ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 25.02.2021

Жапаровду сынаган Москва сапары

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров алгачкы эл аралык сапарын Орусиядан баштады. Кыргызстандын жаңы бийлиги расмий Москва менен кандай тышкы саясат жүргүзөт? Батыш менен мамилеси бузулуп, санкция артынан санкцияга туш болгон Орусиянын Борбор Азия саясаты кандай болушу мүмкүн?

Армениянын армиясы Пашинянды коркутту

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян аскерлерди «өз милдетин аткарып», өлкөнү коргоого чакырды. 25-февралда жыйырма миңдей тарапташынын коштоосунда Республика аянтына чыккан Пашинян армениялыктар аскердик төңкөрүшкө жол бербестигин кошумчалады. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян "аскердик төңкөрүш" аракети болгонун айтты. Премьер Башкы штабдын кол башчысын, ага чейин анын орун басарын кызматтарынан кетирген соң куралдуу күчтөрү менен тиреш күчөдү. Москва тараптарды сабырдуулукка чакырды. Читать дальше...

Пашинян армияны «өз милдетин аткарууга» чакырды

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян аскерлерди «өз милдетин аткарып», өлкөнү коргоого чакырды. 25-февралда жыйырма миңдей тарапташынын коштоосунда Республика аянтына чыккан Пашинян армениялыктар аскердик төңкөрүшкө жол бербестигин кошумчалады. Буга чейин армия Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган билдирүү жасаган. Өкмөт башчы муну «аскердик төңкөрүш аракети» катары баалап, өз колдоочуларын көчөгө чыгууга чакырган. Ушул эле күнү ал Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Оник Гаспарянды кызматтан алганын жарыялады. Читать дальше...

Кобзев: Навальныйды белгисиз жакка чыгарып кетишти

Azattyk.org 

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды «Матросская тишина» тергөө абагынан чыгарып кетишти. Бул тууралуу анын адвокаты Вадим Кобзев «Твиттерге» жазды.   Кобзев Навальныйды күч органдарынын кызматкерлери кайда чыгарып кетишкенин кабарлаган жок. 44 жаштагы Кремлдин келишкис сынчысы "Матросская тишина" тергөө абагына 19-январда соттун шашылыш чыгарылган чечиминен кийин камалган. Судья Германиядан дарылануудан келген Навальныйды 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. 2-февралда... Читать дальше...

Казакбаев-Лавров жолугушуусу: Кыргызстандын аймагында пилотсуз аппараттар учурулат

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25-февралда Москвада кесиптеши Сергей Лавров менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык жаатында бир катар документтерге кол койду. Кол коюлган келишимдердин катарында Кыргызстанда товарларды аныктап, маркировкалоо системасын түзүү максатында Орусия техникалык жабдуу иретинде жардам көрсөтүү да бар. Казакбаев менен Лавров кол койгон документтердин ичинде ошондой эле эки мамлекеттин Коргоо министрликтеринин макулдашуусу менен Кыргызстандын аймагында... Читать дальше...

Садыр Жапаровдун Москва визити аяктады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун Москвага жасаган визити аяктады. "Иш сапар жемиштүү жана пайдалуу болду", деп «Азаттыкка» маалымдады президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек . «Сапардын ар бир мүнөтү алдын ала пландалып, жазылган эле. Баары план боюнча болду. Бир да мүнөт убакыт (текке) корогон жок». Иш сапар учурунда Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин, өкмөт башчысы, парламенттин төрага, төрайымы, өндүрүш компанияларанын жетекчилери, Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары... Читать дальше...

Матраимов ооруканадабы?

Azattyk.org 

УКМКнын тергөө абагына камалган бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов жеке менчик клиникалардын бирине дарыланууга чыгарылганы кабарланууда. УКМКнын басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн да, ошол эле кезде расмий түрдө ырастаган да жок. Талдоочулар кылмышка шектелип, абакка камалган адам ооруп калса, аны түз эле абактан жеке менчик клиникага жаткырган учур болбогонун мисал келтиришти. Бул арада OCCRP менен "Клооп-Медианын" журналисттери Райымбек Матраимов зыяндын... Читать дальше...

Тоо булбулу келбес сапарга жол тартты

Azattyk.org 

Көрүнүктүү опера ырчысы, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтоналы Сейталиев 24-февралда 84 жашында узакка созулган оорудан көз жумду. Ал 50 жылдык чыгармачылык ишмердүүлүгүндө улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги, татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринде алдыңкы тенордук партияларын аткарган.   Кыргыз радиосунун алтын казынасынын жетекчиси, музыка таануучу... Читать дальше...



Москва сапары: Экономика, миграция, вакцина

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун Орусиядагы эки күндүк сапары жыйынтыкталды. Москвада бир катар келишимдерге жетишилди. Жарандык активист балдарынын метрикасына "апасынын атын" жаздырууну талап кылып чыкты. Армениянын армиясы премьер-министрдин бийликтен кетүүсүн талап кылды. Пашинян муну «аскердик төңкөрүш» катары баалады.

Johnson & Johnson компаниясынын вакцинасы коронавирустан натыйжалуу коргой алары кабарланды

Azattyk.org 

Johnson & Johnson компаниясынын вакцинасы COVID-19 илдетинен натыйжалуу коргой алары маалым болду. Бул тууралуу АКШнын Тамак-аштын жана дары-дармектин сапатына көз салган башкармалыгы 24-февралда билдирди. Мекеме ошондой эле аталган вакцина коопсуз экенин, илдеттин оор түрлөрүнө каршы 85%, ал эми жеңил формаларына каршы 66% туруштук бере аларын кабарлады. Эми иликтөөнүн жыйынтыгын көз карандысыз адистер талкуулап чыгышкан соң, АКШда бул вакцина менен эмдөөгө уруксат берилери күтүлүп жатат. Читать дальше...

Алтынчы президент жана Москва

Azattyk.org 

24-февралда Москвага барган Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун эки күндүк иш сапары жыйынтыкталды. Октябрдагы толкундоодон кийин бийликке келген Садыр Жапаров биринчи жолку чет мамлекетке сапарын Орусиядан баштады. Кыргызстан Орусияны өзүнүн стратегиялык, экономикалык жана аскердик союздашы санайт. Жапаров Орусиядагы сапарын жыйынтыктап жатып, 25-февралда Москва шаарындагы Кремл дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Кол коюлган келишим Орусия... Читать дальше...

Таиландда каза болгон кыргызстандык боюнча ТИМ иш алып барууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын Малазиядагы элчилиги Таиландда каза болгон кыргызстандыктын жакындары менен 20-февралда дароо байланышып, иш алып барууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Министрлик Таиланддагы консулдук менен бирге керек болгон тийиштүү документтерди даярдап жатат. 21-февралда Таиланддын полициясы Пхукет аралындагы кароосуз калган имараттардын биринен кыргыз жаранынын сөөгү асылган абалда табылганын кабарлаганын Chiang Rai Times басылмасы жазган. Гезиттин маалыматына ылайык 28... Читать дальше...

Орусия Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмүн азайтууга 623 млн. рубл жардам берет

Azattyk.org 

Орусиянын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Кыргызстандын вице-премьер-министри, Финансы жана экономика министри Улукбек Кармышаков менен Кыргызстанда товарды маркировкалоо системасын түзүүгө жардам берүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол койду. Бул тууралуу Орусиянын Өнөр жай жана соода министрилигин сайтында жазылды. Андагы маалыматка караганда 2019-жылы Кыргызстан Орусиядан техникалык жардам берүүнү суранган. Долбоорду ишке ашыруу 2020-жылы декабрда макулдашылган. Анын жыйынтыгында Орусия Кыргызстанга кайтарымсыз 623 млн. Читать дальше...

Мишустин кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын ишин оң баалады

Azattyk.org 

Орусия өкмөтү пандемия маалында солгундап кеткен кыргыз-орус соода кызматташтыгын мурдагы калыбына келтирүүгө кызыкдар. Бул тууралуу 25-февралда Москвада иш сапары менен жүргөн кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин билдирди. Ал өз сөзүндө ортодогу мамилени бекемдөө үчүн биргелешкен аракет зарыл экенин белгилеп, өкмөт аралык комиссиянын, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишин позитивдүү деп баалады. Садыр Жапаров Орусиянын өкмөтү көрсөтүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык билдирип... Читать дальше...

Казакстанда жарандык активист Дулат Агадилдин көз жумганына 1 жыл болду

Azattyk.org 

Казакстанда жарандык активист Дулат Агадилдин тергөө абагында табышмактуу жагдайларда көз жумганына 1 жыл болду. Расмий бийлик ал «жүрөгү кармап» көз жумганын билдирген. Жакындары бул версияга ишенишпейт. Алар бийликтен ачык жана адилеттүү иликтөө жүргүзүүнү талап кылышкан. Бирок ал ишке ашкан эмес. Бир жыл мурда 24-февралда полиция кызматкерлери 43 жаштагы Дулат Агадилди үйүнөн алып кетишкен. Анын санаалаштарынын айтымында, Агадил ошол күнү Нур-Султанга келишкен Европарламенттин өкүлдөрү менен жолукмак. Читать дальше...

Абактан кайтпай калган активист

Azattyk.org 

Бир жыл мурун казакстандык жарандык активист Дулат Агадил Нур-Султандагы абакта табышмактуу жагдайда көз жумган. Анын туугандары "жүрөк оорусунан" каза болду деген бийликтин ырастоосуна ишенбей, Агадилдин өлүмү боюнча ачык жана калыс иликтөө жүргүзүү талабын коюшкан.

Муфтийлер кызматтан кантип кеткен?

Azattyk.org 

Максатбек Токтомушев чыр менен кызматтан кеткен биринчи муфтий эмес. Буга чейин да мусулмандардын лидерлери ар кандай окуялардан улам алмашып келген. Кээ бир учурларда муфтияттын ишине мамлекеттик органдардын кийлигишкени айтылып келет. “Азаттык” Кыргызстандын муфтийлери кандай жол менен кызматын тапшырганына токтолот.

Армениянын куралдуу күчтөрү Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышты

Azattyk.org 

Армениянын куралдуу күчтөрү премьер-министр Никол Пашиняндын жана ал башкарган өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышты. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы 25-февралда тараткан билдирүүдө «Армения республикасынын премьер-министри, өкмөтү армян эли туш болгон курч кырдаалда адекваттуу чечим кабыл ала албай калышты»,-деп жазылган. Муну менен алар Башкы штабдын жетекчисинин биринчи орун басарынын иштен алынышына каршы чыгышты. Бир күн мурда Пашинян генерал-лейтенант Тиран Хачатрянды кызматтан алган. Читать дальше...

Небересин сөөк терип баккан эне

Azattyk.org 

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 61 жаштагы тургуну Назгүл Стамакунова малдын сөөгүн, темир тезек чогултуп сатып, жууркан-төшөк каптап оокат кылат. Тагдырдын оор сыноосуна кабылган Назгүл Стамакунованын небереси менен эскилиги жеткен бир бөлмөлүү үйдө баш калкалап келатканына көп жыл болду. Ал жаз келип, кар эрисе үйдүн дубалдары урап калабы деп чочулайт.

Новости России
Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


"Апрель ТВ": Шаардык сот телеканалды колдогон чечим чыгарды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Аскер прокуратурасынын “Апрель ТВ” телеканалы боюнча өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Мындай чечим шаардык сотто бүгүн, 25-февралда чыкканы тууралуу маалымат телеканалдын расмий сайтына жарыяланды.    Аскер прокуратурасы шаардык сотко райондук соттун “Апрель ТВ” телеканалынын эфирге кайрадан чыгышына уруксат берген чечимине каршы арызданган. 2020-жылдын 29-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Аскер прокуратурасынын “Санарип технологиялар” жана “Апрель ТВ” жоопкерчилиги... Читать дальше...

26-февралдын аба ырайы

Azattyk.org 

26-февралда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10; Талас жергесинде түнкүсүн -14...-19... Читать дальше...

Балдарынын метрикасындагы "атасынын аты" деген графага өз ысымын жаздырган Капалованын соту 4-мартка жылды

Azattyk.org 

Энесинин аты менен берилген документтерди жокко чыгарууга байланыштуу соттук териштирүү 25-февралда Свердлов райондук сотунда белгиленген. Бирок судьянын жүйөлүү себептери болгонуна байланыштуу отурум 4-мартка белгиленди. Жарандык активист Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын берген. Мамлекеттик каттоо кызматы Алтын Капалованын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин, ал жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Мекеме документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылды. Читать дальше...

Володин Жапаров менен жолугушууда орус тилинин макамын кубаттады

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусунда кыргызстандыктар мамлекеттик башкаруу системасы боюнча тандоо кылганын жана Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда орус тилинин расмий макамынын сакталып калганын канааттануу менен белгиледи. Бул тууралуу кыргыз президенттинин сайтында жазылды. Володин орус тили окутулган жана расмий тил катары колдонулган өлкөлөрдүн жарандарына Орусиянын аймагында бир катар жеңилдиктер каралганын белгиледи. Читать дальше...

Байден иммигранттар боюнча Трамптын жарлыгын жокко чыгарды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден мурдагы мамлекет башчы Дональд Трамптын иммигранттар боюнча жарлыгын жокко чыгарды. Трамп былтыр пандемия башталганда америкалык жумушчуларды коргоо максатында 2020-жылдын cоңуна чейин айрым категориядагы чет элдиктерге АКШнын аймагына кирүүгө тыюу салган. Кийин ал жарлыгын ушул жылдын апрелине чейин узарткан. Миграция маселелери менен алектенген юристтердин айтымында, Трамптын жарлыгына ылайык иммигранттарга үй-бүлө мүчөлөрү менен кирүүгө тыюу салынган.... Читать дальше...

Депутат жыйында кесиптештерин театрга чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков 25-февралдагы жыйында 6 айдан ашык убакыттан бери даярдалып жаткан “Ночь перед Рождеством” ("Рождество алдындагы түн") балетинин бет ачары болоорун белгилеп, кесиптештерин Опера жана балет театрына чакырды. Эл өкүлү бул шаардагы маданий маанилүү иш-чара экенин белгиледи. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык 25-февралда саат 18:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

П’ять українок отримали суперниць в основі турніру WTA 1000 в Мадриді: результат жеребкування






От - 6 до + 30: На погоду в мае повлияют "сильнейшие аномалии"

Блиновская останется под стражей до 26 июля

Собутыльник пытался убить знакомого в магазине на юге Москвы

Сотрудники Росгвардии в Московской области обнаружили оставленного без присмотра грудного ребенка