Жаңыланган «Бир Бол» жаңы чырга кабылды
«Бир Бол» партиясынын штабында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин инисинин кызы иштеп жатканы талашка түшүп, айрымдар саясий уюмду качкын саясатчынын жакындары каржылап жатабы деп күмөн санап жатышат.
«Бир Бол» партиясынын штабында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин инисинин кызы иштеп жатканы талашка түшүп, айрымдар саясий уюмду качкын саясатчынын жакындары каржылап жатабы деп күмөн санап жатышат.
3-августтан тартып Бишкек шаарында коомдук транспорт саат 07:00дөн 11:00гө чейин, түштөн кийин 14:00дөн 23:00гө чейин иштей баштады. Автобус, троллейбус жана кичи автобустарга ар бир каттам сайын салонду дезинфекциялап, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө беткап жана медициналык мээлей кийүү милдеттендирилди. Дем алыш күндөрү коомдук транспорт жүрбөйт. Мындан тышкары аянты 100 чарчы метрден ашык соода борборлоруна, супермаркеттерге саат 07:00дөн 00:00 чейин иштөөгө уруксат берилди. Кафе-ресторан... Читать дальше...
Президент Жээнбеков 3-августта Ысык-Көлдөгү медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. Мамлекет башчы Каракол шаарындагы облустук бириктирилген ооруканага барды. Ал жерде коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн 245 орун даярдалган. Мындан тышкары облустук оорукананын карамагында ремонтко муктаж эки имаратта кошумча 175 орунга жеткидей жай бар. Аны уюштуруш үчүн 20 млн. сом зарыл. Президент Сооронбай Жээнбеков аталган оорукананын жамааты менен жолугушуу учурунда өкмөткө аймактардагы... Читать дальше...
Украинаын атайын даярдыктагы аскерлери Киевдеги бизнес-борбордо бир аялды барымтага алып, бомба жардырарын айткан адамды кармады. Шектүү «Универсал банктын» кеңсесинде журналисттер менен сүйлөшүп жатканда колго түшүрүлгөнү маалымдалды. Ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко «Баштапкы маалыматка караганда, теракт менен коркуткан адам - Өзбекстандын жараны Каримов Сухроб Рахманович» деп билдирип, сүрөтүн жарыялады. 32 жаштагы Каримовду Геращенко «психикасы туруктуу эмес адам» деп болжолдоду. Читать дальше...
«Скай Мобайлга» 200 МГц радио жыштык мыйзамсыз берилген иш боюнча кылмышка шектүүлөрдүн бири, УКМКнын жооптуу кызматкери Нурлан Момунов үй камагына чыгарылды.
"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Жалал-Абад Жалал-Абад шаарында эми гана иштей баштаган түнкү стационардын шайлоого байланыштуу жабылышы тургундардын нааразычылыгын жаратты. Калаадагы университетте ачылган жай эки күндөн кийин “Шайлоо участкасында иштөөгө болбойт” деген негизде жабылган. Бирок тургундардын нааразычылыгынан улам түнкү стационар өз ишин шайлоо күнүнө чейин уланта турган болду. Талас Талас облусунун жетекчисинин... Читать дальше...
Жалал-Абад шаарында эми гана иштей баштаган түнкү стационардын шайлоого байланыштуу жабылышы тургундардын нааразычылыгын жаратты. Калаадагы университетте ачылган жай эки күндөн кийин “Шайлоо участкасында иштөөгө болбойт” деген негизде жабылган. Бирок тургундардын нааразычылыгынан улам түнкү стационар өз ишин шайлоо күнүнө чейин уланта турган болду.
Кыргызстанда инфекциялык оору менен күрөшүүдө эл стресске көп учурап жатканы айтылууда. Айрыкча оору курчуп турган кезде дүрбөлөңгө түшкөн адамдар дээрлик психологиялык жардам ала алышкан жок.
Ооган коопсуздук күчтөрү Нангархар чөлкөмүндөгү абакка кол салган «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жоочуларын издөөнү улантышууда.
Кыргызстанда бир күн ичинде, 2-августта коронавирустан айыгып, ооруканадан чыккан бейтаптардын арасында 101 жаштагы карыя бар. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 3-августтагы брифингде билдиргендей, дагы бир 80 жаштагы карыя да вирустан айыгып чыкты. «Бул медицина кызматкерлеринин күжүрмөн эмгегинин натыйжасы экенин белгилеп кетсек болот», - деди ал. Акматова вируска жоопкерчилик менен кароого, оорунун алгачкы симптомдору байкалар замат үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна же 118... Читать дальше...
Англиянын футбол жетекчилиги атаандашка карап атайын жөтөлгөн жорукту муштум менен сокку урган оройлук менен бирдей орунга койду.
Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумду аралыктан өткөрүү тууралуу чечим талашка түштү.
Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 4-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын жок. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, 29…34; Суусамырда түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25; Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33; Баткенде түнкүсүн 17…22... Читать дальше...
1980-жылы 3-августта жеңил атлет Сатымкул Жуманазаров Москва шаарында өткөн (СССР) XXII Олимпиада оюндарында коло медалдын ээси болгон.
Талас облусунун жетекчисинин кеңешчиси катышкан жол кырсыгында жабыркаган адам ооруканада көз жумду. Укук коргоо органдары айдоочу мас болгонун тастыкташты. Велосипедчи 26 жашта эле, ал дүкөндөн үйүнө кайтып келаткан. Анын туугандары соттон адилеттүү өкүм талап кылышууда.
Кинематография департаменти 3-августта «Мекен» тасмасы тууралуу түшүндүрмө берип, «анын авторлору бир жактуу маалымат таратып, агрессивдүү жарнама өнөктүгүн жүргүзүп жатат» деген көз карашын билдирди. Департамент тасманы көрүп чыккан мекеме аралык комиссия атайын алар үчүн түзүлбөгөнүн, 2016-жылдан бери кинодо экстремизм, зомбулук, порнография жана кастык сыяктуу терс көрүнүштөрдү жайылтууга бөгөт коюу максатында иштеп келе жатканын маалымдады. Департамент «Мекен» фильминде «айрым элементтер... Читать дальше...
3-августта Алматы шаарындагы Кытай консулдугунун алдына пикетке чыккан Серик Ажибайды полиция кармап кетти. Жарандык активист «Элдештирмек элчиден, жоолаштырмак жоочудан. Элден кет» деген жазуусу бар плакат кармап чыккан. «Жакында элчи Чжан Сяо «эгер Казакстанда же Кытайда революция болуп кетсе, бир өлкө экинчисине аскерлерин киргизиши керек» деп айтты. Мен элчинин ушул пикирине каршылык билдирип чыктым. Биз Кытайдын автономиялык району эмеспиз. Биз эгемен өлкөбүз», - деп Ажибай кармалардан азыраак мурда өз көз карашын түшүндүргөн. Читать дальше...
«Майкрософт» компаниясы жекшембиде кытайлык «Байтдэнс» интернет лөгү менен анын «ТикТок» («TikTok») социалдык түйүнүн сатып алуу тууралуу сүйлөшөрүн билдирди.
Казакстанда мындан ары алкоголдук ичимдик жана тамеки сатып алгандар тек-жайын тастыктаган документ көрсөтүшү керек. Тийиштүү норма жаңыланган Эл саламаттыгы жана саламаттык сактоо системасы тууралуу кодекске киргизилди. Эгер аларман тийиштүү документ көрсөтө албаса сатуучулар спирт ичимдиктеринен тартып тамекинин бардык түрүнө чейин сатпоого милдеттүү. Ошондой эле 21 жашка чейинкилерге аталган товарларды сатууга тыюу салынды. Эрежени бузган сатуучулар административалык жазага тартылат. 2021-жылдын... Читать дальше...
Бишкек шаарына чартердик рейс менен 10 литрлик 78 кычкылтек концентратору 2-августта Кытайдан жеткирилди. Өкмөт кабарлагандай, жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган. Аймактарга бөлүштүрүш үчүн Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлдү. Буга чейин Кытайдан беш литрлик 1500 кычкылтек концентратору алынып келгени кабарланган. Өткөн жумада 10 литрлик 40 даана жабдык келген. Ушул аптада дагы 350 жаңы аппарат келиши күтүлүп жатат. Кыргызстан пандемияда Кытайдан жалпы 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды.
Башкы прокуратура «Ата Мекен» партиясынын лидери, үйдөн чыгууга дарыгер убактылуу тыюу салган Өмүрбек Текебаевди сотко мажбурлап алып келүүнү өтүндү. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 3-августтагы отурумда пневмониядан кийин 14 күн үйдө болуп жаткандыктан сотко барбаган Текебаевдин маселеси талкууланганын «Азаттыкка» анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди. Токтакунова башка соттук иштерди мисал келтирип, ушундай эле диагноз коюлган соттолуучулардын ишин кароодо прокуратура дарыгердин айтканына макул болуп жатканын белгиледи... Читать дальше...
Америкалык «Майкрософт» («Microsoft») компаниясы кытайлык «Байтдэнс» («ByteDance») интернет-гигантынан анын «ТикТок» социалдык түйүнүн сатып алууну көздөөдө. Ак Үйдөгү ишенимдүү булактар Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп алуу-сатуу тууралуу макулдашууга келүүгө 45 күн мөөнөт чектегенин билдирди. Анын алдында Трамп коопсуздуктан улам бул соцтармакты АКШнын аймагында жаап саларын эскерткен. 2-августтагы билдирүүсүндө «Майкрософт» «ТикТок» боюнча билдирүү таратып, «президент көтөргөн маселенин маанилүүлүгүн толук түшүнөрүн» белгиледи.
2-августтун кечинде Ооганстандын Нангархар провинциясындагы абакта атышуу менен коштолгон жардыруу болду. Кеминде 21 адамдын өмүрүн алып, 40тан ашуунун жарадар кылган чабуулду өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук топ уюштурганын билдирди. Чабуул курмандыктарынын арасында жайкын тургундар, түрмө кызматкерлери жана камактагылар да бар. Провинция губернаторунун өкүлү Атаулла Хогияни 3-августта үч жоочу жок кылынганын кабарлады. Ал күч түзүмдөрү түрмөнү курчап, жашынган жеринен жоочуларды жок кылуу аракетинде экенин кошумчалады. Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп 2019-жылы 446 миллион доллар киреше тапкан. Тийиштүү каржылык отчёт АКШ өкмөтүнүн Этика башкармалыгынын сайтына жарыяланды. Декларацияда Трамптын кирешесинин негизги бөлүгү ага тиешелүү Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясынан ($21,4 млн.), Майамидеги «Doral» курортунан ($77,2 млн.) жана Вашингтондогу «Trump International» мейманканасынан ($40 млн.) түшкөнү көрсөтүлөт. АКШнын президенти кино, медиа жана китеп сатуу тармагынан да киреше тапкан. Трамп 2017-жылы... Читать дальше...
Коронавирус пандемиясынын убагында эл аралык уюмдар Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ОКМ) тогуз миллион сомдук гуманитардык жардам беришти. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров 3-августтагы брифингде билдиргендей, эл аралык уюмдардан гуманитардык жардам жеке коргоочу каражаттар, хлор, гигиеналык каражаттар жана башка товар түрүндө келди. «Гуманитардык жардам көрсөтүүдө эл аралык өнөктөштөр чоң салым кошту. Алар - Кыргызстандагы «Кызыл жарым ай» коому, «Чек арасыз дарыгерлер» уюму... Читать дальше...