"Жарандык коом күчтүү болсо"
"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына студент Айтурган Момунбековадан келген материалды сунуштайбыз.
"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына студент Айтурган Момунбековадан келген материалды сунуштайбыз.
Кыргызстанда сентябрда электр кубатын кымбаттатуу пландалууда. Үч кылмыш иши козголгон жана үй камагында отурган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду күбөлөрдүн көбү актап жатканы кабарланды. АКШ жана Орусиянын президенттери эки өлкөнүн ымаласы чыңалган кезде жолугуша баштады.
Чүй облусунун үч районунун дыйкандары айдоо талаалары суу жетпей күйүп баратканын айтып, эки жолу митингге чыгышты. Өкмөт болсо суу жылдагыдан аз келип жаткандыгын айтууда. Мындай жагдайдан улам дыйкандардын эгин-тегини күйүп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн деп эскерткендер да бар. Сокулук районундагы төмөнкү зонада жайгашкан Октябрь айыл өкмөтүндө беш гектар жерге беде жана жүгөрү айдаган Сайфулла Асроровдун айдоо талаасы суу жетпей куурап калды. Асроров жыл сайын гектарынан эки жүздөн ашык боо чөп алчу. Читать дальше...
Бүгүн 16-июнда Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) “Хидаят” борборунун директору Али Рашид ал-Нуайми менен жолугушуу өткөрдү. Мекеменин маалыматына караганда, “Хидаят” борбору – экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюм. Жолугушууда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, диний билим берүү, экстремизмди алдын алуу боюнча тажрыйба алмашуу, диний уюмдардын кайрымдуулук иштери тууралуу сөз болуп, тараптар кызматташтыкты өнүктүрүп... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу Швейцариянын Женева шаарында башталды. Бул Байден мамлекет башына келгени эки лидердин алгачкы көзмө көз кездешүүсү. Хан сарайдагы жолугушуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу Женевадагы 18-кылымга таандык хан сарайда башталды. Мамлекет башчыларын Швейцариянын президенти Гай Пармелин тосуп алды. Эки лидердин сүйлөшүүсү 4-5 саатка созулары күтүлүп жатат. Читать дальше...
Кыргызстандык кинорежиссёр жана сценарист Самир Жапаров катуу оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу 16-июнда Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Жапаров 10-июнда 68 жаш курагында каза тапты. Самир Жапаров кыска метраждуу жана даректүү фильмдердин автору болгон. Анын "Космонавттын көчмөнү" аттуу тасмасы бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. 1984-жылы аталган тасма “Оскар” сыйлыгына номинант болгон. 1984-жылы АКШнын Киноакадемиясынын "Алтын Бүркүт" атайын сыйлыгын... Читать дальше...
Бүгүн 16-июнда Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара райондору чектешкен тилкеде чек аралаш облустардын башчыларынын жолугушуусу өттү. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин Баткендеги өкүлчүлүгү кабарлагандай, жолугушууга Баткендин жетекчиси Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода жетектеген делегациялар катышты. Жолугушууда чек арадагы айылдардагы соңку апта ичиндеги кырдаал талкууланып, коңшу эки эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чагымчыл маалыматтарды таратпоо... Читать дальше...
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин 16-июндагы жыйынында Кыргызстанда жыл башынан бери адам уурдоо боюнча 196 кылмыш иши катталганын айтты. Анын ичинен кишини уурдоо боюнча 68 факты, калганы никеге туруу максатында ала качуу (ред: кыздарды уурдоо Жазык кодексинин "Никеге туруу максатында ала качуу" беренеси менен териштирилет). Жазык кодексинин 170-беренеси (“Адам уурдоо”) менен катталган 68 иштин ону боюнча иш тергөөдө. 54ү кыскартылып, төрт иш сотко өткөн. Бул... Читать дальше...
Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 миллиард куб метр суу батат. Быйыл 10-июнга карата суу сактагычта 10,6 миллиард куб метр суу топтолду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3 миллиард куб метрге аз.
Женевада Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу башталды. Эки лидердин сүйлөшүүсү 4-5 саатка созулары күтүлүп жатат. Бул - Байден президент болуп шайлангандан бери эки жетекчинин алгачкы кездешүүсү. Расмий маалыматтарга караганда, Байден менен Путин алгач АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун катышуусунда чакан чөйрөдө сүйлөшөт, андан соң кеңейтилген форматка өтүшөт. Жолугушуудан кийин биргелешкен басма сөз жыйын уюштурулбайт. Читать дальше...
Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүнүн тарбиялануучусу каза болгон окуяга байланыштуу 16-июнда жыйын өткөрүп, териштирүү жүргөнчө мекеменин директорун ээлеген кызматынан убактылуу бошотуу керек деген бүтүмгө келишти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады. Балдар үйүндө өткөн жыйынга тийиштүү мекемелердин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышканы, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү, Билим берүү жана... Читать дальше...
"Азаттык" радиосунун "Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын экс-президенти Дастан Сарыгулов болду. Ал президент Аскар Акаев менен илгерки мамилеси, адистиги жок болсо да алтын тармагын башкарып калганы, "Кумтөр" боюнча алгачкы келишимдер, алардын кайра өзгөртүлүшүнүн себептери, аларга өлкө президенттеринин катышы, "Кумтөрдүн" келечеги ж.б. суроолорго жооп берди. - Дастан Исламович, "1992-жылы Акаев, Чынгышев, Сарыгулов Канадагы барышып, Кумтөр боюнча... Читать дальше...
Дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды Кыргызстандын жарандыгын кантип алганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иликтеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков 16-июнда Жогорку Кеңеште Инандыны издөө иштери тууралуу маалымат берип жатып айтты. “Орхан Инанды жарандык алганын текшерүү боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында ак же кара деп мыйзам чегинде чара көрүлөт”. Орхан Инанды Кыргызстанда 16 “Сапат” лицейин... Читать дальше...
Коронавирустан каза тапкан белгилүү меценат, ишкер Ташкул Керексизовдун Түп районунун Талды-Суу айылындагы “Шам-Бала” жайы тууралуу тартылган видео. Маркум бул жерге өспүрүмдөрдү чогултуп, чет элдиктерге кызмат көрсөтүүгө, өздөрүнө бир аз акча тапканга үйрөтүп, окууларды уюштурууну көздөп жүргөн.
“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын экс-президенти Дастан Сарыгулов болду. Ал президент Аскар Акаев менен илгерки мамилеси, адистиги жок болсо да алтын тармагын башкарып калганы, “Кумтөр” боюнча алгачкы келишимдер, алардын кайра өзгөртүлүшүнун себептери, аларга өлкө президенттеринин катышы, “Кумтөрдүн” келечеги ж.б. суроолорго жооп берди.
Дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыккан эмес. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 16-июнда Жогорку Кеңеште Инандыны издөө иштери боюнча маалымат берип жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, мындан тышкары Түркия, Грузия, Казакстан, Чехия, Испания, Румыния жана Ооганстан өлкөлөрүнөн да Орхан Инанды чек арадан өтпөгөнү тууралуу маалымат келди. Кыргызстан бул мамлекеттерге Интерпол аркылуу багыттама берген. Читать дальше...
Москва шаарынын бийлиги тейлөө тармагында иштеген кызматкерлердин 60% милдеттүү түрдө COVID-19 илдетине каршы эмделиши керек деп чечти. Орус башкалаасында коронавирустун жаңы учурлары кескин өсүүдө. Шаар башчы Сергей Собянин кырдаал абдан начарлап баратканын айтып, ооруканаларга күч келтирбөө, өлүмдөрдүн алдын алуу үчүн элди эмделүүгө чакырды. 12-июнда мэр 15-июндан тарта бир жумага эс алуу жарыялаган. Акыркы суткада Москвада вирус аныкталгандар алдыңкы күнгө караганда дээрлик алты миңге көбөйүп, 11 миңден ашты. Читать дальше...
Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, Баткенде чек арага жакын аймактарда иштеген ишканалар жер, мүлк, пайдага жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулат. Ошондой эле, беш жылдан 10 жылга чейин киреше салыгына жеңилдик берүү каралган. Мындан тышкары инвестициялык жана мамлекеттик сатып алуу боюнча өзгөчө режим киргизилет. Долбоорду депутаттар бир добуштан колдоду. Расмий маалыматка ылайык, Баткендеги 31 айыл өкмөттүн 30у дотацияда. Эгерде Баткенге өзгөчө макам берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса... Читать дальше...
Улуттук статистика комитетитинин эсебинде, ушул жылдын январь-май айларында ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмү 215 миллиард сомдон ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6% төмөндөдү. Кумтөр алтын кенин эсепке албаганда атамекендик өндүрүштө өсүү байкалып, ички дүң өнүм беш айдын ичинде 192 миллиард сом болду же 3,5%га жогорулады. Соңку күндөрү азык-түлүктүн баасы көтөрүлдү. Маселен ушул тушта сабиз болуп көрбөгөндөй кымбаттады. Кыргызстанга кымбатчылык келди Өнөр жай продукцияларынын... Читать дальше...
Жакында белгилүү меценат, ишкер Ташкул Керексизов оорудан каза тапканда, анын акыркы долбоору - Талды-Суу айылындагы “Шам-Бала” жайы тууралуу көп жазылды. Ал эмне долбоор деп кызыгып көрүп, айылдык балдарды тарбиялап, ишкердикке үйрөтүү максатында салынган кооз жай менен жеринен таанышып келдик.
Жакында белгилүү меценат, ишкер Ташкул Керексизов оорудан каза тапканда, анын акыркы долбоору - Талды-Суу айылындагы “Шам-Бала” жайы тууралуу көп жазылды. Ал эмне долбоор деп кызыгып көрүп, айылдык балдарды тарбиялап, ишкердикке үйрөтүү максатында салынган кооз жай менен жеринен таанышып келдик.
Бишкекте “Жарандык агартуу академиясы” коомдук уюмунун кезектеги сабактары башталды. Бүгүн 16-июнда иш-чаранын ачылышына Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева жана белгилүү илимпоздор катышты. Бүгүн академиянын угуучуларына белгилүү тарыхчылар, саясат талдоочулар, окумуштуулар Кыргызстандын эгемендик жолу, демократия тууралуу дарстарын окуп жатышат. Сабактар Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналып уюштурулду. “Жарандык агартуу академиясы” – талкуу жана анализ жүргүзүү үчүн ачылган эркин аянтча. Читать дальше...
«Гринпис» уюмунун активисти шейшембиде Мюнхенде футбол боюнча Европа чемпионатынын алкагында Германия-Франция беттеши алдында стадионго конгондо бир нече киши жараат алды. Камералардын үзүлүп кеткен кабелдери оюн талаасына жана борбордук трибунага кулап түшкөн. Коопсуздук кызматтары ал адамды дароо алып кетишти. УЕФА бир нече киши ооруканага жетирилгенин билдирди. «Гринпис» эч качан кимдир бирөөгө залака тийгизүүнү же матчты үзгүлтүккө учуратууну көздөбөгөнүн, эч ким катуу жабыркаган жок деп үмүттөнөрүн “Твиттерге” жазды. Читать дальше...
Министрлер кабинети парламенттин 17-июндагы жыйынында сугат маселеси жана антикризистик чаралар боюнча маалымат берет. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 16-июндагы жалпы отурумунда кабыл алынды. Жыйында бир нече депутат өлкөдө сугат суунун тартыштыгына дыйкандар нааразы болуп жатканын айтып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралганын билдиришти. Алар буга байланыштуу аткаруу бийлигинин маалыматын угууну сунуштап, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун келишин талап кылышты. Чүй облусунун Жаңы-Жер... Читать дальше...
Орусиялыктар эң дос үч мамлекет деп Беларус, Кытай жана Казакстанды эсептешет. Бул тууралуу “Левада-борборунун” соңку сурамжылоосунда белгилүү болду. Анда Беларусту дос мамлекет деп суралгандардын 58% атады. Биринчи ондукка ошондой эле Армения, Индия, Азербайжан, Кыргызстан, Сирия, Германия жана Куба кирди. Ал эми дос эмес дегендердин сап башында АКШ жайгашты. Респонденттердин 66% ошентип жооп беришкен. Экинчи орунда Украина, андан кийин Британия турат. Бул тизмедеги ондукта Прибалтика өлкөлөрүн... Читать дальше...