ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 09.02.2021

Сенат: Трамптын адвокаттары импичмент боюнча сот жүрүмүн мыйзамсыз деп санашат

Azattyk.org 

АКШнын Сенаты 9-февралда мурдагы президент Доналд Трампка карата быйыл 6-январда анын тарапташтары Капитолийди убактылуу басып алган окуяга байланыштуу “козголоң уюштурган” деген доо боюнча экинчи импичмент боюнча сот ишин баштады. Сот жараяны шейшембиде эртең менен эки тараптуу макулдашуу боюнча процессуалдык добуш берүү менен ачылып, анда оболу импичмент соттун жүрүшүнүн эрежелери аныкталып, жактырылды. Андан кийин Сенат “экс-президенттин сот жообуна тартылышы конституцияга туура келеби же... Читать дальше...

Иран Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен эмдөөнү баштады

Azattyk.org 

Иранда Орусияда чыгарылган «Спутник V» вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү башталды. Имам Хомейни атындагы Тегеран ооруканасында сүйлөп жатып саламаттык сактоо министри Саид Намаки «Орусиялык вакцина менен эң алгач менин балам эмделет»-деп айтты. Министрдин орун басары Алиреза Раиси белгилегендей, вакцина алгачкылардын болуп медкызматкерлерге, улгайгандарга жана ардагерлерге сайылат. «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы Тегеранга 4-февралда жеткирилген. Саламаттык сактоо... Читать дальше...

Навальныйдын тарапташтары өкмөткө каршы акцияга чыгууга чакырышты

Azattyk.org 

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын штабдарынын жетекчиси Леонид Волков өкмөткө каршы акциялардын тактикасын өзгөртүп, үйлөрдүн короолоруна наарызылыкка чыгууга чакырды. Ал Навальныйдын бошотулушун талап кылган иш-чара 14-февралда өтөрүн жарыялады. Анын айтымында акция кечки 20.00дө башталып 15 мүнөткө созулат. Анын алкагында чогулгандар бир убакытта жапырт чөнтөк телефонун же кол чырактарын асманга каратып күйгүзүү зарыл. Андан соң социалдык тармактарга сүрөттөрүн жайгаштыруу абзел. Читать дальше...

«Улуттук энергохолдинг» компаниясына Бакыт Сыдыков директор болуп келди

Azattyk.org 

«Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомуна Бакыт Сыдыков төрага болуп дайындалды. Аны 9-февралда энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев тааныштырды. Бакыт Сыдыков буга чейин Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана кендерди пайдалануу комитетинин бөлүм башчысы болуп иштеген. «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айтмамат Назаров 2020-жылдын 2-ноябрында кызматтан кеткен. Андан кийин мекемени Нурбек Козубеков жетектеп жаткан. Ал кайсы күнү кызматтан кеткени айтылган жок. Читать дальше...

Эксперттер коронавирус адамга жаныбардан жуккан болушу мүмкүн деген тыянакка келишти

Azattyk.org 

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму башында турган адистер тобу «коронавирус лабораториядан чыккан болушу мүмкүн» деген божомолдор чындыкка коошпойт, вирус адамга жаныбардан жугушу мүмкүн деген пикирге келишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо уюмунун эксперти Питер Бен Эмбарек 9-февралда Ухань шаарында өткөрүлгөн маалымат жыйында билдирди. Коронавирустун кайдан чыкканын иликтеген эл аралык топ Ухань шаарындагы бир ай жүргүзгөн ишин соңуна чыгарды. Дүйнөдө 2,3 миллион адамдын өмүрүн алган вирус Ухандагы... Читать дальше...

Ак үйдүн жетинчи кабатында ким отурат?

Azattyk.org 

Президент Cадыр Жапаров буга чейин мамлекет башчылар отурган Ак үйдүн жетинчи кабатындагы иш бөлмөсүн алмаштырып, эски өкмөт үйүндө иштеп жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары бошоп калган 7-кабатты оңдоп-түзөп, кабинеттерди ич ара бөлүштүрүп алышты. 2010-жылдан тарта Ак үйдө президенттик аппарат менен бирге Жогорку Кеңеш да жайгашкан. Октябрдагы элдик толкундоолор учурунда имарат талкаланып, 230 миллион сом чыгым келтирилген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору алмашты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 9-февралда койгон жарлыктарга ылайык Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Акин Токталиев кызматынан бошотулуп, ордуна Медер Карабаев дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады. Акин Токталиев бул кызматка 2020-жылдын 13-ноябрда Садыр Жапаров өкмөт башчы болуп, президенттин милдетин аткарып турган учурда бекилген. Токталиев мурда Жапаровдун жактоочусу болгондон улам бул дайындоо кезинде сын-пикирлерди жараткан. Дин иштери боюнча мамлекеттик... Читать дальше...



Мэр дайындоо: Талапкер президенттин аккаунтун тааныбайт

Azattyk.org 

Балбак Түлөбаевдин ордуна Эрмек Нургазиевдин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалышы талкууга жем таштады. Медиа каражаттар Э.Нургазиевдин үстүнөн үч ирет кылмыш козголгонун жана юрист аялды жаакка чапкан окуясын эстешти. Президент Садыр Жапаров өз аккаунтунда Эрмек Нургазиевдин атын атабаса дагы мындай жоругу бар адамдарды кызматка коюуга мүмкүн эместигин жазды. Ошол эле маалда айрым серепчилер кадр саясатына президенттин кийгилигишип жатканын сынга алышууда. Нургазиевдин... Читать дальше...

Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт

Azattyk.org 

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын коногу - октябрдагы элдик толкундоолордон кийин Кыргызстандын баш прокурору болуп дайындалган Курманкул Зулушев. Башкы көзөмөл мекемесинин жетекчиси прокуратуранын ишмердиги, чуулгандуу сот иштери, коррупцияга каршы күрөш, жемкорлукка айыпталып, күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке эки миллиард сом төлөп берген Райымбек Матраимовдун иши жана башка суроолорго жооп берди.

Матраимовдун соту жабык өттү

Azattyk.org 

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши сотто карала баштады. Ал коррупцияга айыпталып, казынага 2 млрд сомду төлөп берген. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кетти. Коомчулуктун басымынан кийин башкалааны ким башкар турганы бүдөмүк. АКШ Сенаты Дональд Трампка импичмент жарыялоо сунушун карайт. Экс-президентке күнөө тагууга Сенаттын 50 демократ мүчөсүнө бери дегенде 17 республикачынын добушу кошулуусу керек.

Салижан Жигитов: Итим, сени айтам, кишим, сен ук!

Azattyk.org 

Салижан Жигитовдун 44 жыл илгерки “Күн тууду” повести – анын реализмге ээ-жаа бербей ала качкан кыялдан, санжыргалуу фантазиядан келип чыккан керемет иллюзия камтылган чыгармасы. Адабиятчы Калык Ибраимовдун толукталган блогун сунуштайбыз.

Башкы прокурор Зулушев: Курсан Асанов ИИМге буйрук болбосо деле барып алган

Azattyk.org 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун министрликти басып алуу деген шек боюнча иши тууралуу маалымат берди. 9-февралда “Азаттык” радиосунун эфиринде Зулушев 2020-жылдын октябрь окуялары учурунда башка да мекемелерди басып алуу аракети болгону тууралуу суроого жооп берип жатып төмөнкүлөрдү айтты: «Баарына бирдей баа бербеш керек. Курсан Асанов эч кандай буйругу жок барып ички иштер бөлүмүндө команда берип… Көрдүңүздөр го. Бул басып алуу болот. Читать дальше...

Жогорку сот Нариман Түлеевдин ишин кайра кароого жиберди

Azattyk.org 

Жогорку сот саясатчы Нариман Түлеевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого жиберүү тууралуу анын адвокаты А. Мощиндин өтүнүчүн 9-февралда карап, канааттандырган чечим кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Соттун чечими менен Түлеевге карата Бишкектин Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 29-июлундагы, Бишкек шаардык сотунун 2014-жылдын 23-декабрындагы өкүмү жана Жогорку соттун 2015-жылдын 30-ноябрындагы токтому жокко чыкты. Иш биринчи инстанция катары Ленин райондук сотунда башка курам менен кароого жөнөтүлдү.

Башкы прокурор: Сегизбаев боюнча беш иш тергелүүдө, Жолдубаева да сурак берип жатат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн беш кылмыш иши тергелип жатат, алтынчы да иш бар. Бул тууралуу 9-февралда “Азаттык” радиосуна башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди. Анын айтымында, ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат: «Ушул иштердин баарына тергөө баа берет. Эч кандай саясий куугунтук менен камап алып, тергеп жаткан жерибиз жок. «Белизгейт» боюнча ошол убакта саясатчылар кордолгонун билесиздер да. Индира Жолдубаеваны да суракка чакырып, сурап жатышат. Читать дальше...

Ошто жеке компания менен жер талашкандар соттун алдында митинг өткөрүштү

Azattyk.org 

Ош облустук сотунун алдына 50гө чукул адам адилет чечим чыгарууну талап кылып чыгышты. Алар 2016-жылдан бери “Түштүк суу курулуш” компаниясы менен 112 гектар жер талашып келишет. Жер 1993-жылга чейин “Түштүк суу курулуш” компаниясына таандык болгон. 1993-жылы Ош облустук администрация башчысынын №117 токтому менен Озгур айылынын тургундарына үлүш жер катары бөлүнүп берилген. Андан бери жерди айылдагы 200дөн ашуун кожолук пайдаланып келген. Соттук отурум 9-февраль 14:00гө белгиленип, компаниянын... Читать дальше...

Электр кубаты: Тарифтер талашта

Azattyk.org 

8-февралда Караколдун тургундары электр энергиясынын кымбаттыгына нааразы болуп чогулушту. Алар 2015-жылы убактылуу киргизилген 2 сом 16 тыйындык тарифти жоюп берүүнү талап кылып, абоненттерге берилип жаткан электр кубатынын сапаты төлөмгө туура келбейт деген пикирин айтышты. Кыргызстанда жыл сайын электр кубатын пайдалануу 4-6% көбөйүүдө. Бирок аны өндүрүү өскөн жок. Бул электр тартыштыгын жаратып жатат. Ошол эле кезде анын баасы боюнча да талкуу уланууда. Диляра Нарметова Каракол шаарынын активисти. Читать дальше...

Матраимовдун соту: Алгачкы отурум жабык өттү, иш 18-февралда каралмай болду (видео)

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 9-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга байланыштуу иши боюнча алгачкы сот отуруму жабык өттү. Жарым сааттай уланган отурумдун башталышына чейин журналисттер сүрөт жана видеого тартууга мүмкүнчүлүк алышты. Бирок отурум башталганда судья видеого тартууга тыюу салды. Сот залы тар болуп калганы айтылып, журналисттер сыртка чыгарылып, эшик алар үчүн жабык болду. Отурумдан чыккан Матраимов... Читать дальше...

Трамп импичменттен бул жолу кутулабы?

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Сенаты мурдагы президент Дональд Трампка экинчи импичмент жарыялоо маселесин кароого киришкени жатат. Экс-мамлекет башчы акталышы мүмкүн, бирок Өкүлдөр палатасы тарабынан эки жолу импичмент жараянына туш болгон президент катары тарыхка кирип калды.

Новости России
Москва

Архитектурные доминанты округов Москвы


Курманкул Зулушев акча төлөп үйүнө чыккандар жөнүндө түшүндүрмө берди (видео)

Azattyk.org 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев «Ыңгайсыз суроолор» телекөрсөтүүсүнө маек куруп, соңку мезгилде кылмыш иштери боюнча кармалып, кийин акча төлөп абактан чыгып кетип жаткандар жөнүндө түшүндүрмө берди. Ал айыпталгандар тергөө учурунда абакта жатпаш үчүн баш коргоо чарасынын үй камагы тандалып жатканын, ага карабай алардын иштери сотко жеткирилерин билдирди: «Эгер маселен 200 миң доллар уурдап алган болсо, ошол 200 миң долларды төлөмөйүнчө эч ким чыгарылбайт. Азыр пара менен, же башка оор кылмыштары менен кармалып... Читать дальше...

Матраимовдун коррупция боюнча ишин караган алгачкы сот отуруму башталууда

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча алгачкы сот отуруму ушу тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралганы жатат. Судья отурумду видеого тартууга тыюу салды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган. УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын... Читать дальше...

Кабулда төрт мамлекеттик кызматкер өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын бийлигинин өкүлдөрү билдиргендей, белгисиз жоочулар баш калаадагы төрт мамлекеттик кызматкерди атып кетишти. Согушкерлер Айыл жергелерин өнүктүрүү жана калыбына келтирүү министрлигинин кызматкерлери бараткан автоунааны аткылашкан. Бул тууралуу билдирген Кабулдун полиция өкүлү Фердоус Фарамарз учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Соңку айларда мамлекеттик кызматкерлерди, журналисттерди жана активисттерди бутага алган кол салуулар күч алды. Ооганстандын расмий бийлиги жана... Читать дальше...

Алматыда Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылган митинг өттү

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарындагы Кытай консулдугунун алдына сегиз адам, алардын көпчүлүгү аялдар, Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып нааразылык акциясына чыгышты. 9-февралда пикетке чыккандар туугандарынын сүрөттөрүн жана казак, англис, кытай тилдеринде талаптары жазылган кагаздарды кармап турушту. Алар «Атасыз калган балдар», «Экиге бөлүнгөн түгөйлөр» деген ураандарды чакырып жатышты. Нааразылыкка чыккандардын бири, 74 жаштагы Саркытхан Кызырхан кызы Казакстанда жашоого уруксаты бар уулун Кытай төрт жылдан бери чыгарбай жатканын... Читать дальше...

“Манас” аэропортунун президенти Бактыбек Сыдыков иштен алынды

Azattyk.org 

“Манас” эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Сыдыков кызматтан алынды. Бул тууралуу маалыматты ал өзү бүгүн, 9-февралда “Азаттык” радиосуна тастыктады: “Мага Мамлекеттик мүлк фондунан чалып, “Кызматтан алындың” деп айтышты”. Аэропорттун жетекчисин ишкананын директорлор кеңеши дайындайт. Сыдыков «Манас» аэропортунун президенти болуп дайындалганы 2020-жылдын 21-октябрда кабарланган. Ошол кезде анын бул кызматка кайра келишине каршы нааразылык акциялары өткөн. Сыдыков 2007-2010-жылдары... Читать дальше...

ТИМ: Кыргызстан Садыр Жапаровдун Орусияга сапарына олуттуу маани берет

Azattyk.org 

Кыргызстан президент Садыр Жапаровдун Орусияга пландалып жаткан сапарына олуттуу маани берет. Бул тууралуу 9-февралда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, министр Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, сапарга даярдыкты талкуулады. Президенттин Орусияга сапары кыргыз-орус мамилелерине кошумча дем берип, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн натыйжалуу саясий негиз болорун айтты. Казакбаевдин белгилешинче... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Янник Синнер

Янник Синнер поделился впечатлениями от общения с игроками сборной Италии по футболу






«Домклик»: Средний размер первого взноса по ипотеке в Свердловской области — 35,5%

Представители Духовного управления мусульман провели молебен у «Крокуса»

Тульский «Арсенал-2» сыграл вничью с любительским «Локомотивом»

Попавшего неделю назад мальчика нашли мертвым в болоте в Курской области