Панжшерде айыгышкан салгылашуу жүрүп жатат
Ооганстандын талибдерге каршы акыркы таянычы - Панжшер өрөөнүндө айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканы кабарланып, ар бир тарап жеңгенин билдиришүүдө. Ал арада АКШ армиясынын Биргелешкен штабдарынын кол башчысы Марк Миллей Ооганстан кеңири “жарандык согуш” коркунучуна кептелгенин эскертти. “Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Билал Карими согушкерлер Панжшердеги жети райондун бешөөнү ээлеп алышканын билдирди. Өрөөн Кабулдан 100 чакырымдай алыс жайгашкан. Кариминин айтымында, согушкерлер Панжшердин борбору Базаракка жакындашууда. Читать дальше...