Парламент тыңшоо боюнча маалымат укту
Жогорку Кеңештин 8-сентябрдагы жыйынында парламенттин айрым депутаттарынын телефондору тыңшалганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулду. Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев баяндама жасап, башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев менен УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу чакырылган. Бирок жыйынга Самидин уулу келген жок. Вице-спикер Аида Касымалиева анын келишин камсыздоо үчүн парламенттин аппаратына бир нече жолу кайрылды. Читать дальше...