ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 01.01.2022

Иракта генерал Сулейманинин өлүмүнүн эки жылдыгын утурлай акция өттү

Azattyk.org 

Ирактын баш калаасы Багдадда жүздөгөн адам ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмүнүн эки жылдыгын утурлай нааразылык акциясына чыгышты. Алар башкы аянтта Америкага каршы ураандарды чакырып, Сулейманинин сүрөттөрүн көтөрүп турушту. 31-декабрда Ирандын тышкы иштер министрлиги «Твиттердеги» билдирүүсүндө Сулейманинин өлүмү үчүн «эл аралык жоопкерчилик АКШнын мойнунда экенин жазып, ал окуяны «террордук кол салуу» катары мүнөздөгөн. АКШ башында турган эл аралык миссия Ирактагы «аскердик миссиясын»... Читать дальше...

Эрдоган акчаны лира менен сактоого чакырды

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 31-декабрда жасаган кайрылуусунда жарандарды акчасын лира менен сактоого чакырды. Ал ошондой эле өлкөдөгү валюта кризиси көзөмөлдө экенин айтты. 2021-жылы Түркиянын улуттук акчасынын наркы кескин түшүп кеткен. 20-декабрда бир доллар 18,41 лирага жетип, тарыхта болуп көрбөгөндөй төмөн көрсөткүчкө жетти. Бийлик кандайдыр бир чара кабыл алгандан кийин гана жылдың соңку күндөрү лиранын куну бир аз көтөрүлдү. Аналитиктер Борбордук банктын эсептик ченин кескин... Читать дальше...

Зеленский: чек аранын ары жагындагы армия бизди коркута албайт

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-январга караган түнү жасаган жаңы жылдык кайрылуусунда чек арага жакын жайгаштырылган орусиялык аскерлер анын элин коркута албастыгын баса белгиледи: "Анткени бизди чек аранын бери жагында улуу армия коргоп турат", - деди Зеленский. Мындай билдирүү Батыш мамлекеттери менен Москванын ортосунда чыңалуу күчөп жаткан маалда жасалды. Киев жана Батыш Украинанын чек арасына жакын жүз миңге чукул орус аскерлеринин жайгашуусуна тынчсызданып, Киевге кол салышы мүмкүн деп кооптонуп келишет. Читать дальше...

Рим папасы аялдарга зомбулукту кудайга "акаарат келтирүүгө" теңеди

Azattyk.org 

Рим папасы Франциск 1-январда жасаган салттуу жаңы жылдык кайрылуусунда аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакырып, муну кудайга "акаарат келтирүү" деп атады. "Ушунчалык көп аялдар зордук-зомбулукка кабылышат! Жетишет! Аялды таарынтуу бул кудайга акаарат келтирүү", - деди 85 жаштагы понтифик. Өткөн айда жасаган кайрылууда дагы Рим папасы аялды уруп-сабаган эркектердин жосундарын "шайтандын ишине" теңеген. Пандемия башталгандан бери Рим папасы Франциск бир нече жолу үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы кайрылуу жасады. Читать дальше...

Көп мамлекеттер Жаңы жылды карантин чектөөлөрү менен тосту

Azattyk.org 

Дүйнөнүн көп мамлекеттери коронавирустун жайылып жатканына байланыштуу карантин чектөөлөрү менен 2022-жылды тосушту. Афины, Лондон, Париж, Берлин жана башка шаарларда негизги жаңы жылдык иш-чараларда жана фейерверк аттырууга тыюу салынган. Парижде адамдар көчөдө да беткап тагынып жүрүүгө милденттендирилди. Канаданын Квебек шаарында коменданттык саат киргизилип, майрамдык шаан-шөкөттөр өтпөй калды. Москванын жашоочулары жаңы жылды эч кандай олуттуу чектөөлөрү жок эле тосушту. Дубайда дагы коронавирус... Читать дальше...

Садыр Жапаров бардык саясий күчтөр менен иштешүүгө даяр экенин айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн келечеги үчүн бардык саясий күчтөр менен иштөөгө даяр экенин айтты. Бул тууралуу кыргызстандыктарга жолдогон жаңы жылдык кайрылуусунда белгиледи. Жапаров элди жаңы жылы менен президент катары биринчи ирет куттуктады. "Биз өлкөдөгү бардык саясий күчтөр менен биргеликте иштөөгө даярбыз, конструктивдүү иш-аракеттерге ачыкпыз", - деди ал. Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары шайланып, бийликтин бардык бутактары толук калыптанганына дагы токтолду. Президент быйыл... Читать дальше...

Евробиримдиктин төрагалыгы убактылуу Францияга өттү

Azattyk.org 

1-январдан тарта Франция Евробиримдиктин алты айлык төрагалык вазыйпасын баштады. Президент Эммануэл Макрон бул боюнча жасаган өз билдирүүсүндө күчтүү, суверендүү жана бирдиктүү Европаны түзүүгө чакырды. Француз президенти шаркетке кирген 27 мамлекеттин ортосундагы байланыштарды бекемдеп, Евробиримдикти күчтүү державага айлантууну көптөн бери көздөп келет. Франциянын негизги сунуштарына биримдиктин "стратегиялык көз карандысыздыгын" күчөтүү кирет. Бул айрым учурларда АКШнын көзүн карабай өз алдынча чечим кабыл алууга шарт түзмөк. Читать дальше...



Кара-Көл шаарынын борбордук аянтындагы балаты күйүп кетти

Azattyk.org 

Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарынын борбордук аянтына коюлган жаңы жылдык балаты 1-январга караган түнү толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Балаты күйүп жатканы тууралуу билдирүү түнкү саат 12:00дөн өткөндөн кийин түшкөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 12:15те тилсиз жоону толугу менен өчүргөн. Учурда өрттүн себеби такталууда. Соңку учурда Кыргызстандын аймагында өрт кырсыгы көп катталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда... Читать дальше...

Жаңы жыл түнү өлкө боюнча 265 ымыркай төрөлдү

Azattyk.org 

31-декабрдан 1-январга караган түнү өлкө боюнча жалпысынан 265 ымыркай жарык дүйнөгө келди, арасында эгиздер да бар. Анын 144тү эркек болсо, 121и кыз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Биринчилерден болуп түнкү саат 12:01де Талас облусу менен Жалал-Абаддын Сузак районунда (түнкү саат 12:05) уул балдар төрөлгөн. Министрликтин маалымдашынча, эң көп ымыркай Жалал-Абад облусу (64 ымыркай) менен Бишкек шаарында (56 ымыркай) төрөлгөн.

Коронавирустун жаңы 59 учуру аныкталды

Azattyk.org 

1-январга карата өлкө боюнча коронавирустан каза болгондор катталган жок. Ал эми вирустун жаңы 59 учуру катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаары (33) менен Чүй облусунда (9) аныкталган. Жалал-Абад облусунда - 8; Баткен облусунда - 6; Талас облусунда - 2; Нарында - 1 учур жаңы катталды. Ош шаары менен Ош облусунда, Ысык-Көлдө жаңы учурлар катталган эмес. Өлкө боюнча вирус жуккандардын расмий саны 184 748ге жетти, анын 179 871и айыкты. Каза болгондор 2800дөн ашты. Учурда 256 бейтап ооруканада жатса, 333 киши үйүнөн дарыланууда. Читать дальше...

"Жаныш Бакиевди кармасак кан төгүлмөк"

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары, генерал-майор Артур Медетбеков болду. Ал маегинде артисттин баласы кантип атайын кызматка киргени, кыргыз армиясынын абалы, Бакиевдер кантип өлкөдөн чыгып кеткени, наркотрафик, бийлик, кылмыштуу топтордун байланышы, таасири ж.б. жөнүндө кенен кеп кылат. - Артур мырза, 2010-жылы Бакиев бийликтен кулатылып, өзүнүн туугандары менен Жалал-Абад облусунда туруп калды. Ошол учурдагы... Читать дальше...

Артур Медетбеков: Жаныш Бакиевди кармасак кан төгүлмөк

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары, генерал-майор Артур Медетбеков болду. Ал маегинде артисттин баласы кантип атайын кызматка киргени, кыргыз армиясынын абалы, Бакиевдер кантип өлкөдөн чыгып кетишкени, наркотрафик, бийлик, кылмыштуу топтордун байланышы, таасири ж.б. жөнүндө айтып берди.

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

2-январда түнкүсүн Талас, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көлдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9​, Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,  Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7... Читать дальше...

2021: Кыргыз спорту багындырган бийиктик

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынан улам бир жылга артка жылдырылган Токио Олимпиадасы – 2021-жылдын негизги спорттук иш-чарасы болду. Ал эгемендүү Кыргызстандын спорт тарыхындагы эң ийгиликтүү Олимпиада болуп калды. Эгемендигинин 30 жылдыгын белгилеп, бир жагынан саясий окуялар курчуп, экономикалык оорчулуктан жүдөп турган өлкө үчүн кыргыз спортчулары жараткан ийгилик элге дем берип, чоң майрам тартуулады. Ошол эле маалда кыргыз спортунун көпчүлүк тармагындагы көйгөйлөр мурдагыдай эле кала берүүдө. 2021-жылдагы... Читать дальше...

Ысык-Көл: 1-январга караган түнү төрт кылмыштын бети ачылды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда Жаңы жыл майрамы тынч өттү. Бул тууралуу облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 1-январга караган түнү коомдук коопсуздукту 700гө жакын милиция кызматкери жана ыктыярдуу элдик кошуундардын 100дөн ашуун өкүлү камсыздаган. "Облустун ички иштер бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүкчөлөрүндө кылмыштар жана окуялар боюнча 19 билдирүү жана арыздар катталды. Жол кырсыгынын төрт фактысы катталган. Милиция кызматкерлеринин аракетинен мурда катталган төрт кылмыштын бети ачылды", - деп айтылат маалыматта. Читать дальше...

Камактагы Акбөкөн Таштанбековго депутаттык төш белги тапшырылды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы №30 Ысык-Ата округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган Акбөкөн Таштанбековго 31-декабрда депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Таштанбеков VII чакырылыштын 29-декабрдагы биринчи отурумунда ант берген эмес. Аны Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыптап камакка алган. БШК сот чечими жоктугуна байланыштуу Таштанбековдудепутат кылып каттаган.... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Мария Шарапова

Первая ракетка России рассказала об общении с Шараповой






В Сочи задержали неадекватного пассажира, угрожавшего взорвать самолет

Туроператоры назвали направления, куда россияне поедут отдыхать на майские праздники: некоторые страны удивили

Спикер Ил Тумэна о доле Якутии в АЛРОСА: никаких угроз нет, обстановка очень хорошая

Собрание в 300 домах. В столице можно увидеть обычно закрытые особняки