ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 13.09.2021

Тендердеги Түмөнбаевдин карааны иликтене баштады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаевди кызматтан алды. Мындан мурда Temirov LIVE каналы ишканадагы жарым миллиард сомдук тендер тууралуу иликтөөсүн жарыялап, аны уткан ишкана менен Түмөнбаевдин байланышы бар экенин жарыялаган. Temirov LIVE каналы жарыялаган иликтөөдө "Унаа" мамлекеттик ишканасы транспорт каражаттарын каттоочу күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоого жарыялаган 518,5 млн. сомдук тендерди уткан “Госзнак” жоопкерчилиги... Читать дальше...

Коронавирус шоуменди кырчын курагында алды

Azattyk.org 

Бир катар телеканалдарда көңүл ачуучу программаларды алып барып жүргөн Алексей Филатов 12-сентябрга караган түнү пневмониядан көз жумду. Тырмактайынан журналистикага умтулган талант Алексей Филатов коронавируска чалдыккан соң 12 күндөй үйүндө дарыланган. Андан соң абалы оорлошо баштаганда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында он күндөй жаткан. Анын абалы 10-сентябрда кескин начарлап, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Дарыгерлердин жасаган аракетине карабастан Филатов 12-сентябрга караган түнү ооруканада жан берген. Читать дальше...

Кабулга Пакистандан жүргүнчү учак конду

Azattyk.org 

Кабул аэропортуна «Пакистан аба жолдорунун» жүргүнчү ташыган учагы конду. Бул ушул айдын башында дүйнө өлкөлөрү Ооганстандан өз жарандарын жана коопсуздугу коркунучта турган жергиликтүүлөрдү чыгарып кеткенден берки алгачкы коммерциялык каттам. «Франс пресс» агенттигинин жазышынча, 13-сентябрда Пакистандын борбору Исламабаддан учуп чыккан учакта 10 адам болгон. «Пакистан аба жолдору» компаниясынын өкүлдөрү лайнер бардык уруксат менен Ооганстанга учканын билдирди.  Өткөн аптада компания Кабулга... Читать дальше...

Лондон: "Уйгур трибуналында" казактар көрсөтмө берди

Azattyk.org 

Британиянын башкалаасы Лондондо Кытай өкмөтүнүн Шинжаңда байыр алган уйгур, казак, кыргыз жана башка улуттук азчылыктарга карата саясаты тууралуу угуулар улантылды. 12 -сентябрдагы жыйынга катышкан бир нече казак көрсөтмө берди.

Тендер чыры: "Унаанын" жетекчиси кызматтан кетти

Azattyk.org 

Тендер чырынан улам "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды. Алдамчылыкка шек саналып кармалган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов эки айга камакка алынды. Бул окуя партиялык бизнес маселесин козгоду. Бириккен Улуттар Уюму Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча эл аралык конференция өткөрөт. Женевадагы иш-чарага уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш баштаган 40тан ашык өлкө өкүлдөрү катышат.

Өзбекстанга кире качкан ооган учкучтары АКШ базасына чыгарылууда

Azattyk.org 

Кабул талибдердин колуна өткөндө Өзбекстанга кире качкан оогандык учкучтар америкалык базага которула баштады. Ал эми тажик бийлиги түн ичинде Ооганстандан ооп келген 100 чакты кишини кабыл алганы кабарланды. Ал тапта БУУ Ооганстанга гуманитардык жардам берүүгө үндөдү. Оогандык учкучтар АКШнын Бириккен Араб Эмираттарындагы базасына жеткирилип жатат. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жекшембиде республикачыл сенатор Огюст Пфлюгердин кеңсесине таянып жазды. Буга чейин Wall Street Journal... Читать дальше...

COVID-19: Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардам келди

Azattyk.org 

Кытайдын Синьцзян-уйгур автоном району Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жардамын жөнөттү. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы, жүк 13-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортуна келип түшкөнүн кабарлады. Гуманитардык жүк 3 млн. даана бир жолу колдонулуучу бет кап, 100 миң даана N95 медициналык маска, 20 миң коргонуучу костюмдан турат. Аны министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов кабыл алды. Читать дальше...

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатына катышат

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76) 2-10-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өтө турган кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатына катышат. Бул маалыматты Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, учурда спортчу кыздар Ысык-Көлдө машыгууда. 28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова буга чейин дүйнө чемпионатында алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло (Париж, 2017-ж.) медал тагынган. Читать дальше...



Орусия: "кара тизмеге" кирген мигранттар көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын 74 миңдей жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынды. Адистердин эсебинде, "кара тизмеге" киргендердин саны мындан алда канча көп. Ал арада Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарды 30-сентябрга чейин документтерин эреже-талаптагыдай ирээтке келтирүү керектигин эскертти. Москвада иштеп жүргөн Марат ушул жылдын май айында Кыргызстанга келип, кайра кайтарда "кара тизмеге" кирип калганын билген. Анын айтымында, эки айып пулдун айынан ага Орусияга кирүүгө тыюу салынган.  "Кыргызстанга 3-майда билет сатып алгам... Читать дальше...

Аксыда эки кишиге күйдүргү жукканы аныкталды

Azattyk.org 

Аксыда күйдүргү жуккан деген шек менен ооруканага жаткан жети кишинин экөөнөн илдет аныкталды. Беш бейтапты текшерүү уланууда. Оору аларга союлган уйдун этинен жуккан. Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдиевдин айтымында, бейтаптар райондук ооруканада дарыланышууда. Баарынын абалы туруктуу. Этти жеген дагы 41 адам күйдүргүгө каршы атайын антибиотиктерди үйдө ичип жатышат. Алардын ону 14 жашка чейинкилер. Мал Кара-Суу айылында союлуп... Читать дальше...

Президент Садыр Жапаров Тажикстанга барат

Azattyk.org 

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө 16-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өтөт. Тажик президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтө турган жыйынга уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары катышат. Бул тууралуу маалымат Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды. Анда ЖККУга кирген өлкөлөрдүн президенттери Александр Лукашенко (Белорус), Касым-Жомарт Токаев (Казакстан), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Владимир Путин (Орусия)... Читать дальше...

Британияда Шинжаңдагы "лагерлер" боюнча сотто казактар көрсөтмө берди

Azattyk.org 

Британиянын башкалаасы Лондондо Кытай өкмөтүнүн Шинжаңда байыр алган уйгур, казак, кыргыз жана башка улуттук азчылыктарга карата саясаты тууралуу угуулар улантылды. 12 -сентябрдагы жыйынга катышкан бир нече казак көрсөтмө берди. Шинжаңда туулуп өскөн казак тектүү Орунбек Көксебек, Эргазы Отарбай жана Бахытали Нур Кытайдын саясий лагерлеринде кармалып, кийин тарыхий мекенине кайтып келишкен. Азыр үчөө тең Казакстанда жашашат. Лондондогу угууга атайын барып,  көргөн кыйноолорун айтып беришти. Бакытали Нурдун айтымында... Читать дальше...

Шереметтин ишин караган судьянын сөөгү табылды

Azattyk.org 

Белгилүү журналист Павел Шереметтин өлүмү боюнча ишти караган судья Виталий Писанецтин сөөгү Киевдин четиндеги айылдан табылды. Анын кандай жагдайга каза болгону тууралуу кеңири маалымат жок. Украинанын Тергөө боюнча мамлекеттик бюросу “киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону дайын болду. Писанец Шереметтин өлүмү боюнча ишти карап, кармалган айыпталуучулардын абактагы мөөнөтүн бир нече жолу узарткан эле. 2016-жылдын 20-июлда Киевде Павел Шереметтин машинеси жардырылып, өзү мерт кеткен. Читать дальше...

Британия коомдук жайларда эмдөө паспортун талап кылбайт

Azattyk.org 

Британиянын бийлиги түнкү клубдар жана башка коомдук жайларга кириш үчүн коронавируска каршы эмделгени жөнүндө паспорт талап кылбайт. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Сажид Жавид британ өкмөтү азырынча мындай чектөөнү киргизбей турууну чечкенин, бирок коронавирус жуктургандардын саны көбөйсө аны кайрадан карап чыгарын билдирди. Ушу тапта Европадагы Франция, Италия сыяктуу өлкөлөрдө эл көп жайларга кириш үчүн ушундай паспорт талап кылынат. Түштүк Африканын бийлиги эмдөө паспортун киргизүү планын жарыялады. Читать дальше...

Кылычбек Саркарбаев соттон акталды

Azattyk.org 

Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев "документ жасалмалоо" иши боюнча акталганын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева "Азаттыкка" билдирди. Ошондой эле, 2020-жылдын февралында Ошто болгон атышуу чырына да катышы жок деп табылган. Маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктап, мындай чечимди Ош шаардык соту 11-августта чыгарганын кабарлады. Саркарбаев Спорт комитетинин башында турганда "кызмат абалынан кыянат пайдаланганы" боюнча иши да "кылмыш белгилери табылбагандыктан" кыскартылган. Читать дальше...

Чек ара жаңжалы: Лейлекте беш кишинин соту болуп жатат

Azattyk.org 

Чек арадагы куралдуу жаңжалда кыргызстандык беш киши тажикстандыктарга көмөктөшкөн деп шек саналууда. Алардын иши боюнча кезектеги отурум Лейлек райондук сотунда 15-сентябрда болот. Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы соттук териштирүү аягына чыга электигин, кошумча маалымат кийин берилерин билдирди. "Азаттыктын" жеке булактары кабарлагандай, шектүүлөр жаңжалда үй-жайын таштап качкан кыргызстандыктардын мүлкүн талап-тоноого кошуна мамлекеттин жарандарына жардам берген. Милиция алардын... Читать дальше...

БУУнун Ооганстанга жардам чогултуу боюнча жыйыны башталууда

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюму 13-сентябрда Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча конференция өткөргөнү жатат. Женевада өтчү иш-чарага уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш баштаган 40тан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышкан жатат. Конференция быйыл согуш, коронавирус пандемиясы жана кургакчылыктан улам гуманитардык кризиске кептелген Ооганстанга 600 миллион доллар чогултуу максатын көздөйт. Буга чейин  БУУ огандыктар азык-түлүк кризисине туш болуп, ачарчылык алдында турганын эскерткен. Уюмдун Ооганстан боюнча чабарманы... Читать дальше...

Новости России
Москва

Опубликован план мира, способный улучшить отношения между Россией, Нато, Украиной


"Унаа" ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды

Azattyk.org 

Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин өкмөт башчы Улукбек Марипов транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн даярдоо боюнча тендерге байланыштуу аталган мекеменин иши текшериле баштаганын билдирген. Аны текшерүүнү президент Садыр Жапаров тапшырганы айтылган. Өкмөттүн маалыматына караганда, “Унаа” ишканасы быйыл 21-июлда жарыялаган тендердин... Читать дальше...

Жамбаштан ашыра чимирилте чапты. Кыргыз балбаны жасаган кооз ыкманын видеосу

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Россиянын Новосибирск шаарында эл аралык "Мемориал Нестеренко" юбилейлик мелдеши жыйынтыкталды. Ага Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Сербия жана Эстония мамлекеттеринин, ошондой эле РФтин 29 субъектисинин балбандары катышып, күч сынашты.

БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов эки айга камалды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовдун бөгөт чарасы каралып, 11-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлады. Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен шек саналып кармалып, камалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-сентябрда маалымдаган. Атайын кызматтын кабарында, Эшимовго каршы арыз түшкөн, кайрылган адам БШКнын мүчөсү "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганын билдирген. Читать дальше...

АКШ Пхеньяндын жаңы ракета сыноосуна кабатырланды

Azattyk.org 

Түндүк Корея өткөн дем алыштарда сынаган узак алыстыктагы ракета коңшу өлкөлөргө коркунуч туудурат. Бул тууралуу АКШнын Инд-Тынч океан командачылыгынын билдирүүсүндө айтылат. Анда «бул сыноо Түндүк Кореянын аскердик программасына ар дайым көңүл буруп жатканын жана коңшулар жана эл аралык коомчулук үчүн коркунуч жаратарын көрсөтөт» деп айтылган. Түндүк Кореянын бийлиги буга чейин узак алыстыктагы ракетанын сыноосу ийгиликтүү өткөнүн жарыялаган. Өлкөнүн борбордук маалымат агенттиги  ракета 1500 чакырымдык алыстыкты ийгиликтүү өтүп... Читать дальше...

Быйыл 159 миңге чукул окуучу 1-класска барат

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл 158-159 миңге чукул бала 1-класска барат. Бул тууралуу 13-сентябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мектеп босогосун биринчи аттаган балдардын так саны 20-сентябрдан кийин анык болот. Бишкек шаарында 16 миң 863 бала электрондук тизме аркылуу 1-класска катталган. Ош шаарында 2,5 миңге жакын. Нарын, Талас, Кара-Балта шаарларында миңден ашуун, Жалал-Абад шаарында 3 миңге жакын, Кара-Суу шаарында 865, Токмок... Читать дальше...

Конор Макгрегор сыйлык тапшыруу аземинде рэперге атырылып, чыр чыгарды. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Окуя 13-сентябрга караган түнү Бруклиндеги Barclays Center аренасында болгон. Макгрегор үч жыл мурда да ошол эле жердин унаа коюучу жайында UFC мушкерлери келе жаткан автобуска кол салып чыр чыгарган.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Хачанов объяснил, почему снялся с турнира ATP 500 в Барселоне






От кутюр. Алтайская неделя моды стартовала в Барнауле

В России научились остановить кровь за 15 секунд

Почему дети воюют со своими звёзными родителями

Муцениеце и Чуйков вместе вышли на красную дорожку ММКФ, держась за руки