Чек ара: Баткенде эки жаран өмүр бою кесилди, үчөөнүн соту уланууда
Баткенде чек ара жаңжалына байланыштуу кармалган Тажикстандын эки жараны өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилди. Аларга көмөктөшүүгө айыпталган Кыргызстандын үч жаранынын иши боюнча өкүм чыга элек. Быйыл апрелдин аягындагы жана майдын башындагы окуяда эки тараптан тең ондогон жарандар каза болуп, үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн. Соттук иштин деталдары Куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналган беш кишинин иши Баткен облусунун Лейлек райондук сотунда каралууда. Читать дальше...