ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 17.06.2021

Нарында жаңы оорукананын имараты ишке берилди

Azattyk.org 

17-июнда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулган жаңы имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук администрациядан кабарлашты. 70 орунга ылайыкташкан имараттын курулушуна 79,2 миллион сом сарпталган. Бейтапкананын 48 керебети бокс палаталарда, 22си жандандыруу жана интенсивдик палаталарда жайгашкан. Ушундай эле тез курулуучу үч инфекциялык оорукана  Бишкек жана Ош шаарларында да салынууда. Аларга кеткен чыгым аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун эсебинен каржыланды. Читать дальше...

Футболчу Эриксендин жүрөгүнө атайын жабдык тагылмай болду

Azattyk.org 

"Евро-2020" оюндары маалында эсин жоготуп кулаган даниялык футболчу Кристиан Эриксендин жүрөгүнө кичинекей жабдык орнотулат. Бул тууралуу Даниянын футбол ассоциациясы билдирди. "Кристиан түрдүү текшерүүдөн өткөндөн кийин анын жүрөгүнө кардиовертер-дефибриллятор (ICD) тагуу чечими чыкты. Жүрөк кармагандан улам ритм бузулган учурда бул жабдык зарыл болот", - деп айтылат ассоциациянын "Твиттердеги" билдирүүсүндө. Бирок бул жабдык футболчунун болочок карьерасына кандай таасирин тийгизери так айтылган жок. Читать дальше...

IEP Исландияны "эң тынч өлкө" деп мүнөздөдү

Azattyk.org 

Экономика жана тынчтык институту (IEP) Исландияны дүйнөдөгү 163 өлкөнүн ичинен "эң тынч мамлекет" деп мүнөздөдү. Баш кеңсеси Сиднейде жайгашкан бул уюм 17-июнда "Дүйнөлүк тынчтык индекси-2021" аттуу баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Исландиядан кийинки орунга Жаңы Зеландия, Дания, Португалия жана Словения чыкты. Бул тизмеде Ооганстан, Йемен, Сирия эң акыркы сапка түшүп, тынчтык жок өлкөлөр катары сыпатталды. Казакстан 67, Кыргызстан 76, Тажикстан 97, Өзбекстан 90-орунду ээлеген. Уюмдун рейтингинде дүйнө өлкөлөрүндөгү коопсуздук... Читать дальше...

Жапаров: Кыргызстан Кытайды туруктуу өнөктөш катары көрөт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Кытайдын элин жана лидери Си Цзиньпинди Коммунисттик партиянын 100 жылдыгы менен куттуктады. Жапаров коңшу мамлекеттин жетишкендиктерине кеңири токтолуп, Кытайдын өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилеген. Ошондой эле ал кыргыз-кытай шериктештиги тууралуу да сөз кылган. “Кыргызстан менен Кытай - ынак коңшу, достук мамиледеги жана стратегиялык өнөктөш мамлекеттер. Эки мамлекеттин ортосундагы мамиле ылдамдык менен өнүгүүдө. Жакынкы жылдан бери  Кыргызстан «Бир алкак – бир жол» долбооруна активдүү катышууда. Читать дальше...

Чүйдүн үч районунда жарык өчтү

Azattyk.org 

Казак-кыргыз энергосистемасын бириктирген Фрунзе-Чу линиясындагы авариядан улам Чүйдүн Москва, Сокулук жана Панфилов райондору жарыксыз калды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Баймуратов бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. “Коңшу өлкөнүн көмөк чордонунда авария болгонуна байланыштуу жарык өчтү. Кырдаалды Токтогул ГЭСиндеги жабдыктар менен жөнгө салып калдык”, - деди Баймуратов. Кыргызстан Казакстандан 900 миллион кВт\саат электр энергиясын товар алмашуу ыкмасында быйыл март айында ала баштаган. Читать дальше...

Навальный орус президенти Путинди "калпычы" деп атады

Azattyk.org 

Орусияда түрмөдө жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный президент Владимир Путиндин Женевада айткан сөздөрүнө жооп кайтарып, аны "калпычы" деп атады. Ал 17-июнда "Инстаграмдагы" баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө Путинди "калп айтпай кое албаган адам" деп мүнөздөдү. "Тынымсыз жалган сүйлөйт. Дайыма ушундай. Чындыкка дал келген бир да сөздү айта албайт. Калпы чыгып калаарын билсе да, жакында айткан калпы жаңы калпына каршы келерин билсе да", - деп жазды Навальный. Путин Навальный "шарттуу... Читать дальше...

Өлкөдөгү кризис: Парламент Мариповду сындады

Azattyk.org 

Экс-президент Жээнбековдун тушунда сот жана күч тармагын көзөмөлдөгөнү айтылган Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюуга шектелип камалды. Парламентте Министрлер кабинетинин төрагасы Улугбек Мариповго ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгеси көтөрүлдү. АКШ жана Орусия президенттери мамиле чыңалган маалда жолугушту.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн кризиске каршы маалыматын укту

Azattyk.org 

Бүгүн, 17-июнда, Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин кризиске каршы программасын жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда жаралган көйгөй боюнча маалыматын укту. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышып, учурда сугат суудан тышкары азык-түлүк коопсуздугу, кышка даярдык, электр энергиясынын тарифтери боюнча талкуулана турган маселелер бар экенин айтты. Сугат суу боюнча абал оор экенин, көйгөйдү чечүү багытында иш жасалганына карабастан, маселе бар экенине токтолду. Читать дальше...



COVID-19: Ооругандар, курмандыктар расмий эсептен көппү?

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканы расмий жарыяланды. Соңку бир сутка ичинде вирус расмий аныкталгандардын эсеби 700дөн ашып, акыркы сегиз айдан берки эң жогорку көрсөткүч болду. Пандемия башталган бир жыл ичинде илдеттин курмандыктары 1 916​га жетти. Адистер чынында ооругандар жана каза болгондор мындан көп экенин айтып келе жатышат. "Эксперттер талдайт" программасында ушул маселе талданды.

Марипов: ЖЭБди газга өткөрүү иши токтоду

Azattyk.org 

Түркмөнстандан газ жана электр энергиясын алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Депутат Мамасадык Бакиров Бишкек Жылуулук электр борборун газга өткөрүү үчүн Орусиянын “Газпром” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына кызыкты. Марипов ЖЭБди газга өткөрүү иши токтогонун билдирди. “Газдын баасы боюнча келишкен жокпуз. Анын баасын 175... Читать дальше...

Өзбекстанда 20 киши экстремизмге шектелип кармалды

Azattyk.org 

Өзбекстандын чыгышындагы Сырдарыя облусунда "Телеграм" тиркемеси аркылуу "экстремисттик материалдарды" жайылтууга байланыштуу 20 киши кармалды. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкармалыгы билдирди. Расмий маалыматка ылайык, тыюу салынган материалдарды таратууга шектелген бул адамдар 16-июнда Мирзаобод районунда жана Янгиер шаарында кармалган. Алар "Телеграмда" террорчул топторду колдогон аудио жана видеолорду таратышкан деп айыпталып жатышат. Милиция алардын жанынан экстремисттик мазмундагы китептер... Читать дальше...

Ишкерлерди чочуткан камоолор

Azattyk.org 

Өткөн жылдын октябрь айынан бери кылмыш иши козголуп, камакка алынган чиновниктер менен катар ишкерлер дагы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) “кустуруу” жараянынын алкагында жоопко тартылып жатат. Бул тапта Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 24 % кыскарып, Кыргызстандан инвестициянын чыгып кетиши өстү. Айрым укук коргоочулар ишкерлерге болуп көрбөгөндөй кысым башталганын айтууда. Акчасын төккөн ишкерлер Алдамчылыкка шектелип кармалган “Карвен групп” компаниялар ассоциациясынын ээси... Читать дальше...

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окуудан өттү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 17-июнда, коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүгө багытталган долбоор каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун авторлору – Жогорку Кеңештин Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу. Документте коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болору жазылган. Бул талапты аткарбаса, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бейөкмөт уюмдар өзүнчө мыйзам кабыл алуунун зарылчылыгы жок экенин... Читать дальше...

Дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн жакындары элден жардам сурады

Azattyk.org 

Жалал-Абадда 13 жаштагы Жоробек Акимжанов   изделүүдө. Ал 14-июнда Сузак районунун Саты айылындагы чоң энесинин үйүнөн чыгып, Жалал-Абад шаарынын борбордук базарына келген боюнча дайынсыз. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. Туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурады. Ал боз түстөгү футболка, башына кызыл кепка, ак түстөгү жайкы бут кийим кийип жүргөн. Көргөн-билгендер милицияга же баланын ата-энесине 0555102305, 0771936070 телефондору аркылуу кабар берсе болот... Читать дальше...

Талипованын өлүмүнө катыштыгы бар делген жаран үй камагына бошотулду 

Azattyk.org 

4-июнда, Таласта октон мерт болгон Нурайым Талипованын өлүмүнө катыштыгы бар делген жаран 6-июнда үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу "Азатыкка" Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Р. Н. атуу жаран Нурайым Талипованын өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Райондук сот анын бөгөт чарасын 6-июнда карап, үй камагына чыгарган. Учурда бул кылмышты тергеп-иликтөө уланып жатат. Читать дальше...

Алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Балян үй камагына чыкты

Azattyk.org 

“Карвен групп” компаниялар ассоциациясынын ээси, алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Генрих Баляндын бөгөт чарасы бүгүн, 17-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Ал 15-августка чейин үй камагында болот. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Балян мамлекетке 60 миллион сом төккөнүн билдирген. УКМК ал мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өтпөй турган мүлктү күрөөгө коюп, башка бирөө аркылуу 2,3... Читать дальше...

Кремл Украинанын НАТОго кошулуу планын "кызыл чек" деп мүнөздөдү

Azattyk.org 

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украина НАТО уюмуна кабыл алына турган болсо, Орусия аны "кызыл чектен өткөндүк" деп эсептей турганын билдирди. Песков орус тараптын мындай позициясын АКШ президенти Жо Байден менен орус лидери Владимир Путиндин Женевадагы алгачкы жолугушуусунан кийин "Эхо Москвы" радиосуна курган маегинде айтты. "Президент Байдендин Европадагы сапары маалында биринчи жолу НАТОго мүчө болууга байланыштуу иш-аракеттердин планынын Украинага потенциалдуу түрдө сунушталышы тууралуу так уктук. Читать дальше...

COVID: Жалал-Абадда ооруканалар толуп калды

Azattyk.org 

Жалал-Абадда коронавирус күчөй баштады. Мындан улам той-аштарга чектөө киргизүү жагы каралууда. Облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү бейтаптарга толуп, кошумча стационар ачылып жатат.

Ош: жайылган вирус, кебелбеген эл

Azattyk.org 

Ош шаарында коронавируска чалдыккандардын саны күн санап өсүп жатат. Бейтапканаларда орундар толуп, эки күндүзгү стационар иштей баштады. Алардын бирине эле күн сайын 500дөй киши кайрылууда. Бийлик абалды "курч" деп баалады. Бирок шаардыктардын санитардык талаптарды сактаганы байкалбайт.

Новости России
Москва

Пассажир рейса Москва — Пермь попал в реанимацию


Сары-Колдо сакталып калган эңке чокон

Azattyk.org 

1992-жылы башталган Тажикстандагы жарандык согуш Тоолуу Бадахшан автоном облусунун курамындагы Мургаб районунда кадим замандардан бери жашап келаткан сарыколдук кыргыздардын да жашоосуна тескери таасирин тийгизген эле. Кыргызстан менен карым-катыш барган сайын татаалдашып, кыргыздардын айрымдары тарыхый мекенге көчүп кетүүнү дегдей башташкан. Алгачкы 25 үй-бүлө көчүп келип, Чүй облусундагы Кара-Дөбө айылына отурукташкан болчу. Кыргызстандагы ошол кыргыздарды баш коштурган "Улуу Мекен" коомдук фондунун төрагасы... Читать дальше...

Үйдө отуруп иш баштаган Перизат

Azattyk.org 

Турмуштук кыйын кырдаалга кабылган кыз-келиндерге ар тараптан колдоо көрсөткөн демилге менен баткендик сегиз келин-кыз чакан ишкердигине зарыл жардамдарды алышты.

"Бир дүйнө" кыймылы Аскаровду эскерди

Azattyk.org 

Кыргызстанда адам укугун коргогон "Бир дүйнө" кыймылы 26-июнь жабык жайлардагы кыйноолорго каршы күндү утурлай абакта каза тапкан Азимжан Аскаровду эскерүү иш- чарасын уюштурду. Анда Аскаровдун өлүмүн иликтөөдөгү жаңы жагдайлар, жесири Хадижа Аскаровага мамлекеттен кенемте өндүрүү боюнча маселелер көтөрүлдү.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Виктория Азаренко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Майами






МИД России ответил на высылку дипломата из Молдавии

Санкции потерпели крах. Россия выводит КНДР из изоляции

«Макфа» – это не только макароны: чем еще известен холдинг, который пытается забрать прокуратура

Москвичам рассказали, как развивается каркас столичной медицины