ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 12.02.2021

Тукум улоого болгон укук деген эмне?

Azattyk.org 

Кыргызстандагы тукум улоочу саламаттык боюнча адис Бактыгүл Бозгорпоева үй-бүлө укугун таануу жаатындагы олуттуу маалыматты ортого салат.

Журналисттер, мокобогула!

Azattyk.org 

«2020-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иликтөөчү журналисттер фонду жарыялаган сынактын жыйынтыгында 1-орун “Телевизиондук Академия” коомунун астында Адил Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейко биргелешип даярдаган ““Коррупцияга малынган Бишкектин гүлбактары” деген иликтөөгө ыйгарылды.  2-орунга “Клооп Медиасы” даярдаган “Коррупция айлампасы” деген иликтөө чыкты. 3-орун “Медиа өнүгүү борборунун” астында Болот Темиров жана эркин журналист Али Токтакунов... Читать дальше...

Тик Токтон акча тапкан жаштар

Azattyk.org 

Миллиондогон көрүүлөр, миңдеген лайктар, заманбап тренддер, алгачкы CrashHouse, Тик Ток тарткан ишкерлер. "Азаттык+" кезектеги чыгарылышында Тик Ток аркылуу атак күтүп, акча тапкан кыргыз жаштары жөнүндө баяндайт.

Ажылыктын акчасы кайда кеткен?

Azattyk.org 

Кыргыз Бажысынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, 260 миң сом айып пул менен жазадан кутулганы коомчулуктун кызуу талкуусунда. Бүгүн Бишкекте эң мыкты иликтөөчү журналисттерге "Уланбек Эгизбаев" атындагы сыйлык ыйгарылды. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 39 жаштагы уулу Сердарды вице-премьерликке дайындады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму карантиндин сактала беришин каалайт

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европанын көп мамлекеттеринде коронавируска чалдыккандардын саны азая баштаганы менен, карантин чараларын шашылыш жоюу кооптуу экенин эскертти. Уюм коронавирустун мутацияланган түрлөрү жайылып, эмдөө маселеси создугуп жатканын жүйө кылды. Британияда, Түштүк Африкада жана Бразилияда пайда болгон коронавирустун жаңы түрлөрүнүн ондогон мамлекетте аныкталганы кооптонуу жаратууда. Саламаттык сактоо уюмунун эскертүүсүнө карабастан Чехия парламенти 11-февралда өзгөчө... Читать дальше...

Бердымухамедов уулун орун басарлыкка дайындады

Azattyk.org 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн баласы Сердарды өзүнүн орун басарлыгына, ошондой эле, Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагалыгына дайындады.

Венгрия «Спутник-V» вакцинасы менен эмдөө өнөктүгүн баштады

Azattyk.org 

12-февралда Венгриянын башкы дарыгери Сесилия Мюлер орустардын «Спутник-V» вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү башталарын жарыялады. Муну менен Венгрия Евробиримдиктеги орустардын вакцинасын колдонгон алгачкы мамлекет болуп калды. Венгрия өткөн айда Евробиримдиктин дары-дармектер боюнча агенттигинин уруксатын күтпөстөн эки миллион доза орус вакцинасына буйрутма берген. Будапешт ошондой эле шаркетке мүчө 27 мамлекеттин арасынан айырмаланып, кытайлардын «Синофарм» вакцинасына уруксат берип, беш миллион доза заказ кылган. Читать дальше...

Коррупцияга каршы күрөш жана Матраимов иши

Azattyk.org 

Биринчи Май райондук соту 11-майда Кыргызстандагы эң чуулгандуу коррупциялык иш катары белгиленген Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовго өкүм чыгарды. Сот чегерген жаза коомчулуктун кызуу талкуусуна айланды



Прокурор: Матраимов 16 761 машинанын ар биринен орточо 860 доллардан алган

Azattyk.org 

Коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алгандан кийин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго сот тарабынан жаза катары 260 миң сом айып пул чегерилди. Ал буга чейин мамлекетке келтирген зыяндын орду деп казынага 2 млрд. сом кайтарган. Сот өз өкүмүн ошону эске алуу менен чыгарды. Мындан тышкары, судья тергөө учурунда Матраимовдун жана анын буга чейин камакка коюлган башка мүлктөрүн, банк эсептерин камактан бошотуп, анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын жокко чыгаруу тууралуу да чечим кабыл алды. Читать дальше...

Өзбекстан эки жылда толугу менен латын алфавитине өтөт

Azattyk.org 

Өзбекстандын өкмөтү ырасмий кагаздарды жана маалымат каражаттарын толугу менен латын алфавитине өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды. Бул талап 2023-жылдын башынан тарта күчүнө кирет. 1940-жылдардан бери өзбек тили үчүн ырасмий колдонулган кирил жазмасынан латын арибине өтүү коңшу мамлекетте 1993-жылы эле пландалган. Ага ылайык 2000-жылга чейин бул алфавитке кайрадан өтүү каралган. (Өзбекстанда 1928-1940-жылдары өзбек жана башка тектеш түрк тилдери үчүн латын алфавити ырасмий колдонулуп келген болчу). Читать дальше...

"Ош" базарында соода столунан түшпөй ыйлаган келинди аким кабыл алды

Azattyk.org 

Бүгүн, 12-февралда Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев "Ош" базарынын аймагында соода кылган Алмакан аттуу келинди кабыл алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ленин райондук акимчилигинен кабарлашты. Буга чейин ал келиндин "Ош" базарынын жанында соода кылган столун 10-февралда күч кызматкерлери салып кетип жатканда чыркырап ыйлаган видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жараткан. Жолугушуунун жүрүшүндө Алмакан (фамилиясы такталган эмес) Ленин районунун тургуну экени, шаар ичинде туруктуу... Читать дальше...

"Политклиника" басылмасы "Азаттык" радиосунун атайын сыйлыгына татыды

Azattyk.org 

«2020-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагына катышкан "Политклиника" басылмасы бул конкурстун жана "Азаттык" радиосунун атайын сыйлыгына ээ болду. Конкурстун жеңүүчүлөрүн жарыялоо аземи бүгүн, 12-февралда Бишкекте болду. "Политклиника" бул конкурста "Коронавирустан акча жасап: Жөнөкөй маска 25 сом, коргонуучу кийим 6000 сомдон алынган" деген темадагы иликтөөсү үчүн атайын сыйлык номинациясына ээ болду. Иликтөө 2020-жылы коронавирус оорусу күчөп турган 1-июлда жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган. Читать дальше...

“Социал-демократтар” партиясын Темирлан Султанбеков жетектейт

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев “Социал-демократтар” партиясындагы төрагалык кызматты партиялашы Темирлан Султанбековго өткөрүп бергенин 12-февралда билдирди. Анын айтымында, бүгүн 12-февралда Бишкекте партиянын 4-курултайы өттү. Курултайдын катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү саясий процесстерге активдүү катышууга үндөдү. Курултайга 200 делегат катышканы, партия быйыл Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоолорго катышуу чечимин кабыл алды. Читать дальше...

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылды

Azattyk.org 

«2020-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагынын жыйынтыгына ылайык 12-февралда жеңүүчүлөр аныкталды. Иликтөөчү журналисттер фонду жарыялаган конкурстун жыйынтыгында 1-орун “Телевизиондук Академия” коомунун астында Адиль Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейко биргелешип даярдаган “Парки коррупционного периода” (“Коррупцияга малынган Бишкектин гүлбактары”) аттуу иликтөөсүнө ыйгарылды. 2-орун “Клооп Медиасы” даярдаган «Кольца коррупции» (“Коррупция айлампасы”) иликтөөсүнө тийди. ... Читать дальше...

Финпол: Аалымдар кеңешинин муфтият боюнча арызы декабрда келип түшкөн

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финпол) Мусулмандардын дин башкармалыгы боюнча иш 2020-жылдын декабрь айынан бери тергелип жатат. Бул тууралуу 12-февралда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Финполдун маалыматына караганда, арыз менен Аалымдар кеңеши кайрылып, муфтияттын ишин текшерүүнү өтүнгөн. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 233-беренеси (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен катталган. Читать дальше...

«Хьюман Райтс Уотч» өзбек блогери Сатторинин камалышын айыптады

Azattyk.org 

Эл аралык «Хьюман Райтс Уотч» укук коргоо уюму өзбекстандык видеоблогер Отабек Сатторинин камалышын айыптап, ырасмий Ташкентти аны бошотууга чакырды. «Дыйкандардын укугу жана жемкорлук сыяктуу маселелерге арналган блогу үчүн Отабек Саттори жергиликтүү бийликтин каарына калган. Өзбек бийлиги Сатторини бошотуп, ага тагылган айыптарды далилдердин жетишсиздиги үчүн алып, сөз эркиндигин сыйлап, коргош керек», - деди 12-февралда эл аралык уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттман. «Эл пикири»... Читать дальше...

Дональд Лу: Журналистика Вашингтондо да, Бишкекте да кооптуу кесип

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин элесине арналып 12-февралда Бишкекте өткөрүлгөн "Чындык" форумуна Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу да видео байланыш аркылуу катышып, кайрылуу жасады. Ал өз кайрылуусунда "Associated Press" агенттигинин АКШдагы башаламандык учурунда демонстранттардын соккусуна кабылган сүрөтчүсүн мисал келтирип, журналистика Вашингтондо да кооптуу кесип бойдон калганын айтты: "Журналистика - Вашингтондо да, Бишкекте да кооптуу (кесип) бойдон калууда. Читать дальше...

Новости России
Москва

Бастрыкин взял дело хирурга, на которого пожаловались пациенты, на контроль


Ала-Букада кыргыз-өзбек чек арасындагы айылдын тургундары нааразылыгын билдиришти

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунда, Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш тилкесиндеги Көк-Серек айыл аймагында бүгүн, 12-февралда жергиликтүү тургундардын Чек ара кызматынын жана бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү. Жолугушууда Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагына караштуу Кош-Болот участогунда жаралган маселе талкууланды. Жергиликтүү тургундар кыргыз-өзбек тилкесинде тактала элек жерге өзбек тарап зым тартып койгонуна, мал жайыт жерлери азайып жатканына нааразылыгын айтышты. Өкмөттүн Жалал-Абад... Читать дальше...

COVID-19: АКШ мурдагыга кошумча 200 миллион доза вакцина алат

Azattyk.org 

АКШ дагы кошумча 200 миллион доза вакцинаны мөөнөтүнөн мурда сатып алууну "Moderna" жана "Pfizer-BioNTech" компаниялары менен макулдашты. Жо Байдендин айтымында, муну менен бир топ адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк ачылат.

Улуулардын достугу – урпактарга таберик

Azattyk.org 

Кыргызстанда жашаган дагестандык аварлардын сталинизм доорундагы татаал тагдыры, улуу калемгер Чыӊгыз Айтматов менен авар акыны Расул Гамзатовдун достугу тууралуу  Төмөнкү Чүй айылында жашап жаткан Расул Кибедов менен Мирзохалим Каримов маек курат.

Бишкекте эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 12-февралда, №13 мектеп гимназияда вице-мэр Айжан Чыныбаева, Саламаттыкты сактоо министрлиги, шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчилери мектеп директорлору мнен, жана ошондой эле, ата-энелер менен жыйын өткөрдү. Жыйында шаардагы мектептерди аралыктан окутууну токтотуп, салттуу билим алуу качан ачылары талкууланууда. Анда сөз сүйлөгөн Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчисинин орун басары Айнагүл Рыскулбекова баш... Читать дальше...

Лавров: Орусия Евробиримдик менен алакасын үзүүгө даяр

Azattyk.org 

Эгер Москвага каршы санкциялар күчөтүлсө, өлкө Евробиримдик менен алака-катышын үзүүгө даяр экенин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Лавров Москва мындай кадамга орус экономикасына тобокелдик жаралса барышы ыктымал экенин журналист Владимир Соловьевго берген интервьюсунда кошумчалады. Бул билдирүү Евробиримдик Навальныйдын камалышына байланыштуу санкциялардын жаңы топтомун даярдап жатканы маалым болгондон кийин жасалды. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп... Читать дальше...

2020-жылы Кыргызстанда пневмониядан каза болгондор 2,2% көбөйдү

Azattyk.org 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 12-февралдагы маалыматы боюнча, 2020-жылы Кыргызстанда өпкө кагыны менен ооруган 41 миң бейтап катталган. Бул көрсөткүч 2019-жылы 29 миң болчу. 2020-жылы бул оорудан каза болгондор мурдагы жылга караганда 2,2% көп болду. Оору айрыкча Ысык-Көл облусу, Бишкек шаары жана Чүй облусунда көбөйгөнү билинди. Улуттук статистика комитети 2019-жылы пневмониядан 626 адам каза болгонун, ал эми 2020-жылы 1 407 киши бул оорунун курмандыгы болгонун маалымдады. Мурдагы жылы... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина о смене гражданства: «Я никому ничего не доказываю. В меня поверил Казахстан, чему я очень рада»






Дептранс попросил москвичей не пользоваться авто из-за сильного ветра

Раненный ножом на парковке в Москве мужчина умер в больнице

Бастрыкин взял дело хирурга, на которого пожаловались пациенты, на контроль

Нижегородский книжный магазин обвиняют в пропаганде ЛГБТ*