ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 03.01.2022

Бишкекте таксистти карактап кеткендер кармалды

Azattyk.org 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы таксистти карактап, машинесин тартып алган шектүүлөр кармалганын кабарлады. Кылмышка шектүү 18 жаштагы жана 20 жаштагы эки адам Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен айыпталып тергөө абагына камалды. Милициянын маалыматына ылайык, арыз ээсин  1-январга караган түнү саат 2лер чамасында Бишкек шаарынан бейтааныш балдар такси катары чакырып, Аламүдүн районуна жеткирүүнү суранышкан. Белгиленген жерге барган учурда айдоочуну кур менен муунтуп, сабап... Читать дальше...

Жаңы-Өзөндө саясий талаптар айтыла баштады

Azattyk.org 

Жаңы-Өзөндөгү нааразылык акциясына жүздөгөн адамдар катышууда. Алар шаардык мэриянын имаратына келип, борбордук аянттагы жол кыймылын жаап салышкан. Бул аймакта көпчүлүк автоунаалар суюлтулган газ менен жүрөт. Жаңы жылдын 1-январынан тарта анын 1 литринин баасы 120 теңгеге чейин көтөрүлдү. Жаңы-Өзөндүк жарандык активист Серик Бактыбайулунун айтымында, митингчилер бааны арзандатууну талап кылып жатышат. Өткөн жылдын башында газдын баасы литри 38 теңге болсо, кийин  кескин кымбаттай баштаган. ... Читать дальше...

Алматыда полиция 20дай адамды кармады

Azattyk.org 

Алматыда полициянын атайын даярдыктагы отряды акын жана диссидент Арон Атабектин кыркылыгына чогулгандар кафеден чыкканда 20дай адамды кармап кеткени кабарланды. Кармалгандарды полиция атайын автоунаага салып, белгисиз тарапка алып кеткенин "Азаттыктын" казак кызматы активист Алдабергеновго таянып билдирди. Анын айтымында, кафеден чыгып келе жаткандар курчоого алынып, кармалган. Алдабергенов эскерүү иш-чарасынан бир аз эрте кетип, кармалбай  калганын "Азаттыкка" айтты. Активист Марат Турымбетовдун айтымында... Читать дальше...

Мектеп окуучулары аралашкан зомбулук

Azattyk.org 

Ак-Суу районундагы Тепке айылында 9-класстын эки окуучусун коңшу айылдын балдары сабап кетти. Жабыркагандардын биринин колу сынып, дагы биринин баш-мээси чайкалып ооруканага түштү. Окуяга капысынан күбө болгон эки тургун Курбу айылынан келген балдар травматикалык курал колдонгонун айтып жатышат. Милиция бул маалыматты четке какты.  Балдарды уруп, күбөлөрдүн машинесин айдап качып кеткендер 10-класстын ондон ашык окуучусу экени аныкталды. Медет менен Арслан ошол кезде Караколдон келаткан учурда окуяга күбө болушкан... Читать дальше...

Ошто Калмаматовдун тарапкерлери чогулду

Azattyk.org 

Ошто оппозициялык саясатчы, камактагы экс-депутат Бактыбек Калмаматовдун тарапкерлери акцияга чыкты. Ак-Суу районундагы Тепке айылында мектеп окуучулары таяк жеген окуяда жалпысынан төрт киши жараат алды. Нур-Султанда Жаңы-Өзөндөгү акцияны колдоп чыккандар кармалды.

Тимур Файзиев "Асман шаары" долбоорунун жетекчиси болгонун билдирди

Azattyk.org 

“Элит  Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Ысык-Көл облусунда "Асман шаарын" куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси болгонун билдирди. Файзиев "Инстаграмдагы" баракчасында видео жарыялап, долбоор жөнүндө кенен айтып берген.   Маалыматты Министрлер кабинети же президенттик аппараттан тактоого мүмкүнчүлүк боло элек. Өткөн жылы 29-декабрда Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген Равшанбек Сабиров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, "Асман шаары" боюнча Франциядан... Читать дальше...

"Центерра" сүйлөшүү боюнча өз талаптарын жарыялады

Azattyk.org 

Канадалык “Центерра” компаниясы 3-январда кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги талаптарын жарыялады. Анда “кыргызстандык массалык маалымат каражаттары жазып жаткандай Күмтөр кенин Кыргызстанга өткөрүү мүмкүндүгү жана сүйлөшүүдө кандай гана чечим болбосун төмөнкү негизги талаптар сакталат” деп айтылат. “Центерра” компаниясы төмөндөгү беш талап аткарылышы керек деп эсептейт. Алар: - Компания  “Кыргызалтын” ишканасына таандык "Центерранын” 26,1% акциясын алат. Өткөрүп алгандан кийин "Центерра" компаниясы акцияны жокко чыгарат. Читать дальше...



Маңгыстауда газ кайра 90 теңгеге арзандады

Azattyk.org 

Борбордук бийликтин кийлигишүүсү менен бааны келишип алып, көтөрүү фактысы боюнча иликтөө башталды. Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өкмөт «Жаңы-Өзөндөгү кырдаал боюнча чара көрө турганын» билдирди.  “Суюлтулган газдын баасын жөнгө салуу боюнча чараларды ишке ашырууга бел байлады, ал эми Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттиги май куюучу жайлардын кожоюндарына карата бааны өз ара сүйлөшүп алуу фактысы боюнча иликтөө иштерин баштады", - деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы. Маалыматка караганда... Читать дальше...

Судандын премьери каршылык акцияларынан кийин кызматтан кетти

Azattyk.org 

Судандын премьер-министри Абдулла Хамдук бийликтин аскерлердин колуна топтолуусуна жана саясий кризиске каршы көчө жүрүштөрүнөн улам кызматтан кеткенин жарыялады. Соңку төңкөрүштөн кийин ал кызматка кайра келген болчу. Reuters агенттиги анын телекайрылуусуна таянып, маалымат таратты. "Мен жоопкерчиликти өз моюнума алып, премьер-министрлик кызматтан кеткенимди жарыялайм. Бул асыл өлкөнүн башка бир эркек же аял кишисине жарандык демократиядагы өлкөнү өткөөл мезгилден алып өтүүгө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү чечтим". Читать дальше...

Аба-ырайы: Кар жаайт

Azattyk.org 

4-январда айрым аймактарда кар жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…3, күндүз 3…8, Талас облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 2…7, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7​, ​ Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…4, күндүз 5…10, ​ Нарын жергесинде түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -1…1, күндүз 5…7° жылуу болот.

Кызыл аянттан мүрзөлөрдү жана Лениндин сөөгүн алып салуу сунушталды

Azattyk.org 

Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Борис Чернышов Москванын Кызыл аянтындагы Кремлдин алдындагы чоң көрүстөндү (некрополду) алып салууну, мавзолейдеги Лениндин сөөгүн жерге берүүнү сунуштады. ЛДПР депутатынын айтымында, СССРдин мурдагы жетекчилеринин жана совет доорунун башка көрүнүктүү инсандарынын мүрзөлөрү башка жакка көчүрүлүшү керек. «Мунун баарын [көмүү] мүмкүн, бирок Кызыл аянтта эмес. Анткени бул жерге муз тебүүчү аянтчалар жана соода аянтчалары орнотулган. Жаңы жыл тоскон, адамдар сейилдеп жүргөн жерге акаарат келтирүү. Читать дальше...

Ысык-Көлдө эки киши иске ууланып каза тапты

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Ананьево айылында көмүрдүн исине ууланып 51 жаштагы киши жана жети жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя 2-январда болгон. Жабырлануучулар үйүндө иске ууланып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Эсине келбей, каза болушкен. Окуя боюнча  текшерүү иштери жүрүп жатат.

Reuters: Орусия Идлибге сокку урду

Azattyk.org 

2-январда орусиялык учактар Сириянын Идлиб шаарынын чет жакаларына чабуул жасады. Бул тууралуу оппозициядагы булактарга таянып Reuters агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, аскердик учактар бир нече калктуу конушка жана суу алуучу станцияга бомба таштаган. Анын кесепетинен Идлибди таза суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады. Reuters агенттиги Идлибдин батышында жайгашкан убактылуу лагерлер жабыркаганын жазды. Ал жерден аял жана эки бала өлгөнү айтылууда. Агенттик ткөн жылдын ноябрь айынан... Читать дальше...

Казакстан: Жаңы-Өзөндөгү акцияны колдоп чыккандар кармалууда

Azattyk.org 

Нур-Султандагы Кенесарынын эстелигине Жаңы-Өзөндөгү демонстранттарды колдоо үчүн келген үч адамды полиция кармап кетти. Күч түзүмдөрү окуя болгон жерди видеого тартууга уруксат бербей, “Азаттыктын” журналистинин иштөөсүнө тоскоолдук кылганы кабарланды. Борбор калаа тургундары баанын көтөрүлүшүнө терс көз карашын айтып, нааразылык акциясына чыгышкан. Полиция адегенде сүйлөгөндөрдү угуп, андан соң окуя болгон жерге атайын даярдыктагы күчтөрдү чакырды. Митингчилер жакын жерде токтоп турган автобустарга күчтөп салынды. Читать дальше...

2022: Геосаясий эрегиш, космоско саякат, кымбатчылык жана пандемиянын эпкини

Azattyk.org 

Дүйнө калкынын басымдуу бөлүгү 2022-жыл "жакшы жыл болот" деп үмүттөнөт. Коронавирустун жаңы толкундары, кымбатчылык жана геосаясий чыңалуулар менен коштолгон соңку бир жылдан кийин дүйнө элин эмне күтүп турат? Жаңы жылда дүйнө жүзүндө жана чөлкөмдө кандай чоң окуялар жана өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?  Жаңы жылда пандемия басаңдайбы? Дүйнө жүзүндөгү эксперттер 2022-жылы COVID-19 илдети акыры “пандемия” деген статусунан арылып, эндемикалык же сезондук мүнөзгө ээ болот деп күтүшүүдө. Ошентсе да эки... Читать дальше...

Новости России
Москва

Токсиколог Кутушов рассказал почему возникает похмелье


Байден Орусия Украинага басып кирсе, чечкиндүү жооп кайтарыларын айтты

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден жана Украинанын президенти Владимир Зеленский 2-январда телефондон сүйлөштү. Анда Байден Орусия Украинага бастырып кирсе чечкиндүү жооп кайтарыла турганын айткан. «Президент Байден АКШ өнөктөштөрү менен бирге Орусия Украинага басып кирсе, чечкиндүү жооп берерин ачык түшүндүрдү»,-деп айтылат Ак Үйдүн расмий өкүлү Жен Псакинин билдирүүсүндө. Байден менен Зеленский украин-орус чек арасындагы абалды дипломатиялык аракеттер менен жөнгө салууну колдой турганын билдиришкен. Читать дальше...

Талас: эс алуу жайындагы мушташты милиция териштирүүдө

Azattyk.org 

Талас районундагы "Санат" эс алуу жайындагы мушташты милиция текшерип жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, окуя 2-январга караган түнү болгон. Анда топ балдар бир жигитти ур-токмокко алышкан. Бул боюнча видео тасма социалдык тармактарга тарап, талкууга алынган эле. Милиция бул тасма боюнча териштирүүнү баштап, ал электрондук журналына катталганын кабарлады. (MKt)

Коронавирустан дагы бир адам каза болду

Azattyk.org 

3-январга карата өлкө боюнча коронавирустан дагы бир адам каза болду. Ал эми вирустун жаңы 41 учуру катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (39) аныкталган. Ош шаарында төрт адам катталса, калган аймактарда вирусту жугузгандар аныкталган жок. Вирус жуккандардын расмий саны 184 827ге жетти, анын 179 900дөн ашыгы айыкты. Каза болгондор 2800дөн ашты. Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. (BkA)

Ошто Бактыбек Калмаматовдун тарапкерлери акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Ош шаарынын борбордук аянтында оппозициялык саясатчы, камактагы Бакытбек Калмаматовду 50дөн ашык тарапкери чогулду. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, алар  Калмаматовдун бейкүнөө камалганын айтышып, аны бошотууну талап кылууда. Чогулгандар “Боштондук!”, “Калмаматовду колдойбуз, коргойбуз!” деген жазууларды көтөрүп турушат. Ушундай өтүнүч менен президентке, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисине кайрылышты. Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду УКМК "Расалык, этностук... Читать дальше...

Кыргызстан "Камбар-Ата 1" ГЭСин өзүнүн эсебинен курууну караштырууда

Azattyk.org 

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстан "Камбар-Ата 1" ГЭСин ички ресурстардын эсебинен куруу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатканын билдирди. Бул тууралуу министр «Азаттыкка» маегинде билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү ири обьектини куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бекмурзаев бул долбоорду Кыргызстан өз каражатына ишке ашырса жакшы болорун, мындай мүмкүнчүлүктөр каралып жатканын кошумчалады: "Камбар-Ата 1" ГЭСин өз каражатыбызга салсак жакшы болмок. Биздин бетке кармай турган бир долбоорубуз жок. Читать дальше...

Тепкеде мектеп окуучуларынын сабалышы боюнча жыйын өтүп жатат

Azattyk.org 

Ак-Суу районундагы Тепке айылында 3-январда мектеп окуучуларынын сабалышы боюнча айылдык жыйын өтүүдө. Бул тууралуу жыйынга көз салып жаткан  «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы билдирди. Анда айыл тургундары 31-декабрда 9-класстын окуучуларын ур-токмокко алган коңшулаш Курбу айылындагы балдарды аныктап, мыйзам чегинде жазага тартууну талап кылышты. Сабалган балдардын биринин энеси Мейилкан Ибраева окуянын чоо-жайын «Азаттыкка» айтып берди: «Балам 31-декабрда классташтары менен көчөгө чыккан. Ал... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Потапова

Потапова всухую обыграла Шнайдер в 1-м круге турнира в Мадриде






Прибыль «Олимпситистроя» обвиняемого в даче взятки Фомина выросла вдвое в 2022 г

Блогера Ивлееву оштрафовали на 50 тыс рублей за дискредитацию российской армии

Команда Солнечногорска стала лучшей среди дружин юных пожарных

Теплая погода и кратковременные дожди придут в Московский регион на выходных