ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 02.02.2021

АКШ кутумчулар бийлеп калган Бирмага көмөк программасын кайра талдайт

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти Бирманын аскер жетекчилигинин соңку иш-аракетин «кутум» деп жарыялады жана бул өлкөгө көрсөтүлчү жардам маселеси кайрадан карала турганын маалымдады. АКШ Мамдепартаментинин расмий өкүлүнүн 2-февралындагы айтымына караганда, Кошмо Штаттар Түштүк-Чыгыш Азиядагы  “Мьянма” деп да аталган бул жумуриятка гуманитардык багыттагы көмөктү уланта бермекчи, бирок көмөк түрлөрүн терең талдап чыкмакчы. 2012-жылдан тартып бул өлкөдөгү демократиялык жүрүмдү, жарандык тынчтыкты... Читать дальше...

Сот Навальныйды колонияга жөнөттү

Azattyk.org 

2-февралда Москва соту оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колонияга жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Оппозиционерге 2014-жылы өкүм кылынган шарттуу кесүү эми үч жарым жыл түрмөгө алмаштырылды. Саясатчы жабык жайда эки жарым жыл жаза өтөйт. Ал жети жыл мурун бир нече ай үй камагында отурган. Сот Навальный шарттуу жазага ылайык алынган милдеттенмелерди аткарган эмес деп тапты. Бул чечимди сотто талашса болот. Жаза аткаруу кызматы Навальный сыноо мөөнөтүнүн шарттарын бузду деп 29-декабрда ага издөө жарыялаган. Читать дальше...

"Lancet" орусиялык "Спутник V" вакцинасын изилдөөнүн жыйнтыгын жарыялады

Azattyk.org 

Британиялык абройлуу "Lancet" илимий журналы орусиялык "Спутник V" вакцинасын изилдөөнүн үчүнчү баскычынын алдын ала жыйнтыгын жарыялады. Макалада препарат коронавирустан 91,6 процентке коргой алары айтылат. Эмдөө 21 күн аралыгында эки этапта жүргөн. Изилдөөгө 19 866 ыктыярчы катышкан. Анын жүрүшүндө 4 катышуучу каза болгон. Үчөөнө вакцина сайылган, төртүнчүсү плацебо тобунда болчу. Бирок адистер алардын өлүмүн "Спутник V" менен байланыштырышпайт. 45 киши дарынын кесепетине даттанышкан. Бул 0,3 процентти түзөт. Читать дальше...

Тегеран түштүк кореялык кемени коё берүүгө макул болду

Azattyk.org 

Тегеран түштүк кореялык кеменин экипажын коё берүүгө макул болду. Ирандын маалымат каражаттары Тышкы иштер минстрлигинин басма сөз өкүлү Саид Хатибзадеге шилтеме менен жазышкандай, 20 кишиден турган команда “гуманитардык негизде” бошотулууда. Ислам жумуриятынын Революция сакчылары корпусунун аскерлери Түштүк Кореянын желеги астында сүзүп жүргөн танкерди 4-январда Ормуз кысыгынын жанында кармап, алар айлана-чөйрөнү булгап жатышат деп айыптаган. Кемени иштеткен компания бул дооматты четке каккан. ... Читать дальше...

Мигрант кыз-келиндерди колдогон демилге

Azattyk.org 

2-февралда «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду миграцияда жүргөн кыз-келиндердин укуктарын коргоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү темасында жыйын өткөрдү.  Өз үй-бүлөсүн, шаарын, айылын өнүктүрүүгө жана тынчтыкты сактоого мигрант кыз-келиндердин кошкон салымы зор. Бул тууралуу билдирген «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду миграцияда жүргөн жана мекенине кайткан аялзаты үчүн долбоор сунуш кылды. Анын өкүлү Чынара Абдраимакунова долбоордун максатын түшүндүрдү:  «Биз мигранттардын балдарына «Тынчтыкты... Читать дальше...

Москвада Навальныйдын соту жүрүүдө

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин профилдик комитети сунушталып жаткан жаңы өкмөттүн курамын колдоду. Пандемияда Саламаттыкты Сактоо министрлиги мамлекетке 5 млн сомдон ашык зыян келтиргени маалым болду. Москвада Алексей Навальныйдын сотунун алдында бир нече киши кармалды. Бүгүн сотто  оппозиционердин  шарттуу өкүмүн түрмөгө алмаштыруу каралып жатат.

Өкмөт министрликтерди кескин кыскартат

Azattyk.org 

2-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бир добуштан жактырды. Эми жаңы өкмөт Жогорку Кеңеш жалпы жыйында талкуулап, бекитип берсе, ишке киришмекчи.  Эски-жаңы министрлер Марипов өкмөттүн курамына 16 талапкерди сунуш кылды. Талапкерлердин сегизи жаңы сунушталууда, калган сегизи өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер. Читать дальше...

Нарында жайыт талашкан активист камалды

Azattyk.org 

2-февралда Нарындагы Жерге-Тал айылынын 300гө чукул тургуну облустук администрациянын алдында нааразылык жыйынга чогулду. Ага жайыт талаштын айынан айылдык кеңештин депутаты Алымбек Керимкановдун кармалышы түрткү берди.



Москвада Навальныйдын соту уланууда

Azattyk.org 

Москвада оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын иши каралып жаткан имараттын жанында күч түзүмдөрү камакка алгандар 230 адамдан ашты. «ОВД Инфо» борбору көчөдө адамдар туш келди кармалып, соттун жүрүшүн чагылдырып жүргөн журналисттер да катуу текшерүүгө кабылып жатканын кабарлоодо.   Навальныйдын сотуна бир катар Европа өлкөлөрүнүн Москвадагы дипломаттары менен ондогон чет өлкөлүк журналисттер келгенин орус Тышкы иштер министрлиги «өлкөнүн ички ишине кийлигишүү», «сотко жасалган басым» катары сындап жатат. Читать дальше...

Кабулда бир нече жардыруу болду

Azattyk.org 

Ооганстандын борборунда шейшембиде бир нече жардыруу болду. Кеминде үч киши өлгөнү кабарланды. Полициянын маалыматына караганда адегенде дүрмөттөлгөн машине жарылды. Курман болгон эки кишинин бири «Жамаат-и-ислах» кайрымдуулук фондунун жетекчиси болгон.  Дагы эки машине шаардын башка бөлүктөрүндө жарылып, бир нече киши жараланды. Желалабад шаарында бир аскер окко учту. Парван провиниясында болсо коопсуздук кызматынын жогорку өкүлүн бутага алган жардыруу болду. «Талибан» ал кыянаттыктарга тиешеси... Читать дальше...

Башкы прокуратура: «Билайндын» мурдагы директору кармалды

Azattyk.org 

«Скай Мобайл» («Билайн» деген бренд менен таанылган-ред.) компаниясынын мурдагы директору Евгений Кражан Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча шек саналып кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, ал «Скай Мобайлды» башкарып турганда радио жыштыкты пайдалануу үчүн берилген лицензияны кайра каттоо ишинде өкмөттүн кызмат... Читать дальше...

Кылмыш ишке илинген кыргыз премьерлери

Azattyk.org 

Кыргызстанда дагы бир мурунку премьер-министр камалды. 2018-2020-жылдары өкмөттү башкарган Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенине байланыштуу айыпталып камалды. Өлкөнүн эгемен 30 жылдык тарыхында 23 өкмөт башчы алмашса, анын онуна кылмыш иши ачылган. Алардын кээ бири түрмөгө кесилсе, беш экс-премьер издөөдө жүрөт.

Өзүнөн мурда өзгөнүн камын көргөн Тапай

Azattyk.org 

Кыргыздын таанымал жазуучусу, сатириги, фельетончусу, бата айтуу устаты Калканбай Ашымбаевдин чыгармачылыгынын бир шиңгил өрнөгү тууралуу адабиятчы Бекташ Шамшиев өз блогун сунуштайт.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси кармалды

Azattyk.org 

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси (Ч.Б.) Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен шек саналып 1-февралда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлап, шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал мамлекеттик жогорку кызмат адамдары жана коммерциялык уюмдун өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барган. Өзүнө жана башкаларга мыйзамсыз... Читать дальше...

Финполдун ардагерлери бул мекеменин жоюлушуна каршы болуп жатышат

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштуулуукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү бул мекемени жоюуга каршы. Мындай пикирин алар бүгүн, 2-февралда Бишкекте, Жалал-Абадда жана Нарында уюштурган басма сөз жыйындарында билдиришти. Кеңештин төрагасы Мирбек Үсөбаев: «Бөлөк мамлекеттерде да мурун жоюлган болчу. Бирок мына, бир жума мурун Казакстанда Экономикалык кылмышка каршы агенттик кайра ачылды. Өкмөттүн эмес, президенттин алдында ачылды. Бул керек», - деди.... Читать дальше...

Коррупционер Шарабидин Капаров угрожает, что его коррупционную деятельность крышуют клан Матраимовых и Алмамбет Салиев

PR Kyrgyz 

КР Президенти, Коопсуздук кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

                                                723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-

                                                                  Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АРЫЗ                          

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш. Капаров мыйзамсыз баюу максатында көптөгөн коррупциялык схемалар тузуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Читать дальше...

Коррупционер Шарабидин Капаров продал земельный участок Жураеву Шахобидину Зиядиллоевичу за 30 тысяч долларов. Деньги использовал для подкупа голосов для партии "Мекеним Кыргызстан"

PR Kyrgyz 

КР Президенти, Коопсуздук кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

                                                723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-

                                                                  Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АРЫЗ-өтүнүч (КР Конституциянын 33 беренесинин негизинде)                      

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш. Капаров мыйзамсыз баюу максатында көптөгөн коррупциялык схемалар тузуп... Читать дальше...

Для получения неприкосновенности и чтобы избежать уголовной ответственности коррупционер Шарабидин Капаров намерен потратить три миллиона долларов и стать депутатом Жогорку Кенеша

PR Kyrgyz 

КР Президенти, Коопсуздук кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

                                                723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-

                                                                  Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан 

АРЫЗ                          

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш. Капаров мыйзамсыз баюу максатында көптөгөн коррупциялык схемалар тузуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Читать дальше...

Комитет премьерликке Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн курамын жактырды

Azattyk.org 

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бир добуштан жактырды. Маселени комитет мүчөлөрү 2-февралда үч сааттан ашык талкуулады. Премьерликке талапкер өкмөт түзүмүн, курамын, иш-пландары менен тааныштырып, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Баяндама жасаган учурда ал эгер өкмөт башчы болуп дайындалып калса, алдыда коронавирус илдети менен күрөшүү... Читать дальше...

Новости России
Москва

Зацепиться за угол. Какое жильё можно купить в Москве за миллион-полтора


Өзбекстанда президенттин сынынан кийин түрк сериалы көрсөтүлбөй калды

Azattyk.org 

Өзбекстанда «Sevimli TV» телеканалы президент Шавкат Мирзиёевдин сынынан кийин түркиялык «Канатсыз куштар» сериалын көргөзүүнү токтотту. Президент айрым каналдарда чет элдик фильмдер үстөмдүк кылганына нааразы экенин айткан. Сөз болгон сериал «Sevimli TVда» 2019-жылдан бери көргөзүлүп келаткан. Каналдын атын атабаган кызматкери «Азаттыктын» өзбек кызматынын («Озодлик») кабарчысына соңку чечимди берүүлөр сеткасы жаңыланып жатканы менен түшүндүрдү. Ал жергиликтүү тасмаларга көбүрөөк орун берилерин айтты. Читать дальше...

COVID-19: Чек ара эрежелери күчөтүлүүдө

Azattyk.org 

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Жапонияда өзгөчө кырдаал режими узартылат. Ал эми Австрияда бул илдеттен жабыркагандар көбөйгөнүнө карабастан, чектөөлөр жумшартылат. Көз каранды эмес эксперттер Ухань шаарында коронавирустун кайдан чыкканын иликтеп жатышат. 2-февралда Жапонияда өзгөчө кырдаал режими дагы бир айга узартылганы турат. Буга коронавирус боюнча кырдаал оңолбогону себеп болууда. Жапония бул илдетке каршы эмдөөнү февраль айынын соңунда баштоону пландап жатат. Өкмөттүн өкүлү Таро... Читать дальше...

Элеттеги топ элеген кыз-келиндер

Azattyk.org 

Чоң Кеминде кыз-келиндер арасында биринчи жолу баскетбол турнири өттү. Анда алты айылдын 55 жашка чейинки курактагы оюнчулары катышты. Турнир түйшүгү көп элеттик аялдарды колдоо максатында уюштурулган. Турнирге “Азаттыктын” кабарчысы күбө болуп келди.

Москвадагы мигранттар эмдөөгө даярбы?

Azattyk.org 

"Яндекс" компаниясы Москва бийлигинен анын кызматтарында иштеген чет өлкөлүк такси айдоочуларын жана курьерлерди коронавируска каршы эмдөөнү суранды.Москванын вице-мэри Максим Ликсутов буга чейин жарандыгы жана камсыздандыруу полиси жок мигранттарды эмдөө сунушун колдой турганын айткан. Ал эми Орусиядагы мигранттар өздөрү бул демилгеге кандай көз карашта?

Стамалиева: Жээнбеков умрага кетти, Бишкекке он күндөн кийин кайтып келет

Azattyk.org 

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясына умрага жөнөп кетти. Бул маалыматты 2-февралда «Азаттык» радиосуна экс-президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады. Жээнбеков жубайы менен Бишкектен Түркиянын Стамбул шаарына учту, андан ары ал Сауд Арабиясынын Жидда шаарына барат. Сауд Арабиясынын падышасынын чакыруусу боюнча уюштурулган бул сапар 2020-жылдын ноябрынан бери пландалып келе жатканы, пандемияга байланыштуу зыяратчыларга чектөө коюлуп келгени айтылды. Жээнбековдун умра сапары 10 күн уланып... Читать дальше...

Блинкен Вашинтон Киевди колдой берерин билдирди

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жаңы администрация Киевди экономикалык жана аскердик жактан колдой берерин билдирди. Украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө мамкатчы Украинанын эгемендиги, аймактык бүтүндүгү жана НАТОго умтулушуна байланышкан маселелер америкалык жетекчилик үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. «Америка добушу» кабарлагандай, Блинкен Киевди коррупция менен күрөш, мыйзам үстөмдүгү, экономикалык реформалар жаатында алга жылууга чакырды. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

«Был риск завершить борьбу еще в первом матче». В России оценили победу Рыбакиной в Штутгарте






Собянин: С 29 апреля по 1 мая парковаться на улицах Москвы можно будет бесплатно

ОНК: арестованный Тимур Иванов в стабильном состоянии, но встретится с психологом

Парламент Киргизии встает на русофобские рельсы

Новые варвары и Россия