Германия, Швеция жана Польша Москвага жооп чара катары орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарышат
Германия, Швеция жана Польша бийликтери Москвага жооп чара катары бирден орус дипломатын өз өлкөлөрүнөн чыгарарын 8-февралда жарыялашты. Өткөн аптада Москва Кремлдин башкы сынчысы «Алексей Навальныйды колдогон демонстрацияларга катышкан» деген шылтоо менен Евробиримдиктин үч өлкөсүнүн дипломаттарын чыгарган. Германиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө «Бүгүн Тышкы иштер министрлиги Берлиндеги Орусия элчилигинин кызматкерин «персона нон-грата» катары жарыялады», - деп жазылат. Ошондой... Читать дальше...