ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 22.06.2021

Акматалиев: Кыргызстан коррупция менен күрөштүн "репрессиялык баскычында"

Azattyk.org 

Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев "Кумтөр иши" боюнча акыркы камоолор тууралуу пикирин билдирип жатып, Кыргызстан коррупция менен күрөштө репрессиялык баскычта экенин билдирди.  Ал мындай оюн "Азаттык" радиосунун "Коррупцияга каршы күрөш: жапырт кармоолордун майнабы кандай?", - аттуу талкуусуна катышып жатып айтты.  “Кумтөрдү кайтарыш керек беле, керек болчу. Коррупция менен күрөшүш керек беле, күрөшүш керек болчу. Коррупция менен күрөшүү практикасында дүйнө өлкөлөрү эки баскычты басып өткөн. Читать дальше...

Нышанов: Мага ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө добуш жеткен жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов аны “Ата Мекен” фракциясынын лидерлигинен алуу тууралуу чечим мыйзамсыз экенин айтууда. Буга чейин Жогорку Кеңештин расмий сайтына “Ата Мекен” фракциясынын лидери болуп депутат Шералы Абдылдаев шайланганы тууралуу маалымат чыгып, кийинчерээк өчүрүлдү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы “Ата Мекендин” лидерин шайлоо боюнча фракция чечиминде талаштуу жагдай жаралганын, эртең так маалымат берилерин билдирди. Депутат Сайдулла Нышанов ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн жетиштүү добуш чогулбады деп эсептейт.

"Талибан" согушкерлери Тажикстан менен чек ара өткөөлүн басып алды

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылынын согушкерлери акыркы күндөрдө Ооганстандын түндүгүндө чабуулдарын күч алдырып, бир нече районду өздөрүнө кайтарып алышты. БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайнс 22-июнда билдиргендей, талибдер май айынан бери 370 райондун 50дөн ашуунун көзөмөлдөп калышты. Дипломат муну менен кошуна өлкөлөрдүн коопсуздугуна да коркунуч пайда болгонун белгиледи. Ал тапта акыркы кабарларга караганда, жоочулар Тажикстан менен негизги чек ара өткөөлүн - Кундуз провинциясынын борборунан 50... Читать дальше...

81 депутат Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 81 депутаты Бишкек шаардык сотуна депутат Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасын үй камагына алмаштыруу боюнча кайрылууга кол койду. Бул тууралуу Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов билдирди. Жогорку Кеңештин депутаттары кол койгон кайрылууда Баш мыйзамдын 78-беренеси одоно бузулуп жатканы айтылган. Баш мыйзамдын 78-беренесинде парламент депутаты кылмыш жасоо маалында кармалган учурдан тышкары Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын макулдугу менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартылары жазылган. Читать дальше...

Өмүрбек Бабанов камакта калды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту “Кумтөр ишине” байланыштуу кармалган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду камакта калтырды. Кыргызстанда акыркы суткада миңге жакын кишиден коронавирус аныкталды. Орусиялык туристтерге Түркияда эс алууга жол ачылып, авиакаттамдар кайрадан жанданды. /"Бүгүн Азаттыкта". 22.06.21./

Тажикстан: "Салафия" мүчөлөрүнүн соту башталды

Azattyk.org 

Тажикстанда тыюу салынган "Салафия" диний кыймылынын 18 мүчөсүнүн соту башталды. Тажик бийлиги муну радикализмге каршы саясат катары сыпаттаса, айрымдар өкмөт коопсуздукту шылтоо кылып, бийликти бекемдеп жатат деп сындап келишет.

Октябрь окуялары: ИИМ Али Токтакуновду суракка чакырды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Октябрь окуялары боюнча иликтөөчү журналист Али Токтакуновду 23-июнга суракка чакырды. Бул тууралуу Токтакунов “Азаттыкка” билдирди. Токтакунов Кыргызстанга былтыр 7-октябрда келген. Ал суракка чакыруу 9-октябрдагы окуялар боюнча болушу мүмкүндүгүн айтты. “Кыргызстанга 7-октябрда учуп келгем. 9-октябрда активисттер, саясатчылар, журналисттер болуп темир жол бекетинин жанында "өлкөнү криминал каптап кетти" деп ошого каршы акция өткөргөнбүз. Бийлик тезинен мыйзамдуу башкарууну орнотуп... Читать дальше...



“Кумтөрдүн” колго тийбеген каражаты

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги “Кумтөр Голд” ишканасына тыштан башкаруу киргизип алтын кенди өзү иштетип жатканына бир айдан ашты. Бул убакыт аралыгында бир тоннадан ашык алтын сатып, 40 миллион доллар киреше тапты. Анын эсебинен жумушчулардын айлыгы төлөнүп, өндүрүшкө кеткен чыгым жабылды. Компаниянын убактылуу жетекчилиги түшкөн пайдага Кыргызстандагы башка да кендерди иштетүү максатын жарыялады. Ушуга окшогон дымактуу пландар айтылганы менен “Кумтөр Голддун” эсебиндеги акчага Кыргызстандын колу жетпей, экинчи жактан эл аралык сот тооруп турат. Читать дальше...

Ооганстан: "Талибан" стратегиялык районду басып алды

Azattyk.org 

«Талибан» кыймылы Ооганстандагы стратегиялык райондордун бирин басып алды. Кошмо Штаттар өз күчтөрүн чыгара баштагандан бери талибдердин чабуулдары күч алды. Ал арада Ооганстандын президенти Ашраф Гани Вашингтондо АКШ лидери Жо Байден менен жолукмай болду. «Талибан» стратегиялык районду ээлеп алды «Талибан» кыймылынын жоочулары Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясындагы Имам Сахиб районун 21-июнда басып алды. Бул маалыматты жергиликтүү полициянын маалымат катчысы Инамуддин Рахмани билдирип... Читать дальше...

Өкмөт өсүмдүк майын, кумшекер сатып алууга 318 миллион сом бөлдү

Azattyk.org 

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу бир катар иш-чаралар жасалып жатканын билдирди. Ага ылайык, баанын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн өсүмдүк майын жана кумшекер сатып алууга 318 миллион сом бөлүндү. Кыргызстанда соңку күндөрү азык-түлүк кескин кымбаттай баштады. Өткөн аптада Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин баалардын көтөрүлүшүнө, каатчылыкка каршы иш-чаралары тууралуу маалыматын уккан. Анда бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду айыптап, аны кызматтан кетирүүнү талап кылышкан. Читать дальше...

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги донорлор аркылуу эки тик учак алат

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эл аралык донорлор аркылуу Кыргызстанга 80ден ашык өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдыктар гранттык негизде келерин билдирди. Мындан тышкары Кытайдан алты мобилдик госпиталь, 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника бекер келет. Жардам ушул жылдын этегине чейин келиши күтүлүүдө. “Шериктеш өлкөлөрдүн тиешелүү түзүмдөрүнүн жетекчилери менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында бир топ колдоого ээ болуп, министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жетиштик”, - деди Ажыкеев. Читать дальше...

Жалал-Абадда айрым мамлекеттик мекемелер карантинге алынды

Azattyk.org 

Коронавирус коркунучунан улам, Жалал-Абад облустук төрөт үйү, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин облустагы филиалы, Сузак районунун аймагындагы бала бакчалар убактылуу жабылды. Буга аталган мекемелердин айрым кызматкерлери вирус жугузуп алганы себеп болгон. Коронавируска каршы ыкчам штабдын чечими менен 1-июлдан тартып Жалал-Абад шаарындагы тойканалар убактылуу жабылат. Той-аш, эскерүү жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө  тыюу салынат. Базарлар бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт. 22-июнда... Читать дальше...

БУУ Ооганстанда балдардын жабыркап жатканына тынчсызданат

Azattyk.org 

Улуттар Уюму Ооганстандагы зомбулуктан өлгөн же жарадар болгон балдардын өскөнүнө тынчсыздануусун билдирди. 22-июнда жарык көргөн баяндамада былтыр ал өлкөдө 760 бала каза тапканы, 1 619у жараат алганы айтылат. Анын арасынан 1 098 жеткинчек талибдердин же башка согушкерлердин колунан окко учкан же жараланган. 962 бала армиянын же өкмөтчүл күчтөрдүн аракеттеринен ажал тапкан же жабыркаган. “Жашы жетелек балдар согуштук аракеттерде, чабуул коюу, чалгын маалымат чогултуу үчүн пайдаланылып, сексуалдык ыдык да көрүп келатат”... Читать дальше...

Түндүк Корея АКШ менен диалогду жандандыруу мүмкүнчүлүгүн четке какты

Azattyk.org 

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын таасирдүү карындашы Вашингтон менен дипломатиялык диалогду жандандыруу перспективасын четке какты. Башкаруудагы партиянын маалымат департаментин жетектеген Ким Ё Чжондун билдирүүсүн өлкөнүн борбордук маалымат агенттиги басып чыгарды. Анын айымында, АКШнын сүйлөшүүлөрдү жандантуу үмүтү оңунан чыкпайт. Өткөн дем алыштарда Вашингтон администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жэйк Салливан Ким Чен Ындын билдирүүсүн “кызыктуу ишарат” деп сыпаттаган.... Читать дальше...

Чүй дарыясынын жээгин суу жеп, Кыргызстан 800 гектар жеринен ажырады

Azattyk.org 

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 22-июнда басма сөз жыйынында билдирди. Министр анда “Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери талапка ылайык жүрбөгөндүктөн Кыргызстан 800 гектар жеринен айрылды”, деп айтты. "Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын аныктап турган Чүй дарыясынын жээгинде дамбалардын жоктугунан, дарыянын жээгин суу жеп, анын нугу жыл санап Кыргызстандын аймагына кирип жатат. Бул жаатта иштер активдүү башталды, маселе президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө",- деди Ажикеев. Читать дальше...

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөт

Azattyk.org 

22-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун карап, жактырды. Быйыл, 11-мартта Ташкент шаарында кол коюлган макулдашууда эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү каралган. Фонд Кыргызстандын аймагында катталган... Читать дальше...

Октябрь окуялары: ИИМ Рыскелди Момбековду суракка чакырды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги  (ИИМ) бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду суракка чакырды. Бул тууралуу саясатчы "Азаттыкка" билдирип, сурак октябрь окуяларына байланыштуу экенин айтты.  Буга чейин "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова дагы октябрь окуяларына байланыштуу 23-июнга ИИМге суракка чакыртылган. Милиция октябрь окуяларынан улам оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду камаган. Ага алгач "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып коюлган. Читать дальше...

Талас: чекисттер аралашкан чырдан улам кызматтык иликтөө башталды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Таластагы кызматкерлеринин кылык-жоругу тууралуу маалымат таратты. Анда чекисттер Таласта жергиликтүү тургундар менен чырлаша кеткени, окуяда тапанча колдонулбаганы жазылган. “УКМКнын кызматкерлери жергиликтүү тургундарды коркутуп, көрсөтмөсүн өзгөртүүгө мажбурлашты деген маалымат да чындыкка дал келбейт. Анткени, тараптардын оозеки кайым айтышуусунан кийин, окуя элдешүү жолу менен жөнгө салынган. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Читать дальше...

Новости России
Москва

Рост предложения в Москве и Петербурге привел к снижению цен аренды жилья


COVID-19: расмий эсеп “кара июлга” жакындады

Azattyk.org 

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 931 кишиден жаңы аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Өлкөдө былтыр июндун акырында ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны дароо эселеп өсүп кеткен. Ал кездеги жоготуулар "кара июль" деген аталыш менен элдин эсинде калган. Соңку бир күндө илдеттен сегиз бейтап каза болуп, пандемия башталган бир жыл аралыгында курмандыктардын саны 1945ке жетти. Бирок вирус жугузгандар, курмандыктар тууралуу мындай сандар расмий эсеп гана. Читать дальше...

Орусиядан Түркияга аба каттамдар жанданды

Azattyk.org 

Орусиялык туристтер Түркияга кайтууда. 12-апрелде Орусия COVID-19дун жайылышына байланыштуу Түркияга туруктуу жана чартердик учууларды убактылуу токтоткон. Эки айлык тыныгуудан кийин рейстер 21-июнда жанданды. Шейшембиде эртең менен Москвадан Анталияга алгачкы туристтер учуп келди. Бир күндө 44 учак Жер ортолук деңизинин боюндагы бул курортко 12 миң жүргүнчүнү ташып келери пландалууда. Түркия өткөн аптада бир күндө 1 миллион доза вакцина сайды. Вирусту жугузуп алгандар жаз айларына караганда эселеп төмөндөдү. Читать дальше...

Ат-Башы: бийликтин эки анжы кылган сунушу

Azattyk.org 

Ат-Башыга мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда салуу пландалып, бирок элдин нааразылыгынан улам ишке ашпай калган соода- логистикалык борборду курууну жаңы бийлик да сунуштап чыкты.

COVAX аркылуу таратылган вакциналар тартыш болууда

Azattyk.org 

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму COVAX долбоору аркылуу коронавируска каршы вакцина алып жаткан ондогон жакыр өлкөдө эмдөө өнөктүгүн улантуу үчүн препараттар жетишпей жатканын билдирди. Бүгүнкү күнгө чейин долбоордун алкагында 131 өлкөгө 90 миллион доза вакцина таратылган. Дүйнөлүк уюмдун улук кеңешчиси Брюс Эйлворд бул көлөм вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн жетишсиз деп белгиледи. Ал ортодо Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоза бай мамлекеттерди вакциналарды топтоону токтотууга чакырды. Читать дальше...

Талас: Жүрөктү токтоткон мушташ, бүдөмүк жагдайлар

Azattyk.org 

Таластын Кара-Буура районунда 58 жаштагы тургундун өлүмү аймакта чуу жаратты. Соттук- медициналык экспертиза "19-июнда каза болгон Асаке Мамбеталиев жүрөк оорусунан өлгөн" деген жыйынтык чыгарган. Ал эми маркумдун жакындары болсо ал үйүнө келген балдардын колунан өлгөнүн айтышууда.

Кумтөр: Исхак Пирматовдун бөгөт чарасын кароо 25-июнга калды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту "Кумтөр ишине" байланыштуу камалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун бөгөт чарасын кароону 25-июнга калтырды. Буга айыпталуучунун сот жараянына алынып келбегени себеп болду. Адвокат шаардык сотко аны үй камагына чыгаруу тууралуу арыз менен кайрылган. Буга чейин экс-депутаттын адвокаты Тимур Карабаев Пирматов 2012-жылы парламенттин тармактык комитетин жетектеп турганда ошол кездеги депутат Садыр Жапаровдун Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоорун колдобой койгону үчүн айып коюлганын билдирген. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Хачанов объяснил, почему снялся с турнира ATP 500 в Барселоне






Свыше 160 московских компаний поучаствовали в международной выставке «Нефтегаз»

«С детства мечтала сняться в кино». Олимпийская чемпионка Ангелина Мельникова — об участии в сериале

18 сувениров из Владимирской области стали победителями II межрегионального конкурса «Туристский сувенир Золотого кольца»

Хватит это терпеть: россияне стали отказываться работать с токсичным начальством