ЖК комитети үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзамды карайт
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Укуктук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана жемкорлукка каршы аракет боюнча комитети 16-февралдагы жыйынында «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин интернет барагында жазылды. Бул комитет долбоорду жактыргандан кийин парламенттик жалпы жыйынга чыгат, мыйзам күчүнө кириши үчүн аны Жогорку кеңеш колдоп, президент кол коюшу керек. Читать дальше...