ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 10.09.2021

Нарматов: Милиция үйдүн баарын аңтарды.

Azattyk.org 

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын атасы Көчкөнбай Нарматов "Азаттыкка" маек курду. Ал азыркы окуя бир жыл мурун аялынан, бир ай мурда жалгыз уулунан ажыраган ата үчүн оор экенин айтты. Нарматов кызы "чындыкты айткандыктан бийликке жакпай" кармалганын билдирди.

Орозайым Нарматова ИИМге сурак берип чыкты

Azattyk.org 

10-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Ички иштер министрлигинде бир нече саат сурак бергенден кийин бошотулду. Активист Ош аэропортунда кармалып, Бишкекке жеткирилген. Ага чейин ИИМ Нарматова бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаганы үчүн кармалганын маалымдаган. Активисттин кармалышы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. "Мени туугандарымдын үйүнө алып келишти" Нарматова сурак берип чыккандан кийин “Фейсбук” баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. “Азыр мени... Читать дальше...

Активист Орозайым Нарматова кайрылуу жасады

Azattyk.org 

Укук коргоо органдары тарабынан Ош эл аралык аба бекетинен кармалып, Бишкекке жеткирилген активист, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова сурак берип чыккандан кийин “Фейсбук” баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. “Азыр мени атайын кызматкерлер туугандарымдын үйүнө алып келишти. Буюрса эртең менен Москва шаарына узатып коюшат. Менде баары жакшы! Тергөө иштерин ачыктабоо тууралуу кол койдум, түшүндүрүү иштери болду, рахмат баарыңыздарга”,- деп жазды ал. Анын алдында ИИМ Орозайым... Читать дальше...

Орусияда сот активист Мария Алёхинанын эркиндигин чектеди

Azattyk.org 

Москванын райондук соту “санитардык иштин” алкагында айыпталган активист Мария Алёхинанын эркиндигин бир жылга чектеди. Прокуратура эки жылдык мөөнөт берүүнү соттон суранган. Pussy Riot панк-тобунун мүчөсү 23-январда элди нааразалык акциясына чакырып, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузууга тукурган деп айыпталууда. Прокурорлор Алёхинанын чакырыгы коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучуна түткү болгон деп санашат. Активист мындай күнөөнү мойнуна албайт. "Санитардык иш" боюнча оппозициялык... Читать дальше...

ИИМ Орозайым Нарматова күбө катары суралып, бошотулганын билдирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Ош эл аралык аба бекетинен кармалып, Бишкекке жеткирилген активист, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова күбө катары суралгандан кийин бошотулганын билдирди. “Тергөө иш-чараларынын алкагында Орозайым Нарматова бүгүн ИИМдин тергөө кызматына көрсөтмө берүүгө алынып келинген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө кызматы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. ИИМдин тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары... Читать дальше...

Балаңыз чоочундарды ээрчийби? Аларды кантип коргойбуз?

Azattyk.org 

Талас облусунда 6-7 жаштагы секелек кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн учур катталды. Бул окуя коомду дүрбөлөңгө салды. Ушул тапта ар бир ата-эне балдарынын коопсуздугун ойлоп кабатыр болуп турган кези. "Азаттык+" балдарды кантип коргойбуз деген суроого жооп издеди.

Мадумаров: “Бүтүн Кыргызстан” баалуулуктары төп келбегендерди кошпойт

Azattyk.org 

“Азаттыктын” 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу - “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров. Саясатчы журналисттердин октябрь окуясынан кийинки коомдук-саясий тенденциялар, мамлекеттик жаңы башкаруу системасынын күңгөй-тескейи, парламенттик шайоого камылгалар жана тобокелчиликтер, “Бүтүн Кыргызстандын” шайлоого катышуу дымагы жана даярдыктары тууралуу суроолоруна жооп берди.



ИИМдин жанына Орозайым Нарматованын тарапташтары чогулду

Azattyk.org 

Укук коргоо органдары Ош эл аралык аба бекетинен кармап, Бишкекке жеткирген активист, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын тарапташтары Ички иштер министрлигинин имаратынын жанына чогулушту. Учурда активист ИИМде "күбө катары" сурак берип жатканы айтылууда. Буга чейин милиция Нарматова тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн министрликтин Тергөө кызматына жеткирилгенин билдирген. Маалыматтарда аны Оштон Бишкекке автоунаа менен алып келишкен. Активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда... Читать дальше...

Нарматованын камалышы саясий талкууларды кызытты

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованы “кастыкты козутуу” иши боюнча кармаганын билдирди. Ооганстандан 35 этностук казак Астанага алынып келинди. 10-сентябрь - Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн көрүнүктүү инсандардын бири Касым Тыныстановдун туулган күнү.

Москва менен Минск жалпы энергетикалык базар түзөт

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин жаратылыш газынын жалпы базарын түзүүнү Александр Лукашенко менен макулдашканын, Москва Минскиге жүз миллиондогон доллар кошумча каражат берерин айтты. Путин Лукашенкону мактап, Беларуста бир нече айлап созулган саясий олку-солку кырдаал "жөндөлгөнүн" белгиледи. Бейшембиде эки лидер Москвада үч сааттан ашуун жолуккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Алар эки өлкөнүн экономикасын жана саясий түзүмүн бириктирчү "союздук мамлекет" түзүү тууралуу... Читать дальше...

Текебаев Нарматовага жасаган бийликтин аракетин "зордук-зомбулуктун үлгүсү" деп сыпаттады

Azattyk.org 

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын кармалышын “элдин эркин сындырууга, элди коркутууга багытталган мамлекеттик акция” деп баалады. Саясатчынын мындай билдирүүсү “Ата Мекен” партиясынын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланды. Өмүрбек Текебаев ИИМдин “Нарматова иш-чараларда дайыма Кыргызстандын жарандарынын жана чет жактагы мигранттардын арасында нааразы маанайды күчөтүү үчүн өлкөнүн саясий жетекчилигинин дарегине карата... Читать дальше...

Улуу актер Советбек Жумадылов уялганда...

Azattyk.org 

2000-жылы Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун театр жана кино факультетине декан болуп дайындалдым. Жаңы алынган актердук курстун чеберчиликтен берчү окутуучусунун орду бош болуп турду. Улуу актердун чеберчилигин окуучулар үйрөнүп калсын деген максатта сентябрда Советбек Жумадыловду окутуучу болууга эптеп көндүрүп, макулдаштык. Бир күнү апта башында чаар шапке кийип институтка келип, 119-аудиторияга актердук курстун балдарын чогултуп, улуу актер менен тааныштырып... Читать дальше...

RSF тажик бийлигинен журналистти эркиндикке чыгарууну талап кылды

Azattyk.org 

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Sans Frontières - RSF) уюму Тажикстандын бийлигинен 16 жылга кесилген, журналист жана "Ислам кайра жаралуу партиясынын" активисти Хикматулло Сайфуллозодага мунапыс берип, эркиндикке чыгарууну талап кылды. Эл аралык уюмдун билдирүүсүндө Сайфуллозода 2015-жылдан бери түрмөдө отурганы, саламаттыгы начар экени белгиленген. Тажик президенти Эмомали Рахмон өлкөсүнүн эгемендигинин 30 жылдыгын утурлай жазага тартылгандарга мунапыс жарыялаган. Читать дальше...

ИИМ Нарматова Тергөө кызматына жеткирилгенин билдирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн министрликтин Тергөө кызматына жеткирилгенин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, укук коргоо органдары Интернетте укукка каршы аракеттерди аныктоо, бөгөт коюу боюнча мониторинг жүргүзүп жатат. Анын алкагында Нарматованын билдирүүлөрүндө мыйзамга каршы келген чакырыктар табылганы кабарланды. “Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга,... Читать дальше...

ТИМ 74 миң кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынганын билдирди

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын 74 миң жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынганын, алардын көбүнө мындай чечимди сот чыгарганын билдирди. Орусиянын мыйзамдары боюнча, оор кылмыш жасап же олуттуу мыйзам бузуп “кара тизмеге” илинген чет өлкөлүктөргө Орусияга кирүүгө биротоло тыюу салынат. Административдик мыйзам бузгандардын көбү үч-беш жылга чейин өлкөгө кире албайт. Тышкы иштер министрлиги “кара тизмеге” киргизилген Орусиядагы журтташтарга бул өлкөгө кирүүгө тыюу салуунун мөөнөтүнүн аякташын күтүү керектигин билдирди. Читать дальше...

Жанын кыйгандардын үнсүз кыйкырыгы

Azattyk.org 

10-сентябрь суицидге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Дүйнөдөгү ар бир жүзүнчү өлүм өз жанын кыюу менен ишке ашат. Кыргызстанда аймактарга бөлүп келгенде Ысык-Көлдө өз жанын кыйгандардын саны көп, экинчи орунда Чүй, анан Нарын облусу турат. Дүйнөдө ар бир 40 секундда бирден адам өз жанын кыят. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жылына 700 миң адам жашоодон аша кечкенин эсептеп, жылына суицидден ВИЧ, безгек, эмчек рагы же болбосо согуштан да көп адам көз жумарын маалымдады. Кыргызстанда акыркы жылдары... Читать дальше...

"Бир чокоюм эрип кетти"... Мончонун күлүнө күйгөн баланын абалы оор

Azattyk.org 

Караколдогу жеке менчик мончонун күлү төгүлгөн жайдан күйүк алган кичинекей наристе Бишкекте дарыланууда. Наристенин ата-энеси коопсуздук эрежесин сактаган эмес деп мончонун ээсин күнөөлөп жатат. Азыр жети жаштагы бала Бишкектеги төртүнчү шаардык ооруканасынын күйүк бөлүмүндө. Дарыгерлер баланын денесинин 20% жакыны күйүп, таманындагы тарамыштары да катуу жабыркап калганын айтышууда. "Мен дөңгө чыгып ойноп жаткам, анан тайып кетип кулап кеттим. Бутум катуу ооруду, канады, мен үйгө чейин араң басып келдим. Читать дальше...

Чаткалда эл "Эти Бакыр Терексайдын" иши менен таанышты

Azattyk.org 

Чаткалдагы “Эти Бакыр Терексай” ишканасы 10-сентябрда Терек-Сай айылынын тургундары үчүн тааныштуруу турун уюштурду. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады. Турга тоо кен казуу тармагында эмгектен 15ке жакын ардагерлер катышып, өндүрүштө колдонула турган жаңы технологиялар менен таанышты. “Кен иштетүүдө жүгүртмө сууну пайдалануу системасы киргизилип, суунун кошулмасын көп жолу пайдаланып, калдык сактоочу жайга төгүлбөйт. Бул деген, зыяндуу заттар дарыяга кошулуу коркунучу толугу менен жокко чыгарылат дегенди түшүндүрөт”... Читать дальше...

Новости России
Москва

«Где ваши манеры?»: интервью со звездным экспертом по этикету Дианой Булатовой


“Азаттык” жарыялаган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Azattyk.org 

"Азаттык" радиосунун Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу онлайн сынагы жыйынтыкталды. Сынакка кыргыз жана орус тилдеринде 50дөй материал келип, жарактуу делген 30дан ашуун макала, баяндар azattyk.org сайтына жарыяланды. Катышуучулардын көпчүлүгү 30 жыл ичиндеги өлкөдөгү оош-кыйыштарга токтолуп, өлкө экономикалык жактан бутуна тура албай жатканын, миграция көйгөйүн, коррупциянын кесепетин, коомдогу аң-сезим, билим берүүдөгү чабалдыктар, эгемендүүлүккө шек жараткан коркунучтарга кайрылып... Читать дальше...

Улуттук борбор жабык жайларда медициналык жардам көрсөтүү начарлаганын билдирди

Azattyk.org 

№1 тергөө абагында жаткан 66 жаштагы жарандын №47 мекемесине которуу өтүнүчү өз убагында канааттандырылбай калгандыктан каза болуп калган. Бул тууралу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор 10-сентябрда тараткан маалыматта айтылат. Мекеме Кыргызстандагы абак жайларда өз убагында медициналык жардам көрсөтүү начарлаганын белгилейт. "26-июлда ал оор абалында №47 жаза аткаруу мекемесине тез жардам менен жеткирилип, 10 күндөн кийин каза тапкан. Өкмөттүн токтомуна карабай, Азиз Батукаевдин чуулгандуу ишинен улам... Читать дальше...

АКШ менен Кытайдын лидерлери жети айдан кийин телефондон сүйлөштү

Azattyk.org 

Дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн АКШ менен Кытайдын лидерлери соңку жети айда алгачкы жолу телефондон сүйлөштү. Ак үй тараткан билдирүүдө АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин "терең стратегиялык" сүйлөшүүсүндө "биздин жалпы кызыкчылыктар, баалуулуктар жана күткөнүбүз дал келген маселелер талкууланды" - деп айталат. Быйыл январда Байден расмий бийликке киришкенден тарта кытай лидери менен эки гана жолу сүйлөштү. Чоң экономикасы бар эки державанын мамилесинде бир топ жылдан бери соода-сатыкка... Читать дальше...

USAID Жалал-Абадда сарымсак өндүрүшүн кеңейтүүгө колдоо көрсөттү

Azattyk.org 

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда сарымсакты кайра иштетүүчү ишкананы кеңейтүүгө жана анын экспортун көбөйтүүгө колдоо көрсөттү. "Агросоода" долбоорунун алкагында Жаңылай Капарова жетектеген ишканага жапайы сарымсакты кургатуу жана кесүүчү жабдуу тапшырылды. Ондогон жаңы жумуш орундары түзүлүп, Өзбекстанга сарымсактын экспортунун көбөйүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады. "Жаңы жабдуулардын... Читать дальше...

ИИМ Нарматованы Бишкекке жеткирүү боюнча тапшырма бергени маалым болду

Azattyk.org 

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абилбек Алимкулов "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын иши боюнча маалымат берди. “Орозайым Нарматованы Бишкекке суракка жеткирүү тууралуу тергөө тапшырмасы келген. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында суракка алуу, адамды жеткирүү боюнча тапшырма берилет. Биз аны аткарганга милдеттүүбүз. Ошондуктан биз Орозайым Нарматованы аэропорттон алып Бишкекке жөнөткөнбүз. Иш козголсо эле камап салат деп ойлобош керек”. Читать дальше...

Милиция Орозайым Нарматованын үйүндө тинтүү жүргүздү

Azattyk.org 

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын үйү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абилбек Алимкулов билдирди. Анын айтымында, 10-сентябрда Ош облустук милициясы Бишкек милициясынын тапшырмасы менен активисттин Өзгөн районундагы үйүн тинтүүгө алды. “Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тинтүүгө алдык. Анын негизинде тиешелүү материалдарды Бишкекке жөнөттүк. Эч кандай мыйзам бузуу, каршылык болгон жок”. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Хромачёва и Бабош выиграли турнир WTA в Руане в парном разряде






Шойгу отстранил арестованного Иванова от должности заместителя министра обороны

Выпуск инновационных протезов наладят в Подмосковье

Более 4,6 млн саженцев виолы посадят в Москве

ОНК: Арестованный замминистра обороны Иванов заявил о стабильном состоянии