ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 05.08.2020

Сапар Исаков шаардык сотто көрсөтмө берет

Azattyk.org 

Петровкадагы абакта жазасын өтөп жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 6-августта Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча соттук отурумда көрсөтмө берет. Ишти Бишкек шаардык соту Исаковдун жактоочусунун апелляциялык арызынын негизинде карап жатат. Адвокат Бакыт Автандил уулунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча Биринчи май райондук сотунда Исаковго көрсөтмө бергенге мүмкүнчүлүк берилген эмес: “Судья Сапар Исаковду бир сот отурумунан четтеткен... Читать дальше...

Батукаев иши: Атамбаевди сотко алып келүү аракети жасалууда

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн, 6-августта Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан ишти кароону улантат. Адвокат Замир Жоошевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келүү аракети болууда. “Алмазбек Атамбаев мурдагы процесске келген эмес, - деди Жоошев, - УКМКнын тергөө абагында видеобайланыш жоктугунан улам аны 6-августтагы сотко алып келүү милдеттендирилген”. 4-августтагы жараянда адвокаттар "Батукаевдин иши" боюнча мурдагы президент Алмазбек... Читать дальше...

Ош: Милиция Өзгөндөгү таксисттин өлүмүн улут аралык маселеге айландырбоону талап кылууда

Azattyk.org 

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөндөгү таксисттин өлүмүн улут аралык маселеге айландырбоону талап кылууда. Облустук ИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат. “Бул иште эч кандай улуттук маселе жок. Бардык күнөөлүүлөр жазасын алат. Интернеттеги айрым адамдар өз кызыкчылыгы үчүн чуу көтөрүп, маалыматты бурмалоого аракет кылышууда. Биз алардын айрымдарына эскертүү бердик”, - деди Аширбаев. Милициянын маалыматына караганда... Читать дальше...

ИСНА: Ирандын Машхад шаарында аялдарга велосипед тебүүгө тыюу салынган жок

Azattyk.org 

Ирандын Хорасан Разави аймагынын прокурору провинциянын борбору Машхадда аялдарга коомдук жерлерде велосипед менен жүрүүгө тыюу салынганын четке какты. Бул тууралуу ИСНА агенттиги маалымдады. Алдыңкы күнү аймактын Велосипедчилер биримдигинин төрагасы Мехди Руузбеханех тыюу салынганын, чечимди провинциянын Ислам адеп-ахлагы боюнча кеңеши бекиткенин билдирген. Машхаддын казысы аятолла Ахмад Аламолхода эскичил көз караштары, концерттерге жана аялдардын эркиндиктерине каршы билдирүүлөрү менен белгилүү. Читать дальше...

Текебаевдин иши: оору менен «ойногон» сот

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча 5-августка белгиленген соттук отурум келерки жумага жылдырылды.

ЖМК: Бейрутта жарылган жүк орус ишкеринин кемесинен конфискацияланган

Azattyk.org 

Маалымат каражаттары 4-августта Бейрут портунда жарылган аммиак селитрасынын ири партиясы орусиялык ишкер Игорь Гречушкинге таандык кемеден конфискацияланганын жазышты. Ливандын ички иштер министри Мохаммед Фахми жергиликтүү телеканалга билдиргендей, жарылуу кеминде 135 кишинин өмүрүн алып кетти, миңдеген адам жарадар болду. Порттогу кампада сакталган 2700 тонна аммиак селитрасы ал жакта 2014-жылдан бери топтолуп турган. Премьер-министр Хасан Диаб «химиялык жер семирткичти сактоодо коопсуздук... Читать дальше...

Баткенде жер титиреди

Azattyk.org 

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 5-август күнү, саат 14:18де күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду. Анын очогу Баткен шаарынан 17 чакырым аралыкта тоолордо катталды. Жер титирөөнүн күчү эл жашаган Кара-Бак, Чок-Талаа, Газнефт, Жаңы-Жер айылдарында беш баллды, Баткен шаарында 4,5 баллды, Бужум, Боз-Адыр айылдарында төрт баллды, Айдаркен, Кара-Булакта 3,5 баллды түздү. Баштапкы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок. (ZKo)



Толубай сынчы аалам кезип кетти...

Azattyk.org 

Таажы вирусунун апаатынан үйдөн чыга албай, «Фейсбуктан» көөдөндү куушурулткан суук кабар уктум. Ишене албадым дебейм, Садык Алахан агайдын «акка моюн сунду...» деген сөзү кулагымда жаңырып турду.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү миссиясын аяктады

Azattyk.org 

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Болормаа Амгаабазар миссиясы аяктап жатканына байланыштуу бүгүн, 5-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Мамлекет башчы Болормаа Амгаабазарга Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү катары жигердүү жана жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Андан тышкары өлкөнүн социалдык-экономикалык дараметин бекемдөөдөгү, айрыкча, өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу катаал учурдагы салымын белгиледи:  «Сиз Кыргызстан менен... Читать дальше...

Кубанып турам! Кыргызстандык Физиев UFC уюму менен келишимин жаңыртты

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Аралаш мушташ спортундагы эң беделдүү UFC уюмунда күчүн сынаган Физиев эми дагы төрт беттеш өткөрө алат. Андан кийинки турнирлерге катышуусу рейтингинен көз каранды деп эсептелинет.

COVID-19: Президент каза болгон алты дарыгердин жакындарына көңүл айтты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы тараткан кабарда ооруну жумуш учурунда жугузуп алып көз жумган алты адистин аты аталды. Алар: - Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу Сарыбагыш Иманалиев; - Ысык-Көл районунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бүбүайым Жээнбаева; - Чүй районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун... Читать дальше...

Боронов: Экинчи толкун болсо дарыгерлер жетишпей калышы мүмкүн

Azattyk.org 

Эгерде Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну болсо дарыгерлер жетишпей калышы ыктымал. Бул тууралуу 5-августта премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди: «Өлкөдө 13,5 миң медицина кызматкери бар. Эгер илдеттин экинчи толкуну болсо алар жетишпей калышы мүмкүн. Кадрлар резервин түзүү, башка профилдеги дарыгерлер үчүн кыска курстарды уюштуруу, кайра даярдоо маанилүү. Менчиктин түрүнө карабастан медициналык жардам көрсөтүү боюнча көндүмү барларга мүмкүнчүлүк берилет, баарына бирдей шарттар түзүлөт». Читать дальше...

Казакстан кыргыз жана өзбек мигранттарга транзит коридорун ачты

Azattyk.org 

Казакстан миңдеген кыргызстандык жана өзбекстандык мигрантка өз аймагы аркылуу өтүүгө уруксат берди. Анын алдында Орусиянын сайттары 3-августта Орусия-Казакстан чек арасында калган 500дөй мигрант казак чек арасына жакындоого аракет кылганын, орус күч түзүмдөрү аларды токтотушканын кабарлашкан. «Интерфакс» агенттиги ортодо чыккан кагылышууда эч ким жабыркабаганын жазды. Казак тышкы саясий мекемеси «Орусиянын аймагында болгон жана Казакстанга тиешеси жок» окуяга комментарий берүүдөн адегенде баш тартып... Читать дальше...

Жазуучулар бирикмесинин төрагасы Нурлан Калыбеков Казакстан калкынын ассамблеясынын сыйлыгын алды

Azattyk.org 

Кыргыз улуттук жазуучулар бирикмесинин төрагасы, акын Нурлан Калыбеков Казакстан калкынын ассамблеясынын «Мээрим» төш белгиси менен сыйланды. Мындай сыйлыкты ыйгаруу тууралуу чечим Калыбековдун коомдук байланышты жана жалпы улуттук биримдикти чыңдоого кошкон салымын белгилөө максатында кабыл алынганы айтылды. Акындын «Нур дүйнө» (1995-ж.), «Ырлар жана поэма» (1999-ж.), «Азия, все мы твои дети» ( 2000-жыл, жамааттык жыйнак), «Дервиш миров»( 2002-ж.), «Теңиринсан» (2004-ж.), «Күнэл»( 2007-жыл, жамааттык жыйнак)... Читать дальше...

Убададан ашпаган дарыгерлердин айлыгы

Azattyk.org 

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бардык тармактарды жапырт санариптештирүү жүрүп жатканын, бул көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө түзүп, чогулган каражат биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акысын көтөрүүгө багытталарын айтты.

Михаил Ефремов күнөөсүн моюнга алган жок

Azattyk.org 

Орусияда белгилүү актер, адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы үчүн айыпталган Михаил Ефремов баш калаанын Краснопресненск райондук сотунда күнөөсүн моюнга алуудан баш тартты. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги кабарлады. Ефремов: «Эсимде эч нерсе жок. Жок, мойнума албайм», - деп айтты. Адвокаттары айыпты моюнга алууга азырынча эрте деп эсептешет. Прокурор кырсык учурунда актёр мас абалында, баңгизат чегип алган болчу, уруксат берилген ылдамдыктан ашырып айдаган жана машинесин башкара албай калган деп эсептейт. Читать дальше...

Кышында жарык өчөбү?

Azattyk.org 

Кыргызстандагы «Таза Кол» коомдук уюму Токтогул станциясында (ГЭС) суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскертти.

Новости России
Москва

Эксперты КА «Главный Советник» приняли участие в форуме «Тренды и антитренды корпоративного видео сегодня»


Текебаевдин жана Чотоновдун соту 10-августта уланмай болду

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту 10-августта уланмай болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, 5-августка белгиленген сот отуруму болгон жок. Буга Текебаевдин оорусуна байланыштуу маалымат бериш үчүн чакыртылган медициналык адис келбегени себеп болду.  «Сот прокуратураны «көз каранды эмес адис чакырткыла» деп милдеттендирген болчу. Прокуратура Саламаттык сактоо министрлигине кайрылган экен... Читать дальше...

Айкөл Манас ойгонот, эгер...

Azattyk.org 

Кинотеатрлардан көрсөтүүгө уруксат берилбей, Интернетке чыгарылган “Мекен” тасмасын үч күндө жарым миллион киши көрүптүр. Астына пикир жазгандардын саны эле он миңден ашыптыр. Социалдык желеде, мисалы, "Фейсбукта" аны өтө толкундануу менен сөз кылгандар көп болууда. Бул фильм эмне үчүн элди ушунчалык өзүнө тартып жатат? Топук “Топук”... Таажы тумоосу келип, дүрбөлөңгө түшкөн калайык жабыла ун талашып киргенде, кийин чайкоочулар эң көп суралган дары-дармекти он эсе, жыйырма эсе кымбат сатканда эл кайрадан эстеди бул сөздү. Читать дальше...

Министрдин жообу журналисттердин ачуусун келтирди

Azattyk.org 

Казакстандын саламаттык сактоо министринин жооптору журналисттердин ачуусун келтирди. Алардын нааразылыгына түз эфир учурунда журналисттердин микрофону улам өчүрүлүп жатканы себеп болду. Кабарчылар коронавируска кабылгандардын саны азайтылып жатканы боюнча бир нече суроо берип, жообун ала албай калышты.

Орусияда Ош облустук ооруканасын курдурган ардагер дарыгер көз жумду

Azattyk.org 

Ош облустук ооруканасын курдурган адис, Кыргызстандын Эмгек сиңирген дарыгери жана куруучусу, 26 жылдан бери Орусияда жашап келген Виталий Сергеев катуу оорудан кийин каза болду. 5-августта президент Сооронбай Жээнбеков маркумдун жакындарына көңүл айтты: «Дүйнөдөгү эң ардактуу жана керектүү кесипке өзүн арнаган, жүрөгү кенен, өтө талантуу жана колу алтын жердешибиз көз жумду. Виталий Прокопьевич Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон. Анын эмгегинин жана билиминин... Читать дальше...

Жуманазаровдун рекорду жаңылана элек

Azattyk.org 

Мындан 40 жыл мурун Москвада өткөн (СССР) XXII Олимпиада оюндарында жеңил атлетика боюнча коло медалдын ээси болгон Сатымкул Жуманазаров тирүү болсо быйыл 69 жашка чыкмак.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Дарья Касаткина

Теннисистка Касаткина отреагировала на высказывания Винер о россиянах






Хазин: Путин разорвал договор с могущественной группировкой внутри России

Осужденных за теракт в Крокусе ждут крайне тяжелые условия содержания

Путин: «Нападение России на НАТО это полный бред»

Нитка в животе. Гену из сериала «СашаТаня» экстренно прооперировали