ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 08.01.2022

Боордош өлкөнү башка түрк жумурияттары деле "Türkiye" деп аташса...

Azattyk.org 

Евразиянын түштүк-батышындагы түрк тилдүү мамлекетти англисче жана башка тилдерде латын арибинде “Turkey”, “Turkei” же “Turquie” дебестен, “Türkiye” деп жазуу сунушу өлкөнүн заманбап бренди менен байланыштырылууда. Тынчтыкбек Чоротегиндин блогу.

Казакстан: 11 жаштагы балага ок тийди, Масимов камалды

Azattyk.org 

Алматыдагы башаламандыкта ок тийген 11 жаштагы баланын өмүрү кыйылды. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды. Пакистанда 20дан ашуун киши, анын ичинде тогуз бала суукта тоңуп каза тапты.

Алматы: Акча жок, тамак-аш тартыш

Azattyk.org 

Казакстандын шаарларында башаламандыктын айынан банктар ишебей, Интернет үзгүлтүккө учурады. Тургундар тамау-аш үчун кезекке туруп, эл ары-бери каттай албай убара.

Айзада: Атышуулар кыйкырык-сүрөөн менен коштолгондо корктум

Azattyk.org 

Алматыда Интернет дагы эле бөгөттөлүп турат. Ал жактагы журтташтар менен баарлашуу дээрлик мүмкүн эмес. Айзада Абасканова Алматыдагы "Тele 2 Kazakhstan" компаниясында иштейт. 8-январда мекендешибиз менен байланышып, кырдаалды сурадык. - Айзада, учурда Алматыда абал кандай, сүрөттөп бересиңби? Нан жана башка тамак-аш жетиштүүбү? Буга чейин нанга узун кезекке тургандардын видеолору тарады эле. - Алматыда кырдаал буга чейинки күндөргө салыштырмалуу оңолуп калды. Азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн айрымдары 8-январда ачылды. Читать дальше...

Пакистанда кеминде 21 адам тоңуп өлдү

Azattyk.org 

Пакистанда жыйырмадан ашуун адам, анын ичинде тогуз бала  сууктан тоңуп өлдү. Бийликтин маалыматына караганда, өлкө чыгышындагы Пенжаб аймагында катуу жааган кардан улам туристтер 8-январга караган түнү жолдо тыгында калышкан. Ички иштер министри Рашид Ахмед 8-январда билдиргендей, миңдей автоунаа тоодогу станциянын жанындагы тыгында туруп калган. Көп адамдар өз машинелеринин ичинде көз жумушкан. Жергиликтүү тургундар жолдо калгандарга колунан келишинче жардам беришкен. Пенжаб провинциясынын бийлиги аймакка өзгөчө абал режимин киргизди.

Өзбекстанда кичи ажылыкка даярдык башталды

Azattyk.org 

Өзбекстанда умрага же кичи ажылыкка даярдык башталды. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ушул тапта пандемияга чейин кезекке тургандардын тизмеси каралып, учуу убактылары пландалып жатат. Сауд Арабияга зыяратка баруу үчүн өзбекстандыктар коронавируска каршы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алышы керек. Пандемия башталганы өзбекстандыктар чоң жана кичи ажылыкка барыша элек. Ал эми Тажикстандын тургундары буга чейин бийлик умрага барууга белгисиз... Читать дальше...

Казакстандык журналист: “Тополоңду чагымчылар баштады”

Azattyk.org 

Казакстандык эркин журналист Думан Мухаметкарим коңшу өлкөдөгү окуялар тууралуу “Азаттыкка” баяндап берди. Ал Казакстанда интернет жок болгонуна байланыштуу Алматыдан Бишкекке өзүнүн “Ютуб” каналына видео жүктөгөнү келгенин айтты. (ред. Интервью 7-январда алынган) - Думан мырза, Казакстанда болуп жаткан окуялар тууралуу ар кандай маалыматтар келип жатты. Тынч башталган демонстрациялар эмнеге башаламандыкка айланып кетти? - Жаңы Өзөндө, Актауда эл көчөгө чыкканда алар кырдаалды тизгиндеп турду. Читать дальше...

Новак Жокович Австралия өкмөтүн сотко берди

Azattyk.org 

Белгилүү теннисчи Новак Жокович Австралия өкмөтүнүн визасын жокко чыгарган чечимин сотко берди. Ал ошондой эле коронавирус менен өткөн айда ооруп айыкканын жана мындан улам ага вакцинация тууралуу кагаздын кереги жок экенин кошумчалады. Сербиялык теннисчинин юристтери көрсөткөн далилдерге караганда, Жоковичтен 16-декабрда коронавирус табылган. Ай соңунда ал айыкканы анык болгон. Бул иш 10-январда Австралия сотунда каралат. Австралия өкмөтү Жоковичти өлкө аймагына кирүүгө уруксат берген эмес.... Читать дальше...



Алматыда 11 жаштагы балага ок тийип, каза болду

Azattyk.org 

Алматыдагы башаламандыктарда 11 жаштагы балага ок тийип, каза болду. Окуя 5-январда, өспүрүм ата-энеси менен көчөдө бараткан маалда болгонун балдар омбудсмени Аружан Саин билдирди. Ал кошумчалагандай, дагы он беш жаштагы өспүрүмгө ок тийип, ооруканага жеткирилди. Бийликтин маалыматына караганда, Улуттук Гвардиянын 18 аскери каза болуп, 700дөн көп киши жаракат алды. Ички иштер министрлиги ошондой эле 26 куралдуу адам өлтүрүлгөнүн билдирип жатат. Айрым байкоочулар билдиргендей, бийлик жайкын тургундардын... Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иштөө тартиби боюнча маалымат берилди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 2022-жылдын 8-январына карата кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иштөө тартиби тууралуу маалымат берди. Расмий маалыматка караганда, “Чалдыбар-автожол" (Кыргызстан) - "Сыпатай Баатыр-автожол" (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иштеп жатат: Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду; Казакстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандары "Чалдыбар-автожол" өткөрүү... Читать дальше...

Баткен: үлүш жерге үй кургандардын көйгөйү

Azattyk.org 

Баткен районунда 2500дөн ашык жаран үй-жай курууга жери жок, үлүш жана жайыт жерлерге турак жай куруп алган. Эми ал жерлерди документтештирүүдө маселе жаралып, бийликке кайрылып жатышт. Өткөн жылы президент Садыр Жапаров "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгон эле. Баткендин Рават айылынын тургуну, төрт баланын атасы Аскарбек Эркебаев 14 жыл мурда айылдын четине эле өз алдынча үй куруп, көчүп чыккан. Үй салуу үчүн жер берилбей... Читать дальше...

Үй музей ачууну кыялданган Бегимгүл

Azattyk.org 

Бегимгүл Жолдошбекова үйүнүн короосуна кафель менен мозаика сүрөтүн тартып айылдаштарын таң калтырды. Бегимгүл мык, жип (стринг арт) менен атактуулардын портреттерин тартып, үйүнүн бир бөлүгүн музей кылууну кыялданып жүрөт. Сүрөтчү кыздын эмгектери менен Талгат Абжалил уулу таанышып келди.

Коронавирус курмандыктары жана каармандарына арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб билдиргендей, "Кара июль" курмандыктары жана баатырларына арналган сүрөт көргөзмө 11-12-13-январда Улуттук тарых музейинде өтөт. "Ошол кыйын мезгилде жардам көрсөткөн, кайдыгер эмес бардык жарандарыбызга дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, каза болгондорду эскеребиз. Ошондой эле бул окуялардын кайталанышына жол бербөө үчүн коопсуздук чараларынын маанилүүлүгүн эске салабыз. Келгиле өзүбүздү жана жакындарыбызды аярлап, эмдөө маселесине жоопкерчиликтүү мамиле жасайлы",- деп айтылат маалыматта. Читать дальше...

Биринчи май жана Свердлов округдарынан талапкер болууну каалагандар 21ге жетти

Azattyk.org 

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоодо талапкер болууну каалагандардын саны 21 адамга жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы маалыматка ылайык, азырынча эки шайлоо округунун биринен 13, экинчисинен тогуз адам талапкер болууну көздөп жатат. Маалыматка ылайык, Биринчи май шайлоо округунда экономист Таалайбек Кермалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, адвокат Нурбек Токтакунов, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов... Читать дальше...

"Сыпатай баатыр" чек ара бекетинде казак жарандарын Кыргызстанга өткөрбөй жатышат

Azattyk.org 

7-январь түнкү саат 10дон баштап кыргыз-казак чек арасындагы "Сыпатай баатыр" бекетинде казак жарандарын Кыргызстанга өткөрбөй жатышат. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы билдирди. Анын айтымында, буга чейин аталган бекетте эч кандай тоскоолдуктар болгон эмес. "Казакстанда иштеп жүргөн кыргызстандыктар "Казакстанга кайта кире аламбы?"деп сураганда, "кире албайсың" деген жооп болду. Айгүл деген Алматынын тургуну Түркияда операция жасатып келаткан кызын тосуп алуу үчүн Бишкектеги... Читать дальше...

ТИМ: Казакстанда кармалгандар арасында кыргыз жарандарынын бар же жоктугу такталууда

Azattyk.org 

Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу кармалгандар арасында Кыргызстандын жарандары бар же жок экендиги такталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 8-январда билдирди. “Учурда министрликтин тапшырмасы менен Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жана Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан кошуна өлкөнүн компетенттүү органдары жүргүзүп жаткан атайын операциялардын жүрүшүндө массалык тартипсиздиктерге катышкандыгы үчүн кармалгандардын арасында кыргыз жарандарынын... Читать дальше...

Евробиримдик Казакстанды адам укуктарын сактоого чакырды

Azattyk.org 

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Казакстанды зордук-зомбулукту токтотууга чакырды. Ал ошондой эле окуяларга көз салып жатканын билдирип, "Евробиримдик мүмкүн болушунча жардам берүүгө даяр экенин" айтты. Урсула фон дер Ляйен Казакстан тургундарынын укуктары жана коопсуздугу корголушу керектигин белгилеген.  Буга чейин Германия өкмөтүнүн расмий өкүлү Кристиане Хоффман Казакстандагы окуялар боюнча билдирүү жасады.  "Баардык тараптарды деэскалацияга жана кырдаалдан тынч жол менен чыгууга... Читать дальше...

10-январь Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды улуттук аза күнү деп жарыялады. "Бир катар аймактардагы каргашалуу окуяларда көп адам курман болгондугуна байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 10-январын улуттук аза күнү деп жарыялоону чечти. Тиешелүү жарлык жарыяланат",-деп жазды "Фейсбук" баракчасына президенттин маалымат катчысы Берик Уали. Расмий маалыматына караганда, бул окуяларда 44 адам, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн 18 өкүлү каза болду. Бейрасмий маалыматтарда... Читать дальше...

Назарбаев Казакстанда экенин басма сөз катчысы билдирди

Azattyk.org 

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев учурда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында экенин анын басма сөз катчысы Айдос Үкибай "Твиттердеги" баракчасына жазды. Ал Назарабев президент Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта болуп, бир катар консультациялык жолугушууларды өткөрүп жатканын кабарлаган. Бирок, Үкибай айткандарын тастыктай турган башка жагдайларды көрсөткөн эмес. “Элбашы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында. Такталбаган жана башка кызыкчылыктарды көздөгөн маалыматтарды жайылтпоону өтүнөбүз”... Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Бишкекте Казакстандын жарандарына жардам берүү штабы иштеп баштады

Azattyk.org 

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, транзит менен келген казак жарандарына жардам көрсөтүү максатында атайын штаб иштеп баштады. Транзиттик каттамдар менен “Манас” эл аралык аэропортуна түшкөн казакстандык жүргүнчүлөргө атайын унаалар даярдалып, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна алып баруу жана андан ары өткөрүү уюштурулуп жатат. Түндөсү келген жүргүнчүлөр кошуна өлкөдө коменданттык саат болгондуктан “Достук” мейманканасына жайгаштырылган. Казакстандык жарандарга колдоо көрсөтүү... Читать дальше...

АКШ: Казакстандын ЖККУ аскерлерин чакырган өтүнүчү суроо жаратат

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын ондогон кишилер каза тапкан каршылык акцияларын басууга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жардамга чакырганы суроолор жаратат деп билдирди.   Америкалык башкы дипломат казак бийликтери мыйзам жана тартипти сактоо максатында демонстранттардын укуктарын бузбай көчө акцияларын жөнгө салууга толук кудурети бар деп эсептейт.  “Эмне үчүн алар сырттан жардамга муктаж болгону белгисиз, биз бул боюнча кененирээк маалымат алганга аракет кылып жатабыз”... Читать дальше...

9-январдын аба ырайы: жаан-чачын болбойт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет агенттиги кабарлагандай, 9-январга карата Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир катар аймактарында туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда: түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 Талас облусунда: түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 Баткен облусунда: түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…8 Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9 Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5 Нарын облусунда: түнкүсүн -13…-18, күндүз... Читать дальше...

Казакстандын коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды

Azattyk.org 

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды. Бул тууралуу коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Ал мамлекетке чыкынчылык кылган деп шектелүүдө. Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигинен үч күн мурда, Алматыдагы башаламандыктар башталган кезде бошотулган эле. "Масимов жана башка бир нече киши мамлекетке чыкынчылык кылган деп шектелип, 6-январда тергөө абагына камалган",- деп айтылат маалыматта. Атайын кызмат бул боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Читать дальше...

COVID-19: эки адам каза болуп, 193 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 8-январдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2816 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 193 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (134 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 185 667 адамга жетти. Вакцина алгандар өлкө боюнча 1 млн. 242 миңден ашты. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын... Читать дальше...

Казакстандын ИИМи кармалгандар арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин билдирди

Azattyk.org 

Казакстандын ички иштер министрлиги полиция органдарына 4266 адам алынып келингенин, кармалгандар арасында башка өлкөнүн жарандары бар экенин маалымдады. “Алматы облусунун бир айылынан 100дөн ашуун киши колго түштү. Алдын ала маалыматтарга караганда, кошуна өлкөнүн жарандары кармалды”, - деп айтылат билдирүүдө. Маалыматта кайсы өлкөнүн жарандары экени так айтылган эмес. Мындан сырткары ИИМ Алматынын Калкаман кичи районундагы автоунаа оңдоочу жайлардын биринен ок-дарылар жана уурдалган буюмдар (велосипед... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Кудерметова и Хао-Чин вышли в финал турнира WTA в Штутгарте в парном разряде






Публичная и тайная жизнь одного из самых ярких российских адвокатов XIX века в новом историческом детективе “Плевако”

Для иностранных участников Менделеевской олимпиады предлагают ввести льготы при поступлении в вузы РФ

Арестован друг и соучастник замминистра обороны России Иванова

ДТП с участием автобуса и «Газели» произошло в Москве, два человека пострадали