АКШ Косового жарым миллион доза вакцина жөнөтөт
Кошмо Штаттар Косового Pfizer вакцинасынын 500 миллион дозасын жөнөтөт. Ак үй "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, вакциналар 3-октябрдан баштап жеткирилет. Өткөн айда АКШ Косового 35 миң доза жөнөткөн. 1,8 миллион калкы бар Косоводо коронавируска чалдыккандардын саны өсүп жатат. Соңку бир суткада бул өлкөдө коронавирустан 32 киши көз жумуп, инфекция кеминде 1600 адамдан табылды. Ал арада бир катар мамлекеттер коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын саюуга уруксат берип жатат. Читать дальше...