ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 19.02.2021

ОшТУда ректорду шайлоо иши жарга кептелип турат

Azattyk.org 

Ош технологиялык университетинин ректорун шайлоо өнөктүгүн Ош шаардык соту үч айдан бери токтотуп турат. Ал арада ректорлукка талапкерлердин бири-бирине каршы берген дооматтарын көзөмөл органдары текшерип жатышат. Оштогу Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетине жаңы жетекчини шайлоо маселеси чыр-чатак менен коштолууда. Тирешкен тараптардын талашына Ош шаардык прокуратурасы менен каржы полициясына  киришүүгө туура келди. Шайлоодо башталган чатак Мурдагы ректор Абдыкадыр Абидовдун... Читать дальше...

Байден: Америка дүйнөлүк аренага кайтты

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден Америка дүйнөлүк саясатка кайтып келгенин жарыялады. Бул тууралуу Байден Мюнхен коопсуздук конференциясына онлайн катышып жатып билдирди. Анын айтымында, Вашингтон Европа менен Американын кызматташтыгын чыңдоого кызыкдар. “Демократия өзүнөн-өзү эле калыптанбайт”, - деген АКШ президенти автократиянын үстүнөн жеңүүгө дайым аракет кылуу керектигин белгиледи. Өз сөзүндө Жо Байден Орусия АКШ, Европа аймагындагы жана башка өлкөлөрдөгү демократияга сокку уруу үчүн бир катар аракеттерди кылганын билдирди. Читать дальше...

Британ канзаадасы Гарри жана жубайы падышалык үй-бүлөнүн милдетин аткарбайт

Azattyk.org 

Улуу Британиянын канзаадасы Гарри жана жубайы Меган Маркл падышалык үй-бүлөнүн милдеттерин аткарууга кайтпайт. Бул тууралуу Букингем сарайынан кабарлашты. Сассекс герцогу жана герцогинясы өз чечими боюнча Британ канышасы Элизабет Экинчи менен сүйлөшкөн учурда дагы бир жолу ырастаган. Гарри ардактуу аскердик наамдарынан ажырайт. Ошондой эле тектүү жаш жубайлар  кайрымдуулук фонддор менен кызматташуусун да токтотот. Алар буга чейин аткарып келген иштерди каныша Элизабет Экинчи падышалык үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө бөлүштүрүп берет. Читать дальше...

Интернеттеги шылуундар

Azattyk.org 

Белгилүү сайт, бренддердин аттарын колдонуп, интернеттен кардарларды алдап, акча жасагандарды уктуңуз беле? Сиз же сиздин жок эле дегенде бир таанышыңыз ушундай көз боёмочулукка дуушар болсо керек.“Азаттык плюста” дал ушул интернеттеги коопсуздук маселесин талкуулайбыз.

Иран "өзөктүк программаны" токтотуунун шартын атады

Azattyk.org 

Иран 2015-жылдагы өзөктүк келишимге каршы келген аракеттерди АКШ санкцияларды четке какса, дароо токтотот. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 19-февралда билдирип, Тегерандын Вашингтон менен сүйлөшүүгө даярдыгын ырастады. Министр Иран эч качан өзөктүк курал өндүрүүгө умтулбаганын жана ал аскердик доктринасынын бөлүгү эмес экенин билдирген. “Санкцияларды жокко чыгарып, дипломатияга мүмкүнчүлүк бергиле”,-деди Зариф. АКШ бийлиги Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимдин... Читать дальше...

Райымбек Матраимовдун экинчи иши

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга шек саналып кайра кармалды. Бул ага каршы козголуп коомчулукка белгилүү болгон экинчи кылмыш иши. Буга чейин Бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, айып пул менен кутулган. Райымбек Матраимовдун тарапташтары мурдагы бажычынын кармалышын сындап, Бишкекте жана Кара-Суу районунда нааразылык акциясына чыгышты. Райымбек Матраимовго чыккан сот өкүмү коомчулуктун катуу сынына... Читать дальше...

Айдана Оторбаева эл аралык "Баатыр" наамын алды

Azattyk.org 

Дүйнөлүк кесипкөй футболчулар ассоциациясы (FIFPRO) кыргызстандык футболчу Айдана Оторбаевага “Баатыр” (FIFPRO Hero) деген атайын сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды. Оторбаева Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын 2020-жылдагы сыйлыгына талапкерлердин бири катары көрсөтүлгөн. Ассоциация 18-февралда талапкерлердин арасынан жеңүүчүлөрдү тандап, кыргызстандык футболчуга өзгөчө наам ыйгарышты. Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын башкы жыйыны 2020-жыл үчүн жеңүүчүлөрдү 18-февралда аныктады. Читать дальше...

АКШ элчилиги Матраимовдун кармалышын кубаттады

Azattyk.org 

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кылмыштуу кирешени адалдоо жана коррупция боюнча тергөө башталып, кармалышын кубаттайт. Мындай билдирүү элчиликтин “Твиттердеги” баракчасына жарыяланды. “Биз Кыргызстандын укук коргоо органдары менен уурдалган активдерди аныктоо, эгер аныкталса кыргыз элине кайтаруу боюнча кызматташууга даярбыз”, - деп айтылат билдирүүдө. Райымбек Матраимов 18-февралда УКМКдан сурак маалында кайрадан кармалган. Читать дальше...



Матраимовдун жактоочулары митингге чыкты

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга шек саналып кайра кармалгандан кийин анын тарапташтары Бишкекте жана Кара-Суу районунда митингге чыгышты.

Матраимовдун тарапташтары сотко топтолду

Azattyk.org 

Кылмыштуу топтун мүчөлөрүн бийликке жолотпоо үчүн Ички иштер министрлиги мыйзам сунуштады. Ал эми юристтер бир гана мыйзам жетишсиз экенин эскертишти. Бажыда коррупциялык схема түзгөн Райымбек Матраимовдун киреше-мүлкү кайрадан суроо жаратып, убактылуу камалды. Ушул тапта сотто экс-бажычынын бөгөт чарасы каралганы турат. АКШнын космостук аппараты Марска конду.

Тихановская эки журналистке чыккан сот өкүмүн сындады

Azattyk.org 

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская журналисттерге карата чыккан сот өкүмүн сынга алды. Бул тууралуу Тихановская Минскинин соту "Белсат” телеканалынын эки кабарчысын эки жылга кескен соң “Настоящее время” телеканалына курган маегинде билдирди. Учурда чет өлкөдө баш калкалап жүргөн оппозионердин айтымында, акыркы сот чечими менен Лукашенконун режими маалымат каражаттарына “бийлик менен бирге болбосоңор түрмөгө камаласыңар” деген ишаратты берип жатат. Беларус соту 18-февралда нааразылык... Читать дальше...

Ажылыктын акчасы менен «Биримдиктин» байланышы

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы ажылыктын акчасына байланыштуу жаңы жагдайлар ачыкка чыкты. Учурдагы маалыматтарга караганда, муфтияттын банктык эсебинен “Фарватер” жана “Налоговый Представитель” деп аталган эки компания ири суммадагы акча алган. “Биримдик” партиясы менен байланышкан компания Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдиновдун айтымында, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2020-жылдын август айында “Налоговый Представитель” жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп... Читать дальше...

«Таза шайлоо» ассоциациясы жергиликтүү кеңештердин шайлооcуна байкоо жүргүзөт

Azattyk.org 

Кыргызстандагы «Таза шайлоо» ассоциациясы 11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун даярдыгына жана анын өткөнүнө байкоо жүргүзөт. Бирикмеден түшкөн арызды Борбордук шайлоо комиссиясы 19-февралдагы отурумунда канааттандырып, тиешелүү күбөлүк тапшырды. «Таза шайлоо» ассоциациясы бир нече өкмөттүк эмес уюмдардан куралган. Уюм шайлоо өткөн сайын ага байкоо жүргүзүп, шайлоодогу мыйзамсыз көрүнүштөр боюнча билдирүүлөрдү жасап турат. Уюм 10-январда өткөн президенттик шайлоого жана референдумга да байкоо жүргүзгөн. Читать дальше...

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын быйылкы чемпиондору аныкталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын маалыматына караганда, таймаштар 17-18-февраль күндөрү Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Ага 10 салмак категориясында 229 балбан катышып, күч сынашты. Чемпионаттын жыйынтыгында Нурмухаммед Абдуллаев (55 кг.), Жоламан Шаршенбеков (60 кг.), Урматбек Аматов (63 кг.), Марлен Асикеев (67 кг.), Шухрат Сайтазимов (72 кг.), Акжол Махмудов (77 кг.), Калидин Асыкеев (82 кг.), Атабек Азизбеков (87 кг.), Үзүр Жусупбеков (97 кг.) жана Эрлан Манатбеков... Читать дальше...

Элдин моокумун кандырышты. Топ жарып чыккан балбандардын чемпионаттагы сүрөттөрү

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандын 2021-жылдагы биринчилиги — күрөш күйөрмандарынын эң күткөн беттеши  60 килограмм салмакта Калы Сулайманов менен Жоламан Шаршенбековдун кармашы менен жыйынтыкталды.

Али Токтакунов иликтөө фондун ачты

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов “Али Токтакуновдун МедиаХабы” фондун негиздеди. Ал 18-февралда Бишкекте медиа долбоордун ачылышын өткөрүп, фонддун максаты жөнүндө маалымат берди. Анда айтылгандай, бул фонд коррупциялык көрүнүштөрдү иликтөөгө көмөк көрсөтөт. Ошондой эле кино тармагына, кыргыз тасмаларын жайылтууга салым кошууну көздөйт.

Тажикстанда салык кызматы блогерлерди каттоого алат

Azattyk.org 

Тажикстанда блогерлер 1-апрелге чейин салык бөлүмдөрүнөн каттоодон өтүшү керек. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына өлкөнүн Салык кызматынан кабарлашкан. Аталган кызмат өлкөдө 3 миллиондон 19 миллионго чейин катталуучусу бар 29 баракча жана канал боюнча маалымат бар экени, бул жаатта иш алып барган блогерлер соцтармактардан тапкан пайдасынан салык төлөшү керектигин билдирген. Бул талапка баш ийбегендерге мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт. Салыкчылар түзгөн тизмеге Бехруз Зеваров, Рафаел Гулов... Читать дальше...

Сот казакстандык активист Макс Бокаевге бир нече чектөө салды

Azattyk.org 

Казакстанда ай башында абактан чыккан жарандык активист Макс Бокаевге карата 3 жылдык мөөнөт менен административдик чектөө салынды. Мындай чечимди Атырау соту 18-февралда кабыл алды. Атырау шаардык полициясы активистке карата 7 чектөө киргизүүнү соттон суранган. Ишти караган судья Бокаевге 4 чектөөнү салуу чечимин чыгарды. Ага ылайык активист жакынкы 3 жылда полициянын уруксатысыз Атыраунын аймагынан чыга албайт. Жашаган үйүнөн түнкү саат 10дон таңкы алтыга чейин чыкпашы керек, коомдук маанилүү маселелерди талкуулай албайт... Читать дальше...

Беш күндө мектептерге 7 миңдей бала электрондук каттоого турду

Azattyk.org 

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя жана Токмок шаарларынын мектептерине 2021-2022-окуу жылы үчүн 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу уланууда. Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, 19-февралга карата келип түшкөн арыздардын жалпы саны – 7157 болду. Мунун 6350сү Бишкек шаарында, 150сү Ош шаарында, 122си Кара-Балта шаарында, 96сы Токмок шаарында, 272си Кызыл-Кыя шаарында, 167си Жалал-Абад шаарында. Мекемеден билдиришкендей түшүнбөгөн же техникалык маселелер чыкса... Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


43 беларус чиновнигине визалык санкция салынды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Беларустагы «демократияга бүлүк салууга жоопкер» деген жүйө менен 43 адамга, анын ичинде жогорку даражалуу аткаминерлерге виза санкцияларын салды. Билдирүүдө маалымдалгандай санкцияга туш болгондордун арасында «тартип коргоо органдарынын жетекчилери жана тынч демонстранттарды кармаган катардагы кызматкерлер, тынч демонстранттарды жана журналисттерди эркинен ажыраткан соттор жана прокурорлор, толкундоолорго катышкан студенттерди коркутуп-үркүткөн академиялык жетекчилер» да бар. Мамлекеттик... Читать дальше...

Жүздөй жүк ташуучу машине "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде кезек күтүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 19-февраль, саат 15:00гө карата жүздөй жүк ташуучу унаа чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте турат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы маалымдады. Мамлекеттик чек арадагы өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат. "Казак тараптын маалыматына караганда Казакстандын аймагындагы "Карасу-автодорожный" өткөрмө пунктунун көзөмөлдөөчү техникасы иштен чыккандыктан, жүк ташуучу унааларды өткөрүүнүн ылдамдыгы жайлаган". Читать дальше...

АКШнын «Персеверанс» жабдыгы Марска конду

Azattyk.org 

АКШнын «Персеверанс» жабдыгы 18-февралда Марска конду. Жабдыктын планетага конгону түз эфирде америкалык аэрокосмостук агенттиктин (НАСА) сайтында көрсөтүлдү. Космостук аппарат Марска атайын парашюттун жардамы менен конуп, алгачкы сүрөттөрдү жөнөттү. Марсоход планетадагы тирүү организмдердин белгилерин жана кыртыштын үлгүлөрүн чогултуп, жерге алып келет. «Персеверанс» биринчи жолу Марска былтыр июль айында конгон. “Марс-2020” миссиясынын алкагында жабдык планетада 700 суткадай жүрүп, бир катар иш бүтүрөт. Читать дальше...

Орусия Таллинге жооп катары эстон дипломатын өлкөдөн чыгарды

Azattyk.org 

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Эстониянын Москвадагы элчилигинин кызматкерин өлкөдөн чыгарды. Мындай чечим жакында эстон өкмөтүнүн орус дипломатын персона нон-грата деп жарыялап, өз аймагынан чыгарганына жооп катары кабыл алынды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова эстон бийлиги орус дипломатына карата “негизсиз чечим” кабыл алганын айткан. Ал маданий жана билим берүү тармагында гана иш алып барган кызматкер болгонуна токтолгон. Ал эми Эстониянын Тышкы иштер... Читать дальше...

Эркебаев: Акаевдин шайланышына себепкер болгом

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев болду. Ал маегинде өзүнүн саясатка келиши, академик Акаевдин бийликке келишине себепкер болгону, адабиятчынын облус губернатор дайындалышы, экс-президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков менен болгон мамилелери, Илимдер академиясынын презилденти кызматынан кетиши ж.б. маселелер жөнүндө кенен кеп салат. Бүгүн ошол маектин толук бөлүгүн сунуштайбыз.

Билеги күчтүү балбандар кармашты

Azattyk.org 

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган мелдешке өлкө аймактарынан 229 балбан катышты. Балбандар 10 салмак категориясында күч сынашты.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

П’ять українок отримали суперниць в основі турніру WTA 1000 в Мадриді: результат жеребкування






Bloomberg: Франция требует новых антироссийских санкций от стран Евросоюза

EXEED RX: особенности премиального кросс-купе

Россияне начали раскупать круизы по рекам России: озвучены новые цены и маршруты

«Министр культуры Исландии отказался оплатить мне поездку в Москву»