АКШнын Мамлекеттик катчысы КЭРдин тышкы иштер министрине адам укуктары, демократия жаатында талабын айтты
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайдын тышкы иштер министри Яң Цзечиге АКШ Шинжаң Уйгур автоном району, Тибет жана Гонконгдо адам укуктары жана демократиялык баалуулуктар үчүн күрөштү колдоого ала тургандыгын айтты. Бул тууралуу АКШнын Мамдепартаменти кабарлады. 5-февралда Блинкен Бээжиндеги кесиптешине телефон чалып, Кытай бийлиги Шинжаң аймагындагы уйгур жана башка этностук азчылыктарга, тибеттиктерге жана Гонконгдогу демократия үчүн күрөшүп жаткан калайыкка жасаган катаал мамилесин токтотушу зарыл деген талабын билдирди. Читать дальше...