Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 20.02.2021

Шарабидин Капаров "узаконил" свои коррупионные преступления незаконными судебными решениями

PR Kyrgyz 

КР Президенти, КР Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан 

АРЫЗ

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш. Капаров мыйзамсыз баюу максатында көптөгөн коррупциялык схемалар тузуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Бирок, тергөө органдары Ш.Капаров мыйзамсыз иштерди Соттордун мыйзамсыз токтомдору менен мыйзамдаштырган экен деп, Капаровду ушул күнгө чейин камабай... Читать дальше...

Даңазалуу серб ырчысы Балашевич коронавирустун айынан дүйнө салды

Azattyk.org 

Таанымал серб ырчысы Жорже Балашевич жума күнү COVID-19 илдетинин айынан 66 жашында көз жумду. Бул тууралуу 19-февралда Сербиянын мамлекеттик сыналгы каналы билдирди. Акын, ырчы, музыкант жана режиссер Жорже Балашевич (сербче: Ђорђе Балашевић; 11.5.1953 – 19.2.2021) мырза 1990-жылдары Югославия таркагандан кийин дагы бүткүл мурдагы Югославия аймагында сүйүктүү ырчы катары кала берген. Жорже – теги боюнча серб болгон Йован Балашевичтин жана жарымы венгер, жарымы хорват тектүү Вероника Доленецтин уулу. Читать дальше...

Кабулда бир нече жардыруудан 5 киши набыт кетти

Azattyk.org 

Ишембиде (20-февралда) Ооганстандын баш калаасы Кабул шаарында бир нече жердеги бомба чабуулдарынан кеминде беш киши набыт болуп, экөө жаракат алды. Кабул полициясынын өкүлү Фердоус Фарамарздын билдиришинче, унааларга бекитилген бомбаларды жардыруулардын экөө 15 мүнөттүк аралыкта жүзөгө ашырылган. Полициянын унаасын бутага алган үчүнчү бомба болжол менен эки сааттан кийин жарылып, анын айынан унаада бараткан эки ооган жоокери жана жөө өтүп бара жаткан карапайым киши каза болду. Жоопкерчиликти... Читать дальше...

Навальный согуш ардагерине байланыштуу жарандык сот ишинде айыптуу деп табылды

Azattyk.org 

Орусиянын борборундагы Бабушкинский райондук соту 20-февралдагы отурумунда оппозициячыл лидер Алексей Навальныйды Улуу Ата мекендик согуштун ардагеринин кадыр-баркына шек келтирди деген доо боюнча күнөөлүү деп тапты. Навальный мырзага 94 жаштагы согуш ардагери Игнат Артеменкону президент Владимир Путиндин 2036-жылга чейин кызматында калуусуна шарт түзө турган соңку конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогон көрнөк катары тартылган видео тасмага катышкандыгы үчүн “чыккынчы” деп жалаа жапкан сөздөрдү айткан деген айып коюлган. Читать дальше...

Ереванда оппозициянын нааразылык чарасы өттү

Azattyk.org 

Армениянын оппозициясы 20-февралда Ереванда азыркы премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган тынч нааразылык жыйынын өткөрдү жана жүрүш уюштурду. “Мекенди сактап калуу” кыймылынын багыттоочусу Ишхан Сагателян эми 22-февралдан (дүйшөмбү күндөн) тартып ушул эле талап менен мөөнөтсүз нааразылык чаралары баштала тургандыгын шардана кылды. “Дүйшөмбүдө кечки саат алтыда (Бишкек убактысы боюнча 20:00да) жолугушабыз да, баш ийбөөчүлүк жүрүшүн баштайбыз. Бул өкмөт кызматтан кетмейинче нааразылык чараларыбыз улантыла бермекчи”... Читать дальше...

Аялды орунсуз тамашалоо жана жылма зомбулук

Azattyk.org 

Гендерлик тең укуктуулук тууралуу талкуу-талдоолор көңүл ачуу багытындагы аянтчаларда да жүрүүсү зарыл. «Эже-сиңдилер» берүүсүндө бул жолу музыкалык клиптерде, тасмаларда, тамаша видеолордо кыз-келиндердин образына байланыштуу стереотиптик көз караштарды талдап көрдүк.

Орусия Кыргызстанга мобилдик лаборатория берет

Azattyk.org 

Орусия Кыргызстанга 100 миң даана ПЧР тесттерин жана мобилдик автономдуу лаборатория берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Келишим бүгүн, 20-февралда Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Орусиянын "Роспотребнадзор" мекемесинин башчысы Анна Попованын жолугушуусунда түзүлдү. Орусия жугуштуу ооруларды, анын ичинде коронавирустун британ жана башка штаммдарын дарылоо боюнча... Читать дальше...



Матраимов айыпталып жаткан бул беренеде тергөө менен кызматташуу каралган эмес

Azattyk.org 

Райымбек Матраимовго ачылган бул кылмыш иштин алкагында ага коюлуп жаткан беренеде тергөө менен кызматташуу каралган эмес. Бул тууралуу Матраимовдун жактоочусу Мадина Ниязова журналисттерге 20-февралда билдирди. Белгилүү болгондой Бажынын мурдагы төрага орун басарына бул ирет "кылмыш жолу менен табылган акча каражатын адалдоо" айыбы коюлууда. Буга чейин Райымбек Матраимовго "Коррупция" беренеси менен айып коюлуп, ал ирет айыпталуучу тергөө менен кызматташып, казынага 2 млрд сом акча төгүп бергени менен өзү эркиндикте калган болчу. Читать дальше...

Матраимовдун адвокаты: Сот бүтүмүнө макул эмеспиз

Azattyk.org 

20-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду 2 айга камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды. Матраимовдун жактоочусу Мадина Ниязова мындай бүтүм менен макул эместигин айтып, жакынкы беш күндүн ичинде жогорку инстанцияга бөгөт чарасын өзгөртүүнү сурап кайрылыша турганын журналисттерге билдирди.

Москва шаардык соту Навальныйга карата райсоттун өкүмүн күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Москва шаардык соту 20-февралда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды жалпы абакка жөнөтүү тууралуу райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Ал эми ага каршы башка бир жарандык иш боюнча сот отуруму өз өкүмүн ишембиде кечирээк жарыялашы күтүлүүдө. Москва шаардык соту 20-февралдагы чечими менен шаардын Симоновский райондук сотунун оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды 2014-жылдагы кылмыш иши боюнча берилген шарттуу жазасын өзгөртүп, чыныгы абактык жазага кесүү тууралуу өкүмүн күчүндө калтырды. Читать дальше...

Райымбек Матраимов 2 айга камалды

Azattyk.org 

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эки айга камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Жактоочу Мадина Ниязова соттун мындай чечимине макул эмес экенин билдирип, беш күн ичинде жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдирди. Ниязованын айтымында Матраимов эки ай УКМКнын тергөө абагында болот. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовдун бөгөт чарасы бүгүн, 20-февралда жабык каралды. Мамлекеттик... Читать дальше...

Аба ырайы: 21-февралда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат

Azattyk.org 

Кыргызгидромет коңгуроо кагууда: 26-февралга чейин көпчүлүк аймактарда күн кескин сууктап, көпчүлүк аймактарда кар, жаан жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жүрүп, ашууларда кар көчкү түшүшү ыктымал. Кээ бир тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу зарыл, айдоочулар кыймылдын ылдамдыгын мүмкүн болушунча чектөөгө тийиш. 21-февралда көпчүлүк аймактарга кар түшүп, жаан жаайт. Абанын температурасы: Талас, Чүй облустарында түнкүсүн -4...+3... Читать дальше...

Президент Жапаров алгачкы чет өлкөлүк сапарын Орусия менен баштайт

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 24-25-февралда президент катары Орусияга алгачкы жолу визит менен барат. Президенттик аппараттын маалыматына караганда президент Жапаровдун визити Орусия менен стратегиялык өнөктөш катары ар тараптуу кызматташуу жана достук мамилени өркүндөтүүгө багытталган. Сапар учурунда Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Анда мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, мындан ары өнүктүрүү жолдорун талкуулашат.... Читать дальше...

Москва шаардык соту Навальныйды жалпы абакка жөнөтүү өкүмүн күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Москва шаардык соту 20-февралдагы чечими менен шаардын Симоновский райондук сотунун оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды 2014-жылдагы кылмыш иши боюнча берилген шарттуу жазасын өзгөртүп, чыныгы абактык жазага кесүү тууралуу өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Орус кызматы билдирди. Ошол эле учурда, Москва шаардык соту жазаны өтөө мөөнөтүндө Навальныйдын 2014-жылдын 30-декабрынан 2015-жылдын 17-февралына чейин үй камагында отурган убактысын, ошондой эле Москва шаарындагы... Читать дальше...

Сот Матраимовдун бөгөт чарасын жабык карап жатат

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы карала баштады. Сот жараяны жабык өтүп жатканын "Азаттыктын" кабарчысы билдирди. Матраимовду коштоп сотко келген адвокат Мадина Ниязова журналисттерге Райымбек Матраимов өзүнө тагылып жаткан айыпты мойнуна албай турганын айтты. Ушул тапта райондук соттун алдында Матраимовдун тарапкерлери аны бошотууну талап кылып турушат. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы... Читать дальше...

Орусияда коронавируска каршы үчүнчү вакцина катталды

Azattyk.org 

Орусияда жергиликтүү дары-дармек өндүрүүчүлөрү коронавируска каршы чыгарган үчүнчү вакцина катталды. Ал – Орусия Илимдер академиясынын М.П.Чумаков атындагы Федералдык изилдөө жана иштеп чыгуу илимий борбору даярдаган “КовиВак” вакцинасы. Ал вакцина “өлтүрүлгөн” вируска негизделген жана анын натыйжалуулугу тууралуу маалымат азырынча ачыкталган жок. "КовиВак" дары заты кишинин денесине коронавирустун «өлтүрүлгөн» түрүнүн анча-мынча бөлүкчөсүн киргизип, дененин иммунитеттик каршылыгын туудурат. Бул ... Читать дальше...

«СпутникV» вакцинасын Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөшүү өттү

Azattyk.org 

Орусияда Коронавируска каршы «СпутникV» вакцинасын Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөшүү өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты. Анда 19-февралда саламаттык сактоо жана социалдык жактан өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко жолукканы айтылган. Жолугушууда саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык, бул тармакты материалдык-техникалык жактан чыңдоо, медициналык... Читать дальше...

Матраимовдун тарапташтары бүгүн дагы митингге чыгышты

Azattyk.org 

Бүгүн, 20-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында Райымбек Матраимовдун тарапташтары митингге чыгышты. Буга чейин Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралары кабарланган. Анын тарапкерлери 19-февралда да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдына чогулуп, Матраимовду бошотууну талап кылышкан. Ушундай эле талап менен жүздөн ашуун адам Матраимовдун кичи мекени Кара-Суу райондук акимчилигинин алдына чогулган болчу. Читать дальше...

Новости России
Москва

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24


Москвада кыргызстандык жаран жети жылга соттолду

Azattyk.org 

Москва шаардык аскер соту кыргызстандык 3-топтогу майып, 32 жаштагы Талант Онуровду "теракт даярдаган" жана "терроризмге үгүттөгөн" деген айып менен жети жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары ага төрт жыл бою интернетте жана сайттарда ишмердүүлүк кылууга тыюу салынды. Прокуратуранын маалыматына караганда, Онуров 2019-жылы сентябрда Орусияга келген. Ал ушул эле жылы октябрь айында "теракт жасоо" максатында Москвада өзүнө өнөктөштөрдү издеп жүргөн деген айып менен кармалган. Онуров тергөө абагында... Читать дальше...

Казакстанда бир үйдөгү беш бала күйүп кетти

Azattyk.org 

Жамбыл облусунун Сарысу районунда беш кабаттуу үйдө өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн беш баласы чарчап калды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Жамбыл облусунун акимчилиги кабарлады. Акыркы маалыматтар боюнча Жанатас айылындагы өрт 19-февралда күндүзгү саат 15:00до чыккан. Анда 16 чарчы квадрат метрлик батирдеги 2015, 2016, 2017, 2019, 2020-жылдары туулган балдар болгон. «Алдын ала маалымат боюнча балдардын атасы жумушка, энеси дүкөнгө кеткен. Балдар ооруканага жеткирилгенден кийин үзүлгөн»... Читать дальше...

Бишкекте жол кирени кымбаттатуу сунушталды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортто жүрүү акысын көтөрүү боюнча атайын токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Долбоорго ылайык, муниципалдык автобустар менен троллейбустарда жүрүү акысын 11 сомго, менчик  - кичи автобустарда жүрүү акысын 15 сомго көтөрүү сунушталууда. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жол кире акыркы жолу 2012-жылы кымбаттаганын, андан бери элдин кирешеси өскөнүн, азык-түлүк жана башка товарлардын баасы  көтөрүлгөнүн жүйө келтиришкен. Читать дальше...

Москвада полиция Немцовдун эстелигине барчу жолду тороду

Azattyk.org 

Москвада полиция саясатчы Борис Немцов киши колдуу болгон жерге тургузулган эстеликтин айланасын курчады. Анын алдына чогулган ыктыярчыларды кармап кетти.  Znak.com. сайты кабарлагандай, ыктыярчылар "Китай-город" райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Кармалган активисттердин бири полиция аларды "ары-бери өткөндөргө тоскоолдук жараткан" деп айыптап жатканын маалымдады. Ыктыярчы Григорий Симаков тартип коргоо органдары Немцовго тургузулган инсталляцияны сүрдүрүүнү көздөп жатканын билдирди. Читать дальше...

Октябрда жабыркагандар жардамга муктаж

Azattyk.org 

Былтыркы октябрь окуяларында жабыркагандар бийликтен жардам болбой жатканына нааразы. Буга чейин алар түзгөн "Кыргыз үмүтү” аттуу кыймылы элге күч колдонгон мурдагы бийликтин жоопко тартылышын талап кылышкан. Алтынбек Оркошев 2020-жылдын 5-6-октябрдагы тополоңдо көзүнө желим ок тийген адамдардын бири. Анын көзү беш күн көрбөй калган. Ооруканадан чыкканда дарыгерлер көзүнүн 5% гана көрүп жатканын айтышкан. Кийинчерээк Бишкектеги жеке менчик клиникадан көзүнүн карегине хрусталь койдурган. «Азыр көзүм жакшы болуп калды. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Потапова

Потапова всухую обыграла Шнайдер в 1-м круге турнира в Мадриде






В Москве скончался чемпион СССР по футболу в составе «Динамо» Аркадий Николаев

Александр Ющенко: закрытие музея Ленина в Финляндии - прямое следствие утраты суверенитета этой страны

Купила с мужем "уставшую" квартиру в старом доме. Посмотрите, какой ремонт они сделали

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24