ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 16.02.2021

Маркум Жамал Сейдакматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат

Azattyk.org 

Кыргыздын чыгаан театр жана кино өнөрпозу, Кыргыз Республикасынын эл артисти, маркум Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-февралда саат 10:00до Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. Анын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары кабарланды. 16-февралда түнкү саат үчтө Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында оорудан көз жумган. Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көлдүн Темир айылында туулган. 1957-жылдан... Читать дальше...

Украинада жикчилдердин чалгын тобунун башчысы кармалганы кабарланды

Azattyk.org 

Украинанын коопсуздук күчтөрү өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин чалгын тобунун башчысы делген киши кармалганын жарыялады. Украинанын Коопсуздук кызматынын 16-февралдагы билдирүүсүндө, аталган адам Одессадан “кезектеги чалгын иштерин аткарып жүргөн” учурунда кармалганы айтылат. Ысымы ачык айтылбаган киши  2014-жылы Луганскта бийлик имараттарын басып алууга  тиешеси болгондугу жана согуштук аракеттер учурунда Украиннанын мыйзамдуу бийликтерине каршы чалгындык-диверсиялык топту жетектегендиги жоромол кылынууда. Читать дальше...

Бактыгүл Чотурова: Адамзат бирөөнү бактылуу кылуу үчүн жаралган

Azattyk.org 

Татынакай ыр китептердин автору, У. Шекспирдин, Ф. Шиллердин ж.б. драмалык чыгармаларын которгон кыргыз акыны Бактыгүл Чотурова айымдын чыгармачылыктагы чыйыры жана соңку саамалыктары тууралуу аны менен Максат Жангазиев маектешти.

Өзбекстан Сардаба суу сактагычын кайрадан курат

Azattyk.org 

Өзбекстан былтыр суу жырып кеткен Сардаба суу сактагычын калыбына келтирип, кайрадан курат. Өзбек өкмөтү бул боюнча коомчулукка жарыяланбаган токтом кабыл алганын “Азаттыктын” өзбек кызматы жазып чыкты. Маалыматка караганда, учурда суу сактагычты калыбына келтирүү боюнча инженердик-изилдөө жана долбоорлоо иштери жүрүп жатат. “Азаттыктын” өзбек кызматы өлкөнүн Курулуш министрлигинин башкармалык жетекчиси Насрулло Бобоевдин жергиликтүү маалымат каражаттарына курган маегине таянып, суу сактагычты... Читать дальше...

Адис: Сириядагы кыргыз аялдардын көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип кеткен

Azattyk.org 

Диний радикализмди алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фондунун адиси Юлия Денисенконун айтымында, Кыргызстандан кетип,  Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү  – өз күйөөсүн ээрчип баргандар. Бул тууралуу Денисенко 16-февралда Бишкекте өткөргөн маалымат жыйында билдирди. “Негизинен Сирия менен Иракка кеткен аялдардын көпчүлүк пайызы күйөөлөрү үчүн барышкан. Тилекке каршы, ал аялдардын тандоо укугу болгон эмес. Балдар дагы ошондой болгон. Эл аралык... Читать дальше...

Өкмөт башчы “Бишкексветтин” жетекчисин тендер жана жүрүм-туруму үчүн сындады

Azattyk.org 

Премьер-министр Улукбек Марипов калаа башчысынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновго Бишкек мэриясына караштуу “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Алымбек Абдылдаевге байланыштуу Интернетте тараган чуулгандуу видеолор боюнча териштирүүнү тапшырды. Марипов бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу видео кайрылууда айтты.   “Медиа каражаттарында акыркы 10 күндүн ичинде эки жолу маалымат чыкты. Мен окудум, экинчисинин видеосун да көрдүм. Биринчиси- тендер маселеси. Өлкө жетекчилиги... Читать дальше...

Мьянмада аскерлер парламенттик шайлоодон соң жарандык бийлик калыбына келтирилерин жарыялашты

Azattyk.org 

Мьянмада аскердик төңкөрүш уюштурган генералдар өлкөдө жаңы шайлоо өткөрүлгөн соң жарандык бийлик калыбына келтирүүгө убада беришти. 1-февралдагы төңкөрүштөн соң алгачкы басма сөз жыйынында генерал За Мин Тун «биздин максат шайлоону өткөрүп, уткан партияга бийликти өткөрүп берүү»,-деп билдирди. Аскерлер шайлоо качан өтөрүн такташкан жок. Бирок өлкөдөгү өзгөчө абал бир жылга созуларын эскертишти. Аскердик төңкөрүштөн соң Мьянмадагы шаарларда нааразылык акциялары өтүп жатат. Өлкөдөгү ири шаарлардын бири Янгондо демонстрация уланып... Читать дальше...

Министрлик окуу жайларды Пакистандын “кара тизмесинен” чыгаруу аракетинде

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Пакистандагы иш сапарынын алкагында ал өлкөнүн билим берүү жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Махмуд жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолугушуп, кыргыз медициналык университеттерин Пакистандын медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу жолдорун талкуулашты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 16-февралында жолуккан эки тарап Пакистан студенттерин Кыргызстанда... Читать дальше...



"Кансыз согуш" жылдары АКШга качып кеткен румын чалгынчысы каза болду

Azattyk.org 

“Кансыз согуш” жылдары АКШдан саясий башпаанек алган Румыниянын чалгын кызматынын мурдагы офицери Ион Михай Пачепа коронавирустан улам каза болду. Аны “социалисттик блоктон Батышка качкан эң жогорку офицер” деп аташчу. 92 жаштагы Пачепа 14-февралда АКШда ооруканада көз жумган. Ал 1950-жылдары Румыниядагы тышкы чалгын кызматына жумушка кирип, бул органдын төрага орун басарлыгына чейин жеткен. Румыниялык диктатор Николай Чаушескунун кеңешчиси болгон Пачепа 1978-жылы АКШга качып, бул өлкөдөн баш паанек алган. Читать дальше...

Ала-Бука: Чек арадагы элдин үнү

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Өзбекстан менен чектеш жердеги Кош-Болот айылынын тургундары митингге чыкты. Жергиликтүү бийлик эки коңшу өлкө өз ара жер алмашканын билдирди. Кыргызстанда азык-түлүк, курулуш товарлары кымбаттады, машине тетиктеринин баасы дагы көтөрүлдү. Кымбатчылык карапайым элдин капчыгына күч келтирүүдө. Дүйнөлүк Соода Уюмун Нгози Оконжо-Ивеала жетектейт. Теги нигериялык каржы адиси эл аралык финансы институтун жетектеген алгачкы айым жана африкалык ишмер болуп калмакчы.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун оош-кыйышы

Azattyk.org 

Кыргызстанда эки айдын ичинде 448 кеңеш жаңыланышы керек. Өкүлдөр 420 айылдык кеңешке бир мандаттык негизде, 28 шаардык кеңешке партиялык негизде шайланат. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен чогуу референдум да өтөт жана андан кийин партиялык шайлоо системасы жоюлушу ыктымал. Мындан улам «Баш мыйзам жаңыланса, шаардык кеңештер кайра шайланабы?» деген суроо туулду. Шайлоонун шаңы башталды Жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелге белгиленгенден бери Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) ага даярдык көрүү... Читать дальше...

“Вингкоптер”: Коронавирус алааматы маалындагы технологиялык желаргы

Azattyk.org 

Технологиялык саамалыктар дүйнө жүзүндө COVID-19 пандемиясына каршы колдонулуп жаткандыгынын айрыкча өрнөгү – немистердин “Вингкоптер” компаниясынын дрондору болду. Т.Чоротегиндин блогу. Алгы сөз Оболу “Вингкоптер” (Wingcopter GmbH) аба мейкиндиги компаниясы тууралуу сөз кылсак, анын негизделгенинен бери дээрлик төрт гана жыл болду. Бирок бул төрт жыл – дүйнөгө таанылуу жаатында төрт кылымдай секирик жасады десек болоор. Бул компанияны 2017-жылы Германиянын Дармштадт шаарында Жонатан Хесселбарт... Читать дальше...

Алабукалыктарды ойго салган чек ара чийини

Azattyk.org 

Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагынын кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги демаркация иштерине жергиликтүү тургундар нааразы болууда. Алар 12-февралда Өзбекстандын бийлиги өз алдынча зым тарта баштаганын айтып, тынчсызданышууда. Бул маселе Бишкекте өкмөт үйүнүн жанындагы митингде да көтөрүлгөн. Мындан улам Кыргызстан менен Өзбекстандын ырасмий өкүлдөрү чек араны тосуу иштерин убактылуу токтоткон. Жергиликтүү тургундар алардын мал жая турган жайыттары тарып, чек ара сызыгы үйлөрүнө жакын келип калганын айтып нааразы болууда. Читать дальше...

Чек ара кызматы: аткезчилик менен жүк алып бараткан алты тажик жараны кармалды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткендин Лейлек районунан чек арачылар жана атайын кызматтын өкүлдөрү Тажикстандын алты жаранын аткезчиликке шектүү катары кармаганын кабарлады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Андагы маалыматка ылайык коңшу өлкөнүнүн алты жараны эки КамАЗ менен 338 кап селитраны тийиштүү документи жок Тажикстанга алып кетүүгө аракет кылган. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык Чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке карайт. Читать дальше...

Беларуста укук коргоочулардын үйлөрү, кеңселери тинтилүүдө

Azattyk.org 

Беларуста күч кызматкерлери бир катар укук коргоочулардын, журналисттердин жана активисттердин үйлөрүн, кеңселерин жапырт тинтип жатат. “Азаттыктын” беларус кызматы кабарлагандай, 16-февралда таңдан тартып өлкөдөгү Журналисттер ассоциациясынын, “Весна” укук коргоо уюмунун кеңселери, Минск, Могилев, Витебск, Гомел баштаган бир нече шаардагы 25тен ашык активисттин үйлөрүндө тинтүү болгон. Беларустун Тергөө комитети бул аракетти “протесттик ишмердикти каржылоо жагдайларын аныктоо максатында” деп түшүндүрдү. Читать дальше...

Блогер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду

Azattyk.org 

Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген журналист Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди. Ал муну өз өмүрүнө коркунуч туулганы, бийлик тарабынан куугунтук болуп жатканы менен түшүндүрдү. Юлия Барабина kaktus.media сайтына 15-февралда интервью берди. Анда блогер өлкөдөн чыгып кеткенин айтып, себебин мындайча түшүндүргөн: “Мени Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур кылышты. Буга үйүмдү негизсиз тинтүү, аңдуулар, тыңшоолор жана адвокаты жок суракка барганым негиз болду. Башында “мени жаңылыш суракка алышты... Читать дальше...

«Күнүнө 500 сом тапсак сүйүнөбүз...»

Azattyk.org 

Кыргызстанда жумушсуздар көбөйдү. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылы жумушсуздардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 4 пайызга өскөн жана аталган министрликтен жумушсуз катары 98 700 киши расмий каттоодон өткөн. Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматынан 2020-жылы пандемиядан улам Кыргызстанда ар бир үй-бүлөнүн эч болбогондо бир мүчөсү жумушсуз калганын көрүүгө болот.

Баткен акимчилиги: Тажик тарап баштаган көпүрө курулушу токтотулду

Azattyk.org 

Баткенде, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде салына баштаган көпүрөнүн курулушу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда “Азаттык” радиосуна Баткен райондук акимчилиги кабарлады. Маалыматка караганда, бүгүн Самаркандек айылындагы чек арада Тажикстан жарандары көпүрө курууга аракет кылып, 12 даана атайын даярдалган бетондорду түшүрүп, казуу иштерин баштаган. “Бул окуя боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүп, курулуш иши башталган аймак... Читать дальше...

Новости России
Москва

«Радио Зенит» – информационный партнер форума «Мы вместе. Спорт»


Иран атомдук объекттерине МАГАТЭнин инспекторлорун киргизбей турганын эскертти

Azattyk.org 

Иран өзөктүк келишимге кол койгон башка өлкөлөр милдеттерин аткарбаса өз аймагындагы атомдук объекттерге БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин инспекторлорунун киришине тыюу саларын эскертти. Былтыр кабыл алынган мыйзамга ылайык, келишимдин шарттары аткарылбаса, Иран өкмөтү кийинки аптадан тартып МАГАТЭнин өкүлдөрүнүн киришине тыюу салууга укугу бар. Эгер бул ишке ашса, эл аралык инспекторлор Ирандын өзөктүк программасы боюнча маалымат алуу үчүн каалаган учурда кыска мөөнөттүү текшерүү жүргүзчү укугунан ажырашы мүмкүн. Читать дальше...

"Кыргыз Туусунун" башкы редактору Эрнис Балбаков кызматынан бошотулду

Azattyk.org 

"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору, башкы редактору Эрнис Балбаков кызматынан бошоду. 16-февралда тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда Балбаков иштен өз арызынын негизинде бошотулду. "Кыргыз Туусуна" жетекчи болуп Эрнис Балбаков 2015-жылы дайындалган. Ага чейин “Фабула” гезитинин башкы редактору болуп иштеген. (RK)

Акыйкатчы соттон Чодобаеванын бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранды

Azattyk.org 

Акыйкатчы Токон Мамытов Бишкек шаардык сотунун төрагасына кайрылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө изоляторунда отурган Жылдыз Чодобаеванын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүндү. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады. Омбудсмен 16-февралда Чодобаевага жолугуп чыкканын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал кармоо шарттарына арызданган жок, бирок бөгөт чарасын өзгөртүүгө жардам берүүнү суранды. Токон Мамытов шектүү же анын жактоочусу шаардык сотко апелляциялык... Читать дальше...

Кыргызстанда 2144 мектепте окуучулар класстан окуп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда 16-февралга карата 2 144 мектепте окуучулар класстын ичинде окуп жатат. Ысык-Көл, Баткен, Нарын, Талас облустарында жана Ош шаарында 1-класстан 11-класска чейин окуучулардын бардыгы мектепке барып билим алышууда. Ош, Чүй, Жалал-Абад облустары менен Бишкек шаарында окуучулар толугу менен окууга бара элек. Айрым аймактарда 1, 5, 9, 11-класстардын окуучулары мектептен окуп жатат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана бала бакчалар 2020-жылдын март айынан тартып, карантинге жабылган. Читать дальше...

Бишкекте тогуз, Ошто эки партия жергиликтүү шайлоого катышарын билдирди

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин бүгүнкү күнгө карата тогуз партия билдирди. Бул тууралуу 16-февралда "Азаттык" радиосуна Бишкек шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу тууралуу ниетин эки партия билдиргенин Ош шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев маалымдады. Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Читать дальше...

"Кармен" - сүйүү жана кызганыч баяны

Azattyk.org 

Абдылас Малдыбаев атындагы опера балет театрынын быйылкы сезонунун башында француз композитору Жорж Бизенин төрт актылуу “Кармен” операсы тартууланды. Операда сүйүү, кызганыч, кылмыш менен коштолгон кызыктуу операнын жүрүшү тууралуу баяндалат.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Дарья Касаткина

«Бомж» Дарья передает всем привет»: Касаткина ответила на слова Винер






Погибшие в «Крокусе» сёстры пережили теракт в Волгодонске в 1999 году

МВД: в Москве карманница украла телефон у девушки в магазине и попала в полицию

Телеведущий Куличков опроверг информацию об инсульте

Синоптики спрогнозировали небольшой дождь в Москве 29 марта