтүүдө деген маалымат чындыкка дал келбей” турганы айтылат. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Жалал-Абад облусу боюнча Финансы полициясынын кызматкерлери ыктыярчы кыймылдар менен байланышып, эч кандай текшерүү жүргүзбөгөнүн кабарлады. Учурда кызмат “Жалал-Абад жаштар кыймылынын” өкүлү Наргиза Караеванын... Читать дальше...

Жалал-Абадда жер силкинди

Azattyk.org 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-августта саат 15:23 чамаларында Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак, Каду, Ак-Тоок айылдарында 3 балл, Кара-Алма айылында жана Көк-Жаңгак шаарында 2 баллга чейин сезилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жок экенин жана кыйроо болбогонун билдирди. (TSh)

Мексика COVID-19дан өлгөндөрдүн саны жагынан үчүнчү орунга чыкты

Azattyk.org 

Мексикада коронавирустан каза тапкандардын саны 47 миңге чамалап, дүйнөдө үчүнчү орунга чыкты. Алдыңкы эки орунда АКШ менен Бразилия турат. Мексиканын Саламаттык сактоо министрлиги 31-июлда билдиргендей, бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 424 миңден ашты. Министрлик коронавируска кабылгандардын чыныгы саны бул көрсөткүчтөн алда канча көп болушу мүмкүн экенин кошумчалады. Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнөдө COVID-19 илдетинен 678 миңдей адам көз жумду. Коронавируска кабылгандардын саны 17,5 миллионго жетти. Читать дальше...



Нарын ооруканасынын жетекчилиги дарыгерлердин айлыгы боюнча жооп берди

Azattyk.org 

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Чыңгыз Нарынбеков Интернеттеги “Нарында айтылган акчадан аз төлөнүп, медицина кызматкерлери нааразы болууда” деген сөздөргө түшүндүрмө берди. Нарынбековдун айтымында, дарыгерлерге Курман айт майрамына карата аванс берилген, август айынын башында эсептөөлөр толук жүргүзүлөт. "Июль айы толук жыйынтыктала элек болгондуктан, Курман айтка карата медицина кызматкерлерине аванс гана берилген. Август айынын башында эсептөөлөр толук жүргүзүлөт", - деди. Читать дальше...

Сеулда вирустун жайылышына тиешеси бар сектанын башчысы камалды

Azattyk.org 

Түштүк Кореяда 88 жаштагы “Шин-Чонжи" христиан сектасынын башчысы 1-августта камалды. Лии Ман-Хииге жалган маалыматтарды берген жана «далилдерди жоготууга бир нече жолу аракет кылган» деген айыптар тагылганын "Yonhap" кабарлар агенттиги жазды. Түштүк Кореянын Тэгу шаарында февраль айында коронавирустун очогу пайда болгон. Анда сектага караштуу чиркөөгө байланышы бар 2 миңдей адам бул вирусту жугузуп алган. Бийликтин маалыматына караганда, аталган чиркөөгө байланышы бар адамдар өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын 38% түзөт. Читать дальше...

Кыргызстанда 1-класстын окуучулары мектепте окушу мүмкүн

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2020-2021-жылдагы окуу жылында 1-класстагы окуучулар мектепке барып билим алышы мүмкүн. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 1-августта "Биринчи радиого” курган маегинде билдирди. Анын айтымында, бул маселени тийиштүү органдар карап жатат. “Кечээ жакында билим берүү министринен жаңы окуу жылына даярдык боюнча маалымат алдым. Алгачкы чейректи аралыктан окутуу менен баштап, андан кийин кырдаалга карайбыз деген камылгасын көрүүдө. Бирок 1-класска келчү балдарыбызды мектепте окутуу маселесин кароону министрге да... Читать дальше...

Ошто өзбек ишкерлер илдетке каршы күрөшкө кошулду

Azattyk.org 

Ошто өзбек ишкерлери коронавируска каршы күрөшкө колдон келишинче салым кошуп жатышат. Алардын бири айылдык ооруканага жаңы "Тез жардам" автоунаасын сатып берди. Дагы бир ишкер догдурлардын тамак-ашын өз моюнуна алды. Пандемия маалында Кыргызстандын көп улуттуу калкы, улуттук маданий борборлор кайрымдуулук иштерин кеңири жайылтууда.

Жээнбеков: Күн салкын болгону үчүн Токтогулда суу аз топтолду

Azattyk.org 

1-августта президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого” курган маегинде, Токтогул суу сактагычында аба ырайына байланыштуу суу аз топтолуп калганын билдирди. Президенттин маалыматына ылайык, өлкөдөгү бир нече суу сактагычта суу аз топтолду. «Бизде эле эмес, региондо суу тартыштыгы болуп жатат. Былтыр тоолордо кар орто деңгээлде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 миллиарддын тегерегинде болот деген божомол болгон. Тилекке каршы, «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей... Читать дальше...

Хабаровскиде нөшөргө карабай каршылык акциясы өттү

Azattyk.org 

Орусиянын Хабаровск шаарында аймактын мурдагы губернатору Сергей Фургалдын камалышына каршы акция 1-августта дагы уланды. Расмий маалыматтарга караганда, катуу нөшөргө карабай бул күнкү митингге үч жарым миңдей адам чыкты. Бул мурдагы ишемби күндөрү өткөн акцияларга чыккандардын санына караганда кыйла аз экенин жергиликтүү басылмалар жазышты. Кармалгандар тууралуу маалыматтар болгон жок. Акцияга полиция өкүлдөрү көз салып турушту. Хабаровскинин тургундарына тилектештик билдирип, ушундай эле митингдер Комсомольск-на-Амур... Читать дальше...

Беларус: Тихановская үч митинг өткөрүүнү көздөп турат

Azattyk.org 

Беларус президенттигине талапкер Светлана Тихановская август айында үч митинг өткөрүүнү пландап жатат. Ал Гродно, Волковск жана Слоним шаарларындагы акцияларга катыша турганы маалым болду. Тихановская бул иш-чаралардын бардыгы Беларус коопсуздук кызматтарынын эскертүүлөрүнө карабай өтөрүн билдирди. Андан мурда бийлик Беларус аймагында 33 орусиялык жалданма аскер кармалганын, алар шайлоонун алдында өлкөдөгү абалды бейстабилдештирүүнү көздөшкөнүн билдирген. Ошондон кийин талапкерлерге эскертүү берилип... Читать дальше...

Ыктыярчылар өкмөттүн өксүгүн жаап кетишти

Azattyk.org 

Жүз жылдарда адамзатка бир келген пандемия көп мамлекеттердин финансылык, экономикалык күч-кубатын сынап, кайсы мамлекеттин бийлик түзүмү адамдарга камкордук көрүүгө багытталгандыгын, кайсылары элдин ырыскысын гана жеп күн көрүп келгендигин ачыкка чыгарды. Ошого жараша жугуштуу оору да жукту, адамдар да өлдү. Кыргызстанда жашаган адамдардын санына салыштырмалуу жугуштуу оорудан өлгөн адамдардын санынын көп болушу, биздин бийликтин бардык тараптан жетээр жерине жеткенин, эми бул кургуйдан кантип... Читать дальше...

Жээнбеков: Абал жакшырды деп баа берүүгө эрте

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков “өлкөдө коронавирус боюнча абал жакшырууда" деп баа берүүгө эрте экенин айтты. Мамлекет башчы мындай пикирин 1-августта "Биринчи радиодого” курган маегинде билдирди. “Адистер «абал турукташа баштады, ооруканаларга, стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда» деп маалымат берип жатышат. Бул албетте, жакшы жышаан. Бирок, мындай шашылыш баа берүүгө дагы эрте. Окуп-көрүп жатабыз. Дүйнөдөгү абал да бир кылка калыпка келе элек. Пандемия токтоп калды, ооругандар азайды деп карантинди алган... Читать дальше...

Трамп TikTok социалдык түйүнүнө тыюу саларын билдирди

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Кытай компаниясына караштуу TikTok социалдык түйүнүнө тыюу саларын билдирди. Бул тууралуу ал Air Force One учагынын ичинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Трамп өзүнүн ыйгарым укуктарын пайдалануу менен бул тиркемеге тыюу салган буйрук чыгара аларын кошумчалады. TikTok-өзгөчө жаштар арасында кеңири жайылган тиркеме. Дүйнөдө аны бир миллиарддай адам колдонот. Трамптын билдирүүсүнө чейин социалдык түйүн тууралуу суроо АКШнын Тышкы инвестициялар боюнча комитетинде каралган. Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Президент: Аскаров боюнча соттун чечимдерине комментарий бергеним туура эмес

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-августта "Биринчи радиодого” курган маегинде абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча суроого жооп берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Президент укук коргоочунун сот иштеринде эл аралык нормалар сакталды деп эсептейт. “Бул иш 2010-жылдан тартып Кыргызстандын элинин, дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келди. Соттун ар кандай инстанцияларына эки тарап тең кайрылып жатты. Эл аралык норма да сакталды. Кыргызстанда мыйзам үстөмдүк кылыш керек. Читать дальше...

Илдет күчөгөндө Токтогулда суу азайды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы «Таза Кол» коомдук уюму Токтогул станциясында (ГЭС) суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскертти.

Министр Жаманкулов: коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ага катталган ишкана жана үй-мүлкү жөнүндө түшүндүрмө берди. Жаманкуловдун айтымында, 2008-жылы ачкан «Риэлт Партнер» компаниясы ошол жылдары эле ишмердүүлүгүн токтоткон. Министр ал компания документте кала бергенин жана аны жок кылууга арыз жазылганын билдирди. Ал эми үйү жөнүндө маалыматтарды четке какты. “Аянты 1500 чарчы метр болгон үйү бар” деген маалымат жалган. Аянты 15-20 чарчы метр батирим бар. Азырынча шарт түзүлбөгөндүктөн ал жакта жашабайбыз. Читать дальше...

Талкуу жараткан «Мекен» тасмасын 80 миңдей көрүүчү көрдү

Azattyk.org 

"YouTube” платформасына 31-июлда жарыяланган «Мекен» тасмасын 16 саатта 80 миңге жакын адам көрдү. Тактап айтканда, тасма 31-июлда саат кечки 9да жарыяланып, 1-августта саат бирге чейин 80 миң көрүүчү топтоду. Жаңы тартылган «Мекен» тасмасы көрүүчүлөргө баштапкы версиясынан 20-30% өзгөртүлүп тартууланды. Фильмдин режиссеру Медербек Жалилов тасма Кыргызстандын кен казуу тармагындагы коррупциялык система тууралуу баяндоо максатында тартылган. Жалилов өзү маанилүү деп эсептеген кадрларды алып салууга мажбур болгонун белгилеген. Читать дальше...

COVID-19 22 медициналык кызматкерден табылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир сутка ичинде 22 медициналык кызматкерден коронавирус табылды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 1-августагы брифингде билдиргендей, коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлеринин бирөө Бишкекте, төртөө Ош шаарында, тогузу Ош облусунда, үчөө Жалал-Абад аймагында, бешөө Ысык-Көл облусунда катталды. Бир күн аралыгында үч медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыкты. Үй карантининде отурган 49 кызматкер сакайды. Ушуну менен республика боюнча COVID-19... Читать дальше...

COVID-19: Бир суткада 19 бейтап каза болду, вирус 494 кишиден табылды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1-августка карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 19 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди. Анын айтымында, каза болгондордун үчөө Бишкекте, үчөө Ош шаарында, экөө Чүй облусунда, экөө Ош облусунда, бирөө Нарын облусунда, төртөө Ысык-Көлдө, үчөө Жалал-Абад облусунда, дагы бири Баткен аймагында. Пандемиядан көз жумгандардын жалпы саны 1397ге жетти. Бир сутка ичинде 494 кишиден коронавирус жаңы аныкталды. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Легенда тенниса рассказал, готов ли он опять стать тренером Джоковича






Со 2 мая будут осуществляться прямые рейсы Котлас – Москва

Россияне стали чаще заключать брачные договоры

Коммерсантъ: за взятку задержан бывший зампред правительства Подмосковья Стригункова

«Русские „ограбили“ нас». ЦСКА обвинили в подкупе судей 19 лет назад