ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 04.08.2020

Бейруттагы жарылууда жүздөгөн киши жабыркады

Azattyk.org 

4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы деңиз портунда катуу жарылуу болду. Эл аралык кабар агенттиктери бери дегенде 50 киши мерт болгонун Ливандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып кабарлады. "Кызыл жарым ай" уюмунун Ливандагы өкүлчүлүгү жарадарлар жүздөп саналарын билдирди. Азырынча жарылуунун себеби белгисиз.

Кыргызстандын мектептеринде 2 миңдей мугалим жетишпейт

Azattyk.org 

Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарында жана Бишкек шаарында мугалимдер жетишсиз. Жалпысынан 2020-21-окуу жылында Кыргызстандагы орто мектептер үчүн 2 250 мугалим керек. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова “Азаттыкка” кадр тартыштыгы жыл сайын боло жүрүүчү көрүнүш экенин билдирди: “Мугалимдердин көпчүлүгү кыз-келиндер. Алар турмуш курат, төрөп, узак мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгышат. Башка жакка которулуп кеткендери болот. Жашы жетип пенсияга чыккан мугалимдерибиз бар. Ошондуктан... Читать дальше...

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдары жанданды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги «Фейсбук» баракчасында маалымат таратты. Маалыматта 4-августтан баштап Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча жумасына эки жолу «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын рейстери аткарылары жазылган. Стамбул-Бишкек каттамы боюнча учакка Кыргызстандын жарандары, Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломаттар, Кыргызстанда эмгек визасы болгон чет өлкөлүктөр, кыргызстандык менен расмий никеде турган чет өлкөлүктөр жана туугандары, жүк ташуучулар жана учкучтар гана алынары билдирилди. Читать дальше...

Адвокат: Прокуратура Текебаевди оорусуна карабай сотко катыштырууну суранууда

Azattyk.org 

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүгө “Ата Мекен” партиясынын лидерин алып келип, катыштырууну прокурорлор соттон өтүнүшкөн. Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын “Азаттыкка” маалымдашынча, айыптоочу тарап мындай өтүнүчүн 3-августтагы жараянда да билдирген. “Сот алардын өтүнүчүн канааттандырган жок, бирок көз карандысыз дарыгерди алып келип, Текебаевдин саламаттыгы боюнча маалымат алууга болорун айтып, чечим кылды. Менин таң калганым кайсы врач бүгүн сотко келип... Читать дальше...

Бейруттагы деңиз портунда жарылуу болду

Azattyk.org 

4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы деңиз портунда катуу жарылуу болду. Эл аралык кабар агенттиктери бери дегенде 50 киши мерт болгонун Ливандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып кабарлады. "Кызыл жарым ай" уюмунун бул өлкөдөгү өкүлчүлүгү жараат алгандар жүздөп саналарын билдирди. Интернетте тараган видеолордон кабат үйдүн жанынан жалын аралаш коюу түтүн чыгып жатканын, аздан чоң эбегейсиз жарылуу болуп, уюган кара түтүн жүздөгөн метр аралыкка тараганын көрүүгө болот. Читать дальше...

Ысык-Көлдө жол оңдолот, Баткенде дарыгерлерге кыям жөнөтүштү

Azattyk.org 

"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Ысык-Көл 27-июлда каза болгон Ысык-Көл районунун башкы реаниматологу Сарбагыш Иманалиев кыргыз медицинасына өмүрүнүн 35 жылын арнаган, райондогу жандандыруу бөлүмүн чуркап жүрүп түзгөн. Ал пандемия маалында оор абалдагы бейтаптарды карап жатканда коронавирус жугуп, бул дүйнөдөн узап кетти. Аркасында үч уул, бир кызы жана жубайы калган дарыгердин кыргыз медицинасын өнүктүрүү кыялдары орундалбай калды. ... Читать дальше...



Кененбаев: Ыктыярчылар көтөргөн маселелердин 70% аткарылууда

Azattyk.org 

Президенттик аппарат башчысынын орун басары Алмаз Кененбаев ыктыярчылардын мамлекет башчы менен жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелердин 70% ишке ашканын 4-августта аларды кабыл алган учурда билдирди. Президенттик аппараттын өкүлү аткарылган иш-чарага Бишкек жана Чүй облусундагы коронавирустан дарылоочу ооруканалардагы орундар тууралуу маалыматтык система иштелип чыкканын, COVID.KG жана Финансы министрлигинин сайтында эл аралык донорлордон алынган каражаттар, дары-дармек, медициналык жабдуулар жана... Читать дальше...

Албания терроризмге шектүү тажик жаранын Германияга өткөрүп берди

Azattyk.org 

Албания «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү, теракт уюштурууга даярданган деген шек менен кармалган тажикстандык Комрон Зухуровду Германияга өткөрүп берди. 4-августта Тирананын прокуратурасы Зухуров АКШнын Германиядагы аскер мекемелерине чабуул уюштурууну пландаганын билдирди. Июнь айында сот 24 жаштагы Зухуровду адилетсиз соттолуп, кыйноого кабылышы ыктымал деп мекени Тажикстанга экстрадициялоодон баш тарткан. 30-апрелде Албаниянын полициясы шектүү Интерпол менен чогуу өткөрүлгөн операция учурунда кармалганын билдирген. Читать дальше...

Океанга чөктүрөм. Хабиб атаандашы Гэтжиге "тап берди"

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Жастин Гэтжи буга карата азырынча жооп кайтара элек. Деген менен буга чейин россиялык мушкер менен болуучу беттеш анын тагдырын аныктоочу сыноо болорун айтып, татыктуу кармаш көрсөтүүнү убада кылганы бар.

Лукашенко: Минскиде кармалгандар кырдаалдын туруктуулугун бузуш үчүн атайын жиберилген

Azattyk.org 

Беларуста кармалган орусиялыктар өлкөдөгү кырдаалдын туруктуулугун бузуш үчүн атайын жиберилгенин президент Александр Лукашенко 4-августтагы жылдык кайрылуусунун убагында билдирди. «Аларга «күткүлө» деген команда берилген. «Стамбулга билети бар эле» дегени - уламыш» дейт Лукашенко. Анын айтымында, 29-июлда Минскиде кармалган орусиялык «Вагнердин жеке аскердик компаниясынын» жоокерлери дал Беларуска жиберилгенин моюнга алышкан. Кармалгандарга каршы террордук актыларды даярдоо боюнча кылмыш иши козголгон. Читать дальше...

Беларуста күн мурунтан добуш берүү башталды

Azattyk.org 

Беларуста 9-августка белгиленген президенттик шайлоо үчүн күн мурунтан добуш берүү процесси башталды. 4-8-августта шайлоонун негизги күнү добушканага келе албагандар же катталган дарегине бара албай калгандар добуш бере алышат. Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жети миллионго жакын шайлоочу катыша аларын билдирди. Пандемияга байланыштуу жаңы эрежеге ылайык, ар бир тилкеде үчтөн ашык эмес байкоочу отура алат. Ошондой эле 5-августтан тартып гана байкоо жүргүзүүгө уруксат берилет.   1994-жылдан... Читать дальше...

Кадамжайлык тургундар Бишкектеги дарыгерлерге малина кыямын беришти

Azattyk.org 

Кадамжайлык тургундар Бишкектеги обсервацияларда коронавируска каршы күрөшүп, «кызыл аймакта» иштеген медициналык кызматкерлерге 700 кг малина кыям тартуулашты. «Кадамжай жардам штабынын» координатору Айтмат Азамжан уулу «Азаттыкка» кадамжайлык багбандар өздөрү өстүргөн кожогатын кыям кылып, медицина кызматкерлерине ыраазылык иретинде беришкенин билдирди: «Кожогаттын курамында түрдүү вируска каршы пайдалуу витаминдер бар. Ошондуктан багбандар алдыңкы катарда коронавируска каршы күрөшүп иштеп жатышкан... Читать дальше...

Новости России
Москва

РМОУ презентовал издательский проект «Притяжение Сочи» на форуме «Мы вместе. Спорт»


Эт жебеген мусулман илимпоз

Azattyk.org 

Ислам таануучу, филология илимдеринин кандидаты Резеда Сафиуллина-Ибрагимова 16 жыл мурун вегетариандыкк жолго түшкөн.

Дарыгер вирустан айыккандарды беткап тагынууга, эреже сактоого чакырды

Azattyk.org 

Орусиянын Башкырстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов баштаган орусиялык дарыгерлердин тобу Кыргызстандын аймактарындагы ооруканаларды кыдырып чыкты. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 4-августта билдиргендей, дарыгерлер тобу  Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарындагы, Ош, Бишкек шаарларындагы жардамга муктаж медициналык мекемелердин абалын көрдү. Кустов баштаган топ эпидемияга каршы иш-чараларды туура жүргүзүү боюнча сунуш-пикирлерди берген. Читать дальше...

ЖЭБ иши боюнча соттолгон Айбек Калиев №8 колонияга которулду

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттолгон «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясына которулду. Бул маалыматты Калиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, Айбек Калиевдин №8 колонияга которулганына үч жума болду. Эми ал жазасын ошол түрмөдө өтөйт. Июнда Айбек Калиевге «кытайлык ТВЕА компаниясынан алынган автоунааны ишенимге кирип, алдоо... Читать дальше...

ЖАМК: Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучулардын бири тергөө абагына которула элек

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучу Канат Осмоналиев №47 колонияда 6-августка чейин болот. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, №1 тергөө абагында отурган Осмоналиев №47 колонияга 2-июлда жеткирилген. Буга анын «мээнин жана баш сөөктүн астеноневротикалык синдромдуу травмасы» деген диагнозу себеп болгон. 30-июлда ал колониянын ооруканасынан дарыланып чыккан жана ошол жайда 6-августта соттолуучуларды ташуу этабы болгонго чейин кармалат. Читать дальше...

Оштогу тойканада чыккан өрттөн эч ким жабыркаган жок

Azattyk.org 

Ош шаарында Исхак Раззаков атындагы көчөдө жайгашкан «Ак-Шумкар» тойканасында 4-август күнү саат 11лерде өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда өрттөн эч ким жабыр тарткан жок. «Чыккан өрт саат 12:28де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок. Өрт тууралуу маалымат 11:08де түшүп, жарым сатта чектөөгө алынган. 12:28 толугу менен өчүрүлгөн», деп жазылган ӨКМдин билдирүүсүндө. ӨКМдин маалыматына ылайык Ош облусунда өрт азайган. Алардын эсеби боюнча... Читать дальше...

Боронов: Дарыгери жеке коргонуучу каражат көрө элек айылдар бар

Azattyk.org 

Медицина кызматкерлерин инфекциядан коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу иши жетишсиз болууда. Бул тууралуу 4-августта Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Өкмөт башчы жеке коргонуучу каражат көрө элек айылдар бар экенин айтып, мындай болбошу керек экенин белгиледи. Боронов: «Бардык медицина жайлары камсыз болушу зарыл. Биз ар бир районду текшерип чыгабыз», - деди. Жумуштан коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлеринин... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина вошла в десятку Чемпионской гонки WTA






ДТП с участием трех автомобилей произошло на западе столицы

Приметы на 19 апреля 2024 года: что категорически запрещается делать в этот день

Выходные в парках Москвы: Мастер-классы, лекции и экскурсии

В Подмосковье совершенствуют институт старост — Барсуков