ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 11.02.2021

Матраимов иши: Эркиндиктин баасы 260 миң сом

Azattyk.org 

Бишкектин 1-Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, ири коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган Райымбек Матраимовго өкүм чыгарды. Сот ага 260 миң сом айып салып, мүлкүн жана банк эсептерин камактан бошотту. Матраимовго чыккан мындай өкүм коомчулукта түрдүү пикирге жем таштады.

Максатбек Токтомушев сот залынан бошотулду

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстандын мурдагы муфтийи Максатбек ажы Токтомушевди тил кат менен камактан бошотту. Андан мурда бул резонанстуу иш тууралуу өз оюн президент Садыр Жапаров да билдирген болчу.

«Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов тергөө бүткүчө камакка алынды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Женго» каймана аты бар Кадыр Досоновдун бөгөт чарасын карап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева соттук олтурумдан кийин журналисттерге кабарлады. УКМК 11-февралда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында «Женго» каймана аты бар, өлкөнүн түштүк аймагын «көзөмөлдөгөн кримтөбөл» деген Кадыр Досонов кармалганын билдирген. Читать дальше...

Мурдагы муфтий тилкат менен бошотулду

Azattyk.org 

Муфтияттадагы финансылык мыйзам бузууларга шектүү катары кармалган мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын караган жараян 11-февралда түн ортосуна чейин уланды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратына диний ишмердин ондогон тарапкери чогулду. Алар Токтомушевди камактан бошотууну талап кылып жатышты. Ишти караган судья түн оогондо Токтомушевди эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте калтыруу боюнча чечимди окуду. Сот залынан бошотулган мурдагы муфтий журналисттерге көп деле комментарий берген жок. Читать дальше...

Экс-муфтий Максатбек Токтомушев эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралдан он экисине түнү экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бөгөт чарасын карап, жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Токтомушевдин адвокаты Нурбек Сыдыков соттук олтурумдан чыккандан кийин журналисттерге билдирди. Диний ишмерди камакка алуу же албоо маселесин сот үч саатча карады. Жактоочунун айтымында, прокуратура менен тергөө кызматы мурдагы муфтийди үй камагына алуу боюнча өтүнүч келтирген. Нурбек... Читать дальше...

Муфтияттын айланасында чыр күчөдү

Azattyk.org 

11-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдында 30-40 чакты адам чогулуп, муфтийликтен кеткенин жарыялаган Максатбек Токтомушевдин ишин калыс иликтөө жана аны камактан бошотуу керек деген пикирин билдиришти. Алар ажылыктын акчасы байланышкан окуя саясатташып кеткенин айтып, "Токтомушевди кызматтан алуу максатында каралоо болуп жатканын" билдиришти. Акцияга катышкан Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Акин Токталиев муфтийдин ордун бийликтеги эки топ талашып жатканын билдирди... Читать дальше...

Кыргызстандын карызы 5 млрд. долларга жакындады

Azattyk.org 

Соңку эсептерге ылайык Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард долларга жакындады. 2020-жылы мамлекеттин карызы 343 млн. долларга көбөйгөн. Серепчилер тыштан алынган карыздар майнаптуу пайдаланылбай жатат деген пикирде.



Польшада белгилүү укук коргоочуга айып тагылды

Azattyk.org 

Польшада аялдардын укуктарын коргогон кыймылдын лидерине кылмыш иши козголду. Кыймыл аборт кылууга дээрлик толук тыюу салган мыйзам долбооруна каршы ири акцияларды уюштурган. Марта Лемпарт ага Варшава прокуратурасы айып такканын 10-февралда билдирди. Активист муну анын “Аялдардын иш таштоо” тобуна басым көргөзүү аракети катары баалады. Лемпартка полиция кызматкерине акаарат келтирүү, пандемия маалында акцияны уюштуруу менен эпидемиологиялык кооптуу абал жаратуу деген айыптар тагылып жатат. Польша... Читать дальше...

Навальная Тихановскаянын жолоюнда

Azattyk.org 

Орус оппозициясынын "биринчи айымы" Германияга аттанды. Ошол эле маалда аны Беларус оппозициясын жетектеп жаткан Тихановская менен салыштыргандар да бар. Эки айым тең жолдошторунун ишенимдүү жардамчысы гана эмес, кыска аралыкта оппозициянын башына келе алышты.

Садыр Жапаров: Кадрлар туура эмес келсе, саат сайын алмашыш керек

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы маегинде Бишкек шаарынын мэрин бекитүүнүн айланасындагы маселелер жөнүндө да позициясын билдирди. Ал Кыргызстанда учурда кадр таңкыстыгы курч экенин белгилеп, таза иштеген, коррупцияга малынбаган кишилерди табуу оор болуп жатканын айтты. Ал кыска убакытка калаа жетекчисинин милдетин аткарган Эрмек Нургазиев менен жолугушканын ырастап, аны татыктуу деп ойлогонун айтты. «Ал «мэрликке талапкер болуп баратам» деп мага келген. Кабыл албай койбойсуң да, кабыл алдым, сүйлөштүм. Читать дальше...

Бакыт Нурдинов: Садыр Жапаров шайлоого кетти деген акча муфтияттын эсебине кайтарылган

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов «Азаттыкка» комментарий берип, президент Садыр Жапаровдун муфтияттагы акчага байланыштуу билдирүүсүнө ойлорун айтты. Ал ажылыкка чогултулган 18 миллиондой доллар акчанын 7,5 миллион доллары зыяратчыларга кайтарылып берилгенин, 10-11 миллиондой доллар муфтияттын «РСК-Банктагы» эсебинде турганын маалымдады. Нурдинов мамлекет башчынын «мунун бир бөлүгү шайлоого иштетилип кеткен» деген сөзүнө мындайча түшүндүрмө берди... Читать дальше...

Иран Ирак менен чек арада аскердик машыгуу баштады

Azattyk.org 

Ирандын Революция сакчыларынын корпусу Ирак менен чек арага жакын аймакта аскердик машыгуу баштады. "Press TV" каналы маалымдагандай, машыгууга дрондор, тик учактар жана артиллерия катышууда. Машыгуу канча убакытка созулары белгисиз. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын бийликтеги мөөнөтү аяктап баратканда ортодо чыңалуу күчөп, Ислам жумурияты соңку жумаларда улам бир аскердик машыгуу өткөрүп келди. Тегеран ошондой эле америкалык жаңы жетекчи Жо Байденге 2015-жылкы ядролук келишимге кайтсын деп кысым кылууга аракеттенүүдө. Читать дальше...

Украина Орусиянын вакцинасын каттоого тыюу салды

Azattyk.org 

Украина өкмөтү “агрессор мамлекеттин” вакцинасын каттоого тыюу салды. Киев 2015-жылдан бери Орусияны ушинтип атайт. Украин бийлиги 8-февралдагы чечимин эки күн жарыялабай келди. “Верховна Рада агрессор-мамлекет деп тааныган өлкөдө иштелип чыккан вакцинаны, ошондой эле, COVID-19 илдетин алдын алган башка дагы медициналык иммунобиологиялык препараттарды каттоого тыюу салынат”, - деп айтылат өкмөттүн буйругунда. Бир жума мурун президент Владимир Зеленский орусиялык вакцинаны пайдалануу ыктымалдыгы... Читать дальше...

Райымбек Матраимов айыбын мойнуна алды

Azattyk.org 

Бишкектин 1-Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, ири коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган Райымбек Матраимовго өкүм чыгарды. Сот ага 260 миң сом айып салып, мүлкүн жана банк эсептерин камактан бошотту. Кызматын өткөрүп берген муфтий Максат ажы Токтомушев камалды. Тарапташтары аны үй тамагына чыгарууну, тергөөнү калыс жүргүзүүнү талап кылып чыгышты.

Жапаров: Зыяратчылардын муфтияттагы акчасынан шайлоодо бир партияга колдонулуп кеткен

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров муфтиятта чыккан жаңжалга ажылык сапарга барчулардан чогулган акча “чачырап кеткени” жана кайра кайтарылбаганы себеп деп эсептейт. Бүгүн, 11-февралда ал Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы маегинде мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевдин жана Аалымдар кеңешинин катышуусу менен жолугушуу өткөргөнүн, анда дин башкармалыгында каржылык мыйзам бузуу бар экени айтылганын, натыйжада өзү жиберген эсепчинин жардамы менен текшерүү жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алынганын билдирди. Читать дальше...

Новости России
Москва

«Радио Зенит» – информационный партнер форума «Мы вместе. Спорт»


"Чагылгандай жаркырап жанып чыктың..."

Azattyk.org 

Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында коомдо резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөрү менен таанылган Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган «Уландын иши уланат» деген эскерүү иш-чарасы өттү. Маркум кесиптешибиз 12-февралда 31 жашка чыкмак.

Жемкорлук желесинде калган Борбор Азия

Azattyk.org 

Transparency International уюмунун жаңы баяндамасында Борбор Азия мамлекеттери коррупция кеңири тамыр жайган өлкөлөрдүн катарынан чыккан эмес. Жаңы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнөн кандай жыйынтык күтсө болот? Бул суроолорду “Биз жана дүйнө” программасында талкууладык.

Матраимов күнөөсүн моюнуна алды, жазасы - 260 миң сом

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата өкүм чыкты. Соттун 11-февралдагы отурумунда ага жаза чарасы катары 260 миң сомдук айып пул чегерилди. Мындай чечимди судья Гүлзат Дыйканбаева чыгарды. Мындан тышкары соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы күчүн жоготору айтылды.

Акыйкатчы мурдагы муфтийди камакка албоону өтүндү

Azattyk.org 

Акыйкатчы Токон Мамытов мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевдин бөгөт чарасы камакка алуу болбошу керек деп эсептейт. Бүгүн, 11-февралда омбудсмен Бишкектин Биринчи май райондук сотунун прокуратурасына жана тергөө судьясына кайрылып, Токтомушевди үй камакка чыгаруу же тергөө аяктаганча өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат жаздыруу түрүндөгү бөгөт чарасын аныктоо мүмкүнчүлүгүн караштырууну суранды. Мамытов мындай өтүнүчүн “түзүлүп жаткан кырдаал” менен байланыштырып, ислам динине карата сый-урмат мамилеси менен негиздеди. Читать дальше...

Суваналиев: Матраимовдун соту ачык болгон жок

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу өкүмү тууралуу пикирин айтты. Суваналиев Жазык кодексинин "Коррупция" деген 319-беренесинен тышкары Матраимовго дагы башка айыптоолор боюнча соттук иш болушу керек эле деген ойдо: "Мыйзамсыз баюу деген сыяктуу беренелер менен айыпталышы керек эле. Тергөө өтө тар чөйрөдө болуп калды. Соттук териштирүүлөр тууралуу маалымат деле чыккан жок. Читать дальше...

Жумалиевдин обондуу ааламы

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор, III Даражадагы «Манас» орденинин ээси, Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин дирижёру Сардарбек Жумалиев 80 жашка чыкты. Ал Кант районунан Жар-Башы айылында 1941-жылы 5-февралда туулган. Обондору эл ичинде эң көп аткарылган композиторлордун бири Сардарбек Жумалиев. Анын “Бульварым”, "Таң сыры", "Сары-Челек", "Сен менин жазылбаган ырларымсың", " Жаңы жылды тосолу","Кетпейм сага жолукмайча" баштаган бир катар обондору эл ичинде тынымсыз ырдалып жүрөт. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Чесноков оценил шансы Александровой в борьбе за выход в финал турнира WTA в Майами






Фестиваль хоровых коллективов прошел в ДК «Чайка» в Лобне

Поздняков: есть спортсмены, для которых честь важнее, чем унизительные условия МОК

Сергей Собянин рассказал, как Москва заботится о 943 тысячах горожан с инвалидностью

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о возросшем интересе россиян к волонтерству