Добуш керек! Айсулуу Тыныбекова мыкты спортчу сынагынын финалына чыкты
Добуш берүү UWW уюмунун Instagram баракчасында жүргүзүлүп жатат. Күйөрмандар Айсулууга добуш берүү үчүн Stories бөлүмүнө кириши керек.
Добуш берүү UWW уюмунун Instagram баракчасында жүргүзүлүп жатат. Күйөрмандар Айсулууга добуш берүү үчүн Stories бөлүмүнө кириши керек.
Президенттикке талапкер болууну көздөп жаткан саясатчы Клара Сооронкулова шайлоочулардын колдору коюлган тизмени БШКга тапшырды жана 1 млн. сом күрөө акчаны 3-декабрда төктү. Бул тууралуу боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин 14 жаран кол тамгалардын тизмесин тапшырганы жана БШКнын депозиттик эсебине 1 миллион сомдон акча которгону кабарланган. Алар: Аймен Касенов; Бабыржан Толбаев; Адахан Мадумаров; Садыр Жапаров; Равшан Жээнбеков; Рашид Тагаев; Элдар Абакиров; Жеңишбек... Читать дальше...
Кыргызстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Артем Новиков 3-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело менен жолугушту. Новиков Кыргызстан БУУнун бардык институттары менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Мындан тышкары вице-премьер-министр кыргыз өкмөтү алдыдагы президенттик шайлоодо Улуттар уюмунун колдоосун күтөрүн кошумчалады: «Биз Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн бардык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүүгө даярбыз. Эл аралык уюмдардын жардамы ишкерликти колдоо... Читать дальше...
АКШнын мурдагы президенттери Барак Обама, Жорж Буш жана Билл Клинтон коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө даяр экенин билдиришти. Алар америкалыктардын бул вакцинанын коопсуз экенин экенин далилдөө үчүн камера алдында эмделүүгө макул экенин мурдагы президенттердин өкүлдөрү жарыялашты. Учурда АКШнын бийлиги коронавируска каршы жапырт эмдөө үчүн вакцинаны бекитүү алдында турат. Буга чейин "Pfizer" жана "Moderna" компаниялары иштеп чыккан вакциналар эмдөөгө колдонуу үчүн уруксат сураган. Алар вакцинанын... Читать дальше...
Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдисаит Каримбековдун китепканаларды жоюп, жаңы форматка өткөрүү тууралуу демилгеси талкууга түштү.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 3-декабрда, Боршайкомдун жыйынында билдирди. Анын айтымында, 10-январда президенттик шайлоо менен референдумду чогуу өткөрүүгө БШКнын техникалык мүмкүнчүлүгү жетиштүү. «Борбордук шайлоо комиссиясында 2500гө жакын добуш берүү участоктору бар, - деп түшүндүрдү БШКнын өкүлү. - Ал эми автоматтык эсептегич үкөктөр жана идентификациялык жабдыктар 5700дөн ашуун. 2,5 миңге жакын шайлоо участогуна экиден үкөк коюлса, дагы 800дөй үкөк резервде калат. Читать дальше...
Азербайжан Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышуу учурунда каза болгон аскерлеринин санын жарыялады. Азербайжандын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 44 күнгө созулган согуш учурунда бул өлкөнүн 2783 аскери жана офицери набыт болгон. Министрлик акыркы кагылышууну «Ата Мекендик согуш» деп сыпаттап, 103 аскердин сөөгү ДНК-анализдин жардамы менен аныкталып жатканын кабарлады. Ошондой эле 100дөн ашык жоокер дайынсыз жоголгону жана 1245 аскер жарадар болгону аныкталды. Бир күн мурун Армениянын... Читать дальше...
Референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоору регламентти бузуу жолу менен шашылыш түрдө парламенттин күн тартибине киргизилгени кеп болууда.
"Азыркы кыргызстандык" подкастынын бул жолку коногу Көзү азиздер федерациясынын негиздөөчүсү Гүлназ Жүзбаева. Жүзбаева быйыл "Би-би-си" дүйнөлүк кызматы аныктаган дүйнөдөгү 100 таасирдүү аялдын тизмесине кирди. Ал жашоосу тууралуу айтып берип, Кыргызстандагы окуяларга болгон көз карашы менен бөлүштү.
3-декабрда Майыптардын эл аралык күнү белгиленет. Бишкек шаарынын тургуну Нургүл Чыдыева үчүнчү топтогу майып. Эки баланын энеси ушул тапта ишсиз үйүндө отурат. Былтыр ал күнү-түнү иштеп, топтогон акчасына бир бутуна операция жасаткан. Быйыл пандемиядан улам пландалган экинчи операциясы, дарылануусу болбой калды. Каарманыбыз пандемия майыптарды бир топ майыштырганын айтып кейиди.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча Жогорку соттун токтому токтоосуз түрдө күчүнө кирип, аткарылышы керек. Анын айтымында Жогорку соттун Алмазбек Атамбаевге байланыштуу чечими райондук сотко келип түшүп, алар чечимди Жаза аткаруу кызматына жиберүүгө милдеттүү болчу. «Бирок алар андай кылган жок. Жогорку соттон да чечим райсотко жиберилген жок. Райондук сот да Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына эч кандай маалымдама берген эмес. Булар «беш иш күнүндө аткарылат» деп айтышууда. Читать дальше...
Конституциялык палатанын парламенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу чечими коомдо кайчы пикирди жаратты.
Кыргызстанда жаңы сунушталган Конституциянын долбоорунда “Элдик курултайга” өзгөчө макам берилет. Бул маселе эмне үчүн коомчулукта эки ача пикир жаратып келет? Азиядагы үч өлкө элдик жыйындардан эмне пайда-зыян тапкан? “Биз жана дүйнө” берүүсүнөн көрүңүз.
Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы өз ара тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жол-жобосу тууралуу мунасага келди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, Курсан Асанов 3-декабрда күрөө үчүн 1 миллион сом да төктү. Президенттик шайлоого катышарын билдирип, БШКга кайрылган талапкерлер бүгүн, 3-декабрдын акыркы мүнөтүнө чейин өздөрүнүн талапкерлигин жактаган шайлоочулардын колу коюлган баракчаларды Боршайкомго тапшырууга жана шайлоого 1 миллион сом күрөөнү депозиттик эсепке которууга тийиш. БШК бүгүн, 3-декабрда президенттик жарышка катышарын билдирген 6 адам талапкерлигин алды. Арасында... Читать дальше...
Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору 3-декабрда парламентте талкууланып жатканда «жеке пикирин таңуулап жатат» деп айрым депутаттардын сынына кабылды. Кээ бир депутаттар талкуу учурунда бул долбоор жалпы жыйынга регламентти бузуу менен чыгарылганын айтышкан. Калматов «кантип өткөнүн билбейм, мыйзамдын бул жакка чыкканы туура» деп билдирди. Депутаттардын референдум кандай натыйжага алып келиши ыктымалдыгы тууралуу талкуусун... Читать дальше...
Буга добуш берүүгө келгенде залда тиешелүү сандагы депутаттардын жок болгону себеп болду. Жогорку Кеңештин регламенти боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбооруна добуш берүүгө кеминде 61 депутат катышууга тийиш. Кабарчыбыздын маалыматына караганда, парламенттин жыйындар залында кыркка жетпеген депутат отурду. Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карады. Кыргызстанда... Читать дальше...
Чүй облусундагы ден соолукту калыбына келтирүүчү "Ысык-Ата" курортунда иштеген медициналык жана чарбалык кызматкерлер февраль айынан бери айлык ала албай кыйналып жатканын айтышууда. Алардын айрымдары үч, кээ бири 10 айга чукул маянасын көрө элек. Кызматкерлер бул кырдаал үчүн курорттун жетекчилиги менен Кесиптик кошуундар федерациясын айыпташууда. Жетекчилик түзүлгөн оор кырдаал пандемия менен өлкөдөгү, федерациядагы саясий туруксуздуктан улам болгонун жүйө келтирип жатат.
Жалал-Абаддын Ноокен районунда ондогон гектар пахтанын акыркы терими кар алдында калды. Дыйкандар быйыл суук эрте түшкөндүктөн пахтаны жыйнаганга үлгүрбөй калган. Ак алтындын түшүмүн жыйноо учурунда пандемияга байланыштуу жумушчулар тартыш болгон. Ошондон улам да терим иштери кечендеген.
2020-жыл аба ырайына байкоо жүргүзүлүп келгенден бери тарыхтагы экинчи ысык жыл болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк метеорологиялык уюм бейшембиде билдирди. Глобалдык жылуулук жагынан 2016-жылы рекорд байкалган. Ал эми быйылкы 12 ай пандемия менен гана эмес, абанын адаттан тыш жогорку температурасы менен да эсте калмакчы. Аба ырайынын ысышы Австралиядагы, Сибирдеги жана Калифорниядагы токойлордун өрттөнүшүнө, кургакчылыкка жана катуу урагандарга алып келди. Океандардагы суунун орточо температурасы нормадан ашты. Читать дальше...
Дүйнөдө өз кесиби менен эң узак иштеген адис катары рекорд койгон кыргызстандык белгилүү хирург, коомдук ишмер Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебинин дипломун расмий түрдө алды. Бул тууралуу Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору 3-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, эреже боюнча Мамакеевге дипломду Гиннестин рекорддор китебинин эксперттери тапшырмак. Коронавирус пандемиясына байланыштуу диплом экспресс-почта аркылуу келди. Мамакеев Гиннес китебине быйыл майда кирген. 2020-жылдын... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы сессиясында мал-жандыкты сыртка сатууга коюлган чектөө маселеси көтөрүлдү. Депутат Урматбек Самаев мындай чектөөнү алып салууну фермерлер суранып жатышканын айтты. Ага жооп берген айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бул экспорт маселесине жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан саясий чечим болгонун айтып, чектөө эттин баасы турукташкандан кийин алынарын билдирди: «Бир жакта 10-20 миң фермер, экинчи жакта 6 миллион киши. Читать дальше...
Америка Кошмо Штаттарында 2-декабрда коронавируска байланышкан дагы бир антирекорд катталды. COVID-19 диагнозу менен ооруканаларда жаткандардын саны 100 миң кишиден ашты. Оорудан бир күндө 2 733 бейтап көз жумду, 200 миңдей киши илдетти жугузуп алганы аныкталды. Бул бир аптада миллиондой кишиде вирус табылганын билдирет. Эпидемиологдор алдыдагы 2-3 ай өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы үчүн эң оор мезгил болорун эскертишүүдө. Илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жетекчиси Роберт Редфилддин айтымында... Читать дальше...
Ооган өкмөтү менен «Талибан» куралдуу кыймылы өз ара тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жол-жобосу боюнча мунасага келди. Тараптар орток пикир тапканын Катардагы талибдер менен сүйлөшүүдөгү ооган өкмөтүнүн өкүлү Надер Надери «Твиттердеги» баракчасына жарыялады. Анда «учурдагы сүйлөшүүлөр оогандар бекем тынчтыкты орнотууга даяр экенин көрсөтөт жана эки тарап тең Ооганстанда тынчтык орнотууга чын пейилден аракет кылып жатканын ырастайт» деп жазды. «Талибандын» өкүлү да «Твиттерге» ушундай эле мазмундагы билдирүү калтырды. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун кароого киришти. Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыккан. Анын айтымында, эгер референдум 10-январда, президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү өтсө бюллетен басып чыгарууга 4 миллион сомдон ашуун, эгер өзүнчө өтсө 450 миллион сомго чейин каражат талап кылынат. Читать дальше...