Армения: шайлоодо Пашиняндын партиясы жеңди
Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Николь Пашинян парламенттик шайлоону жеңгенин жарыялады. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, анын “Жарандык келишим” партиясы добуштардын 53,92% алды.
Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Николь Пашинян парламенттик шайлоону жеңгенин жарыялады. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, анын “Жарандык келишим” партиясы добуштардын 53,92% алды.
Хорватия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берүүгө даяр экендигин билдирди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында кайсы дары жөнүндө сөз жүрүп жатканы так айтылган жок. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 18-июнда "Анталия дипломатиялык форумунун" алкагында румыниялык кесиптеши Богдан Ареску, Хорватиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Гордан Радман, ошондой эле Черногориянын тышкы иштер министри Жорже Радулович менен жолуккан. Казакбаев европалык кесиптештерин ушул жылдын... Читать дальше...
Кремль президент Владимир Путин 30-июнда жарандардын суроолоруна түз эфирде жооп берерин билдирди. Салтка айланган иш чара бул ирет Мамлекеттик думага шайлоого 10 жума калганда өткөнү жатат. Бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын рейтинги, сурамжылоолор көргөзгөндөй, төмөндөп кетти. Байкоочулар бул Кремль үчүн маселе жарытышы мүмкүн дешет. Былтыр мыйзам чыгаруучулар Путинге 2036-жылга чейин бийликте калууга мүмкүнчүлүк ачкан Конституциялык өзгөртүүлөрдү колдошкон. Башка партиялар “Бирдиктүү... Читать дальше...
Бразилияда COVID-19 илдетинен көз жумгандар 500 миң кишиден ашты. Өлкө бул жагынан АКШдан кийинки экинчи орунда баратат. 19-июнда президент Жаир Болсонаронун пандемияга каршы аракеттерин сындаган солчул күчтөр көчөгө чыгып, нааразылык билдиришти. Калкы 213 миллиондун айланасындагы Латын Америкасындагы бул өлкөдө коронавируска 18 миллиондой киши чалдыкты. Акыркы кезде күнүнө вирус жугузгандар 100 миңдин тегерегинде, 2 миңдей өлүм катталууда. Бразилиялыктардын 30% гана вакцинанын биринчи дозасын алды, 11% толук эмделди. Читать дальше...
Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашууну калыбына келтирүү тууралуу Венадагы сүйлөшүүлөр кийин уланмай болду. Еврошаркеттин өкүлү Энрике Мора алга жылууга жетишилгенин, катышуучулар кеңешүү үчүн өз өлкөлөрүнө жөнөгөнүн билдирди. Бирок талкуу качан уланарын так айткан жок. Сүйлөшүүлөрдө жылыш байкалганын Орусиянын өкүлү Михаил Ульянов да "Твиттерге" жазды. Ага чейин Ирандын өкүлү Аббас Аракчи тараптар 2015-жылкы эл аралык келишимди калыбына келтирүүгө жакындашканын, бирок пикир келишпестиктер дагы кала бергенин билдирди. Читать дальше...
Быйыл Борбор Азиянын дыйкандары кургакчылык жана суу тартыштыгына кабылды.
Элеттик балдарды ар тараптан колдоо, аларга кол өнөрчүлүк менен чет тилдерин үйрөтүү максатында Сузак районунун тургуну тогуз багытты камтыган ийрим борборун ачты. Ал жерде энелер мектеби да бар. Айыл өкмөтү муну колдоп, бош турган имаратты пайдаланууга берген.
Спорттук иш-чара кечээ, 19-июнда, Бишкектеги Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө болуп, аны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурган.
Австралияда коронавируска каршы Nucleus Network компаниясы иштеп чыккан спрей өңдүү жаңы типтеги вакцина сынала баштады. Адистер бул препарат AstraZeneca жана Pfizer вакциналарына караганда натыйжалуу болушу мүмкүндүгүн айтып жатышат. Компаниянын медицина багытындагы директору Пол Гриффиндин айтымында, жаңы вакцина коронавирустун жайылышын бир канча эсе азайтат. Толук колдонууга эки жылдан кийин чыгарылат. Учурда Австралия тургундары AstraZeneca жана Pfizer вакциналары менен эмделүүдө. Өкмөт... Читать дальше...
Арменияда бүгүн, 20-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жатат. "Азаттыктын" армян кызматы кабарлагандай, анда 21 партия жана төрт блок ат салышууда. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян "Жарандык келишим" партиясынан өкмөт башчылыкка талапкер. Негизги атаандашы - "Айастан" ("Армения") партиясы, лидери - мурдагы президент Роберт Кочраян. Парламентке өтүү үчүн партиялар добуштардын 5%, блоктор 7% алышы зарыл. Шайлоочулардын саны 2,5 миллион. Жараянга сегиз эл аралык уюмдан 483 байкоочулар көз салууда. Читать дальше...
21-июнда Кыргызстандагы бардык тоолуу аймактарда өткүн өтөт, өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10, Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24, Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 19...24 градус ысык болот. Бишкек шаарында түнкүсүн 11…13... Читать дальше...
Түркияда кыргызстандык эки адам опузалоого шек саналууда. Алар 31-майда Стамбул шаарынын Зейтинбурну аймагында 4 килограмм алтын куймасын ташып бараткан кытайлык жаранды ур-токмокко алып, алтынды тоногон топтун арасында болгон деп айыпталып жатышат. "Демирөрен" агенттиги шаар прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, 20-июнда алты адам кармалганын, экөө кыргызстандыктар экенин жазды. Шек саналгандардын арасында кытайлык, казакстандык жана сириялык жарандар да бар экени айтылууда. Аларга Түркиянын Жазык... Читать дальше...
Кыргызстанда 20-июнга карата бир суткада дагы 730 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Ооруп жаткандардын алтоо каза болду. Бул тууралуу ооруга каршы республикалык штаб кабарлады. Оору жуктуруп алгандардын аймактык көрсөткүчү: Бишкек шаарында - 312; Ош шаарында - 100; Чүй облусунда - 74; Ош облусунда - 74; Жалал-Абад облусунда 68; Баткен облусунда - 65; Ысык-Көл облусунда - 22; Талас облусунда - 13. Нарын облусунда -2. Өлкөдө бул ооруга кабылгандардын жалпы расмий саны 115 миңден ашты. Читать дальше...
Ялтада 18-июндагы селде бир адам курман болду. Бул тууралуу "Интерфакс" расмий булактарга таянып кабарлады. Орусия аннексиялап алган Крымдын курорттук аймагы саналган Ялтада нөшөрдөн улам чукул кырдаал жарыяланды. Амактагы орус администрациясынын башчысы Янина Павленко видеокайрылуу жасап, шаарга кирүүгө тыюу салынганын айтты. Катуу жаан-чачындан улам Ялтада жума күнү арык-каналдардан суу ташып, шаар көчөлөрүндө сел жүргөн. Павленко табигый кырсыкты "көзөмөл кылуу мүмкүн эмес" деп сыпаттады.
Ирандын шайланган президенти Ибрагим Раисини алгачкылардан болуп Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган жана Орусия президенти Владимир Путин куттукташты. Эрдоган Анкара менен Тегерандын жогорку деңгээлдеги кызматташтыгынын алкагында Иранга кубануу менен сапар жасай турганын айтты. Путин куттуктоо телераммасында эл аралык иштерде Москва менен Тегерандын өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө басым жасады. Иранда 18-июндагы президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышып, Ибрагим Раиси жеңди. 60 жаштагы Раиси ашынган диниятчы катары белгилүү. Читать дальше...
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өткөрүүнүн алдында жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу өнөктүгү жанданды. 17-июндан 21-июнга чейин үч шаарда атайын техникалык жабдуулар салынган микроавтобустарда адистер жарандардын биометрикалык маалыматтарын кабыл алат. Ошол эле жерде жашаган жери боюнча каттоого турса жана паспортту алмаштырса болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Биометрикалык каттоо аркылуу шайлоочулардын тизмеси такталат. Учурда... Читать дальше...
Грузиянын экономика жана туруктуу өнүгүү министри Натия Турнава Бишкек-Батуми чартердик авиакаттамы ачыларын билдирди. Анын айтымында, каттамды Air Manas компаниясы 18-июлдан баштап ноябрга чейин жумасына бир жолу ишке ашырат. Батуми - Грузиянын туристтик аймагы. Каттам негизинен туристтик саякатка багытталган. "Манас" эл аралык аэропортунун жана Air Manas компаниясынын сайтында азырынча Батумиге каттамдын жадыбалы чыга элек.
Жогорку Кеңештин бир канча депутаты социалдык тармактагы фейк-аккаунттар менен күрөшүү үчүн былтыр президент тарабынан артка кайтарылган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун тез арада кабыл алууга чакырык жасашты. Жарандык коомдун нааразычылыгынан кийин кайра иштеп чыгуу үчүн артка жөнөтүлгөн мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн ушул айда парламенттин тармактык комитети макулдашуу тобун түзгөн. Жарандык коом мыйзам долбоору "сөз эркиндигин ооздуктоого багытталат" деп кооптонууда. ... Читать дальше...
Токио губернатору Юрико Коике жайкы Олимпиада оюндарынын объектилерине экскурсия кылууга, коомдук иш-чараларга тыюу салды. Мындай чара коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында колдонулууда. Бул тууралуу губернатор 20-июнда премьер-министр Ёсихидэ Суга менен жолугуп чыккандан соң журналисттерге маалымдады. Экскурсияга багытталган жайлар вакцина алуучу жер катары колдонуларын The Japan Times басылмасы жазды. Жапон өкмөтү Олимпиада өткөрүү аракетинен улам соңку күндөрү коомчулуктун катуу сын-пикирине кабылууда. Читать дальше...
Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын бир катар өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Алар өлкө башчысынан коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбооруна кол койбоону суранышууда. Алар аталган мыйзамды кабыл алуу - бейөкмөт уюмдарды басмырлоо болорун жүйө келтирип, демократияга сокку урарын айтып, тынчсыздануу билдиришти. Кайрылуу бейөкмөт уюмдардын "Фейсбуктагы" баракчаларында жарыяланды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 17-июнда үчүнчү окууда кабыл алынган. Читать дальше...
Сузакта экинчи аялга үйлөнүп, салтанаттуу той берген адамга кылмыш иши козголду. Бул окуя көп аялдуулук маселесин кайрадан козгоду. "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө үстү-үстүнө аял алуу, анын кыз-келиндердин укуктарына коркунуч туудурган кесепеттери тууралуу баарлаштык.