ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 23.06.2021

Парламенттик шайлоо качан өтөт?

Azattyk.org 

Садыр Жапаровдун буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ “Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырып оңдоп чыкты. Парламенттин кароосуна жиберилген Шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорунда 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарында можаритардык тутум боюнча, калган 55 депутатты партиялык тизме менен пропорционалдык системага ылайык шайлоо каралган. Парламенттик шайлоонун жол-жобосу белгилүү болгону менен, качан өтөрү билине элек. Читать дальше...

Сот Жээнбеков менен Зулпукаровду камакта калтырды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Антикоррупциялык кызмат жоюла турган болду. Бишкек шаардык соту Жээнбеков менен Зулпукаровду камакта калтырды. Ооганстанда “Талибандын” жоочулары Тажикстан менен чектеш айрым аймактарды басып алды. /"Бүгүн Азаттыкта". 23.06.21./

Орус олигархын ойлондурган Кумтөр

Azattyk.org 

Орусиялык ири ишкер, Москва менен Лондондо иштеген медиамагнат жана КГБнын мурдагы кызматкери Александр Лебедев Кумтөр кенине кызыкты. Александр Лебедев Кумтөргө барып келгенин "Инстаграмдагы" баракчасына жарыялады. Ал Кумтөр алтын кениндеги экологиялык кесепеттерди жана коррупциялык иштерди иликтөөгө барганын белгиледи. Айрым интернет колдонуучулар ишкердин кенде бизнес кызыкчылыгы болушу мүмкүн экенин айтышууда. Азырынча орусиялык ишкердин Кыргызстандын жогорку кызмат адамдары менен жолукканы тууралуу маалымат чыккан жок. Читать дальше...

"Дельта" штаммы тездик менен жайылууда

Azattyk.org 

Коронавирустун алгач Индияда чыккан "дельта" түрү дүйнөнүн улам бир өлкөсүндө аныкталууда. Бул штамм канчалык жугуштуу жана коркунучтуу? Андан вакциналар сактай алабы?

Гиннеске умтулган Нурмухаммад

Azattyk.org 

Кыргызстандык Нурмухаммад Ташмаматов нунчак менен теннис боюнча Гиннесттин рекорддор китебине кирүүгө аракет кылды. Ал буга чейин рекорддун эки баскычынан ийгиликтүү өткөн

Президент зекиген Райымкулов

Azattyk.org 

Кыргызстандагы дунгандар ассоциациясы Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловго байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Өткөн аптада депутат өлкөдө сабиз болуп көрбөгөндөй кымбаттап кеткенине жана сугат суунун калыс бөлүштүрүлбөй жатканына байланыштуу дунган тектүү жарандарды сындаган. Жапаров мындан улам аны улут аралык ынтымакка доо кетирген сөздөрдөн карманууга чакырды. Соңку учурда Райымкуловдун парламенттеги демилгелери, билдирүүлөрү жана ишмердиги талкуу жаратып келет. ... Читать дальше...

Талибдер Тажикстанга чектеш бекетти басып алды

Azattyk.org 

Ооганстанда “Талибандын” жоочулары чабуулун күчөтүп, бир нече аймакты басып алды. Соңку күндөрү Тажикстан менен чек арадагы негизги өткөөл - Шерхан Бандар шаарчасын ээлешти. Талиб жоочулары соңку апталарда Ооганстандын түндүгүнө чабуулун күчөтүп, ондогон районду өзүнө каратып алды. "Талибан" май айынан бери өлкөдөгү 370 райондун 50дөн ашуунун өз көзөмөлүнө алды. Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайнс талибдер айбат көрсөтүп жатканын белгиледи. "Жоочулар басып алган... Читать дальше...



Кыргыз-өзбек чек арасында базар ачылат

Azattyk.org 

Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде базар ачылат. 19-июнда чек аралаш аймакта соода-логистикалык борборунун курулушу башталды. Кыргыз-өзбек соода алакасын күчөтүү максатында салынып жаткан борбордун пайдубалын түптөө аземине Кыргызстандын Жалал-Абад жана Өзбекстандын Наманган облустарынын бийлик өкүлдөрү катышты. Мамлекеттик жетекчилер бардык тармакты камтыган соода-логистикалык борбордун курулушу бүткөрүлсө, жаңы жумуш орун түзүлүп, Өзбекстан менен соода өнүгө турганын билдирүүдө. Читать дальше...

Памирден келгендер жайыт жана үлүш жерге муктаж

Azattyk.org 

Алай районунун Талды-Суу айылына Памирден көчүрүлүп келген 17 үй-бүлөгө мамлекет мал берди. Өткөн жумада ар бир үй-бүлөгө ондон кой, бирден саан уй жана жылкы жеткирилген. Бирок аларга тоют камдоого үлүш жер бөлүнүп бериле элек жана мал кармоо үчүн сарайлары жок.

COVID-19: Түркия чектөөлөрдү алды

Azattyk.org 

Түркия 1-июлдан баштап коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынарын жарыялады. Жергиликтүү серепчилер чет жактан келген туристтерден талап кылынган чаралар жетишсиз экенин айтышууда.

Гонконгдо демократиячыл популярдуу гезит жабылууда

Azattyk.org 

Гонконгдун популярдуу демократиячыл Apple Daily гезити апта аягында жабыларын жарыялады. Шаршембиде директорлор кеңеши “азыркы шарттарды эске алуу менен” онлайн жана кагаз түрүндө басуу 26-июнда токторун билдирди. Мунун алдында басылманын башкы редактору жана беш кызматкери улуттук коопсуздук мыйзамын бузган деп кармалып, гезитке ээлик кылган компаниялардын 2,3 миллион доллар каражаты камакка алынган. Полиция чет өлкөлөрдү Гонконгго жана Кытайга каршы санкция салууга көндүрүү аракетинин далили... Читать дальше...

Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлөт

Azattyk.org 

Президенттин алдында Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлөт. Ага кайрылган ишкерлердин арыз-муңун мамлекет башчы өзү көзөмөлгө алат. Мындай маалыматты Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Бишкекте ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолукканда айтты. “Мен коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикте комиссар болуп турган кезде бул кеңешти түзгөм. Эки жыл эффективдүү иштеген. Кийин мен иштен кеткенде бул кеңешти да жоюп салышкан. Эми жакынкы арада кайра түзүлөт”. Бул жыйында президенттин жарлыгы менен... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек чек арасында логистика борбору курулууда

Azattyk.org 

Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек арасында соода-логистикалык борбордун курулушу башталды. Борбордо базар да жайгашат деген план бар. Райондун башка айылындагы чектеш аймакка да соода борборун салуу максат кылынып жатат.

24-июндун аба ырайы

Azattyk.org 

24-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтөт. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын табы: Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13, Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26, Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19... Читать дальше...

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кайрадан насыя берип баштайт

Azattyk.org 

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя бериле баштайт. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, Бишкекте ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушканда билдирди. “Кичи ГЭС салууга долбооруңар даяр болсо кыргыз-орус фондунан насыя алып, курулушуңарды баштасаңар болот. Фонд буга чейин насыя берүүнү токтотуп койгон. Бирок жакын арада бере баштайт”, - деди Жапаров. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында 2014-жылы түзүлгөн. Аны түптөөгө Орусия бир миллиард долларлык капитал бөлгөн. Читать дальше...

Шаардык сот Зулпукаров менен Жээнбековду камакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековду камакта калтыруу чечимин чыгарды. Алардын бөгөт чарасы 23-июнда каралды. Буга чейин эки депутатты камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук соту чечим чыгарып, адвокаттар шаардык сотко даттанган эле. Зулпукаров менен Жээнбеков Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу коррупциялык иштерди тергөөнүн алкагында 31-майда кармалган. Алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында. Депутаттардын... Читать дальше...

Али Токтакунов: Жапаров менен Ташиев да сурак бериши керек

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов 23-июнда Ички иштер министрлигине суракка кирип чыкты. Ал 2020-жылда бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларына байланыштуу күбө катары чакырылган. Суракка кирип чыкканын Токтакунов "Фейсбукка" жазып, Октябрь окуяларына так юридикалык баа берилиши керектигин билдирди: "Калыстык болушу үчүн ошол күндөрү аянтта жүргөн баары: Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов ж.б. суралышы керектигин айттым".   Прагада иштеген Токтакунов Кыргызстанга былтыр 7-октябрда келген. Читать дальше...

Нарын: Уланбек Эгизбаев атындагы стипендияны жалаң кыздар алды

Azattyk.org 

23-июнда Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги стипендия тапшырылды. Стипендия Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кыргыз тилинен эң көп упай алган бүтүрүүчүлөр Астра Бактыбек кызы, (1-орун - 94 балл) Айсулуу Баталиева, (2-орун - 90 балл) Калыя Тыналиевага (3-орун - 87 балл) берилди. Уланбек Эгизбаев атындагы алгачкы стипендия өзү окуп кеткен мектептин мыкты үч бүтүрүүчүсүнө 2019-жылы ыйгарылган. Стипендия журналисттин... Читать дальше...

Новости России
Москва

Как поучаствовать в продаже иностранных ценных бумаг по указу №844


Дүйшөнбек Чоткараев саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараев саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылды. Бишкек шаардык сотунда 15-июнда ушундай чечим кабыл алынганын аталган мекемеден "Азаттык" радиосуна кабарлашты. Чоткараев Кылмыш кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 223-беренеси ("Экономикалык аткезчилик") менен шек саналып, 2020-жылдын ноябрында кармалган. Алтын аткезчилигине шек саналган Чоткараев УКМКнын тергөө абагына киргизилип... Читать дальше...

Садыр Жапаров ишкерлердин убарасын көбөйткөн чиновниктерди сындады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Бишкекте ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда мамлекеттик кызматкерлер ишкерлерди колдошу керектигин билдирди. Ал бюрократия кылып, ишкерлердин ишин создуктурган чиновниктер кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айтты. “Ушул күнгө чейин ишкерлер чиновниктердин аркасынан чуркап жүрсө мындан ары тескерисинче болот. Министрлер ишкерлерге “мына шарт түзүп берейин” деп турушу керек. Антпесек биз мамлекетти көтөрө албайбыз. Министрликтерде ишкерлердин... Читать дальше...

Дзюдочу Владимир Золоев Олимп оюндарына жолдомо алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Жапониянын Токио шаарында өтө турган Жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясы 22-июнда кабарлады. Буга чейин кыргызстандык 15 спортчуга Олимп оюндарына жолдомо берилген. Токиодогу жайкы Олимп оюндары быйыл 23-июлдан 8-августка чейин болот. Төрт жылда бир уюштурулчу эл аралык спорт мелдеши 2020-жылы коронавирустан улам өтпөй калган. (SE)

Министрлер кабинети ишкерлерге 50 бизнес-долбоор сунуштады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун 23-июнда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жыйынында инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов Министрлер кабинетинде 250 инвестициялык долбоор бар экенин билдирди. Ал энергетика, айыл чарба тармагында даярдалган 50 долбоорду ишкерлерге сунуштады. Шыкмаматов Камбар-Ата ГЭСи, Каракол кичи ГЭСтери жана Таластагы соода-логистикалык борборду куруу үчүн даярдалган долбоорлорду тааныштырды. 29-январда президент Садыр Жапаров «Менчикти коргоо... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина вошла в десятку Чемпионской гонки WTA






День подснежника и День полиграфии: какие праздники отмечают в России и мире 19 апреля

Право штрафовать по камерам намерены передать региональным властям

Бастрыкин запросил доклад по делу о нападении на журналистов в Москве

Всероссийский образовательный форум стартовал на Ставрополье