ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 19.06.2021

Коронавирус: Бишкек мэриясы аралыктан иштөөнү сунуштады

Azattyk.org 

Коронавирус курчуп кеткендиктен Бишкек мэриясы мекеме-уюмдарга кайрылып, кызматкерлердин жарымын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу 19-июнда расмий кабарланды. Мэрия тобокел тобуна киргендерди - улгайган кишилер, иммунитети төмөн жарандарды үйдөн иштөөгө чакырды. 19-июнда Кыргызстанда 870 кишиден коронавирус аныкталды, анын 470и Бишкекте. Июндун экинчи аптасынан тартып илдет жуккандар күнүгө 500-700 кем эмес болууда. Соңку 20 күндө эле жүздөн ашуун бейтап көз жумду. Көз карандысыз... Читать дальше...

Тайырбек Сарпашев УКМКнын тергөө абагына 31-июлга чейин камалды

Azattyk.org 

Сот мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасын карап, 31-июлга чейин камакта калтырды. Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу 17-июнда колго түшкөн Сарпашевдин баш коргоо чарасын 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту карады. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Тайырбек Сарпашев канадалык "Центерра Голд" компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген.... Читать дальше...

Кожомкул балбандын касиети

Azattyk.org 

Шакин (Шарыпкул) Эсенгулов Жумгал элдик театрын түптөөчүлөрдүн бири, таланттуу жазуучу, кош өнөрдү эриш-аркак ала жүргөн талант эле. Кыргыз аңгемесинин классикасынан жазуучунун “Кожомкулдун канжыгасы” деген баянына токтолгону турабыз. Кожомкул Каба уулун укпаган, билбеген кыргыз аз эле болсо керек. Каба уулу Кожомкул 1888-жылы Суусамырдын Жоожүрөк деген жеринде туулуп, 1955-жылы каза болгон. Замандаштарынын ырасташынча, анын боюнун узундугу 2 метр 36 сантиметр, салмагы 170 кило, 52-размердеги өтүк кийген. Читать дальше...

Юпитерде жааган гелий жамгыр

Azattyk.org 

Юпитерде гелий жамгыр катары жаайт. Климатты жөндөгөн микробдор табылды. Расмий таанылган 5-деңиз. “Азаттыкта” илимдеги акыркы жаңылыктардын топтому.

Руслан Акун: Дипломдуу билимсиздер көбөйдү

Azattyk.org 

Белгилүү кинорежиссер Руслан Акун кино тармагы өнүгүү үчүн чыгармачылык эркиндик болушу керек жана тартылган тасмалар жаштарды тарбиялоодо идеологиянын мыкты куралы деп эсептейт. Ошондой эле кинорежиссер кыргыз киносунун абалы, маданият адамдарынын саясатка аралашканы, өлкө жаштарынын келечеги жана Борбор Азиядагы чыгармачыл жаштардын багыт алган тенденциясы жөнүндө ой-толгоосу менен бөлүштү.

Ирандагы президенттик шайлоодо Ибрагим Раиси жеңди

Azattyk.org 

Иранда 18-июндагы президенттик шайлоодо Ибрагим Раиси жеңди. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, добуш бергендердин 62% аны колдогонун мамлекеттик ИРНА агенттиги кабарлады. 60 жаштагы Раиси ашынган диниятчы катары белгилүү. Ал 1988-жылы миңдеген саясий туткундарды өлүм жазасына кескен сот жараяндарын тескегендердин бири болгон. Укук коргоочулар Раиси адамзатка каршы кылмыштарга жоопкер деп эсептешет. Мамлекет башчылыкка төрт талапкер ат салышты. Башында расмий каттоого алынган жети талапкердин үчөө шайлоого аз калганда жарыштан чыгып кетишкен.



Эксперттер Кыргызстанда коронавирус кескин курчуй турганын эскертишти

Azattyk.org 

Кыргызстанда июндун соңку он күнүндө жана июлдун башында коронавируска кабылгандардын саны кескин көбөйүп, оору азыркыдан да курчуп кетиши мүмкүн. Көз карандысыз эксперттер тобу ушундай тыянак чыгарышты. Бул топ 2020-жылы Оксфорд университетинин окумуштуулары менен чогуу Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышын изилдеп, июлда көптөгөн киши оорунун курмандыгы болорун божомолдошкон. Алардын божомолу тастыкталган эле. Алдын ала тыянакка ылайык, алдыдагы эки апта ичинде оору жуккандардын саны күнүгө 1500ге чейин жетиши ыктымал. Читать дальше...

COVID-19: Москвада вакцина албагандар ооруканага жата албайт

Azattyk.org 

Москвада коронавируска каршы вакцина албагандарга ооруканаларда пландуу медициналык жардам көрсөтүлбөйт. Бейтапканага жатам дегендер эмдөөдөн өткөн болушу шарт. Оорунун жайылышына каршы ушундай чара кабыл алынганын Орусия баш калаасынын Саламаттык сактоо департаменти кабарлады. Эмдөөгө каршы көрсөтмөлөрү бар кишилер - онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар вакцина албаса болот. Чукул медициналык жардам тегиз көрсөтүлө берет. Июндун экинчи аптасынан баштап Орусияда коронавирустун жайылышы курчуп кетти. Читать дальше...

Ала-Букада жаңы мектеп ачылды

Azattyk.org 

Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында жаңы мектеп бүтүп, пайдаланууга берилди. 2019-жылы курулушу башталган мектепти Сауд өнүктүрүү фонду каржылап, “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоорунун алкагында салынды. Ага 69 миллион сом коротулду. Кызыл-Ата айылындагы №6 Чангылов атындагы орто мектебинин окуучулары буга чейин бала бакчага ылайыкталган эски имаратта билим алышкан. Жаңы мектеп 225 окуучуга ылайыкталган. Ала-Бука аймагында 45 мектеп бар, анын алтоо авариялык абалда. Учурда райондо жаңы үч мектеп курулуп жатат. Читать дальше...

Шри-Ланканын Бишкекке алданып келген үч атуулу

Azattyk.org 

​Шри-Ланканын үч жараны январь айынан бери Кыргызстандан кете албай убара тартууда. Алар Бишкекке келип, "Канада визасын алып берем" деген пакистандык жаранга 45 миң долларын алдатышкан. Учурда ал издөөдө. Ара жолдо калган чет элдиктердин бири саламаттыгы начарлап, гемодиализге муктаж болуп, абалы оор.

Өкмөт түзгөн "бейөкмөт уюмдар"

Azattyk.org 

Өзбекстандын жарандык коому кысым-басымга, чектөөлөргө туш болууда. Өкмөттүк эмес уюмдардын катталуу аракетине бут тосуулар болууда. Кагаз жүзүндө баары жакшы көрүнгөнү менен бийлик чыныгы абалды бурмаланган маалыматтардын жардамы менен жаап-жашырып келет. Жергиликтүү журналист Ирина Матвиенко Opendemocracy аналитикалык борборуна чыккан макаласында ушул маселеге кайрылды. "Расмий маалыматка караганда, Өзбекстанда 10 миңден көп бейөкмөт уюм бар. Бирок жакшылап иликтей келгенде, алардын көбү бийлик уюштурган бейөкмөт уюм болуп чыкты"... Читать дальше...

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

20-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Абанын табы: Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22, Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 23...28, Ош... Читать дальше...

Жакупова: "Кустуруудан" мурда системаны оңдош керек

Azattyk.org 

“Адилет” укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова "Фейсбукта" өлкөдөгү кырдаал тууралуу резонанстуу билдирүү жазды. "Азаттыкка" курган маегинде ал эмне үчүн Кыргызстанда "мыйзам өлгөнүн" жана коррупцияга каршы өнөктүк кантип экономикалык кыйроого алып келери тууралуу ой бөлүштү. - Шаршемби күнү сиз "Фейсбукка" "Азыр болгон жаңылыктын баары эле СИЗО болуп калды! "Ыктыярчылардын көрсөтмөсүнө" таянып эле камай берген туура эмес. Баканооздор жана абактагылардын өлкөсү... Ишкерлер чыгып кеткиле...... Читать дальше...

Түркмөнстанда газдан карызы барларга азык-түлүк сатып алууга чектөө коюлду

Azattyk.org 

Түркмөнстандын Лебап облусунда газга карызы бар тургундарга мамлекет белгилеген наркта азык-түлүк сатууга тыюу салынды. "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, миңдеген киши ун, сарымай жана кумшекерди жеңилдетилген баада ала албай жатышат. Ушул тушта өлкөнүн бир канча аймагында газга карызды төлөө жаатында эсеп-кысап жүрүүдө. Карыз нак төлөнүүгө тийиш. Бирок соңку жылдары экономикалык кризиске кабылган Түркмөнстанда нак акча жетишсиз боло баштаган. "Азаттык" Түркмөнстанда нан кымбаттаганы... Читать дальше...

Бишкекте кыйноого каршы мини-футбол турнири өтүп жатат

Azattyk.org 

Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун Эл аралык күнүнө карата Бишкекте мекеме-ишканалардын ортосунда мини-футбол боюнча VII турнир өтүп жатат. 19-июнда Кыргыз футбол бирлигинин стадионунда мамлекеттик, эл аралык уюмдардан, ЖМКлардан келген 15 команда күч сынашууда. Катышкан командалар: Жогорку сот, Конституциялык сот, Акыйкатчы институту, Жогорку Кеңеш, Тышкы иштер министрлиги, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси, БУУнун Кыргызстандагы кеңсеси... Читать дальше...

Орусияда парашютчулар бараткан учак кулады

Azattyk.org 

Орусиянын Кемерово облусунда L-410 үлгүсүндөгү учак кулады. Кырсык 19-июнда болду. Каза тапкандар жана жараат алгандар бар экени тууралуу Сибир авиация издөө-куткаруу борбору кабарлады. "Известия" басылмасы эки инструктор менен эки учкуч курман болгонун жазды. Эки кыймылдаткыч менен иштеген учактын бортунда 17 парашютчу жана эки учкуч болгон. Асманга көтөрүлгөндө мотор иштебей калган. Чукул конуп жатканда токойдогу дарактарга кулаган.

Өзбекстанда акимчиликке кой айдап барган адам камалды

Azattyk.org 

Өзбекстанда жергиликтүү бийликке протест катары райондук акимчиликке кой айдап барган жаран он күнгө камалды. "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлагандай, ал 17-июнда "Mubosher Laziz Azizbek fayz" фермасынын койлорун Наманган облусунун Янгикурган райондук акимиятынын имаратына айдап барган. Район жетекчилиги кой чарбачылыгы үчүн жер бөлүп бербегендиктен чабан ушул жол менен нааразылык билдирген. Фермер район борборундагы жашылдандыруу иштерине залака тийгизди деп он күнгө камалды жана айыппул салынды. Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Орусия Түркияга аба каттамдарын ачат

Azattyk.org 

Орусия Түркияга аба каттамдарын ачат. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова 18-июнда маалымдады. "Түркиядагы эксперттик комитеттин жыйынтыгы боюнча 22-июндан баштап Түркия менен аба каттамдарын толугу менен баштоо чечими кабыл алынды", - деди ал. Орусия эпидемиологиялык абалдан улам Түркия менен аба каттамдарын 15-апрелде токтоткон. 17-июнда Орусиядан Түркиянын туристтик аймактарына атайын эксперттик топ келип, мейманканалардагы коронавируска каршы чектөө эрежелерин текшерген. Читать дальше...

Чүйдө мечиттегилерди курал менен коркуткан киши үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Чүй облусундагы мечиттердин бирине куралчан кирип келип адамдарды коркуткан жаран үй камагына алынды. Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 63 жаштагы жергиликтүү тургун 15-июнда мечитте сыйынып отургандарды травматикалык курал менен коркуткан. Күбөлөр ал мас экенин айтышкан. Милиция шектүүнү кармаганда, жанынан травматикалык курал жана ок табылган. Анын үстүнөн Кылмыш кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Сот анын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган. Читать дальше...

Өкмөт “токмок жечү балага” айланды

Azattyk.org 

Парламентте бир нече депутат өлкөдөгү кургакчылык, кымбатчылык үчүн Министрлер кабинетин айыптап, анын төрагасын кызматтан кетирүүнү талап кылышты. Улукбек Марипов да экономикалык жана башка кризистерди моюнга алып, зарыл болсо иштен кетүүгө даяр экенин билдирди. Аткаруу бийлиги толук президенттин колуна өткөн системада кайра эле өкмөт тепкиге алынганы талкууга түштү. Депутаттардын күтүүсүз чабуулу Мына-мына каникулга тараганы жаткан Жогорку Кеңеш эс алуунун алдында кайрадан кызып, өлкөдөгү... Читать дальше...

Польша өкмөтү Орусияны масштабдуу киберчабуул үчүн айыптады

Azattyk.org 

Польшанын министрлери жана депутаттары Орусия тараптан масштабдуу киберчабуулга кабылды. Кремлге карата ушундай айыптоо менен премьер-министр Матеуш Морвецкий билдирүү жасады. Морвецкий контрчалгындоо кызматынын жана Ички коопсуздук агенттигинин маалыматына таянып сүйлөгөнүн "CyberDefence24" жазды. Вице-премьер-министр Ярослав Качиньский Орусиянын бул аракетинин артында Польшада туруксуздук орнотуу максаты турганын айтты. Анын белгилешинче, учурда тийиштүү кызматтар окуянын чоо-жайын иликтеп... Читать дальше...

Базарда баа өстү: Эртең эмне болот?

Azattyk.org 

Карапайым калкты кыйнаган кымбатчылык. Кыргызстанда тамак-аштын баасы күн санап өсүүдө. Баалар асман чапчыган чакта айлап эт, жумуртка жана башка тамак-аштын түрүн жебей калган үй-бүлөлөр көбөйдү. Ансыз да расмий айтылгандай, өлкөдө 2 миллиондой киши жакырчылыкта жашайт. Базарда баа дүйнөнүн чар-тарабында, кошуна өлкөлөрдө да өсүүдө. Кымбатчылык тооруган кезде азык-түлүк коопсзудугу кантип камсыздалат? Баалардын өсүшү качан токтойт? Кризистин тереңдешин алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүгө тийиш?

Коронавирус 870 кишиден аныкталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 19-июнга карата 870 кишиден коронавирус аныкталды. Ооруп жаткандардын бешөө каза болду. Бул соңку айлардагы эң чоң көрсөткүч болуп калды.  Оору жуктуруп алгандардын аймактык көрсөткүчү: Бишкек шаарында - 470. Ош шаарында - 113; Чүй облусунда - 100; Жалал-Абад облусунда - 76; Ош облусунда 74; Ысык-Көл облусунда - 20; Нарын облусунда - 10; Талас облусунда - 7. Баткен облусунда ооруга чалдыккандар аныкталган жок. Өлкөдө бул ооруга кабылгандардын жалпы расмий саны 114 300гө жетти. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Пятая ракетка мира Пегула не выступит на турнире WTA 1000 в Мадриде






«Московский комсомолец»: Лолита после скандала с «голой вечеринкой» возвращается на ТВ ведущей шоу «ВИА Суперстар»

Астрономы предупредили о магнитных бурях в конце апреля

В России хотят ужесточить контроль за техосмотром на фоне роста случаев подделок результатов

Красноярский Фанпарк «Бобровый лог» представил в Москве проект улучшения канатных дорог