ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 07.06.2021

Бакиевдин дачасы кароосуз турат

Azattyk.org 

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Көк-Жаңгак шаарындагы дачасы кароосуз калып, талкаланып, тонолуп бүттү. 2008-жылы тоо коюнунда, шарттары менен курулган жайды азыр Кара-Алма айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү сунушталууда. Дача Көк-Жаңгакта жайгашканы менен Кара-Алма токой чарбасына карайт.

Камактагы Азамат Дыйканбаев президентке кат жолдоду

Azattyk.org 

Ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалган Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев адвокат Кайсын Абакиров аркылуу президентке ачык кат жолдоду. Анда Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыра турган кытайлык  Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы менен келишимди узартпай койгону үчүн камакка алынганын айткан. Дыйканбаевдин жазганына караганда, кытайлык компания кепилдик акчаны төкпөгөндүктөн келишим узартылган эмес. Читать дальше...

Өзбекстан-Тажикстан темир жол курууга бел байлады

Azattyk.org 

Өзбекстан менен Тажикстан Самарканд облусунан Пенжикент шаарына чейин темир жол салууну пландаштырууда. Мындан тышкары эки өлкө Бекабад - Канибадам - Кокон темир жол багыты боюнча өтө турган электр линияларын курууну талкуулай баштады.

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос космоско учат

Azattyk.org 

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос 20-июлда космоско учат. Бул тууралуу миллиардер "Инстаграмдагы" баракчасына жарыялады. Безос жана иниси Марк менен бирге өзү түзгөн Blue Origin компаниясы курган New Shepard ракетасы менен уча турган болууда. “Мен космоско учууну каалачумун,  бул жөнүндө өмүр бою  кыялдангам”,-деди бизнесмен. Blue Origin компаниясы учурда аукцион уюштуруп, бир тууган Безостор менен бирге космоско учкусу келген адамды аныктоодо. Бул аукционго 140тан ашык өлкөдөн алты миңдей киши катышууда. Читать дальше...

Венгрия: Кытай университетин ачууга каршы акция өттү

Azattyk.org 

Венгрияда өкмөттүн  Будапештке Кытай университетин ачуу тууралуу чечимине каршы миңдеген адамдар акцияга чыгышты.  Акция өткөн 6-июндун кечинде премьер-министр Виктор Орбандын администрация  башчысы Гергей Гуляш талкууга түшкөн университет жаңыдан гана пландалып жатканын билдирди. «Кытай университетинин ачуу боюнча чечимди Будапешттин тургундары кабыл алыш үчүн референдум өткөрүүнү колдойбуз»,-деди Гуляш. Кытай менен Венгрия өкмөттөрү апрель айынын соңунда университеттин филиалын курууну макулдашкан. Читать дальше...

"Стратегиялык чечимдер" фонду кодекстер боюнча президентке кайрылды

Azattyk.org 

"Стратегиялык чечимдер" коомдук фонду президент Садыр Жапаровдон Жазык кодекстеринин жаңы долбоорун кароону кийинкиге калтырууну суранган кайрылуу жолдоду. Уюмдун билдирүүсүндө, кодекстердин долбоорун жазуунун башында турган Башкы прокуратура президенттин укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарын реформалоо үчүн жасаган аракетин дискредитациялады. "Алар 1997-жылкы кодекстерге кайтып баргысы келет деп уккан чыгаарсыз. Булар адам укуктары жетишсиз корголгон кодекстер, аларда кыйноолорго, коррупцияга... Читать дальше...

Крестинин: футболчулар түшүнүксүз жагдайда четтетилди

Azattyk.org 

Бүгүн, 7-июнда Жапониянын Осака шаарында Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарында беттешти. Оюн 0:1 эсебинде монгол футболчуларынын пайдасына аяктады.

Пакистан: темир жол кырсыгынын курмандыктары 40тан ашты

Azattyk.org 

Пакистандагы поезд кырсыгынан набыт болгондордун саны 40тан ашты. Ондогон адамдар жаракат алышты. 7-июнда эртең менен болгон кырсык Синд провинциясындагы Дахарки шаарына жакын жерде болгон. Карачиден Саргодхага бара жаткан жүргүнчү поезд рельстен чыгып кетип, каршы багытта келе жаткан поезд менен кагышкан. Окуя алыскы аймакта орун алгандыктан куткаруу операциясы кыйынчылык менен коштолууда. Ага катышып жаткан полиция кызматкерлери айрым адамдардын сөөгүн алып чыгуу кыйын болуп жатканын билдиришти. Читать дальше...



Түркүн-түстүү Он-Адыр

Azattyk.org 

Ош шаарынын Амир Темир районуна өзбек тектүү эл 1975-жылдары көчүп келип, отурукташып калган. 60 миңден ашык калкы бар бул район эл оозунда Он-Адыр деген ат менен белгилүү. Бул берүүдө Он-Адырлыктар жумушсуздук, билим, миграция, көп аялдуулук көйгөйлөрү жана 11 жыл мурунку июнь окуяларынан кийинки турмушу тууралуу айтып беришти.

Сыдыков: Чукул кадамдарга барбаса, энергетика кыйроо алдында

Azattyk.org 

Бишкекте Кыргызстандын энергетика тармагына арналган тегерек үстөл өттү. Анын катышуучулары Кыргызстандын энергетика тармагынын кейиштүү абалын белгилеп, көйгөйлөргө токтолду. "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын башчысы Бакыт Сыдыков энергетика системасындагы абалды оңдоо үчүн чечкиндүү кадамдарга барбаса, Кыргызстанды оор күндөр күтүп турганын айтты. “Кыргызстандын энергетика системасы критикалык абалда. Буга Токтогул ГЭСиндеги суунун аз топтолушу, электр энергиясына ички керектөөнүн өсүшү,... Читать дальше...

Өмүрбек Бабанов абактан элге кайрылды

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоо кийинки жылы жазында өтүшү ыктымал. "Сапат" билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды дале табыла элек. Пакистанда эки жүргүнчү поезд кагылышып, ондогон киши набыт болду.

Парламент комитети Инанды боюнча ишти жетишсиз деп тапты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна байланыштуу күч түзүмдөрүнүн ишин жетишсиз деп тапты.  Министрлер кабинетине алардын жоопкерчилигин кароо тууралуу кат жолдоду. Комитеттин чечими менен Орхан Инандынын жоголушу боюнча маселе Жогорку Кеңештин 9-июндагы жалпы жыйынында каралат. Эл аралык комитет Тышкы иштер министрлигине Түркиянын басма сөзүнө чыгып жаткан маалыматтарга жооп берүүнү... Читать дальше...

Освенцимди бошотууга катышкан советтик аскер дүйнө салды

Azattyk.org 

Германияда Освенцим концлагерин бошотуу операциясына катышкан советтик аскер Давид Душман 98 жашында дүйнө салды. Ал экинчи дүйнөлүк согуш маалында Кызыл армиянын катарында кызмат өтөгөн. Сталинград жана Курск салгылаштарына катышып, үч жолу жараат алган. Маркум сөз болуп жаткан операцияга катышкан советтик жоокерлердин акыркы көзү тирүүсү эле.  1945-жылы 27-январда 21 жаштагы Душман башкарган танк Освенцимди курчаган электр тосмону бузуп кирген. Согуштан кийин Давид Душман фехтования боюнча СССРдин чемпиону болгон. Читать дальше...

Азамат Болгонбаев Чүй облустук драма театрына директор болду

Azattyk.org 

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрына белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кол койгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жооптуу катчысы, төрагасы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (учурда университет) салттык музыка жана фольклор кафедрасынын мугалими... Читать дальше...

Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары 9-июнда башталат

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-11-июнь күндөрү Түркияда расмий иш сапары менен болот. Анын алкагында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган жетекчилер менен жолугат. Ошондой эле эки өлкөнүн Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны президенттердин катышуусунда өтөт. Андан сырткары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында маселелер талкууланат,, бизнес форум болот. Бул тууралуу 7-июнда расмий кабарланды. Жапаровдун сапары теги түркиялык кыргыз... Читать дальше...

Сот реформасы: убада менен убара

Azattyk.org 

Кыргызстанда сот бийлигинин ишин жөнгө салган жаңы мыйзам долбоорлору коомдук талкууда турат. Бийлик жакынкы күндөрү документтерди Жогорку Кеңешке жөнөтөт. Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны 7-июнда өттү. Анда эки маселе - сот бийлигинин ишине байланыштуу мыйзам долбоорлору жана сунушталып жаткан жаңы кодекстер каралды. Отурумда бул документтерге байланыштуу узун баяндамалар жасалды, бирок талкуу болгон жок. Президент... Читать дальше...

Орусия: мигранттар өз акчасына эмделет

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин мигранттарды өз акчасына эмдөөнү буйруду. Бийлик чет өлкөлүк жумушчуларга жаңыдан жасалып жаткан «Спутник Лайт» вакцинасын сайганы турат.

Новости России
Москва

Появились подробности аварии в районе Очаково-Матвеевское


"Аралаштын" куудулу акка моюн сунду

Azattyk.org 

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков 7-июнга караган түнү коронавирустан кайтыш болду. Жакындарынын билдиришинче, ал вирус жугузуп алгандан кийин пневмония менен ооруп, Ош шаарындагы ооруканалардын биринде жаткан.

Кыргызстандык дарбазачылардын бардыгы коронавируска шектелип оюндан четтеди

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Курама команда техникалык утулууга дуушар болуп калбаш үчүн дарбазачылар жок ойноого аргасыз экенин, шартка байланыштуу коргоочу позициясындагы Айзар Акматов дарбазачы болору маалымдалды.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Шнайдер проиграла Бадосе на старте турнира WTA в Штутгарте






СК: В Москве возбуждено уголовное дело по факту нападения на журналистов

Шашлык из хакасской говядины, кетчуп из можжевельника и нежнейшая черёмуховая корзинка: В Красноярске стартовал гастрономический фестиваль «Своё в городе»

Шлагбаумы и фотоловушки установят в лесничествах Подмосковья

Объявлены итоги кинофестиваля «Святая Анна»