ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 01.02.2021

Батыш орус бийлигинин зомбулугун айыптады

Azattyk.org 

Эл аралык коомчулук 31-январда конституциялык укуктарын пайдаланып, тынч жана эркин нааразылык жыйындарына чыккан миңдеген орусияык жарандарга зомбулук көрсөткөн орус бийлигинин аракеттерин кескин сынга алууда. 31-январдагы Орусиянын көптөгөн шаарларындагы тынч жыйындардын катышуучуларына аёосуз мамиле жасаган расмий Кремлди чечкиндүү сынга алгандардын бири - Кошмо Штаттар болду. АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияда бийликке каршы митингдердин күч алышына өлкөдөгү ички көйгөйлөр түрткү болгонун айтып... Читать дальше...

Косово менен Израил дипломатиялык мамиле түзүштү

Azattyk.org 

Косово жана Израил дипломатиялык алака-катыш түзүштү. Тиешелүү документке 1-февралда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери онлайн салтанатта кол коюшту. АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн келишимде Балкандагы мусулман калктуу Косовонун элчилиги Иерусалимде ачылары айтылган. Салтанатта Косовонун министри Израил өлкөнүн эгемендигин тааныган 117-мамлекет болуп калганын белгиледи. Өткөн сентябрда АКШнын ошол маалдагы президенти Дональд Трамп Ак Үйдө Косово менен Сербиянын лидерлерин чогултуп, анда эки коңшунун мамилелери талкууланган. Читать дальше...

Блинкен: Ак Үй Орусияга каршы ыктымал аракеттерди караштырып жатат

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жо Байдендин администрациясы Орусияга каршы ыктымал аракеттерди караштырып жатканын билдирди. 1-февралда көргөзүлгөн телеинтервьюда мамкатчы Орусияда жекшембиде болгон нааразылык акцияларынын катышуучуларына каршы колдонулган зомбулукка кабатырланганын айтты. Орус Тышкы иштер министрлиги акциялардын артында Вашингтон турат деп эсептеп, аны өлкөнүн ички иштерине чоң кийлигишүү катары баалап келет. «Орус өкмөтү биздин тиешебиз бар деп эсептесе, бул чоң жаңылыштык. Читать дальше...

Кумаркана ачуу маселеси кайра козголду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылып, коомдук талкууга чыгарышты. Эки депутаттын демилгеси боюнча, «Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонгон. Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага Кыргызстандын жарандары киргизилбейт. Бул мыйзам долбоору өлкөнүн башка аймактарында иштебейт. Читать дальше...

Жаңы кадр саясатынын жагдайлары

Azattyk.org 

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров алгачкы жарлыктарынын бири катары «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыкка кол койду. Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоону жакшыртуу чаралары камтылган. Ошондой эле президент өкмөткө жана Мамлекеттик кадр кызматына катардагы мамлекеттик кызматтарга гана эмес, саясий жана жогорку административдик жетекчилик кызматтарга дайындоолорду да сынак аркылуу жүргүзүү тартибин иштеп чыгууну  сунуштаган. Ошондой эле мамлекеттик башкаруудагы... Читать дальше...

Журналист Ыдырыс Исаков суракка чакырылды

Azattyk.org 

Парламенттеги башкаруучу коалиция Улукбек Мариповду премьер-министрликке көрсөттү. Оштогу иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды. Орусияда бийликке каршы акцияларда кеминде 5 жарым миңдей киши кармалып, аларга четинен кылмыш иштери козголо баштады.

Европа соту Алексей Навальныйды ууландыруу ишин карайт

Azattyk.org 

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиянын өкүлүн саясатчы Алексей Навальныйды ууландыруу ишин кароого алганын кабардар кылды. Бул тууралуу соттун сайтында айтылат. Маалыматка караганда, Навальныйдын арызы былтыр августта саясатчы Омск ооруканасына жаткырылгандын эртеси берилген. Адвокаттары анын Европанын Адам укуктары боюнча конвенциясында каралган жашоо укугу бузулган деп эсептешет. Страсбургдагы сот орус бийлигине ал укук бузулганбы, эң негизгиси  ишти иликтөө милдеттенмеси аткарылганбы деген... Читать дальше...



Туу көтөрөм деп келген памирлик Турганбай

Azattyk.org 

2017-жылдын октябрь айында Памирден Кыргызстанга көчүрүлүп келген бир ууч этникалык кыргыздардын арасында 16 жаштагы Турганбай Абдулвахид уулу да бар болчу. Азыр эр жетип, Нарындагы мектептин 9 жылдык окуу программасын үч жылда аяктап, Ишенаалы Арабаев атындагы университетте педагогика багытында билимин улантып жатат.

Жумушсуздуктан зар какшаган эл

Azattyk.org 

Убагында күүлдөгөн Таш-Көмүрдүн эли азыр көмүрдүн күлүн чукуп оокат кылууда. Машина курууга шыгы бар кочкорлук Талант Ташматов майыптар үчүн автоунаа кураштыргысы келет. Кара-Кужурда топоз баккан бүлөнүн турмушу, тилек-максаты. "Данисте" тележурналыбыздын бул жолку мазмунун ушундай баяндар түздү.

БУУ Армения менен Азербайжанды туткундарды дароо бошотууга үндөдү  

Azattyk.org 

БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери Армения менен Азербайжанды жикчил Тоолуу Карабак аймагындагы уруш учурунда туткундалган адамдарды дароо бошотууга үндөштү.   Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаттын кеңсеси 1-февралда жарык көргөн билдирүүдө эки өлкө «маданий салттарды урматтоо» менен куралдуу кагылышууда каза тапкандардын сөөктөрүн жакындарына тезирээк өткөрүп берүүгө тийиш экенин белгиледи.   Армения жана Азербайжан былтыр күзүндө алты жума согушуп, 9-ноябрда Москванын ортомчулугу менен тынчтык келишимине жетишкен. Читать дальше...

Марипов өткөөл мезгилдин өкмөтүнө сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 1-февралда жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин көрсөттү. Конституциянын сунушталып жаткан жаңы долбоору референдумда кабыл алынса, Марипов акыркы өкмөт башчы болуп калмакчы.  Улукбек Мариповго премьер-министр болууну президент Садыр Жапаров сунуш кылган. Бул тууралуу ал «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал эми коалициянын жыйынына анын талапкерлиги «Республика - Ата Журт» фракциясы аркылуу сунушталды. Улукбек Марипов кызматка келип калса... Читать дальше...

УКМК: Нургазы Анаркулов камалган эмес, иши тергелип жатат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нургазы Анаркуловду камакка алуу боюнча эч кандай бөгөт чарасы тандалбаганын билдирди. Мекеме козголгон кылмыш иши тергелип жатканын жана анын жыйынтыгында ага карата юридикалык баа берилерин кошумчалады. 30-январда атайын кызмат Нургазы Анаркулов ири суммада пара талап кылууга байланыштуу шектүү катары кармалганын, ага карата сотко чейинки териштирүү... Читать дальше...

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу эки вице-мэрге эскертүү берди

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишиндеги кемчиликтер үчүн эки вице-мэрге эскертүү берди. Мэриянын маалыматына ылайык, Бишкектин жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулуна 1999-жылдан кийин курулган менчик үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча сунуш киргизүү тууралуу тапшырма берилген. Андан тышкары тиешелүү документтерди сотко өткөрүү, «Бугу-Эне-Багыш» конушун электр энергиясы жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу ишин 26-январга чейин аткаруу тапшырылган. Читать дальше...

Казакстанда коронавирустан эмдөө башталды

Azattyk.org 

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги "Pfizer/ BioNTech" компанияларынын вакцинасын алуу жөнүндө сүйлөшүүнү улантып жатат. Бул тууралуу 1-февралда башкы санитардык дарыгер Ерлан Киясовго шилтеме менен жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Адистин айтымында, экинчи жарым жылдан тартып вакцина Казакстанга жеткириле баштайт деп болжолдонууда. Алдын-ала макулдашуулар бар. Бүгүн кошуна өлкөдө коронавирустан эмдөө өнөктүгү башталды. Маалыматтарга караганда, Киясовго орусиялык «Спутник V» вакцинасы сайылды. Читать дальше...

Жактоочулар Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча сотко кайрылышат

Azattyk.org 

Кыргызстандык укук коргоочу, Бишкекте абакта каза болгон Азимжан Аскаровдун жактоочулары анын өлүмү үчүн мурдагы өкмөттү жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) сотко берүүгө камынып жатышат. Бул тууралуу 1-февралда «Азаттык» радиосуна Аскаровдун укуктарын коргоп келаткан «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, Аскаровдун өлүмүнүн себебин прокуратура тергесин деген өтүнүчтү Башкы прокуратура четке кагып койгондуктан териштирүүнү ЖАМКтын тергөөчүсү жүргүзүп жатат. Читать дальше...

Журналист Ыдырыс Исаков УКМКнын башкы кеңсесине суракка чакырылды

Azattyk.org 

Ош шаарында жашаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкектеги борбордук кеңсесине суракка чакырылды. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна 1-февралда билдирди: «Эртең саат жетиге барып калышым керек экен. Бул катты мага УКМКнын Оштогу башкармалыгы 14:00дө берди. Кайсы иш боюнча экенин айтышкан жок. Бул жерде «Эгер барбасаңыз ЖПКнын 121-беренесинин негизинде мажбурлап алып баруу чарасы колдонулат» деп жазылып турат. Мажбурласа мажбурлап алып барсын. Читать дальше...

Мьянмада аскердик төңкөрүш болду

Azattyk.org 

Мьянмада аскердик күчтөр төңкөрүш жасап, өлкөнүн чыныгы лидери Ауң Сан Су Чжи менен президент Вин Мьин баштаган саясий жетекчилерди камакка алды.  Ошондой эле бир жылга өзгөчө абал жарыяланды. Ноябрдагы парламенттик шайлоодон улам армия менен мамлекет башчылардын мамилеси курчуп кеткен эле. Эл аралык коомчулук соңку окуялардан улам кабатырлыгын билдирип жатат. Дүйшөмбүдө армияга таандык «Myawaddy» телеканалы шайлоодон чыккан талаш-тартыштардын шартында «туруктуулукту сакташ үчүн» бир жылга өзгөчө абал жарыяланганын кабарлады. Читать дальше...

Байден АКШнын тышкы саясаты боюнча сөз сүйлөйт

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден дүйшөмбүдө өлкөнүн тышкы саясатындагы негизги багыттарды жарыяламакчы. Маалымат каражаттары администрациядагы расмий адамдарга шилтеме менен кабарлашкандай, президент сөзүндө «Американын дүйнөдөгү ордун калыбына келтирүүгө» басым жасашы күтүлүүдө. Байден тышкы саясаттын өзгөчөлүктөрүн терең талдабаса да, эл аралык уюмдарды тоготпой, өнөктөштөр менен тирешип келген мурдагы президент Дональд Трамптан кийин жаңы маанай жаратууну көздөйт. 20-январда инаугурациясында сүйлөгөндө... Читать дальше...

Новости России
Москва

Директор Благотворительного Фонда «Провидение» Елена Осипова стала финалистом премии «Россия - страна возможностей»


«Караван» соода борборунун ижарачылары бийликке кайрылышты

Azattyk.org 

Бишкектеги «Караван» соода борборунун ижарачылары 1-февралда Өкмөт Үйүнүн алдына митингге чыгышты. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, 100гө чукул киши ижара келишимине байланышкан маселени чечип берүүнү талап кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Нааразы тарап Мамлекеттик «Мүлк» ишканасынан соода жайларын бошотууну талап кылган эскертүү келгенин, ижара келишими аткарылбай жатканын айтышты. Аталган соода борборундун ижарачылары былтыр марттан бери маал-маалы менен митинг өткөрүп келе жатышат. Читать дальше...

Кабулда талибдердин чабуулдары күчөдү

Azattyk.org 

«Талибандын» согушкерлеринин Кабулдагы чабуулдары көбөйүп жатат, алар өкмөт өкүлдөрүн, активисттерди жана журналисттерди бутага алышууда. Бул тууралуу АКШнын Оганстандагы кайра куруу боюнча атайын инспекторатынын (SIGAR) жаңы отчётунда айтылат. Бул комиссия Ооганстанга жумшалган миллиарддаган доллар каражаттын сарпталышына көз салат. «Душмандын чабуулдары мурунку үч айга караганда күчөдү. Былтыркы ушул мөөнөткө караганда да көбөйдү», деп айтылат 30-январда жарык көргөн баяндамада. Декабрда талиб жоочулары чабуулдарын күчөткөн. Читать дальше...

Кыргызстанда Коргоо министрлиги кайра түзүлөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда Коргоо министрлиги кайра түзүлө турган болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 1-февралда билдирди. Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров «Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.  Анда тармакты өнүктүрүү максатында,  Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын базасында Коргоо министрлигин түзүү максатка ылайык болору жазылган.  Кыргызстандын Коргоо министрлиги... Читать дальше...

Башкы прокуратура Навальныйдын шарттуу жазасын алмаштырууну жактайт

Azattyk.org 

Орусиянын Башкы прокуратурасы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды «Ив Роше» иши боюнча шарттуу эмес реалдуу мөөнөткө кесуу тууралуу талап негиздуу деп эсептейт жана бул позицияны сотто карманарын билдирди. Андай талап менен Жаза аткаруу боюнча федералдык кызмат кайрылган. 18-январда Химкиде өткөн сот Навальныйды 15-февралга чейин СИЗОго камаган. 2-февралда анын шарттуу мөөнөтүн реалдууга алмаштыруу тууралуу талап сотто каралмакчы. Жайында Орусияда ууландырылып, Германияда дарыланган оппозиционер... Читать дальше...

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн Нуркамал Асканова жетектейт

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нуркамал Асканова дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 1-февралда билдирди. Нуркамал Асканова буга чейин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) маалымат-чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесинин  баяндамачысы, «Кайдасың?» теледолбоорунун алып баруучусу болуп иштеп келген. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүн буга чейин башкарып келген Нургазы... Читать дальше...

Ооруканада баласына ВИЧ жуккан келин Саламаттык сактоо министрлигин Жогорку сотто утуп алды

Azattyk.org 

Ооруканада баласына ВИЧ жугуп калган 42 жаштагы жалгыз бой эне Саламаттык сактоо министрлигин жана Кызыл-Кыя шаардык ооруканасын Жогорку сотто утуп алды. 8-декабрда чыккан соттун чечимине ылайык, утулган тарап келинге эки миллион сом кенемте төлөп берүүгө тийиш. Келин «Азаттыкка» билдиргендей, 2010-жылы анын бир жаштагы уулу кырсыкка кабылып, Кызыл-Кыядагы ооруканага алып барганда дарыгерлер наристеге кан куюшкан. Бир ай бою наристенин абалы оңолбой, улам дене табы көтөрүлө бергендиктен кандан... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Хромачёва и Бабош выиграли турнир WTA в Руане в парном разряде






Песков: Москва работает с Анкарой по ситуации с недопуском россиян на рейсы

«Мы должны вывести отношения Великобритании и Центральной Азии на новый уровень»

Онлайн-презентация проекта «Музеи и меценаты: вместе с партнерами к устойчивости и инновациям»

Национальная система «Территория» и система безопасности «Горизонт» будут представлены на международном форуме GISEC GLOBAL в ОАЭ