Өзбекстанга качкан оогандардын аягы тыйыла элек
Ооганстандык качкындар Амударыяны кечип, Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга таянып, "Азаттыктын" өзбек кызматы жазып чыкты.
Ооганстандык качкындар Амударыяны кечип, Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга таянып, "Азаттыктын" өзбек кызматы жазып чыкты.
Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен кармалганын 14-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Асанов Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде баштаган сотко... Читать дальше...
Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-сентябрда "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айыпталып, кармалды. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Асанов “интернетте тарап жаткан "фейк" маалыматка” байланыштуу күбө катары ИИМге суракка чакырылган. Сурактан бир нече саат өткөндөн кийин кармалган. "Жазык кодексинин 309-"Бийликти күч менен басып алуу" деген беренеси. "Курсан Асанов бирөө менен сүйлөшүптүр" деген "фейк" маалымат бүгүн "Фейсбукта" жүргөн. Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин айланасындагылардын биринен коронавирус аныкталып карантинге кетерден мурун Москвада Сириянын президенти Башар Асад менен жолукту. Бул тууралуу Кремлдин сайтында шейшемби күнү кабарланды. Анда Путин Асадды президенттик шайлоодо утуп чыкканы менен куттуктап, акыркы жылдардагы кыйынчылыктарга карабай ишеним көрсөткөнүн билдирген. Ал ошондой эле Сирия оппозициясы менен диалог куруу зарылдыгын белгилеген. Орус президенти Сириянын башкы көйгөйү катары чет элдик аскерлердин мыйзамсыз жайгашканын атап... Читать дальше...
Түркмөнстандын борбору Ашхабадда коронавирустан көз жумгандардын саны кескин көбөйдү. Баш калаадагы өлүкканага жүздөгөн адамдын сөөгүн алып келип жатканын “Азаттыктын” түркмөн кызматы саламаттык сактоо тармагындагы булактарга таянып жазды. Андагы маалыматка ылайык, Чоганлы өлүкканасына 10-сентябрда 200дөн 300гө чейин адамдын сөөгү алып келинген. Ал эми көрүстөндөрдүн жумушчулары жай казганга жетишпегендиктен экскваторлор тартылган. “Азаттыктын” кабарчылары билдиргендей, үйүндө жатып каза болгондордун сөөгүн өлүкканага алып барышпай... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү соттоду. Судья ишке катышы бар беш кишинин үчөөнү жети жылдан, эки адамды алты жарым жылдан абакка кести. Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоору иштелип чыкты. Долбоор кабыл алынса 100% мамлекетке караштуу ишканаларга уран жана торий иштетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Ооганстандык качкындар Амударыяны кечип, Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылууда. Читать дальше...
Кыргызстандын Гуанчжоудагы жана Дубайдагы башкы консулдуктарында жетекчилик алмашты. 14-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Искендер Орусбаев Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы башкы консул кызматынан бошотулду. Бул кызматта ал 2018-жылдан бери иштеп келген. Анын ордуна Хомени Эргешов дайындалды. Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарындагы башкы консул болуп Тимур Абдижалил дайындалды. Бул кызматты 2017-жылдан бери Айбек Маматбеков аркалап келген. Жаңы консулдардын буга чейинки эмгек жолу тууралуу расмий маалымат берилген жок. Читать дальше...
Кыргызстанда Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. 14-сентябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү жарлыгына өзгөртүү киргизди. Анын негизинде жаңы агенттик Министрлер кабинетинин алдында иштей турганы аныкталды. Башкаруу тутумун оптимизациялоо жана «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамга ылайык, агенттик “жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, алардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды... Читать дальше...
Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-сентябрда "Бийликти күч менен басып алуу" деген айыптын негизинде кармалды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди. Жактоочунун айтымында, Курсанов ИИМге суракка “интернетте тарап жаткан фейк маалыматка” байланыштуу күбө катары чакырылган. Сурактан бир нече саат өткөндөн кийин кармалды: "Жазык кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" деген 309-беренеси. Курсан Асанов бирөө менен сүйлөшүптүр деген фейк маалымат бүгүн "Фейсбукта" жүргөн.
Он гүлүнүн бири ачыла электе адам уурдоо, кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө катышы бар адамдарга сот өкүмү чыкты. 14-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту адам уурдоого күнөөлүү деп үч адамды жети, эки адамды алты жарым жылга кести. Ошондой эле алардын баары биригип, маркумдун жакындарына моралдык жана материалдык зыян катары жалпы 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилди. Сот жараянына төрайымдык кылган судья Салтанат Есенкулова 14-сентябрдагы отурумда Жазык кодексинин 170-беренеси... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флайды кабыл алды. 14-сентябрда Бишкекте өткөн жолугушууга радионун Борбор Азия боюнча регионалдык директору Хамид Исмаилов жана кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева катышты. Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү иштөөгө даяр экенин белгиледи. Жалпыга маалымдоо каражаттары калыс болуп, ар тараптуу, кайсыл бир тарапка көбүрөөк артыкчылык бербей, дүйнөдө таанылган... Читать дальше...
Министрлер кабинети өлкөдө уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Уран жана торийди мамлекеттик ишканалар гана иштетет Энергетика жана өнөр жай министрлиги даярдаган “Жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, 100% мамлекетке караштуу ишканаларга гана уран жана торий иштетүүгө уруксат берилет. Алар инвестор таап, биргелешкен компания түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар. (Долбоор) Энергетика жана өнөр жай министринин... Читать дальше...
Бишкекте баскетболдун 3х3 түрүнөн Кыргызстанын ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган. Анда Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан жалпы 80 команда күч сынашты.
2021-жылдын сегиз айында республика боюнча 1966 өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 29,8% көп. 2020-жылы 1515 өрт катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 25 адам (2020-жылы 14 адам) каза таап, 36 адам жабыркаган (2020-жылы 21). Тилсиз жоодон 26 адам куткарылып, 8 млрд. 389 млн. 727 миң сомдук мүлк сакталган. 1248 өрт турак жайда чыгып, тилсиз жоонун жалпы санынын 63,5 % түзгөн. Өрт негизинен электр жабдууларын... Читать дальше...
"Азаттык" радиосу Кыргызстандын маалымат талаасында өзгөчө орунду ээлейт жана көп жылдан бери өлкөдөгү окуяларды чагылдырууда ишенимдүү маалымат булагы бойдон кала берүүдө. Мындай пикирин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 13-сентябрда "Эркин Европа\Азаттык радиосунун" президенти Жейми Флайды, радионун Борбор Азия боюнча регионалдык директору Хамид Исмаиловду жана радионун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаеваны кабыл алган учурда айтты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы маалымдады. Читать дальше...
Кыргызстанда Бириккен Араб Эмираттардын (БАЭ) бир катар ири компанияларынын жетекчилери иш сапар менен келип кетти. Алар Кыргызстанга энергетика тармагында инвестиция салары кабарланды. Бул ортодо президент Садыр Жапаров жакын арада эмираттарга барары айтылды. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү маалымдалууда. “Азаттык” ушуга байланыштуу Кыргызстандын араб өлкөлөрү, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттары менен соода жүгүртүүсүн талдады.
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын ремонт иштеринин акыркы этабы башталды. Оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн бюджеттен кошумча 44 млн. 722 миң 900 сом бөлүндү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Учурда театрдын чатыры оңдолууда. 2019-2020-жылдары республикалык бюджеттен берилген каражатка театрдын сырты оңдолуп, эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерге алмаштырылып, жылуулук берүү системалары, көшөгөлөр, отургучтар жана LED-экран алынган. Читать дальше...
Биздин медицинанын эң бир талылуу жери ооругандардын дартына туура диагноз коюу менен дарылоо - абдан чоң маселе экендигин өз башымдан өткөрдүм. Эмесе, кеп башынан болсун. Быйылкы жылдын башынан тарта оң колумдун ийин жагы ооруй баштады. “Чычкан куйругун көрүп аксайт” болбоюнчу деп, ооруга маани берген жокмун. Жазында оору күчөгөндөн күчөп, оң колумду көтөрө албай калдым. Ошондо биринчи жолу жашаган жер боюнча бейтапканага барып, невропатологго көрүндүм. Жашамал дарыгер ай-буйга келбей, жакшы текшербей... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталганына байланыштуу обочолонуп иштөө режимине өттү. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында кабарланды. Анда президенттин коронавирусту аныктоочу тест тапшырганы боюнча маалымат жок. Буга чейин Путин паралимпиадачы-спортчулар менен жолугушуу учурунда карантинге кетиши мүмкүн экенин айткан. Бирок президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин "образдуу түрдө айтканын" билдирген. Владимир Путин Тажикстандын борбору... Читать дальше...
Тажикстан АКШ президенти Жо Байдендин айткандарына байланыштуу нааразылык билдирди. Байден 11-сентябрда Пенсильваниядагы өрт өчүрүү аймагына барганда Ооганстандагы учакка жармашып, учуп өлгөн оогандыктар тууралуу сүйлөгөн. Анда ал “Эгер биз Тажикстанда С-130 учагын токтотуп, бизди жактыргандарга учакка түшкүлө десек шассиге асылган адамдарды көрмөксүңөр”, - деп билдирген. Байдендин бул сөзүнө нааразы болгон Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрда Кошмо Штаттардын Дүйшөмбүдөгү элчисин чакырып, нота тапшырды. Читать дальше...
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 2,9 млрд. кубометрге аз. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди. Анын айтымында, суу сактагычка сууну толтуруу жана көлөмүн сактоо үчүн Бишкек Жылуулук электр станциясы (ЖЭБ) күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Быйыл ЖЭБде 1,3 млрд. кВт саат өндүрүлдү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 20-30 пайызга көп. "Ошондой эле Түркмөнстан менен 500 млн. кВт саат электр энергия боюнча келишим бар. Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш ооган аялдары жана кыздары акыркы жылдары жетишкен ийгиликтерди сактап калууга чакырды. Ал Твиттердеги баракчасына “ооган аялдары жана кыздары буга чейин жетишкен ийгиликтер жок болбойт, мектептердин каалгасы жабылбайт жана үмүт өчпөйт деген кепилдикти каалайт” деп жазды. Мындай чакырык Ооганстанда “Талибан” бийликти колго алып, аялдардын укуктарын катуу чектебейби деген чочулоо күч болуп жатканда айтылды. Радикал кыймыл жыйырма жыл мурдагыдан өзгөргөнүн... Читать дальше...
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, аскер кызматкерлерине – VII эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн "Танкалык биатлон" жана "Десанттык взвод" мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. "Биздин танкисттерибиз сегиз мамлекеттин командалары менен мелдешсе, курсант-десантчыларыбыз 12 өлкөнүн командасы менен күч сынашты. Натыйжада, жалпы дүйнө жүзү Кыргызстандын бийик көтөрүлгөн байрагын жана эң жогорку ардак... Читать дальше...
Ош шаардык соту шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаевди актады. Ал былтыр жыл аягында "кылмыш ишин жаап-жашыруу үчүн жасалма документ аркылуу аты-жөнүн өзгөрткөн" деген айып менен кармалып, кийин бир миллион сом төлөп үй камагына чыккан. Облустук прокуратура ага байланыштуу соттун жогорку инстанциясына апелляциялык арыз жолду. Эрежесиз мушташтын чебери, Ошто ок атылган окуяда аты аталган Саркарбаевдин акталышы алдыдагы парламенттик шайлоо жана андагы кылмыштуу топтордун таасири тууралуу талкууну козгоду. Читать дальше...
Ооганстандык качкындар Амударыяны кечип Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын айткандарына таянып "Азаттыктын" өзбек кызматы жазып чыкты. Сурхандарыя облусунун тургундарынын айтымында, оогандык качкындар колго жасалган кайык, салдарды колдонуп, айрымдары дарыядан сүзүп өтүп, коңшу өлкөнүн аймагына киришкен. Мурзабад районунун тургуну 12-сентябрда качкындардын кезектеги тобу өтүп, жергиликтүү тургундардан тамак-аш сурашканын айтып берген. Аталган аймакта... Читать дальше...