Сүрү сулуулугуна ширелишип... Тыныбекова көз талдырган сүрөттөрү менен бөлүштү
Кадрлардан балбан жаратылыш койнунда улуттук калориттеги көйнөк менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот. Интернет колдонуучулары суктанган билдирүүлөрдү калтырууда.
Кадрлардан балбан жаратылыш койнунда улуттук калориттеги көйнөк менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот. Интернет колдонуучулары суктанган билдирүүлөрдү калтырууда.
Канаданын бийлиги “Орус империялык кыймылын” террорчул уюм деп тапты. Бул тууралуу өлкөнүн коомдук коопсуздук министри Уильям Блэр кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган уюм 12 уюмдун катарында Канадада ишмердик жүргүзүүсүнө тыюу салынды. Алардын ичинде радикалдык ислам уюмдары, америкалык ультра-оңчул "Proud Boys" уюму бар. “Орус империялык кыймылы” Санкт-Петербургда негизделген. Былтыр жазында АКШ аны террордук уюмдардын тизмесине кошкон. Ал учурда эмне себептен мындай чечим кабыл алынганы расмий түшүндүрүлгөн эмес. Читать дальше...
4-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасын аныктап, 4-апрелге чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирип, депутатка Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголгонун кабарлады. УКМКнын маалыматына караганда, Эл аралык медициналык университеттин ишмердүүлүгүнө лицензия берүүдө Жумалиев менен Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги катышкан туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Читать дальше...
Европа Биримдиги Москвадагы дипломаттарына коронавируска каршы Орусия өндүргөн "Sputnik V" вакцинасы менен эмдөөдөн өтүүгө уруксат берди. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна келип түшкөн расмий катта айтылат. Ага ылайык, учурда Еврошаркеттин расмий түрдө уруксат бере элек вакцинаны каалаган дипломаттар сайдырса болот. Аталган катта ЕБдин жетекчилери Орусиядагы дипломаттарга орус вакцинасын алса каршылыгы жок экени баяндалган. “Эркин Европа/Азаттыктын” Москвадагы булактары Орусиянын бийлик... Читать дальше...
Шинжаңдан качып чыккан аялдар “лагерде” такай зордукталып, ур-токмокко, кыйноого кабылышканын Би-Би-Сиге айтып беришти. АКШнын Мамдепартаменти бул боюнча “терең тынчсыздануусун” билдирип, Бээжинди айыптады.
Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кармалып, бөгөт чарасын кароо үчүн Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. 29-январда депутат Жумалиевдин эки жакын тууганына карата сотко чейинки териштирүү башталган. Аларды кармоого Финансы полициясына германиялык инвестордун ири суммадагы акчага байланыштуу алдамчылык фактысы тууралуу арызы келип түшкөнү себеп болгон. Арызда... Читать дальше...
Бельгиянын соту ирандык дипломат Асадулла Асадини теракт уюштурууга даярдык көргөн деген айып менен 20 жылга кести. Ага 2018-жылы Францияда иран оппозициячыл активисттеринин жолугушуусунда жардыруу уюштурууга аракет кылган деген айып тагылган. Асади менен катар бул иш боюнча дагы үч адам айыптуу деп табылды. Алар Иран бийлигине оппозиция болуп келген Каршылык көрсөтүү улуттук кеңеши уюмунун мүчөлөрүнө каршы теракт уюштурууну көздөгөн деп табылды. Франциянын, Бельгиянын, Германиянын укук коргоо органдары биргеликте операция уюштуруп... Читать дальше...
Белгилүү казакстандык ишкер, Токмок шаарынын ардактуу атуулу Алижан Ибрагимовдун сөөгү 4-февралда Токмок шаарында жерге берилди.
Кыргыз өкмөтү 4-февралда Баткендеги Төрткүл суу сактагычына байланыштуу түшүндүрмө берип, суу сактагыч жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү экенин билдирди. Өкмөттүн сайтына чыккан маалыматта өлкөнүн аймактык биримдиги жана чек аралардын кол тийбестиги мамлекеттин негизги принциптери экени жазылган. Расмий маалыматка караганда, Төрткүл суу сактагычынын көлөмү 90 млн. кубду түзөт, ал Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы... Читать дальше...
"Баткендеги "Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга өтүп кетти" деген маалымат жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусун жаратты. Чек аралаш аймактагы стратегиялык жайга байланыштуу талкуу күчөдү. Жогорку Кеңеште Курсан Асановго коюлган берененин талаштуулугу талкууланды. Вашингтон Кытайдын Шинжаң аймагындагы лагерлерде зордуктоого туш болуп, сексуалдык ыдык көргөн аялдар боюнча «терең тынчсыздануусун» билдирди.
Грузиянын экс-президенти, Украинанын реформалар боюнча улуттук кеңешинин аткаруучу комитетинин төрагасы Михаил Саакашвили “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маекте Кыргызстандын жаңы бийлигине реформалар жаатында бир катар кеп-кеңештерин айтты. Саясатчы Кыргызстан бул жолу мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбайт деген ишенимин ортого салып, бажыдагы коррупция, саясат менен криминалдын жуурулушуп кетишине каршы кандай майнаптуу күрөш жүргүзсө болоруна токтолду.
Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, сомдун курсун туруктуу кармоого чакырды. Мунун алдында башкы каржы көзөмөл мекемеси рынокко 45 млн. доллардан ашык сумма чыгарган. Бул соңку бир жыл ичиндеги ири интервенция болуп калды. Жапаровдун чакырыгы жана ири сатык Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун 4-февралдагы жолугушуусунда аталган мекеменин жана банк секторунун 2020-жылдагы ишинин баштапкы жыйынтыктары, 2021-жылга карата пландар талкууланды. Читать дальше...
4-февраль СССРдин эл артисти, коомдук ишмер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнү. Ал совет заманында жашап, кыргыз балет өнөрүнүн зоболосун көтөргөн таланттардын бири катары тарыхта калды. Айтылуу бийчинин жубайы жана кесиптеши Надежда Базарбаева өмүрлүк жарынын таланты, тагдыры, устаттары жана балет жылдызы Бүбүсара Бейшеналиева өңдүү сахналаштары тууралуу 2020-жылы “Азаттыкка” сыябан-маек курган эле. Маекти кайрадан назарыңыздарга сунуштайбыз.
Быйыл Кыргызстанда жазуучу, акын жана котормочу Мукай Элебаевдин 115 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу 28-январда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада бир айлык көргөзмө уюштурулду. Ага Элебаевдин китептери, гезит-журналдагы макалалары, фотодокументтери коюлду.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованы, Кутман Мукашевди, журналист Нурзада Токтогулованы жана блогер Юлия Барабинаны суракка алды. Алар "Фейсбуктагы" билдирүүсү үчүн суралып жатышат.
Лондондо жайгашкан “The Economist Intelligence Unit” уюму чыгарган демократия индексине ылайык, “Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө авторитардык эмес жападан жалгыз өлкө, бирок авторитаризмге жакындап бараткан мамлекет” деп мүнөздөлдү. Анда Кыргызстан бир жыл мурдагы көрсөткүчтөн алты тепкич артка кеткени белгиленген. Отуз жыл мурдагы кыялдар... Жашы сексенге таяп калган коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Кыргызстанда толук демократия орнобой келатканына өкүнөт. Ал 1990-жылдын 26-майында “Кыргызстан... Читать дальше...
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы төрагасы Бакыт Таировдун камактагы мөөнөтү 2-апрелге чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Таировдун бөгөт чарасы 28-январда каралды. Бакир Таиров былтыр октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деп шек менен 10-декабрда кармалган. Эртеси күнү Биринчи май райондук соту аны 2-февралга... Читать дальше...
5-6-октябрдагы окуяларга катышып, жараат алгандардын катарында белгилүү каскадер Нурбек Болотов да бар. Дүйнөгө таанымал актер Киану Ривз менен Голливуддун “47 ронин” фильмине тартылган мекендешибиз азыр үйүндө арабада отурат.
АКШда бир нече сенатор оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды ууландырууга тиешеси бар орусиялык жетекчилерге санкция салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Тиешелүү документ 3-февралда Орусияда Навальный абакка кесилгенден бир күндөн соң сунушталды. Демилгени Крис Кунс, Бен Кардин, Дик Дурбин сыяктуу демократ, Марко Рубио, Мит Ромни сыяктуу республикачы-сенаторлор көтөрдү. Эгер мыйзам кабыл алынса, 90 күн ичинде Кошмо Штаттардын президенти Навальныйды ууландырууга тиешеси бар жетекчилерге санкция киргизиши керек. Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-февралда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгышы боюнча иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карады. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» билдиргендей, сот мурдагы президентти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке какты. Анын камактагы мөөнөтүн 7-апрелге чейин узартты. Адвокаттар Алмазбек Атамбаев бир жыл төрт айдан бери тергөө абагында отургандыктан жана саламаттыгына байланыштуу аны бошотуу же үй камагына чыгаруу керек деп эсептешет. Читать дальше...
Орусия жана Иран четке чыгып кеткен жарандарын куугунтуктап, зордук-зомбулук көрсөткөн авторитардык өлкөлөрдүн катарында турат. Бул тууралуу "Freedom House" уюмунун 4-февралда жарыяланган баяндамасында айтылат. Анда орус бийлиги башка өлкөлөргө чыгып кеткен жарандарынын оозун басуу үчүн “абдан агрессивдүү” трансулуттук репрессиялык чараларга барып, кайсы бир маалыматка ээ адамдардын “көзүн тазалап” келгенине көңүл бурулган. Баш кеңсеси АКШда жайгашкан уюмдун эсебинде, акыркы алты жылда дүйнөдө дал ушундай жол менен 26 адам өлтүрүлсө... Читать дальше...
Спортчуга ар кандай промоушендерден сунуштар түшкөн. Ал менеджер менен бирге эң мыкты вариантын караштырып жатат.
2016-жылы жер маселесине байланыштуу митингдердеги ролу үчүн камакка алынган активист Макс Бокаев 4-февралда Атырау шаарындагы абактан бошотулду. Укук коргоочулар "саясий туткун" деп мүнөздөгөн Бокаевди өлкөнүн булуң-бурчунан ондогон адамдар тосуп алышты.
Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен "Манас менежмент" компаниясынын мурдагы жетекчиси Нурсултан Белеков эки айга камакка алынды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Мекеменин билдирүүсүндө, Белеков 27-мартка чейин №1 тергөө абагында камакта болот. Ал «Манас» аэропортундагы коррупцияга байланыштуу январдын этегинде кармалган. Башкы прокуратура Нурсултан Белеков жетектеп турганда «Манас менежмент» жабык акционердик коому жүк ташуулар боюнча чет элдик компанияга жеңилдик берип... Читать дальше...
Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов Кыргызстанда саясий куугунтук жок деп эсептейт. Ал бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңеште депутат Ирина Карамушкинанын билдирүүсүнө жооп берип жатып, “Ирина Юрьевна Абдил Сегизбаев мыйзамсыз камалганын айтты, эмне үчүн Фарид Ниязов алигүнчө үй камагына чыгарылган жок деп жатат. Чыгарылбаса, демек, алар ал жакта мыйзамдуу отурушат. Бул үчүн өлкөдө көзөмөл органы бар” деп жооп берди. Калматовдун айтымында, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун инаугурациясынан... Читать дальше...