ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 14.02.2021

Түркия 13 жаранын ПКК жоочулары өлтүргөнүн жарыялады

Azattyk.org 

Түркия бийлиги күрт козголоңчулар уурдап кеткен 13 түрк жаранынын сөөгү Ирактын түндүгүнөн табылганын жарыялады. Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар маркумдардын сөөгү террорчу уюм деп табылган Күрт жумушчу партиясынын жоочуларына каршы аскердик жортуулдун жүрүшүндө үңкүрдөн  табылганын 14-февралда билдирди. Жоочулардын колунан набыт кеткендердин тек-жайы такталууда. Түркиянын чыгышындагы Малатя вилайетинин акими  Айдын Баруш (Aydın Baruş) набыт болгондордун онунун ким экендиги тастыкталгандыгын... Читать дальше...

“Акыйкаттык үчүн” акциясынын талабы

Azattyk.org 

Жекшембиде Бишкекте “Акыйкаттык үчүн” деп аталган тынчтык маршы өттү. Анын катышуучулары алгач Эркиндик бульварына чогулуп, Ала-Тоо аянтына келишти. Алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышты. 13-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы бажычынын иштери боюнча териштирүү уланарын айтты.

Кыргызстанда өткөн жылы жол кырсыгынан 754 адам каза болгон

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2020-жылы 6 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болсо, 9 227 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Министрликтин маалыматына ылайык, жол кырсыктары айрыкча Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында катталууда. Статистика боюнча жол кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 8,1% төмөндөгөн. Бирок каза болгондор азайган эмес. Акыркы 4-5 жылдан бери Кыргызстанда жол кырсыгынан 700-800гө жакын адам каза болууда. Адистер айдоочулардын... Читать дальше...

Москвада жана Петербургда "Тилектештик чынжырчасы" акциясы өттү

Azattyk.org 

Москванын борборундагы Арбат көчөсүндө саясий туткундардарга тилектештик акциясы өттү. Сүйүшкөндөрдүн майрамы саналган Ыйык Валентин күнүндөгү акцияга 200гө жакын кыз-келин катышты. Алар Арбаттагы акын Александр Пушкин жана жубайы Наталья Гончареванын айкелинин алдынан чынжырча иретинде көчө бойлой тизилип, колуна саясий негизде камалган активисттердин аты-жөнү жазылган жүрөкчөлөрдү жана гүлдөрү кармап турушту. Акция эки саатка созулуп, тартип бузуусуз аяктады. Активисттер камактагы оппозициячыл... Читать дальше...

Матраимов иши: Жарандык коомдун реакциясы

Azattyk.org 

“Акыйкаттык үчүн” деп аталган тынчтык маршынын катышуучулары бул жекшембиде да темир жол бекетинин алдына чогулушту. Алардын көчөгө чыгышына Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы Райымбек Матраимовго байланыштуу чечими себеп болгон. Сот Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарын “Коррупция” беренеси боюнча айыптуу деп таап, тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык, 260 миң сомдук айыппулга жыккан. Акциянын катышуучулары соттун чечими адилеттүү болбой калды деп эсептеп, мурдагы бажычынын камалышын талап кылышты. Читать дальше...

Косоводо парламенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Косоводо мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкөдөгү 2400дөн ашык добушкана жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.00дө ачылды. 1,8 миллионго жакын шайлоочу кечки саат 19.00гө чейин добуш бере алат. Өлкөнүн 120 депутаттан турган парламенти үчүн 28 саясий партиядан 1000ден ашык талапкер ат салышууда. Пандемия шартында шайлоочулар добушканаларга беткап тагынып келип, эки метрлик аралыкты сакташы керек. Ал эми вирус жугузуп алган шайлоочулар атайын түзүлгөн мобилдик топтордун жардамы менен добуш бере алышат. Читать дальше...

Вильнюста жашаган автоспортчу Данас Азикеев: "Литвадагы күлүк кыргыз" дешет

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Данас Азикеев Литвада туулуп-өскөн. Алты жылдан бери автоспорт менен алектенет. Спорттук машинасы Кыргызстандын желеги менен жасалгаланган. Каармандын айтымында, анын литвалык достору Кыргызстанга аябай суктанып келишет.

Италияда жаңы өкмөт ишке киришти

Azattyk.org 

Италияда Марио Драги жетектеген жаңы өкмөт ант берип, ишке киришти. Римдеги Квиринал сарайында өткөн ант берүү аземине өлкө президенти Серджо Маттарелло катышты. Италиянын өкмөтүнүн башына келген Марио Драги пандемия шартындагы өлкө экономикасын калыбына келтирүүнү негизги максаты катары атады. 73 жаштагы Драги кесиби боюнча экономист. Ал 2011-2019-жылдары Европа Борбордук банкын, ага чейин Италия банкын жетектеген. Парламенттеги популисттик “Беш жылдыз” кыймылы коалициялык өкмөттүн курамына... Читать дальше...



Акыйкаттыкты талап кылгандардын акциясы

Azattyk.org 

Бишкекте “Акыйкаттык үчүн” деп аталган тынчтык маршы өттү. Марштын катышуучулары алгач Эркиндик бульварына чогулуп, Ала-Тоо аянты көздөй жүрүшкө чыгышты.

Навальныйдын тарапкерлери жарык жандырган нааразылык чарасын башташты

Azattyk.org 

Орусияда камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапкерлери 14-февралда аны колдоо иретинда нааразылык чараларын  өткөрүп жатышат. Анын алкагында, саясатчынын абактан бошотууну талап кылгандар бүгүн ар чөлкөмдүн жергиликтүү убакыты боюнча 20.00дө жапырт түрдө уюкфонду (чөнтөк телефонун) же кол чырактарды асманга каратып, күйгүзүшү керек. 15 мүнөткө созулган флешмоб нааразылык чарасына катышкандар сүрөтүн интернеттеги коомдук тармактарга жайгаштырышы абзел. Ушул убакытка чейин Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы Петропавловск-Камчатск... Читать дальше...

Жапонияда жер титирөөдөн кеминде 150 адам жабыркады

Azattyk.org 

Жапонияда ишемби күнкү жер титирөөдөн кеминде 150 адам жабыркап, түрдүү жараат алышты. Бул тууралуу 14-февралда өлкөнүн коомдук телеканалы кабарлады. Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү 7,3 баллга жетти. Жабыркагандардын көбү – Мияги жана Фукусима префектураларынын тургундары. 14-февралга караган түнү Тынч океанда, Фукусима префектурасынан түндүк-чыгыш тарапта болгон жер титирөө кеминде он префектурада сезилди. 2011-жылдын жазында Жапониянын түндүк-чыгыш жээгинде тогуз баллга жеткен жер... Читать дальше...

Өнөр чебери Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү

Azattyk.org 

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада бүгүн, 14-февралда «Көп кырдуу талант ээси Нурканбек Турсунбаевдин кыргыз искусствосундагы тарыхый орду»  аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Бул иш-чара Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, комузчу, манасчы, акын, композитор, музыкант Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдыгына арналып уюштурулду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, "Сахна жылдызы" деп аталган китеп-иллюстрациялык көргөзмө да ачылды. Читать дальше...

"Прогрессивдүү кыргызстандыктардын дүйнөлүк курултайына" даярдык жүрүп жатат

Azattyk.org 

“Прогрессивдүү кыргызстандыктардын дүйнөлүк курултайы” аттуу иш-чарага даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу 14-февралда “Азаттык” радиосуна курултайдын уюштуруучуларынын бири, эл аралык юрист Динара Муканбаева билдирди. Анын айтымында, 6-7-мартка пландалып жаткан талкуу онлайн форматта өтөт жана ага дүйнөнүн булуң-бурчунда окуп-иштеп жаткан кыргызстандыктар катышып, мекениндеги абалды жакшыртуу жолдорун талкуулап, өкмөткө сунуштарын беришет: “Медицина, тарых, маданият, экология, билим берүү, экономика... Читать дальше...

Баткендеги театр ишмерлеринин изги тилеги

Azattyk.org 

Баткендеги Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын ачылганына 15 жыл болду. Мындан 40 жыл мурда айылдык маданият үйү үчүн курулуп, кийин театрга берилген имарат өткөн жылы гана толук ремонттолгон. Театр өнөрпоздору элдин искусствого болгон кызыгуусу акырындап ойгонот деген ишеним менен иштеп келишет.

Таласта жаштардын калайман мушташынын себеби иликтенүүдө

Azattyk.org 

Таласта жаштар арасында калайман мушташ чыгып, үч автомашинанын терезеси талкаланды. Бул тууралуу 14-февралда шаардык милиция кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя жекшембиге караган түнү Нуржанов жана Огомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жергиликтүү тургун топ балдар ызы-чуу болуп, таш ыргытып жатышканын билдирип кайрылган. Факт шаардык ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Азыркы учурда окуяга тийиштүү адамдар такталып, териштирүү жүрүп жатат. Читать дальше...

15-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

15-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18; Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 12…17; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8... Читать дальше...

Бишкекте “Акыйкаттык үчүн” акциясы өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 14-февралда “Акыйкаттык үчүн” деп аталган тынчтык маршы башталды. Марштын катышуучулары алгач Эркиндик бульварына чогулуп, Ала-Тоо аянты көздөй жүрүшкө чыгарын билдиришти. Ушу тапта акцияга 500дөн ашуун адам чогулду. “Баштан башта” кыймылынын өкүлү Улан Үсөйүн жүрүштүн уюштуруучусу жарандык коом экенин билдирди жана жарандар мамлекетти көзөмөлгө алганды, талап койгонду үйрөнгөндө гана өлкө өнүгөрүн, өзгөрөрүн белгиледи. Акциянын катышуучулары “Биз өнүккөн өлкө үчүн!”, “Биз жаркын... Читать дальше...

Новости России
Москва

Эксперты КА «Главный Советник» приняли участие в форуме «Тренды и антитренды корпоративного видео сегодня»


Европа Кеңеши Навальныйдын орус бийлигине каршы арызын кабыл алды

Azattyk.org 

Европа Кеңешинин Министрлер комитети орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын арызын кабыл алды. Саясатчы өз арызында Москва Европанын Адам укуктары боюнча сотунун чечимин аткарбай жатканына арызданган жана орус бийлигинин ага карата куугунтугун токтотуусун талап кылууну өтүнгөн. Арызда ошондой эле 2014-жылы аны “аладамчылык” беренеси боюнча соттоо куугунтук кылууга жол ачканы белгиленди. Январь айынын этегинде Орусиянын шаарларында Навальныйды колдогон жапырт нааразылык иш-чаралары өткөрүлүп, миңдеген катышуучулар камакка алынган. Читать дальше...

Кердегейдин "Гимнинин" чекити жана Дүдү

Azattyk.org 

Кубатбек Жусубалиевдин (Кердегейдин) каламынан чыккан эмгектер сейрек, бирок алар сөзсүз түрдө унутулгус ойлорго чакырат. Жазуучунун “Гимн” деген аңгемеси да коммунизм доорундагы тентек желаргыга окшойт. Бекташ Шамшиевдин кезектеги блогу.

Өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилди

Azattyk.org 

Кыргызстанда өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилип, мамлекеттик агенттик, комитеттер менен фонддор министрликтердин алдына бириктирилди. Премьер-министр Улукбек Марипов 12-февралда өкмөттүн жаңы түзүмүн бекитүү жана аткаруу бийлигинин органдарын реформалоо жөнүндө токтомго кол койду. Муну менен ал министрлер кабинетинин айланасындагы талаш-талкууну токтоткондой болду. Токтомго ылайык, буга чейин кайсы министрликке кошулары белгисиз болуп жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) ушундай эле аталыш менен калып... Читать дальше...

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы курулуштар боюнча эки тараптуу комиссия түзүлмөй болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери ортодогу тактала элек чек ара тилкесине жакын жердеги курулуштар боюнча эки тараптуу комиссия түзмөй болушту. Бул тууралуу 13-февралда “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жаныбек Жалалов билдирди. Жалаловдун айтымында, орток чечим кабыл алынганга чейин эки тарап тең ал жерди пайдаланбайт. Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын тактала элек чек ара сызыгына 500 метр жакын жерде курулуш жүргүзбөө тууралуу макулдашуу бар. Читать дальше...

COVID-19: Вирус дагы 34 адамдан табылды, каза болгондор катталган жок

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 14-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 34 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок. Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында - 19 адам. Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 85 475 кишиге жетти. Бир күндө 69 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 424 адам жатат, дагы 421 бейтап үйдөн дарыланууда. Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4196 адамга жетти, алардын 4118си айыгып чыкты. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина о том, что не играла в Индиан-Уэллс из-за болезни: «К сожалению, восстановление заняло много времени»






Росгвардейцы оказали помощь пострадавшему в дтп велокурьеру в Москве

Психолог Корчагина посоветовала обсуждать с детьми постановки, чтобы привить любовь к театру

Появилось видео с массовой дракой в Москве

Заседание ОП о регулировании работы строительного комплекса пройдет 3 апреля