ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 07.09.2021

Президенттин деми, жаштардын сүйүүсү. Кыргызстан-Бангладеш футболдук мелдешинен сүрөттөр

Sputnik Кыргызстан (sport) 

7-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кайрадан футбол сүйүүчүлөрү үчүн майрам болду. Бул ирет Кыргызстан Бангладештин футболчулары менен беттешип, аларды 4:1 эсебинде жеңди.

Ооганстанда бийликти басып алган талибдер жаңы өкмөт түздү

Azattyk.org 

Ооганстанда бийликти басып алган "Талибан" кыймылы жаңы өкмөттүн курамын жарыялады. Мамлекеттин башына 60 жаштагы, радикалдуу кыймылдын жетекчиси Хайбатулла Ахунзада отурду. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу молдо Мохаммад Хасан Ахунд буга чейин кыймылдын Башкаруу кеңешин жетектеген. Бул тууралуу "Талибандын" маалымат катчысы Забиулла Мужахид билдирди. Чалгын министри болуп Гуантанамодогу америкалык түрмөдө 12 жыл отурган Абдул Хак Васик дайындалды. Ички иштер министри – "Хаккани түйүнү" тобунун негиздөөчүсүнүн уулу Сиражуддин Хаккани... Читать дальше...

Футбол: Кыргызстан Бангладешти 4-1 эсеби менен утту

Azattyk.org 

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн беттеште Кыргызстандын улуттук курама командасы Бангладешти 4-1 эсеби менен утту. Оюнду президент Садыр Жапаров дагы келип көрдү. Бишкекте "Үч улуттун кубогу" мелдеши өтүп жатат. Буга чейин кыргыз курамасы 2-сентябрда Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алган. Эл аралык футбол мелдеши 2-сентябрда башталды. Ага Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда. 5-сентябрда... Читать дальше...

КМШ оюндарында Кыргызстан самбодон беш коло байге алды

Azattyk.org 

Татарстандын Казан шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында кыргызстандык беш спортчу самбо боюнча таймаштарда коло байгенин ээси болду. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 7-сентябрда самбо боюнча эркектер жана кыздар арасында жети салмак боюнча таймаштар өттү. Анын жыйынтыгында кыздар арасында Канышай Аманкулова (50 кг) жана Элла Мусаева (+80 кг), эркектер арасында Алай Сартов (71 кг), Тимурлан Токтоболотов (88 кг), Алымбек Адил уулу (98 кг) 3-орунду ээледи. Азыркы тапта Кыргызстан эки алтын... Читать дальше...

Абактагы Жеңиш Молдокматовго дагы төрт кылмыш иши ачылды

Azattyk.org 

Камактагы оппозициялык саясатчы, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго дагы төрт кылмыш ишине, алты берене менен шектүү экени тууралуу билдирме берилди. Бул тууралуу анын адвокаты Кантемир Турдалиев "Азаттыкка" билдирди. Молдокматовго буга чейин 5-6-октябрь күндөрү "башаламандык уюштурган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Кийин ага 9-октябрдагы тополоң боюнча дагы бир кылмыш иши кошулган. Бул иштер боюнча тергөө бүтүп, анын жыйынтыгында "Курал-жаракты тартып алуу же уурдоо"... Читать дальше...

Чет элдик студенттерди кооптондурган коопсуздук

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларда миңдеген чет элдик студент билим алат. Алар Ооганстандагы акыркы кырдаалдан улам коопсуздугунан бир аз чочулай башташкан. Андан сырткары, социалдык тармактардын жергиликтүү сегментинде чет өлкөдөн келген жарандарга карата терс пикирлер көп жазылууда.



Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишим бекитилди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров "Венгрия-Кыргыз" өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Макулдашуу ушул жылдын 8-апрелинде түзүлгөн. Фонд эл аралык уюм болуп, анын уставдык капиталы 16 миллион долларды түзөт жана Венгрия бул уставдык капиталды 50 миллион долларга чейин көбөйтүү ниетин билдирген. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылы 29-сентябрда Венгрияга жасаган сапары учурунда ал өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан  Кыргызстанга насыя түрүндө 50 миллион доллар бөлүнөрүн  айткан. Читать дальше...

Стадиондо футбол көрүп, спортчуларды колдоп отурган Садыр Жапаров. Сүрөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Учурда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладештин спортчулары менен беттешип жатат. Азыркы тапта ата мекендик спортчулар 2:0 эсеби менен алдыда.

Таласта секелектерге ыдык көрсөтүүгө шектүү камалды

Azattyk.org 

Таласта секелек кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шек саналган жаран эки айга тергөө абагына камалды. 5-сентябрда Талас шаарынын төрт тургуну 6-7 жаштагы кыздарына сексуалдык ыдык көрсөткөн деп, кошуна жашаган 24 жаштагы А. Т. аттуу жарандын үстүнөн милицияга кайрылган. Ошондон кийин Талас облустук ички иштер башкармалыгы арыздын негизинде Жазык кодексинин 165-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен сотко чейинки териштирүү ишин баштаганын кабарлады. Ыдык көргөн кыздардын жакындарынын айтымында... Читать дальше...

Абактагы аялдар ыдык көрдүк деп арызданышты

Azattyk.org 

Мугалимдер менен дарыгерлер ипотеканын пайызы боюнча митингге чыгышты. Гаага сотунда малайзиялык учакта курман болгондордун жакындарына сөз берилди. Жалал-Абадда тергөө абагында отурган аялдар кызматкерлердин кордугуна кабылганын айтып чыгышты.

10 жыл иштеген мугалимге миллион сом төлөп берүү демилгеленди

Azattyk.org 

Мектепте 10 жылдан ашык убакыт эмгектенген мугалимге миллион сом төлөп берүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында кабарланды. Мыйзам долбоорун депутаттар Жанарбек Акаев менен Абдывахап Нурбаев жазган. Анда мектепте 10 жыл иштеген мугалимге миллион сом төлөп берүү жана республикалык, эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүсү болгон мектеп окуучусун даярдаган мугалимге үч айдын айлыгынын өлчөмүндөгү сыйлык берүү каралган. Сыйлыкты берүүнүн тартибин Министрлер кабинети аныкташ керек. Читать дальше...

Бир катар саясий партиялардын тилектештик курултайы өттү

Azattyk.org 

Бүгүн, 7-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда “Реформа” партиясынын демилгеси менен Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата саясий партиялардын “Эркиндик-Эгемендик” аттуу тилектештик курултайы өттү. "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова жыйынга "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов, "Ыйман нуру" партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков баштаган бир катар партиялардын өкүлдөрү катышканын билдирди. Курултайда... Читать дальше...

COVID-19: Кубада балдарды эки жаштан тарта эмдөө башталды

Azattyk.org 

Кубада дүйнөдө биринчи болуп, балдарды эки жаштан тарта эмдөө башталды. Бул үчүн жергиликтүү өңдүрүштөн чыккан Abdala жана Soberana препараттары колдонулат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки вакцинаны тең расмий каттай элек. Кубада пандемиянын айынан мектептер 2020-жылдын мартынан бери жабык турат. Быйыл окуу жылы 6-сентябрда башталды. Сабактар телевизордо көрсөтүлөт. Анткени көпчүлүк кубалыктарга интернет жеткиликтүү эмес. Кубанын бийлиги мектептерди октябрдан тарта балдар менен өспүрүмдөр толук... Читать дальше...

Футбол: Кыргызстан Бангладеш менен ойнойт

Azattyk.org 

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы "Үч улут кубогунун" алкагында Бангладеш менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат. Буга чейин кыргыз курамасы ушул эле кубоктун алкагында 2-сентябрда Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Эл аралык футбол мелдеши 2-сентябрда башталган. Турнирге Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда. 5-сентябрда... Читать дальше...

Аба ырайы: Күн ысык болот

Azattyk.org 

8-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 26…31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29; Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 25…30 градуска чейин жогорулайт. 8-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Читать дальше...

Новости России
Москва

Собянин назначил нового главу Стройкомплекса Москвы


Азимжан Аскаровдун иши кайра тергелет

Azattyk.org 

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2020-жылы түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра тергөөгө даярданууда. Бул тууралуу кыргыз тарап 6-сентябрда Брюсселде Кыргызстан менен Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун 11-отурумунда билдирди. Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта, отурумда кыргызстандык укук коргоочу Аскаровго байланыштуу маселе козголгонун, "калыс жана ачык тергөө зарыл" экени айтылган.  Тышкы иштер министрлигинин басма сөз... Читать дальше...

Кабулда "Талибан" демонстранттарды таркатуу үчүн ок атты

Azattyk.org 

Кабулда бийликти басып алган “Талибан” кыймылынын жоочулары Пакистандын элчилигинин алдына чыккандарды кууп-таркатуу үчүн асманга ок атышты. Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча айтыла элек. Нааразылыкка чыккандар - негизинен аялдар Пакистанды оогандыктардын "ички ишине кийлигишип жатат" деп айыпташты. 70тей киши Пакистандын Ооганстанга карата саясатын айыптап, кыйкырып турушту. Жергиликтүү маалымат каражаттары нааразылык Пакистандын мекемелер аралык тыңчылык кызматынын жетекчиси, генерал... Читать дальше...

COVID-19: Чымкентте, Актөбөдө балдарды эмдөөгө каршы акция өттү

Azattyk.org 

7-сентябрда Казакстандын кеминде эки шаарында балдарды коронавирустан тегиз эмдөөгө каршы болгондор акцияга чыгышты. Чымкентте 20га чукул аялдын шаардык бийликтин алдына барып, аким менен жолугуу аракетинен майнап чыккан жок. Алар балдарды мектепке жиберүүгө жана коронавирустан эмдөөгө каршы экенин айтышты. Нааразылыкка чыккандардын арасында көп балалуу жана майып балдарды караган энелер жүрдү. Полиция чогулгандарга сырттан көз салып турду. Ушундай эле акция Актөбөдө да өтүп, ага 20дай киши чыкты. Читать дальше...

Коргоо министри күтүүсүз алмашты, кадр саясаты талкуу жаратты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров коргоо министрин күтүүсүз алмаштырды жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине генерал наамдарын ыйгарды. Таалайбек Өмүралиев Министрлер кабинети куралган үч айдын ичинде алмашкан бешинчи министр болуп калды. Бул кадам кадр саясаты жана наамдар тууралуу талкууну кайра козгоду.  Садыр Жапаров 6-сентябрда Таалайбек Өмүралиевди "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген негизде кызматтан бошотту. Анын ордуна Бактыбек Бекболотовду коргоо министри кылып дайындады. Президенттин администрациясы... Читать дальше...

"Талибан" аялдарга жаңы "дресс-код" киргизди

Azattyk.org 

"Талибан" Ооганстандагы жогорку окуу жайларда иштеген жана билим алган кыз-келиндерге жаңы "дресс-код" киргизди. Ага ылайык, аялдар денесин толук жапкан кара кийим жана колдоруна мээлей кийип жүрүшү керек. Ошондой эле кыздар менен балдарга класста чогуу отурууга тыюу салынат. "Талибан" Ооганстанда гендердик сегрегацияга жол ачкан жана жеке менчик университеттер менен колледждердеги аялдар кандай кийиниши керектигин аныктаган жаңы эрежелерди киргизди. Мындай чектөөлөр камтылган декретти талибдер... Читать дальше...

Айдоочуну аткан окуяга байланыштуу 22 милиция кызматкери жоопко тартылды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында айдоочуну аткан окуяга байланыштуу Ички иштер министрлигинин 22 кызматкери жоопко тартылды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. "Азыр төрт кызматкер УКМКнын тергөө абагында. Ички иликтөө кызматы териштирүү жүргүздү. Анын негизинде 22 кызматкер жоопко тартылды. Анын ичинен бир кызматкер ички иштер органдарынан кетирилди. Тогузу кызмат ордунан бошотулду. 12си тартип жазага тартылды", - деди Абдиев. 27-августтун... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина о смене гражданства: «Я никому ничего не доказываю. В меня поверил Казахстан, чему я очень рада»






Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о догазификации СНТ  

Лавров заявил, что Россия по-прежнему считает Армению союзником

Александр Легков принял участие в уборке территории мемориала погибшим летчикам экипажа ТБ-3 в Красноармейске

Профессор Орехово-Зуевского вуза провел мастер-классы для тренеров по хоккею