ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 10.06.2021

Бишкек-Анкара: ниет бар, натыйжа жок

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуусунда аскердик кызматташтык тууралуу сөз кылды. Бишкек-Анкара соода-сатыктын жылдык көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү тууралуу көптөн берки убаданы бекемдешти. Эрдоган кайрадан “Гүлен кыймылынын” маселесин көтөрдү. Кыргыз-түрк алакасы кыр ашабы? Эки өлкө талылуу маселелерде мунаса таба алабы? "Биз жана дүйнө" берүүсүндө талдайбыз.

«Ош окуясына» калыс баа берилдиби?

Azattyk.org 

2010-жылдын май-июнь айларында Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжалдар эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхында “Июнь коогасы” деген ат менен кирди. Мындан 11 жыл мурдагы кандуу окуянын чоо-жайы, келип чыгуу себептери, кесепеттерин бир нече комиссиялар иликтеп, өз корутундусун жарыялап, ондогон киши кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошол эле маалда коомчулукта бул окуяга саясий жана укуктук баа бериле элек жана чыныгы күнөөкөрлөрү жазага тартылган жок деген пикирлер да бар.

Малала Юсуфзайды өлтүрүүгө чакырган диниятчы кармалды

Azattyk.org 

Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты Малала Юсуфзайды өлтүрүш керек деп коркуткан пакистандык диниятчы кармалды. Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, муфтий Сардар Али Хаккани 9-июнда колго түшүрүлдү. Анын алдында курал көтөрүп алган муфтийдин Малала Пакистанга кайтып келгенде жан кечтилерди ага чабуул коюуга чакырган видеосу социалдык тармактарга тарап кеткен. Хаккани Малала Vogue журналындагы интервьюсунда баш кошуу тууралуу комментарийинде исламга акаарат келтирген деп айткан. Малала Юсуфзай... Читать дальше...

AI Шинжаңдагы куугунтукту адамзатка каршы кылмышка теңеди

Azattyk.org 

Amnesty International  уюму Кытайдын Шинжаң аймагындагы уйгурлар жана башка эл өкүлдөрү, көбүнесе мусулмандар “мамлекет уюштурган жапырт жана ырааттуу түрдө камоолорго, кыйноолорго, куугунтуккка туш болгонун, мунун бардыгын адамзатка каршы кылмышка теңесе болорун билдирди. 10-июнда жарык көргөн докладда Лондондо жайгашкан укук коргоочу уюм Кытай бийлиги 2017-жылдан бери аймакта жашаган уйгурлардын, казактардын, хуэйлердин (дунгандар), кыргыздардын, өзбектердин, тажиктердин “диний салттарын, маданий... Читать дальше...

Европарламенттин эки депутаты Инанды боюнча маселе көтөрдү

Azattyk.org 

Европарламенттин эки депутаты Кыргызстанда 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды тууралуу маселе көтөрдү. Европа элдик демократиялык партиясынан шайланган Роза Тхун унд Хохенштейн жана Фулвио Мартушелло 2016-жылдан бери Анкара дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен 100дөн ашык түрк жарандарын уурдап кеткендигин айтышкан. Буга тынчсызданып жатканын билдиришкен. Алар Түркия менен Кыргызстанды Инандыны табуу үчүн бардык чараларды көрүүгө жана анын... Читать дальше...

Кыргызстан Түркиядан аскердик жардам сурады

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукканда ФЕТО кыймылы боюнча маселени козгоду. Кыргыз тарап Түркиядан аскердик жардам сурады. Кумтөрдү убактылуу иштетип жаткан ишкананын жетекчилиги АКШда демилгеленген банкроттук жол-жобого тынчсыздануусун билдирди. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев расмий сапар менен Тажикстанга барды.

Өзбекстан-Тажикстан: Чек арадагы кызматташтыкты бекемдейт

Azattyk.org 

Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Тажикстанга расмий сапарынын жүрүшүндө биргелешкен 36 документке кол коюлду. Арасында өнөр жай жана жаңы технологиялар тармагындагы кызматташуу, тажик-өзбек инвестициялык компания түзүү, өзбек аймагы аркылуу транзиттик жүк ташуу тууралуу келишимдер, айыл-чарба тармагындагы кызматташуу тууралуу жол картасы, бир нече меморандум бар. Мирзиёев Тажикстанга бейшембиде барды. Аны Дүйшөмбү аэропортунда мамлекет башчы Эмомали Рахмон тосуп алды. Лидерлер эки өлкөнүн... Читать дальше...



Никитенко, Сурабалдиева, Айтматова суракка чакырылды

Azattyk.org 

10-июнда "Кумтөр иши" боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, мурдагы депутаттар Элвира Сурабалдиева жана Ширин Айтматова күбө катары сурак берип чыгышты. Никитенко жана Сурабалдиева күбө катары Аскер прокуратурасына чакырылган. Алар кайсы маселе боюнча күбө катары өткөнүн айтышкан жок. Наталья Никитенко менен Эльвира Сурабалдиева 2017-жылы Кумтөрдөгү эки мөңгүнү жылдырууга уруксат берген Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгышкан. Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн бузуп, алтын... Читать дальше...

Июнь окуясы: эл кооганы эстегиси келбейт

Azattyk.org 

Кыргызстанда июнь калабасынан бери 11 жыл өтсө да, анын муздак эпкини тарай элек. Бирок өлкөнүн түштүгүндө эл каргашалуу окуяны эстөөнү, кеп кылууну жактырбайт. Тескерисинче, акыркы убактарда улуттар аралык мамиле жакшырып, мурункудай бири-биринен чочулоо жоктугун айтышууда.

Жапаров инвесторлорду чакырды, журтташтарга жолукту

Azattyk.org 

10-июнда Түркиянын Палаталар жана биржалар биримдигиндеги жыйында сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров түркиялык инвесторлорго ачык бизнес жүгүртүү кепилдигин берди. Ал oшондой эле Түркияда жүргөн кыргызстандыктарга жолугуп, алардын виза алуудагы кыйынчылыктарын укту. Жапаровдун убадасы Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында жайгашкан ТОББ университетинде уюштурулган бизнес-форумга президент Садыр Жапаров, эки өлкөнүн министрлери жана ишкерлери катышты. Анда Жапаров ишкерлерге кайрылып жатып... Читать дальше...

Талас шаарынын мэри болуп Аскар Шабданов шайланды

Azattyk.org 

Аскар Шабданов Талас шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык кеңештин башкы адиси Турсун Кыдырбаева билдирди. 10-июнда мэр шайлоого эки талапкер катышкан. Аскар Шабданов 23, атаандашы Адылбек Жусупбеков 8 добуш алган. 39 жаштагы Аскар Шабданов буга чейин банк тармагында иштеп келген. "Мегаком" компаниясынын Таластагы өкүлчүлүгүн башкарган. 2017-жылы "Республика-Ата Журт" партиясы менен Талас шаардык кеңешине депутат болгон. 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке өткөн шайлоодо... Читать дальше...

Полицияны сындаган мигрант келин абакка түштү

Azattyk.org 

Москвада полициянын мыйзамсыз аракеттерин айтып чыккан кыргызстандык Махбурат Эмилбаева үч күндөн бери камакта отурат. Укук коргоочулар менен юристтер анын тез арада бошотулушун талап кылып жатышат.

Кумтөр иши: Эдуард Кубатов сурак берип чыкканы кабарланды

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кенин иштетип келген "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын мурдагы өкүлү Эдуард Кубатов 9-июнда  Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдиришти. Атайын кызмат маалымат берүүдөн баш тартты. Эдуард Кубатов бул тууралуу кийинчерээк комментарий бере турганын айтты. Ал 2016-2019-жылдары Кыргызстандын "Центерра голд" компаниясынын директорлор кеңешиндеги мүчөсү болгон.  Кыргызстандын атынан "Центерра голд"... Читать дальше...

Арка: өкмөттөн үмүт үзгөн ишкерлер

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик жаңжалы учурунда Лейлекте жүзгө жакын соода жана кызмат көрсөтүү жайлары өрттөлгөн. Буга чейин Баткенге барган бийлик өкүлдөрү ишкерлерге жардам көрсөтүлө турганын убадалаган. Бирок жаңжалда миллиондорду жоготкон жарандар өкмөттүн жардамы кечигип жатканын, моюнунда насыя бар экенин айтып жатышат.

Сот 2013-жылы кыйноо көргөндөрдүн арызын канааттандырды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 10-июнда милициянын кыйноосуна кабылган үч адамдын арызын карады. Доогерлер тартип сакчыларынан 1 миллион 300 миң сом өндүрүүнү талап кылышкан. Сот алардын өтүнүчүн жарым жартылай канааттандырып ар бирине 100 миң сомдон өндүрүүнү Ички иштер министрлигине жүктөдү. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдиргендей, сотко арыз жазгандар 2013-жылы Баткендин Кызыл-Кыя райондук милициясынын кыйноосуна кабылышкан. “Адам өлтүрүү... Читать дальше...

Театрдагы таланттардын таарынычы

Azattyk.org 

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан кеминде жети артист жумуштан кетти. Арасында жогорку даражадагы артист Екатерина Белоус, эмгек сиңирген артист Марат Сыдыков баштаган өнөрпоздор бар. Алар театрдын башкы балетмейстери Акан Нуртазин менен иштешүүнү каалабай жатышат.

Новости России
Москва

Архитектурные доминанты округов Москвы


Чукул кабар: Бишкекте, Чүй облусунда катуу шамал болот

Azattyk.org 

10-июнда Бишкекте катуу шамал болору эскертилди. Ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетерин мэрия Кыргызгидрометборборуна таянып билдирди.  Кырсыктан оолак болуу үчүн автоунааларды бак-дарактардын астына токтотпоо сунуш кылынат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да 10-июнда кечке жуук Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болорун кабарлады. Соңку күндөрү Бишкекте жана Чүйдө турак-жайлардын, мектептердин чатырларын шамал учуруп кеткен, электр зымдарын үзүп жиберген окуялар көп катталууда. Зыяндын көлөмүн аныкталып бүтө элек.

“Кумтөр Голд" Нью-Йорктогу сотко тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү сырттан башкаруу киргизген “Кумтөр Голд Компани" ишканасы Нью-Йорк сотунда карала баштаган ишке тынчсыздануусун билдирди. Маалымат 10-июнда компаниянын сайтына жарыяланды. "Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет жана АКШнын банкроттук соту тарабынан көрүлө турган чаралар укуктук күчкө ээ эмес. АКШнын банкроттук соту процедуранын автоматтык түрдө токтотулушуна байланыштуу Кыргыз Республикасын буйруктун чөйрөсүнөн четтетүүдөн баш тартканы белгилүү болду, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын... Читать дальше...

Садыр Жапаров Түркиядагы кыргызстандыктар менен жолукту

Azattyk.org 

10-июнда президент Садыр Жапаров Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында кыргызстандык мигранттар, студенттер жана ишкерлер менен жолукту. Жыйында  негизинен кыргызстандыктардын виза алуу жараяны жана консулдук ишмердүүлүктүн көйгөйлөрү талкууланды. Ошондой эле Түркияны байырлаган вандык кыргыздардын өкүлдөрү да Садыр Жапаров менен кездешти. Учурда Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Бирок бул өлкөдө эмгек миграциясында жүргөн алатоолуктардын саны расмий эсептен кыйла көп экени айтылып жүрөт. Читать дальше...

УЕФА: украин формасында баатырларды даңктаган ураан болбошу керек

Azattyk.org 

УЕФА Украинанын Футбол ассоциациясын улуттук формасынан “Баатырларга даңк” деген ураанды алып салууга милдеттендирди. Бул тууралуу АФП агенттиги жана спорттук басылмалар жазышты. Европа чемпионаты алдында көргөзүлгөн формага өлкөнүн картасы түшүрлүп, “Украинага даңк”, “Баатырларга даңк” деген сөздөр жазылган. Картада Украинанын  дүйнө тарабынан таанылган чек аралары тартылып, Крым жарым аралы да камтылгандыктан, орусиялык саясатчылар ал футболкаларды катуу сындашкан. Орусиянын футбол биримдиги... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Александрова обыграла первую ракетку мира на турнире WTA






Вечерние рейсы из Томска в Москву летом 2024г станут ежедневными

Юрист Феттер: в регионах есть специализированные ОСП по взысканию алиментов

Дмитрий Саутин: «Кабинетная работа – это не мое»

В Улан-Удэ по мастер-плану проектируют 2 из 9 путепроводов