ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 13.06.2021

Баланы туура тарбиялоо оңой эмес

Azattyk.org 

Бала тарбиялоо темасы көптөн бери ойлонтуп келет. Убагында жасалбаган иштерге өкүнгөн учурлар да көп. Азыркы кездеги балдарды тарбиялоо менен мындан 30-40 жыл  мурдагы өзүбүздүн балалык кезде ата-энебизден алган тарбия, биздин аларга мамилебизди салыштырам. Өмүр бою эстен чыкпай калган учурлар, айрым таарынычтар эске түшөт. Дегеле, кыргыз үй-бүлөдө ата-энеси балдары менен ачылып-чачылып сүйлөшкөн учурлары, сырдашкан кездери аз болот окшойт. Айрыкча бир үй-бүлөдө 7-8 же 10-12 бала болсо кайдан, ата-эненин шаасы деле жетпей калат. Читать дальше...

Орусияда коронавирус күчөдү, Москвада бир апта дем алыш жарыяланды

Azattyk.org 

13-июнда Москва шаарынын мэри вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн жашоочуларды үйдөн иштөөгө чакырды. 19-июнга чейинки күндөрдү дем алыш деп жарыялады. Бир эле күндө Орусияда вирус 14 723 адамга жукканы аныкталган. Анын ичинен 7704 учур Москва шаарына туура келет. Бул декабрдан берки эң жогорку көрсөткүч. 20-июнга чейин Москванын парктарындагы көңүл ачуучу жайлар, балдар ойной турган жана спорт аянтчалары ишин токтотот, ал эми соода борборлорунун тамактануу жайлары жана балдар  аянтчалары жабылат. Читать дальше...

Путин кибер кылмышкерлерди алмашууга даяр экенин айтты

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин  кибер кылмыштарга шектелип кармалгандарды АКШга өткөрүп берүүгө даяр экендигин билдирди.  13-июнда мамлекеттик телеканалдардын бирине маек берген учурда Путин бул иш Вашингтон Москва үчүн дал ушундай кадамга барган учурда,  маселе боюнча эки держава бир пикирге келишкенде гана ишке ашарын кошумчалады. 16-июнда Женевада Путин АКШнын президенти Жо Байден менен  жолугушуусу күтүлүүдө. Лидерлердин кездешүүсү эки өлкөнүн мамилеси чыңалып турган учурга туш келди. Читать дальше...

Бишкекте кыздарга ыдык көрсөтүүгө каршы акция өттү

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 13-июнда кыздарга ыдык көрсөтүүгө каршы акция өттү. Жыйырмадан ашуун активист кыз Ала-Тоо аянтында чолок шым кийип, жүрүш уюштурушту. Алар муну менен ар бир кыз каалагандай кийинүүгө укуктуу экенин белгилеп, колдоруна кыздарды кемсинткен, кодулаган, ыдык көрсөткөн көрүнүштөргө каршылык билдирген жазууларды кармап турушту.   Бишкекте көчөдө бейтааныш жигиттен ыдык көргөнүн айткан журналист Айдай Токоева 8-июнда милицияга арыз жазган. Арыз Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө... Читать дальше...

Кыргызстан Түркиядан аскердик жардам алат

Azattyk.org 

Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турган болду. Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун Анкара сапарынын алкагында кабыл алынды. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин көпчүлүк кыргыз бийлигин Түркиядан аскердик жардам алууга үндөп келген эле. Министрден чыккан кеп Бишкек менен Анкаранын ортосундагы аскердик кызматташууга байланыштуу соңку маалыматты Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жарыялады. Ал президент Садыр Жапаровдун Түркиядагы алгачкы иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу билдирүү жасап... Читать дальше...

“Чоң жетинин” лидерлери климаттын өзгөрүшүн талкуулайт

Azattyk.org 

Британияда өтүп жаткан “Чоң жетинин” саммитинин акыркы күнүндө өлкө лидерлери климаттын өзгөрүшүн талкуулайт. Саммит учурунда натуралист Дэвид Аттенбороу дүйнө лидерлерине кайрылып, адам баласы экологиялык апаатка кабылбашы үчүн шашылыш түрдө чараларды көрүшү керектигин эскерткен. “Чоң жетиге” мүчө өлкөлөр 2050-жылга чейин өндүрүштөн пайда болгон зыяндуу газдардын абага бөлүнүп чыгышын толугу менен токтотууга милдеттенме алды. Бирок көптөгөн экологдор ага чейин өтө кеч болуп кетерин айтышууда.... Читать дальше...



Орусияда көк бөрү боюнча эл аралык турнир башталууда

Azattyk.org 

Орусияда бүгүн, 13-июнда көк бөрү боюнча эл аралык турнир башталууда. Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын маалыматына караганда, жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы кубок үчүн уюштурулуп жаткан оюн Москва облусунда, Сергиев Пасад шаарынын Благовещенск талаасында өтөт. Мелдешке Кыргызстандан “Атуул” командасы жана Орусиянын Подольск, Иркутск шаарлары менен Москва облусунан үч команда катышууда. Көк бөрү таймашы Орусия жана Евразия элдеринин дене тарбия боюнча “Орус дүйнөсү” деп аталган бешинчи фестивалынын алкагында өткөрүлүп жатат. Читать дальше...

Футбол талаасында эсин жоготуп кулаган даниялык спортчунун абалы турукташты

Azattyk.org 

Даниянын футбол боюнча курама командасынын мүчөсү Кристиан Эриксендин абалы туруктуу, ал ооруканада дарылануусун улантууда. Бул тууралуу 13-июнда Даниянын Футбол бирикмесинин басма сөз кызматы кабарлап, спортчу баарына салам айтып жатканын билдирди. Ишемби күнү Европа чемпионатынын биринчи турундагы матчта Финляндия Данияны 1:0 эсеби менен утту. Беттештин биринчи таймы аяктап баратканда 29 жаштагы Эриксен оюн талаасында эсин жоготуп кулап, тура албай калган. Дарыгерлер ага 15 мүнөттөй жардам көрсөтүп, андан кийин ооруканага алып кетишкен. Читать дальше...

Инандынын жактоочулары УКМКны мекеме аралык тергөө тобунан чыгарууну өтүнүштү

Azattyk.org 

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жактоочулары анын жоголушуна байланыштуу ишти тергеп жаткан мекеме аралык тергөө тобунун курамынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрүн чыгарууну суранып жатышат. Бул тууралуу Инандынын үй-бүлөсүнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди. Адвокаттын айтымында, мындай өтүнүч Инандынын жоголушуна Кыргызстандын атайын кызматынын тиешеси болушу ыктымалдыгы тууралуу маалыматтарга байланыштуу. УКМК жактоочунун бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек. Читать дальше...

Өзбекстанда ВИЧти башка адамга "атайы жуктурду" деп шектелген аял кармалды

Azattyk.org 

Өзбекстанда 34 жаштагы аял ВИЧ инфекциясын башка адамга атайы  жуктурду деп айыпталып жатат. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын маалыматына караганда, окуя Бухара облусунун Вобкент районунда катталды. Полиция кылмыш ишин козгоп, аялды оорусун билип туруп "инфекцияны жергиликтүү тургундардын бирине корголбогон жыныстык катнаш аркылуу жугузган" деп айыптоодо. Маалыматта айтылгандай, тийиштүү мекемелер аялды буга чейин бир нече жолу эскертип, ВИЧти башкаларга жугузса, кылмыш жообуна тартыларын билдиришкен. Читать дальше...

14-июндун аба ырайы

Azattyk.org 

14-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолорунда, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтүп... Читать дальше...

Москва: полицияны сындаган кыргызстандык келин камактан чыкты

Azattyk.org 

Москвада полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине арызданып, кийин өзү камакка алынган кыргызстандык Махбурат Эмилбаева 11-июнда кечки саат 8:00дө бошотулду. Адвокат Александр Ким «Азаттыкка» билдиргендей, Москва соту 10-июнда Эмилбаеваны «полицияга баш ийбеген» деген негизде үч суткага камакка алган. Эмилбаева полиция кызматкерлери өзүнө кордук көрсөткөнүн жана алар жоопко тартылышы үчүн аракет көрөрүн айтып жатат. Орусияда жети жылдан бери мигрант болуп жүргөн Махбурат Эмилбаева «Новая газета» басылмасына кайрылган. Читать дальше...

Жапайы жорук кыздарга мамиленин жүзүн көргөздү

Azattyk.org 

Өткөн жумада Бишкекте кыздарга көчөдө ыдык көргөзүү боюнча кылмыш иши козголду. Кызга тийишкен жигит милицияга келип, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул окуя Кыргызстандагы харассмент темасын күн тартибине чыгарды.

Балдар үйүндөгү өлүмдү мекеме аралык комиссия иликтемей болду

Azattyk.org 

Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмүн мекеме аралык комиссия иликтеп жатат. Бул тууралуу 13-июнда президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, комиссиянын курамына президенттик администрациядан, Жогорку Кеңештен, Ички иштер министрлигинен, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен, Билим берүү жана илим министрлигинен, жарандык сектордон өкүлдөр кирди. Ишти балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова көзөмөлдөп жатат. Читать дальше...

Новости России
Москва

Архитектурные доминанты округов Москвы


Ош COVID-19 эң көп катталгандар боюнча Бишкектен кийинки орунга чыкты

Azattyk.org 

Ош аймагы коронавирус эң көп катталгандар боюнча Бишкектен кийинки орунда кала берүүдө. Мындай көрүнүш соңку бир нече күндөн бери сакталып, Ош шаарында жана Ош облусунда ооруну жугузуп алгандардын саны жалпысынан бир күндө 150-160тын тегерегинде болууда. Буга чейин коронавирус боюнча Бишкектен кийинки орунда Чүй облусу турган. 8-июндан тартып Ош шаары менен Ош облусу "кызыл зонага" кирди. 12-июнда Ош шаарындагы оор санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин бардык массалык иш-чараларга чектөө киргизилди. Читать дальше...

Кытайда базардагы жарылуудан кеминде 12 адамдын өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Кытайда азык-түлүк базарында жарылуу болуп, кеминде 12 адамдын өмүрү кыйылды, дагы 138 адам жараат алды. Окуя 13-июнда Шиян (Борбордук Кытай, Хубэй провинциясы) шаарында болду. Жабыркагандарды издөө иштери уланууда. Мамлекеттик телеканалдар жараат алгандардын 37синин абалы оор экенин кабарлашты. Таң эрте болгон жарылуудан базардын имараты толук талкаланып, тегерек-четтеги үйлөрдүн айнектери сынып кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка газ чыгып, өрт тутанганы себеп болгон. Шаарда кан куюу боюнча кошумча бекеттер иштей баштады. Читать дальше...

Казакстанда митингге чыккан үч киши камакка алынды

Azattyk.org 

Казакстанда сот үч кишини митингге катышканы үчүн үч күндөн беш күнгө чейинки мөөнөткө камакка алды. “Азаттык” радиосунун казак кызматынын маалыматына караганда, Орол шаарынын административдик соту активисттер Орынбай Охасовду, Дархан Кайырбаевди жана Амангелды Оразбаевди тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузууга айыптуу деп таап, алар акция өткөрүү үчүн уруксат албаганын билдирди. Соттолгон үч активист шаардын борбордук паркында нааразылык акциясын өткөргөнү үчүн бир нече күн мурда кармалышкан. Читать дальше...

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр майнапсыз жыйынтыкталууда

Azattyk.org 

Ирандын өзөктүк программасы боюнча кезектеги жолугушуу 2015-жылдагы тарыхый келишимди калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тез арада жөнгө салууга болгон үмүттөрдү дээрлик жокко чыгарды. Австриянын борбору Вена шаарында өткөн жолугушуу 12-июнда жыйынтыкталды. Ага Британиянын, Кытайдын, Франциянын, Германиянын, Орусиянын жана Ирандын өкүлдөрү катышып, Вашингтонду кайрадан келишимге кошулууга, ал эми Тегеранды анын шарттарын аткартууга аракет кылышты. Европа Биримдигинин өкүлү Ален Маттон журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып... Читать дальше...

Өспүрүм каза болгон интернаттын директорун иштен алуу талабы коюлууда

Azattyk.org 

Кыргызстандагы эки уюм Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүнүн директорун кызматтан алууну талап кылып жатышат. 13-июнда өлкөнүн акыйкатчысы Токон Мамытов 12 жаштагы баланын өлүмү боюнча иш тергелип бүткөнчө директор кызматынан убактылуу четтетилип, бул окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн өкмөттүк комиссия түзүлүшү керек деп эсептерин билдирди. 12-июнда “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюму өспүрүм киши колдуу болгонун, директор жоопко тартылбай жатканын белгилеп, айыптуулардын баарын жазалоого чакырды. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Александрова обыграла первую ракетку мира на турнире WTA






Новое начало: Куба снова становится «большим ухом Москвы»?

Реконструкция Голутвинского подводного газопровода близится к завершению

Четвертый энергоблок Белоярской АЭС вывели на полную мощность

Житель Тольятти и уроженец одного из соседних государств для незаконного оборота наркотиков создали преступное сообщество