ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 03.06.2021

Тажикстан Пакистандан курал-жарак алабы?

Azattyk.org 

Пакистандын премьер-министри Имран Хан шаршембиде Тажикстан менен коргоо тармагындагы алакаларды өнүктүрүү талкууланганын билдирди. Расмий Дүйшөмбү эч кандай комментарий бере элек.

Укук реформасы: адам укугу жана тобокелчилик

Azattyk.org 

Учурда Жазык, Жазык-процесстик, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы, Жазык-аткаруу кодекстерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоору талкууланып жатат. Анын өзгөчөлүктөрүн, адам укуктарына таандык тобокелчиликтерди “Азаттык” “Арай көз чарай” талкуулады.

Орусия: оппозициячыл саясатчыга иш козголду

Azattyk.org 

Орусияда оппозициячыл саясатчы, мурдагы депутат Геннадий Гудковго курал-жарак жана ок-дарыны мыйзамсыз сактаган деген айып менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары укук коргоо органдарына шилтеме берип  жазып чыкты. Маалыматка караганда, Гудковдун кеңсесин тинтүү учурунда "Макаров" тапанчасынын 50 огу табылган. Ага уруксат кагазынын мөөнөтү өтүп кеткени белгилүү болгон. Бул кылмышка шектүү адам беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Геннадий Гудков коопсуздук кызматынын ардагери. Читать дальше...

Укук коргоочулар Пакистанда журналисттерге басым күчөгөнүнө тынчсызданды

Azattyk.org 

Бир нече укук коргоо уюму Пакистандагы журналисттерге кол салуулар көбөйүп жатканына камтачылыгын билдирди. Human Rights Watch, Amnesty International жана Юристтердин эл аралык комиссиясынын биргелешкен билдирүүсүндө Пакистан бийлигин маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кол салууларды иликтөөгө чакырышты. Соңку учурда бир нече тажрыйбалуу журналист коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам ишмердигин токтотууга аргасыз болгон. Жеке менчик Geo TV телеканалы обого чыкпай, өлкөдөгү англис тилдүү гезиттин баслышына бийлик тоскоолдук жаратты. Читать дальше...

Чек ара отрядындагы окуяда жараат алган экинчи аскер каза болду

Azattyk.org 

Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жатып, куралды этиятсыз колдонгону айтылган аскерлердин экинчиси 3-июнда каза болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. 1-июндагы окуяда чек ара отрядында иштеген аскерлердин бири каза таап, экинчиси оор жаракат алган эле. Алган жарааттарынан улам экинчи аскер 3-июнда көз жумду. Тийиштүү органдар бул факты боюнча жеринде териштирүү жүргүзүп жатышат. (BCh)

HRW Азимжан Аскаров боюнча катуу талап коюуга ЕБди чакырды

Azattyk.org 

Human Rights Watch уюму Евробиримдиктин жетекчилигин Кыргызстандын бийлигине Азимжан Аскаровду актоо боюнча катуу талап коюуга чакырды. Уюмдун сайтындагы билдирүүдө Аскаров тууралуу кыргыз соттору жана бийлигинин адилетсиз чечимдерине карата нааразылыктар жазылган. "4-июнда Брюсселде өтчү эл аралык "Бир дүйнө" фестивалынын алкагында Азимжан Аскаровдун аялы Хадича Аскарованын катышуусу менен Марина Шупак тарткан "Адилеттүүлүктүн акыркы шансы" аттуу даректүү тасма көрсөтүлүп, андан соң талкуу болот. Читать дальше...

Кыргызстан менен Канада "Кумтөр" маселесин талкуулады

Azattyk.org 

Бүгүн, 3-июнда Кыргызстан менен Канаданын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Марк Гарно телефондон сүйлөштү. Эки министр Кумтөр кенинин айланасында пикир алышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Казакбаев "кыргыз бийлиги ак ниет чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүүгө даяр экенин, "Кумтөр" долбоорунун айланасындагы кырдаалды бир тараптуу кабыл алууга өбөлгө түзүүчү билдирүүлөрдү жасоодон алыс болуу керектигин" белгилеп, өлкөгө мыйзамдарды, айлана-чөйрөнү... Читать дальше...



Кудайбергенов: Өзбекстандан 350 автобус алынышы мүмкүн

Azattyk.org 

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Жогорку Кеңештин 3-июндагы отурумунда  ишкерлер Өзбекстандан 350 автобус алып келүүнү сунуштап жатканын билдирди. "Биздин ишкерлердин катышуусунда Өзбекстандын "Самарканд-авто" заводу менен "Исузу" маркасындагы 350 автобусту алуу боюнча келишимге кол койгонбуз. Аларды биздин, кыргызстандык ишкерлер өз акчасына алып келишет. Аутсорсинг система менен биз аларга шаардан каттам линиясын беребиз. Биринчи партиясы - 50 автобус ушул айдын аягына чейин алып келиниши күтүлүп жатат. Читать дальше...

Кыргызстан-Еврошаркет: 30 жылдык алака

Azattyk.org 

Кыргызстан Европа Биримдиги менен кеңири кызматташтык тууралуу келишимге кол койгону жатат. Бул президент Садыр Жапаров Брюсселге барганда ишке ашмакчы. Кызматтык миссиясын жыйынтыктап жаткан Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан 3-июнда Бишкекте жергиликтүү журналисттер менен жолукту. Ал Садыр Жапаровдун болочоктогу Брюссель сапары, Бишкек менен аталган уюмдун алака-катышы тууралуу суроолорго жооп берди. Ага ылайык, Жапаровдун Брюсселдеги сапарында эки тараптуу өнөктөштүк... Читать дальше...

"Кустуруунун" акчасын ачыктоо талабы коюлду

Azattyk.org 

Парламентте коррупцияга шектелип кармалган мурдагы жана азыркы чиновниктердин кимиси канча акча төлөгөнүн ачыктоо талап кылынды. Бишкекте жоголгон "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дагы деле табыла элек.Тажикстан менен Пакистан аскердик жаатта кызматташаары Эмомали Рахмондун Исламабадга болгон сапарында айтылды.

Дин иштери боюнча комиссиянын башчысы үчүнчү ирет алмашты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июнда кол койгон жарлыкка ылайык, Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды. Ага чейин бул кызматта Медер Карабаев иштеп келген. Абдыкаров Юстиция министрлигинин расмий каттоосунда "Транс Бутик" аттуу дүңүнөн соода кылган жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси катары катталган. 2021-жылдын февраль айына чейин мекеменин башында президент Садыр Жапаровдун мурдагы жактоочусу Акин Токталиев турган. 9-февралда ал бул кызматтан бошоп... Читать дальше...

Бишкек: Транспорт маселеси качан чечилери белгисиз

Azattyk.org 

Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобустар эки күндөн бери каттамга чыккан жок. Алар жол кирени 15 сомго көтөрүп берүүнү талап кылышууда. Шаар мэриясы кенемтени толтуруу үчүн райондук акимчиликтерди, муниципалдык мекемелерди  жүргүнчүлөрдү ташууга милдеттендирди.     Башкалаада жүргүнчү ташыган кичи автобус айдоочуларынын иш таштоосу 3-июнда да уланды. Алар шаар бийлигинен жол кирени азыркы 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылып жатышат. Шаарда бир нече жерде чогулган айдоочулар күйүүчү май... Читать дальше...

Коопсуздук кеңеши Орхан Инандыга байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңшинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 3-июнда үч күндөн бери табылбай жаткан Орхан Инандыга байланыштуу укук коргоо органдары менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Кеңешмеге Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү катышып, ыкчам-тергөө, издөө иштери тууралуу маалымат беришти. Кеңешмеде Марат Иманкулов Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды.   Инандынын эшиги ачык калган машинеси... Читать дальше...

Бактыбек Кудайбергенов: маршруттук таксилер маселеси чечиле элек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 3-июндагы отурумуна Бишкек шаар башчысынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов чакырылып, калаада түзүлгөн акыркы кырдаал боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат. Ал маршруттук таксилер боюнча кырдаалды мындан ары кантип чечишти билбей жатканын депутаттарга айтты. "Биз маршруттук таксилер эртең ишке чыгабы же чыкпайбы билбейбиз. Сүйлөшүү жүргүзүп, алардан өтүндүк. Бул көйгөйдү чечүүнүн дагы кандай жолу бар, билбейм. Жүргүнчү ташыган фирмаларды сентябрга чейин чыдап тургула десек, макул болбой жатышат. Читать дальше...

Инандыны табууну талап кылган акция уланды

Azattyk.org 

Бишкекте жоголгон "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дагы деле табыла элек. Аны издеп жаткан Ички иштер министрлиги (ИИМ) окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат бербей турат.

Акыйкатчынын орун басары болуп Альберт Көлөпов шайланды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 3-июндагы отурумунда жабык электрондук добуш берүү аркылуу Альберт Көлөпов акыйкатчынын орун басары болуп шайланды. Шайлоого тогуз талапкер катышты. Аларды  депутаттарга акыйкатчы Токон Мамытов тааныштырды. Альберт Көлөпов 50 жашта. 2005-жылдан бери Акыйкатчы институтунун аппаратында иштейт. Саясий илимдердин кандидаты. (МТа)

ЖК: Тазабек Икрамов эл аралык комитеттин төрагалыгына шайланды

Azattyk.org 

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы болуп шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында ал 73 добуш алды. Комитет төрагалыгына “Бир Бол” фракциясы Мамасадык Бакировдун, ал эми “Өнүгүү-Прогресс”  Тазабек Икрамовдун талапкерлигин сунуштаган. Эл аралык комитетти буга чейин Исхак Пирматов жетектеп келген. Ал өткөн жумада өз арызы менен депутаттык мандатынан баш тарткан. Пирматовду 31-майда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) “Кумтөр ишине” байланыштуу камакка алган. Читать дальше...

Аптап Борбор Азиянын шайын оодарды

Azattyk.org 

Өзбекстанда күн катуу ысып, рекорддук чектен аша баштады. Ал эми коңшу Казакстанда ысыктан жана кургакчылыктан бодо мал кырылып жатканы кабарланды. Күндүн катуу ысышы Түркмөнстанда да байкалууда.

Новости России
Москва

Как поучаствовать в продаже иностранных ценных бумаг по указу №844


Парламентте мэрия жетекчилигине сын айтылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Бишкек мэриясын жана шаардык кеңештин депутаттарын чабал иштеп жатканы үчүн сындады. Ал 3-июндагы жыйында башкалаада эки күндөн бери маршруттук кичи автобустар каттамга чыкпай жатканы тууралуу маселе көтөрдү. "Мындай учурда шаардын тургундары аркылуу шайланган депутаттар күнү-түнү иштөөгө милдеттүү! Шаардыктар ушундай көйгөйлөр жаралганда силерден альтернативдүү жолдорду кароону үмүттөнүшөт", - деди Осмонов. Жогорку Кеңештин отурумуна Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов чакырылып... Читать дальше...

Орхан Инанды жоголгонуна үч күн болду

Azattyk.org 

Бишкекте жоголгон "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды табыла элек. Аны издеп жаткан Ички иштер министрлиги (ИИМ) окуянын чоо-жайы, издөө иштери тууралуу толук маалымат бербей турат. Үч күндөн бери дайынсыз болуп аткан түрк мугалиминин тарапташтары кыргыз бийлигин Инандыны табууга жетиштүү аракет көрбөй жатат деп айыптап, күн сайын нааразылык акцияларга чыгып жатышат. Буг чейин тар чөйрөдө гана белгилүү болгон Орхан Инандынын жоголушу талкуу жаратты. 31-майдан бери дайын-дареги... Читать дальше...

Аскерде эки колунан ажыраган жоокердин өтүнүчү сотто колдоо тапты

Azattyk.org 

Аскерде кезмет учурунда электр тогуна урунуп, эки колунан ажыраган Руслан Сапарбаевге мамлекеттин эсебинен дагы 3 миллион сом өндүрүп берүү тууралуу чечим чыкканын бүгүн 3-июнда “Азаттык” радиосуна “Кылым шамы” укук коргоо борборунан кабарлашты. Чечим бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды. Ала албай калган айлык маяна түрүндөгү бул сумманы Коргоо министрлиги төлөп берүүгө милдеттүү болот. Адвокаттын айтымында, сотко арыз 2020-жылдын октябрь айында берилген. Анда моралдык чыгымдын ордун толтуруу... Читать дальше...

Депутат Бердиев күчаланы медицинада колдонууну сунуштады (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште алтын тамыр, күчала, кийик от деген чөптөрдү медицинада колдонуу маселеси көтөрүлдү. Депутат Аккулу Бердиев тоодо өскөн чөптөрдү Кыргызстандын дарысы катары чыгаруу сунушун саламаттыктты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге берди. “Бизде альтернативдүү дары чөптөр бар. Мисалы, алтын тамыр деген кан басымды түшүрөт, кийик от ашказанды майлайт, күчала деген бел кубатты күчөтөт, уу коргошунду өзүңүз ичип бир топ сөз болду. Ушуларды окумуштууларга тапшырып... Читать дальше...

Токиодогу Олимп оюндары өз мөөнөтүндө өтөт

Azattyk.org 

Токиодогу жайкы Олимп оюндарын уюштуруу комитетинин президенти Сэйко Хашимото спорттук мелдеш белгиленген мөөнөттө өтөрүн билдирди. Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам айрым чиновниктер жана медициналык эксперттер Олимпиада башка маалга жылдырылышы мүмкүн деп боолгологон. Хашимото Nikkan Sports агенттигине даярдык план боюнча жүрүп жатканын билдирди. Дүйнөлүк мелдештер 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Анын жүрүшүндө бир катар чектөөлөр болот. Спортчулар улам-улам тест тапшырышы мүмкүн. Чет... Читать дальше...

"Түндүк-түштүк" альтернативдүү жолун депутаттык комиссия иликтейт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын сунушу менен “түндүк-түштүк” альтернативдүү жолунунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө тууралуу убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссияны түзүү парламентте кызуу талаш-тартыш менен коштолду. Депутаттар Улукбек Ормонов менен Дастан Бекешов Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын мөөнөтү аягына келгенин жүйө кылып,  20 күндүк комиссия түзүүгө каршы чыгышты. Бекешов регламентте парламенттин мөөнөтү бүтөрүнө төрт ай калганда комиссия түзүүгө тыюу салынарын эскертти. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Появилось «закулисное» видео Елены Рыбакиной






Константин Трушкин: «Эльбрус» не умирает, мы его бережем для важных задач»

Эпидемиолог Карань рекомендовала прививаться от клещевого энцефалита раз в три года

Сергей Собянин наградил заслуженных учителей и медиков Москвы

«Не будет проблемы»: Машков о развитии актерского образования в регионах