ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 07.02.2021

Казак жана кыргыз латын алфавиттерин реформалоо

Azattyk.org 

Кыргызстан эгемендикке толук ээ болгон 1991-жылы кыргыз айдыңдары эне тилдеги латын алфавитин кайра түзүү маселесин байма-бай көтөрүшкөн. Андан бери 30 жылдай өттү. Бирок иш ордунан жыла элек. Түрколог, кыргыз таануучу, блогер Бахтияр Шаршеевдин бул макаласы заманбап казак жана кыргыз латын жазмаларынын көйгөйлөрүнө арналат. Жалпыга маалым болгондой, жакында Казакстандын өкмөтү казак латын алфавитинин жаңы вариантын сунуштады. Өкмөттүн расмий билдиргенине караганда, казактардын эне тилинин... Читать дальше...

Наалыба

Пресс.kg 

Бул китеп аркылуу сиз: Үнөмдөп жашоого аракет кылуу акча табууга корогон энергияга эле барабар экендигин түшүнөсүз; Байлыкка болгон көз карашыңызды оңдоп, ага жетүүгө умутуласыз; Түзүк киреше табуу жолдорун бекиткен жашыруун

Continue reading...Наалыба

Чыр-чатактуу баардык кырдаалдан кантип чыгып кетсе болот

Пресс.kg 

Бул китепте түшүнбөстүктөрдүн, чыр-чатактардын, келише албастык эки ача пикирдин же жалпысынан айтканда конфликттин табияты жана аны чечүүнүн жолдору каралат. Сиз китептен конфликттин келип чыгышы, аны жөнгө салуу, ошол эле учурда

Continue reading...Чыр-чатактуу баардык кырдаалдан кантип чыгып кетсе болот

Мьянмада аскердик хунтага каршы ири акциялар өттү

Azattyk.org 

Жекшембиде Мьянмада он миңдеген киши аскердик төңкөрүштү айыптап, шайланган жетекчи Аунг Сан Су Чининин бошотулушун талап кылып чыкты. 2007-жылдагы «шафран революциясынан» бери мынча көп киши нааразылык акцияга катыша элек болчу. Ошол ыңкылаптын арты менен өлкө демократиялык багытка түшкөн. Аскердик хунтага каршы демонстрациялардын экинчи күнүндө, жекшембиде Рангун шаарында чогулгандар Аунг Сан Су Чи баштаган Демократия үчүн Улуттук лиганын символу болгон кызыл түстөгү футболкаларды кийип, кызыл желектерди желбиретип турушту. Читать дальше...

Он миңдеген бирмалыктар аскердик кутумду айыптап, көчөгө чыгышты

Azattyk.org 

7-февралда Бирмада он миңдеген адамдар катары менен экинчи күнү нааразылык жыйындар өткөрүп, жакында болгон аскердик төңкөрүштү айыпташты жана шайланган лидер Аун Сан Су Чжинин бошотулушун талап кылышты. Бул нааразылык жыйындар – 2007-жылдагы демократияга өтүүгө түрткү берген Шафран ыңкылабынан кийинки эң ири нааразылык чарасы болуп калды. Бирмадагы аскердик хунтага каршы кеңири жайылган нааразылык чараларынын экинчи күнүндө ири шаар Янгонго чогулган калайык Су Чжи айымдын Демократия үчүн улуттук... Читать дальше...

"Лейпциг" - "Ливерпуль" клубдарынын беттешүүсү Будапештте өтөт

Azattyk.org 

Чемпиондор Лигасынын эмки айлампасында Германиянын "Лейпциг" жана Англиянын "Ливерпуль" клубдарынын матчы Будапештте өтмөй болду. Мындай чечимди УЕФА 7-февралда, немис бийлиги COVID-19 протоколуна байланыштуу англис оюнчуларына өлкөгө кирүүгө уруксат бербей койгондон кийин кабыл алды. Беттешүү 16-февралда Германияда өтмөк. Ал эми коронавирустун жаңы штаммы чыккан аймактан келгендерге 17-февралга чейин чектөө киргизилген. УЕФАнын билдирүүсүндө оюн Будапешттеги Пускас Аренада өтөрү айтылат. Уюм ошондой... Читать дальше...



Назарбаевдин кудасы вакцинадан пайда көрбөй турганын айтты

Azattyk.org 

Казакстандык ишкер жана экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кудасы Кайрат Боранбаев Карагандыдагы фармацевтикалык комплексте өндүрүлгөн орусиялык "Sputnik V" вакцинасын сатуудан киреше таппай турганын билдирди.

Студенттер путинчил флешмоб чарасына алданып барышканын айтышты

Azattyk.org 

Орусиянын бир нече жогорку окуу жайларынын студенттери аларды Орусиянын президенти Владимир Путинди колдогон флешмоб деп аталган иш-чараларга алдап чакырышкан деп ырасташууда. Акыркы күндөрү, коомдук иш-чаралардын мазмуну жөнүндө алдын-ала эскертүүсүз жана коронавирус эпидемиясынан улам учурдагы чектөөлөргө карабастан, Орусиянын ар кайсы шаарларында президент Владимир Путинди колдогон “флешмоб” делген, бирок чакыруу ыкмасы талаш-тартыш туудурган жыйындар арбын өттү. Студенттик “Doxa” басылмасынын маалымдашынча... Читать дальше...

Жерүй кениндеги кемчиликтер текшерилет

Azattyk.org 

Таластагы Жерүй алтын кениндеги экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик комиссия түзүлмөй болду. Комиссия кендеги кемчиликтерди жана жаратылышка тийгизген таасирди иликтеп чыгат. Буга чейин таластыктар аталган кендеги калдык сактоочу жайдын курулушу талапка ылайык болбой жатканын айтып чыгышкан. 5-февралда Талас шаарында Жерүй кенин иштетүү маселесин иликтөө боюнча элдик комиссиянын кеңешмеси болду. Жыйынга 500дөн ашуун киши катышып, кенди иштетүүдө экологиялык маселелерге көңүл бурууну талап кылышты. Читать дальше...

АКШ менен Сауд Арабиясынын башкы дипломаттары Йемендеги кырдаалды талкуулашты

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аал-Сауд чөлкөмдөгү коопсуздуктан адам укуктары жана Йемендеги согушка чейинки маселелерди талкуулашты, деп 6-февралда Мамлекеттик департамент билдирди. Мамдепартаменттин басма сөз өкүлү Нед Прайс жарыялаган билдирүүгө караганда, Блинкен мырза АКШнын жаңы өкмөтүнүн саясатынын артыкчылыктуу багыттарын кыска баяндады, алардын ичинде адам укуктары маселелерин көңүл чордонунда тутуу жана согушту токтотуу көйгөйлөрү да козголду. Читать дальше...

Мейрамбек Ахметов: Пекинде Канат Бегалиевди уурданып жүрүп колдоп келгем

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Быйыл, 2021-жылы, Токиодо Жайкы Олимпиада оюндары болот. Спорттогу эң маанилүү мелдеш 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Кыргызстандык спортчулардын Олимпиада оюндарына катышып, байге утуу максаты бар.

Ирандын тышкы иштер министри АКШны өзөктүк келишимге кайтууга үндөдү

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф расмий Вашингтонду 2015-жылдагы өзөктүк келишимге кайтуу үчүн ыкчам аракеттенүүгө үндөдү. Бул тууралуу анын 6-февралда Иран гезитинде жарыяланган маегинде белгиленди. Зариф америкалыктар үчүн "парламенттин мыйзам долбоору жана Ирандын Жаңы жылынан кийинки шайлоо өнөктүгүнүн маанайы үчүн да" убакыт тар болуп жатканын айтты. Ирандын жаңы жылы – Нооруз 21-мартта башталат, ал эми шайлоо июнда болот. Зариф ошондой эле декабрь айында парламент тарабынан... Читать дальше...

Нарында көчөдө киши өлтүрүүгө шектүүлөр кармалышты

Azattyk.org 

Нарында 6-февралда жергиликтүү тургунду көчөдө атып өлтүрүүгө шек саналган адам кармалды. Ал 25 жашта, Нарында турат. Шектүү күнөөсүн толук моюнга алганын, "ИЖ-20" үлгүсүндөгү документи жок мылтыкты милицияга өткөрүп бергенин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка ылайык, кармалган жаран мурда бир канча жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү. Ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар "Лексус GS 300" үлгүсүндөгү автоунаанын ээси, 24 жаштагы жергиликтүү тургун да колго түштү. Читать дальше...

8-февралда кар жаайт

Azattyk.org 

8-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, күндүз бардык аймактарда кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Батыш тараптан жел согуп, ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен шамал согот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +9...+14, Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +9...+14, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +10...+15, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...+6... Читать дальше...

Тажик блогерлерге салык салынат

Azattyk.org 

Тажикстанда жашап, социалдык тармактардан акча тапкандар эми салык төлөй баштайт. Бул тууралуу өлкөдөгү белгилүү блогер Рафаел Гулов билдирди. Аны өлкөнүн Салык кызматы атайын чакырып, бул кабарды угузган. Ал эми Салык кызматы бул маалыматты тастыктай элек. Бирок январдан баштап Тажикстанда электрондук кызматтарга салык кабыл алына баштаган. Ага ылайык эл аралык компаниялар каттоодон өтүп, кирешесинен 18% кошумча нарк салыгын төлөшү керек.

Бишкекте активисттер жекшембидеги салттуу жүрүшкө чыгышты

Azattyk.org 

7-февралда Бишкекте кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшү өттү. Уюштуруучулар акцияга кырктай адам катышканын кабарлашты. Алар адаттагыдай эле Темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына келишти жана талаптарын айтып тарап кетишти. Акцияда Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу чакырыктары айтылды. Катышуучулар колдоруна Конституциянын сүрөтүн, мыйзамдуулукка чакырган жазуулары бар плакаттары көтөрүп алышты. Президенттик аппарат же өкмөт... Читать дальше...

Новости России
Москва

«Радио Зенит» – информационный партнер форума «Мы вместе. Спорт»


Лукашенко Мирзиёевдин пландарынан "чочуй турганын" айтты

Azattyk.org 

Александр Лукашенко Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин пландарынан кээде "чочуйт". Бул тууралуу ал 4-февралда Ташкенттин Беларустагы элчиси, кызмат мөөнөтү аяктаган Насиржан Юсупов менен коштошкондо айтты. "Азаттыктын" өзбек кызматы Беларус медиасына таянып кабарлагандай, Лукашенко Мирзиёев тууралуу мындай деген: "Аны менен Өзбекстандын пландары жөнүндө сүйлөшкөнүмдө кээде коркуп кетем. Ал баарына аябай тез киришип кетпеди бекен деп ойлонуп калам". Лукашенко Өзбекстан геосаясаттан четте калышы мүмкүн эместигине басым жасап... Читать дальше...

Муфтияттагы "дүрбөлөң"

Azattyk.org 

Алдыдагы муфтий шайлоого байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын айланасында ызы-чуу күч алды. Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев муфтий Максат ажы Токтомушевди матрудий акыйдасын бурмалап, салафизмдин кооптуу идеяларын жайылтууда деп, аны токтоосуз кызматтан алуу демилгесин көтөрдү. Ошондой эле ал былтыр үзгүлтүккө учураган ажылыктын айынан зыяратчылардан чогултулган 15 млн. долларга чукул акчанын отчету берилбей жатканын билдирди. Андан мурун бир аял жер тилкесин сатып... Читать дальше...

Оппозиция тилектештик күнү Беларустагы демократиялык күчтөрдү колдоого чакырды

Azattyk.org 

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская 7-февралды “Беларус менен тилектештик күнү” деп белгилеп, бул күнү эл аралык лидерлерди, активисттерди, журналисттерди жана Беларустун бардык досторун Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана жаңы шайлоону талап кылып жаткан демонстранттарды колдоого чакырды. Тихановская былтыр 9-августта өткөн "бурмаланган" президенттик шайлоодон кийин "беларустар, режимдин мыйзамсыз аракеттерине карабастан, туруктуулук жана тайманбастык менен демократия менен эркиндикти талап кылып келишти", деди. Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирус жуккандар 85 миңден ашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда 7-февралга карата дагы 79 адамга коронавирус жугуп, эки бейтап көз жумду. Илдетке каршы Республикалык штаб кабарлагандай, ооруга чалдыккандардын саны расмий 85 071ге, өлгөндөр 1426га жетти. Ооругандардын арасынан 81 635и сакайды. Акыркы бир суткада 93 бейтап айыкты. Коронавирус Чүй облусунда, Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда көп жайылууда. Нарында да көбөйө баштады. Акыркы суткада Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында илдет жуктургандар аныкталган жок. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй... Читать дальше...

Евробиримдик: дипломаттардын Орусиядан чыгырылышы жоопсуз калбайт

Azattyk.org 

Европа биримдиги Орусияда үч дипломат "персона нон-грата" деп жарыяланашын айыптады. Германия эгер Москва өз чечимин кайра карап чыкпаса, буга жооп чарасы колдонуларын эскертти. Немис тышкы иштер министри Хайко Маас Кремлдин кадамы Орусия менен Европанын мамилесине дагы да чоң зыян келтирерин белгиледи. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Навальныйдын ууланышына жана камалышына байланыштуу, ошондой эле Европа дипломаттарын Орусиядан чыгарылышынан улам Москвага каршы дагы да күчтүү санкцияларды колдонуу зарылдыгын билдирди. Читать дальше...

Нарында жергиликтүү тургунду көчөдө атып кетишти

Azattyk.org 

Нарын шаарында 6-февралда жергиликтүү тургунду көчөдө атып кетишти. Айрым маалымат булактары, ок тийген тургун мурда соттолгонун, уюшма кылмыштуу топтун өкүлү болушу мүмкүндүгүн жазышты. Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя кечки саат тогузга жакын болгон. Көчөдө жеңил автоунаада отурган кишини башка машинедеги белгисиз адам бир канча жолу аткан. Моюнунун сол жагына ок тийген 31 жаштагы жергиликтүү тургун ооруканага жетпей көз жумган. Милиция кылмышка шектүү изин суутканын, издөө жүрүп жатканын билдирди. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Александрова обыграла первую ракетку мира на турнире WTA






Жителей Химок пригласили на военную службу по контракту

В Москве стало меньше аварий с участием каршеринга

Websoft объявила «Партнеров года» на конференции Websoft.Практика 2024

Asia Plus: семью одного из напавших на «Крокус» увезли в неизвестном направлении