ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 02.01.2022

Израил Газага жооп иретинде чабуул жасаганын билдирди

Azattyk.org 

Израил өзүнүн аскердик аба күчтөрү Газа тилкесинде операция жүргүзгөнүн 2-январда кабарлады. Маалыматта Жер Ортолук деңизине түшкөн эки ракеталык чабуулга жооп иретинде Газадагы палестиналык радикал ХАМАС тобунун согушкерлеринин позицияларына учактардан сокку урулганы айтылат. Израилдин Коргоо күчтөрү (IDF) "Дүйнө жүзү 2022-жаңы жылды белгилөө үчүн майрамдык фейерверктерин жандырганда, Газадан оттун башка түрү учуп чыкты" деп билдирди.  Жабыркагандар тууралуу эки тараптан тең маалымат айтылган жок. Читать дальше...

Президент Жапаров "Центерра" менен сүйлөшүүдө жылыш бар экенин айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров канадалык "Центерра Голд"компаниясы менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирди. Бул тууралуу Жапаров 2-январда Кумтөр кенине барган учурда айтканын президенттин басма сөз кызматы маалымдады. “Кенге сапардын жүрүшүндө канадалык "Центерра" компаниясы менен сүйлөшүү жараянында жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар “Кумтөр голд” компаниясын толугу менен Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди”... Читать дальше...

РЕН ТВ министрликтин билдирүүсүнө жооп берди 

Azattyk.org 

Орусиялык РЕН ТВ телеканалынын маалымат кызматы Кыргызстандын тийиштүү органдарынан эфирге чыгууга тыюу салган эч кандай кабарлама албаганын билдирди. Телеканал жергиликтүү мыйзамдарды сактап келгенин маалымдайт. Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “РЕН ТВ телеканалынын берилген уруксатын жокко чыгаруу боюнча арызынын негизинде 2022-жылдын 1-январынан баштап эфирге чыгууну токтотот” деп кабарлаган. Мекеме мындан сырткары мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш... Читать дальше...

Өзбекстан Ооганстанга электр өткөрүүчү линиянын курулушун жандантат

Azattyk.org 

Өзбекстандын Улуттук электр тармактар компаниясы билдиргендей, өзбек жана "Талибан"  (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөттөрүнүн расмий өкүлдөрү Ташкентте "Сурхан-Пули-Хумри" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын курулушун кайрадан баштоону талкуулашты. Эки тараптын жолугушуусу 30-декабрда болгону кабарланды. "Сурхан-Пули-Хумри" электр берүү линиясынын курулушу аяктагандан кийин Өзбекстандын Ооганстанга сатчу электр энергиясынын көлөмү көбөйө турганы көрсөтүлгөн. Азыр жалпы узундугу 201... Читать дальше...

Канада: Орусия менен Чехиянын хоккейчилери учактан чыгарылды

Azattyk.org 

Орусиянын хоккей боюнча жаштар командасы ишемби күнү дүйнөлүк чемпионат өткөн Канаданын Калгари шаарынан Европага уча алган жок. Кураманын оюнчулары менен машыктыруучулары беткап кийүү эрежесин бузганы жана учакка отурганда тамеки тартканы үчүн учууга тыюу салынды. Ошондой эле Чехиянын курама командасы дагы толугу менен учактан алынып салынды. Орусия курамасынын башкы машыктыруучусу Сергей Зубов эки команданын тең айрым спортчулары беткаптарды туура эмес кийгенинен улам ушундай болгонун Match TV телеканалына билдирди. Читать дальше...

Жаңы-Өзөндүн тургундары газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Казакстандын Мангистау облусундагы мунай шаарчасы болгон Жаңы-Өзөндүн жүздөгөн тургуну 2-январда акимчиликтин алдына газдын кымбатташына каршы акцияга чыгышты. Автоунаалардын көбү газ менен жүргөн шаарда нааразылык акциясына чыккандар борбордук көчөлөрдүн бирин бөгөп, жол кыймылын токтотуп салышты. Жаңы-Өзөндүк жарандык активист Серик Бактыбайулы алар суюлтулган газдын баасын бир литрин 50 теңгеге чейин түшүрүүнү талап кылышарын билдирди. Анын айтымында, 31-декабрда шаарда суюлтулган газдын баасы 100 теңге болсо... Читать дальше...

ЕАЭБге төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү

Azattyk.org 

Быйылкы жылда Евразиялык экономикалык биримдигине төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында кабарланды. 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразия өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешине төрагалык кылат. Маалым болгондой, төрагалыктын алкагында Бишкекте ЕЭКтин жыйыны жана Евразия экономикалык форуму  (2022-жылдын май айында),  Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтөт. 2021-жылы ЕАЭБге Казакстан төрагалык кылган. Читать дальше...

Украинада Бандераны даңазалаган жүрүш өттү

Azattyk.org 

20-кылымдын ортосундагы талаштуу улутчул лидер Степан Бандеранын туулган күнүн белгилөө үчүн Киевде жүздөгөн украиндер колдоруна факел көтөрүп, жүрүшкө чыкты. Жөө жүрүш 2-январга караган түнү Орусия Украина менен чек арага жакын жерде аскер кубатын көбөйтүп жаткан учурга туура келди. Айрым пикирлерге караганда, бул аракеттер Украинаны басып алуу үчүн даярдык болушу мүмкүн. «Бүгүн фронтто баскынчылар менен согуш болуп, тылда «бешинчи колоннага» каршы күрөш уланып жаткан кезде, биз Степан Бандеранын элесин эскерип... Читать дальше...



Байден жана Зеленский Орусия менен алаканы талкуулайт

Azattyk.org 

Эки лидер чыңалууну жөнгө салуу боюнча Орусия менен алдыдагы дипломатиялык сүйлөшүүлөргө даярдыкты талкуулайт. Байден "АКШ Орусиянын агрессиясына каршы Украинанын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн колдой турганын дагы бир жолу ырастоо ниетинде", - деп билдирди Ак үйдүн расмий өкүлү. Тараптар соңку үч аптада экинчи ирет телефон аркылуу сүйлөшмөкчү.  Ак үй НАТОну тынчсыздандырган аскердик коркунучту жоюуга аракет кылып,  Киев Орусиянын Украинага басып кирүүсүнөн кооптонууда. Эки лидер Жо Байден... Читать дальше...

Москва-Астрахан жолунда автобус кырсыкка учурап, беш адам каза болду

Azattyk.org 

Жекшемби күнү эртең менен Рязандын жанында жүргүнчү ташыган автобус кырсыкка учурап, беш адам, анын ичинде 47 жаштагы айдоочу каза болду. 12 жабырлануучу ооруканага түштү. Алардын үчөө реанимацияда экенин Рязан  облустук саламаттыкты сактоо министри Андрей Прилуцкий билдирди. Жол кырсыгынан жалпы  20дан ашык киши ар кандай жаракат алган. Москвадан Астраханга бараткан автобус Скопин районунда жолдон чыгып, көпүрөнүн таянычын (темир жолдун) сүзүп алган. Ыкчам штабдын маалыматы боюнча кырсык жолдогу тайгалак муздун айынан келип чыккан. Читать дальше...

Коронавирустан улам миңдеген авиа каттамдар токтотулду

Azattyk.org 

1-январда дүйнө жүзү боюнча миңдеген авиа каттамдар токтотулду. Буга авиакомпаниялардын кызматкерлеринин көбү коронавирус жуктуруп алганы себеп болду. Flightaware.com порталынын маалыматына ылайык, 1-январда түшкө чейин эле 4600 аба каттам токтотулган. Алардын көбү АКШнын аймагында болгон. Саламаттык сактоо мекемелери билдиргендей, коронавирустун “омикрон” штаммына чалдыккандардын саны болуп көрбөгөндөй көбөйүүдө.  Францияда вирус жугузуп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү үч күндөн бери 200 миңден ашып жатат. Читать дальше...

Түштүк Африканын парламентинин имаратында өрт чыкты

Azattyk.org 

Түштүк Африканын Кейптаун шаарындагы парламентинин имаратында 2-январда өрт чыкты. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги кабарлады. Өрт өчүрүүчүлөр бир нече сааттан кийин тилсиз жоону чектеген.  Коомдук иштер жана инфраструктура министри Патрисия Де Лилл  өрт Улуттук ассамблеянын палатасына зыян келтиргенин айтты. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок. Алгачкы маалыматтарда өрт кеңседен чыкканы айтылган,  себеби белгисиз. (МТа)

Аялзат: Тебеленген укуктар, кыз-келиндер умтулган аракет

Azattyk.org 

Жыл башынан бери бир канча өспүрүм зордукталып, балдар укуктары маселеси улам-улам козголуп турду. Жазында адам уурдоонун, кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учуруп, нааразычылык акциялары менен коштолду. Кордолгон өспүрүмдөр. Азайбаган зомбулук  Жыл соңунда дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган секелек кызды өлтүрүүгө шек саналып 48 жаштагы жаран кармалды. Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шек саналган жаранга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып... Читать дальше...

Кыргызстандан темир чыгарууга убактылуу чектөө киргизилди

Azattyk.org 

Министрлер кабинети Кыргызстандан Евразиялык экономикалык биримдиктен тышкаркы өлкөлөргө темир чыгарууга алты айга чектөө киргизди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-декабрда кол койгон. Өкмөттүн маалыматына ылайык, чектөө тизмесине  кара металлдар, анын сыныктар жана калдыктар, куймалар кирген.  Экономика жана коммерция министрлигине Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына чектөө тууралуу билдирүү жиберүү тапшырылган. Читать дальше...

Топ жарган айымдар

Azattyk.org 

«Эже-сиңдилердин" майрамдык чыгарылышына 2021-жылы ар кайсы тармактарда өзгөчөлөнгөн айымдарды чакырдык.

Күттүргөн музей ачылды, маданиятта оор жоготуулар болду

Azattyk.org 

2021-жылы Кыргызстандын маданият тармагы саясий окуялардын фонунда калгандай көрүнгөнү менен бир катар олуттуу жаңылыктар болду. Жыл соңунда беш жылдан бери жабык турган Улуттук тарых музейи ачылды.  Ошондой эле Казакстандын маданият күндөрү өтүп, кыргыз киносунун 80 жылдык мааракесин белгиледи. 2021-жыл маданият тармагындагы оор жоготуулары менен, чечилбей калган көйгөйлөрү менен дагы эсте калды. Чуусу басылбаган тарых музейи Коронавирус пандемиясынан кийин дээрлик бир жылдай токтоп калган маданий иш-чаралар 2021-жылы бир топ жанданды. Читать дальше...

"Шамбала" тасмасы Иранда өткөн фестивалда жети сыйлыкка татыды

Azattyk.org 

"Шамбала" тасмасы 28-31-декабрь күндөрү Иранда өткөн Moving Film фестивалында жети сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу “Кыргызфильм” киностудиясы билдирди. Анда режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тарткан тасмасы мыкты оператор, мыкты композитор, эң мыкты үн режиссеру, мыкты монтаж, мыкты макияж, мыкты костюм, мыкты визуалдык эффект (VFX) деген категориялар боюнча сыйлыктарды алышты. Бир жарым сааттык "Шамбала" тасмасы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм"... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

3-январда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.   Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…1, күндүз 7…12, Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7​, ​ Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…2, күндүз 8…13, ​ Нарын жергесинде түнкүсүн -15…-20... Читать дальше...

Коронавирустан эмделбеген эки адам каза тапты

Azattyk.org 

2-январга карата өлкө боюнча коронавирустан эмделбеген эки адам каза болду. Ал эми вирустун жаңы 38 учуру катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (32) аныкталган. Ош шаары - 4; Жалал-Абад облусунда - 2. Калган облустарда жаңы учурлар катталган эмес. Өлкө боюнча вирус жуккандардын расмий саны 184 786ге жетти, анын 179 871и айыкты. Каза болгондор 2800дөн ашты. Учурда 267 бейтап ооруканада жатса, 326 киши үйүнөн дарыланууда. Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда.... Читать дальше...

Президент чет өлкөлүктөрдү Кыргызстанда лыжа тебүүгө чакырды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жана чет өлкөлүктөрдү Кыргызстандагы кышкы туризмге чакырды. Өлкө башчысы кайрылуусун Ысык-Көл облусундагы Каракол тоо лыжа базасында лыжа тээп жүргөн жеринен жасаган. "Мен чет өлкөлүк досторду, конокторду кышкы туризмге чакырамын. Бардык шарттар бар, келип эс алып кетиңиздер”. Жапаров  Каракол тоо лыжа базасы дүйнөдөгү ондукка кирген база экенин, трассанын узундугу 4,5 чакырымды түзөрүн белгилеген. Андан тышкары Чүй өрөөнүндө Орловка, ЗИЛ, Нооруз, Кашка-Суу... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Каспер Рууд

Рууд обыграл Джоковича и вышел в финал «Мастерса» в Монте‑Карло






Ефремов рассказал, почему отсутствовал на вручении Национальной премии веб-контента

Шашлыки, сорняки и пристройки: за что дачникам придется выложить несколько тысяч рублей в 2024

Появился рейтинг самых популярных мест для отдыха с детьми в Москве

RT: многодетная семья из Канзаса переехала в Подмосковье