ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 02.06.2021

Тегерандагы мунай заводдо өрт чыкты

Azattyk.org 

Ирандын маалымат каражаттары 2-июнда жазгандай, баш калаа Тегерандын түштүгүндөгү мамлекеттик мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты. Курмандыктар тууралуу азырынча кабар түшө элек. Тегеран бийлигинин өкүлү Мансур Даражати мамлекеттик каналга берген маегинде Тондгуян заводундагы суюлтулган газ бөлүмүндө өрт тутанган болушу мүмкүн. Тилсиз жоонун чыгышына эмне түрткү болгону белгисиз. Ушул эле күнү Оман булуңундагы аскердик кемеде өрт чыгып, чөгүп кеткен. Ичиндеги экипаж коопсуз жайга көчүрүлгөнү маалымдалды. Читать дальше...

Валерий Кичинге “Даңк” медалы ыйгарылды

Azattyk.org 

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичинге «Даңк» медалы ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт министрлиги маалымдады. Мамлекеттик сыйлык Валерий Кичинге “2019-жылы өткөн Азия футбол кубогунда татыктуу оюн көрсөткөндүгү, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдагандыгы жана футболго чексиз берилип кызмат кылгандыгы үчүн ыйгарылганы” кабарланды. 29 жаштагы Валерий Кичин 2019-жылдан бери Кыргызстандын... Читать дальше...

"Кумтөр иши": Бабанов камалды, кезек Жээнбековдобу?

Azattyk.org 

"Кумтөр ишине" байланыштуу Кыргызстандын мурдагы президенттери да жоопко тартылышы мүмкүн экенин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтты. Бишкекте "бусиктердин" айдоочулары иш таштады. Беларуста активист Степан Латыпов сот залында өзүн кекиртекке сайып, ооруканага жеткирилди.

Мэрия: жол кире маселеси сентябрда чечилиши мүмкүн

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов сентябрь айында маршруттук каттамдардын жол киресин көтөрүү маселеси чечилиши мүмкүн экенин билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кудайбергенов маршруттук каттамдарды иштеткен фирмалардын жетекчилери менен бүгүн, 2-июнда жолугуп, тариф маселесин талкуулаган. “Экономика жана каржы министрлигинин кароосуна берилди, андан соң шаардык кеңештин депутаттары талкуулап, жол кирени көтөрүү боюнча чечим чыгат”, - деди Кудайбергенов. Читать дальше...

Иш таштаган айдоочулар, мэрияга талап

Azattyk.org 

2-июнда Бишкекте шаар ичиндеги элдин кыймылын камсыз кылган маршруттук каттамдын айдоочулары иш ташташты. Алар жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда. Буга байланыштуу автобустар толуп, такси кызматынын акысы дароо көтөрүлдү.

"Кумтөр иши": үлкөндөр камалды

Azattyk.org 

"Кумтөр иши" боюнча депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов эки айга камалышты. Биринчи май райондук соту иындан тышкары “Кумтөр иши” боюнча кармалган мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаевдин бөгөт чарасын карап, тергөө аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) абагында эки айга калтырган. Бүгүн, 2-июнда бөгөт чарасы каралган үчүн алып келинген Өмүрбек Бабанов сотко кирип бара жатып өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйгыс" деп сыпаттады. Читать дальше...

Жарандыкка байланыштуу даттануулар көбөйдү

Azattyk.org 

Президенттик администрациянын Жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгы жарандык берүүгө байланыштуу маселелерде коррупциялык көрүнүштөргө арыздангандар көбөйгөнүн кабарлады. "Акыркы учурларда жарандык берүү, атуулдукту калыбына келтирүү, КМШ өлкөлөрүнөн, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келгендерди туруктуу жашоо үчүн Кыргызстандын жарандыгына кабыл алууда ортомчулук менен алектенгендер тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө, алдоого кабылгандардан даттануулар түшүп жатат. Ошондуктан бул багытта сак болууга чакырабыз”, - деп айтылат анда. Читать дальше...



Ходорковскийдин тарапташы эки айга камалды

Azattyk.org 

27-майда ишмердүүлүгүн токтоткон «Ачык Орусия» уюмунун мурдагы аткаруучу директору Андрей Пивоваровдун баш коргоо чарасын шаршембиде Краснодар райондук соту карады. Соттун чечими менен ал эки айга камалды. Пивоваров «жагымсыз уюмдар» тууралуу орус мыйзамдарын бузган деп айыпталууда. Сот жараянында ал күнөөсүз экенин айтып, коюлган дооматтарды четке какты. Пивоваров 1-июнда Санкт-Петербургдун Пулково аэропортунда кармалган. Ал учак жаңы эле ордунан жылары менен токтотулуп, Федералдык коопсуздук... Читать дальше...

Милиция Инандыны табууну талап кылгандар менен жолукту

Azattyk.org 

Бүгүн, 2-июнда “Сапат” билим берүү мекемесинин мугалимдери, мектептеринде билим алган балдардын ата-энелеринен турган топту Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев кабыл алды. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда мекеменин кечээтен бери дайынсыз болуп жаткан президенти Орхан Инандыны издөө иштери тууралуу маалымат берилди. Азыркы тапта Инандыны издөөгө Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн иликтөөчү-оперативдик тобу тартылган. Күбөлөр суракка алынып жатканы айтылууда. Читать дальше...

Ажырашуулар боюнча Бишкек биринчи орунга чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2021-жылдын январь-май айларында 19 498 жуп расмий никеге катталышты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Аймактарга бөлүп эсептегенде, эң көп никелешүү Ош облусуна туш келет. Беш айдын ичинде бул аймакта 4092 жуп үйлөндү. Эң көп ажырашуулар Бишкекте катталды. Январдан бери эки ача жолго түшүү арызы менен расмийлерге 897 кайрылуу келген. 2020-жылы күчүнө кирген "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзам боюнча өлкө атуулдары жашаган жери боюнча каттоосуна карабай... Читать дальше...

Би-Би-Си кыргыз кызматы 25 жылдыгын белгилөөдө

Azattyk.org 

Би-Би-Си кыргыз кызматы түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилөөдө. 25 жылдыкка арналган иш-чара 2-июнда Бишкектеги "Хаят" мейманканасында өтүп жатат. Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын кыргыз тилиндеги программалары 1996-жылдын 3-июнунан тартып обого чыга баштаган. Ошондой эле 2009-жылдын декабрь айынан баштап "Сапар" документалдык телевизиондук программасын даярдап келүүдө. Би-Би-Си кыргыз кызматынын теле жана радио берүүлөрү, иш күндөрү көрсөтүлгөн жаңылыктары жана бир айда бир чыгуучу документалдык... Читать дальше...

Табышмактуу жагдайда жоголгон Инанды табыла элек

Azattyk.org 

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды эки күндөн бери дайынсыз болууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) аны издөө иштеринен азырынча жыйынтык чыга элек. Тарапташтары аны табууну талап кылып Бишкекте митинг өткөрүп жатышат. Инандынын табышмактуу жагдайда жоголушу коомчулукта резонанс жаратып, саясий, коомдук ишмерлердин көңүлүн бурду. Жогорку Кеңештин тармактык комитети да буга реакция кылып, Министрлер кабинетин чечкиндүү кадамдарды жасоого чакырды. Читать дальше...

Мурдагы премьер Өмүрбек Бабанов эки айга камакка алынды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду эки айга, 31-июлга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин абагында кармалат. “Жактоочулар келтирген жүйөлөрдү такыр эске алган жок. Тергөөчүнүн гана айткандарын негиз кылып чечим чыгарды. Өмүрбек Бабанов бул иш толугу менен абсурд экенин айтты. Сот жактоочулардын келтирген жүйөсүн эске алган жок”, - деди саясатчынын жактоочусу Амантур Абдрахманов. Бабановду 31-майда “Кумтөр иши” боюнча Улуттук коопсуздук комитети кармаган. Читать дальше...

АКШ Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалууну азайтуу аракеттерин колдоду

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 1-июнда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, апрель айынын этегинде чек арадагы жаңжалда каза болгондордун жакындарына көңүл айтарын билдирди. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Нед Прайс билдиргендей, Блинкен Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чыңалууну азайтуу, чек араларды тактоо жана көйгөйлөрдү тынчтык жол менен чечүү аракеттерин колдой турганын айткан. Блинкен террорчулукка каршы күрөштө өнөктөш болуп... Читать дальше...

Ала качуу: иштебеген берене, кыйылган өмүрлөр

Azattyk.org 

«Азаттык» жана «Клооптун» журналисттери ачык булактардагы расмий маалыматтарды анализдеп, «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси (175-берене) дээрлик иштебейт деген жыйынтыкка келишти. Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде 27 жаштагы Айзада Канатбекова никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалган. Уурдаган киши алгач кызды зордуктап, андан соң өмүрүнө кол салган. Өлүм менен аяктаган ала качуу өлкөдө үч жыл мурун да орун алган - анда 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын өмүрү кыйылган. Айзаданын өлүмү коомчулукта нааразылык жараткан. Читать дальше...

Бишкек: Бруцеллез боюнча көрсөткүч начарлады

Azattyk.org 

Бишкекте бруцеллез илдетине чалдыккандардын саны өстү. Бул тууралуу 2-июнда борбор калаанын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борборунан кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, былтыркы жылдын алгачкы беш айында мындай диагноз үч адамга коюлган болсо, быйыл ошондой эле мезгил аралыгында бул көрсөткүч 17ни түздү. 17 бейтаптын 11и сүттү колдон сатып алып ичип жүрүшкөнү, бешөө шаурма, гамбургер жегени жана бирөө мал багып жүрүп жуктуруп алганы белгилүү болду. Бруцеллез оорусу кой-эчкиден... Читать дальше...

Өзбекстан быйыл өрүк экспортун дээрлик токтотту

Azattyk.org 

Жашылча-жемиш базарын анализдеп келген EastFruit басылмасы 2021-жылы Өзбекстан өрүк экспортун дээрлик токтотконун жазды. Буга быйыл жазында өрүктү үшүк алып кеткени себеп болду. Жыйынтыгында Өзбекстандагы өрүк бактарынын 60-65% мөмө байлабай калган. Мындан улам Ташкент өрүктү Тажикстандан арзан баада импорттоп жатат. Басылманын маалыматына караганда, 2020-жылы Өзбекстанда 74,5 миң тонна абрикос жыйналган. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч болгон. Былтыр Өзбекстан дүйнөдө... Читать дальше...

Новости России
Москва

Порт пяти морей. В Москве стартовал летней сезон речной навигации


Беларус жарандардын четке чыгышына тыюу салды

Azattyk.org 

Беларус өз жарандарына коронавирус пандемиясына шылтоолоп чет өлкөлөргө чыгууга убактылуу тыюу салды. Оппозиция бул чечимди "адам эркиндигин чектөөнүн дагы бир аракети" деп сынга алды. Чек ара комитети  билдиргендей, мамлекеттик кызматкерлерге жана чет жакта туруктуу жашоого уруксаты барларга гана тышка чыгууга уруксат бар. Оппозиция лидери Светлана Тихановскаянын кеңешчиси өкмөттүн бул чечимин кескин сынга алып, Лукашенконун кадамын мыйзамсыз деп атады. Буга чейин эл аралык коомчулук авторитардык... Читать дальше...

Парламент комитети Инандынын жоголушуна байланыштуу кайрылуу жолдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна байланыштуу чукул кайрылуу кабыл алып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөттү. "Таламандын чак түшүндө өлкөбүздүн борборунда орун алган бир чети кылмыштуу, бир чети резонанстуу окуяны иликтеп, чыныгы жагдайды ачыкка чыгаруу - тиешелүү укук коргоо органдарынын милдети. Коомчулукта ал чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсү менен ишке ашкандыгы боюнча божомолдор айтылууда. Читать дальше...

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам боюнча макулдашуу тобу түзүлүүдө

Azattyk.org 

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүү жөнүндөгү токтом долбоору 2-июнда Жогорку Кеңеште каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Макулдашуу тобунун курамында кимдер бар экени ачык айтылган жок. Мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева топко кирүү ниетин билдирген депутат Дастан Бекешевге авторлор же тийиштүү комитеттин мүчөлөрү гана кире аларын айтты. Бекешев ага жооп кайтарып, мыйзам долбоору буга чейинки бийлик тушунда саясий максатта иштелип чыкканын... Читать дальше...

Ирандын ири аскердик кемеси Оман булуңунда чөгүп кетти

Azattyk.org 

Ирандын деңиз аскердик күчтөрүнүн кемеси 2-июнда белгисиз себептерден улам Оман булуңунда чөгүп кеткенин мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Анын алдында кемеде өрт чыккан. Кеменин экипажы толугу менен коопсуз жайга көчүрүлгөнү маалым болду. Жарым-жартылай мамлекеттик Fars агенттиги билдиргендей, кемени сактап калуу аракетинен майнап чыккан эмес. Өрттүн эмнеден тутанганы да азырынча беймаалым. Кеме стратегиялык деп саналган Ормуз кысыгына жакын жердеги Жаск деп аталган Ирандын портуна чукул жакта болчу. Читать дальше...

Кара-Кулжада Асылбек Жээнбековду колдогон митинг башталды

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда "Кумтөр иши" боюнча камалган депутат Асылбек Жээнбековдун эки жүздөн ашуун тарапташы митингге чыкты. Алар Асылбек Жээнбековду камактан бошотууну, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылууда. "Ал ушунча жыл так иштеп, эки жолу спикер болду. Кумтөр Акаевдин учурунан бери келатат да”,- деди митингге чыккандардын бири Тентимиш Токторов. Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал Кумтөргө байланыштуу 31-майда эки айга камакка алынды. Читать дальше...

Адвокат: Пирматов Жапаровдун токтомун колдобогону үчүн камалды

Azattyk.org 

“Кумтөр иши” боюнча камакка алынган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун жактоочусу Тимур Карабаев атайын кызмат Пирматовго кандай айып койгону  тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Пирматов 2012-жылы парламенттин тармактык комитетин жетектеп турганда ошол кездеги депутат Садыр Жапаровдун Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоорун колдобой койгону үчүн айып коюлду. “Исхак Пирматовго коюлган айып толугу менен – абсурд. Эч кандай далилдик базасы жок.  Аны 2012-жылы  ошол... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Кудерметова выиграла турнир WTA в Штутгарте в парном разряде






Почти половина россиян предпочитают арендовать частное жилье в путешествиях

«Русские „ограбили“ нас». ЦСКА обвинили в подкупе судей 19 лет назад

Солнечная энергия Орловщины все еще в «стадии реализации»

Вильфанд спрогнозировал июньскую погоду в Москве в ближайшие дни