ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 09.01.2022

"Президенттин атынан кагаз толтуруп, маселе чечкем"

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргызстандын азиздер бирикмесинин төрагасы Калык Мамбетакунов болду. Ал кантип “Калык чекист” аткан конгону, коммунист болууга ким бут тоскону, Майрам Акаева менен болгону мамилеси, саясатчылар Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жөнүндө көз карашы жөнүндө кеп кылат. - Калык Барктабасович, Аскар Акаев президент болуп турган маалда Калык Мамбетакуновдун ишинде көп ийгиликтер болду. Кыргызстандын саясий турмушунда өзүнүн сөзүн айтып турду, мындай ийгиликтердин себеби... Читать дальше...

Алматыда кармалган пианист: ТИМ Казакстанга нота жолдоду

Azattyk.org 

Алматыдагы башаламандыкка жалданып келди деген шек менен кармалган кыргызстандык музыкант, пианист Викрам Рузахунов боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөгө нааразылык нотасын тапшырды. Коомчулукта резонанс жараткан окуяны президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алып, Казакстанда адилетсиз кармалган кыргыз жарандары болсо, алар үчүн катуу күрөшө турганын билдирди. Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев башаламандыкты иликтөөдө "коңшу өлкө" деген сөздү көп оозанган... Читать дальше...

Султанбаев президенттин Казакстан тууралуу билдирүүсүнө түзөтүү киргизди

Azattyk.org 

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы  Садыр Жапаровдун Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу билдирүүсүнө түзөтүү киргизди. "Мамлекет башчысынын сөздөрүн туура эмес чечмелеген айрым учурларга байланыштуу төмөнкүдөй тактоо киргизем. Президент Жапаров кыргыз тарап акцияга катышпаган жана жоопкерчиликке адилетсиз тартылып жаткан Кыргызстандын бардык жарандарын коргой тургандыгын жана алар үчүн катуу күрөшөрүн так билдирди. Редакциялардан президенттин сөздөрүн туура чечмелөөсүн өтүнөм"... Читать дальше...

Баткен: Аскер бөлүгүндө жоокер өлүмү катталды

Azattyk.org 

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында жайгашкан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн жоокери чогуу кызмат кылган аскерди атып алды. Ок тийген жоокер каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта  ички аскерлердин 20 жаштагы катардагы жоокери ойноп жатып,  бет маңдайда турган шеригин кокустан атып алганы  айтылат. 19 жаштагы жоокер жаракат алып,  ооруканага жеткирилген,  алган жараатынан улам көз жумган. Окуянын себептери жана чоо-жайы иликтенип жатат. Читать дальше...

Казакстан өкмөтү 164 адамдын өлүмү тууралуу маалыматты кайра төгүндөдү

Azattyk.org 

9-январда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги өзүнүн «Телеграм» каналына 164 адам өлгөнүн жазган. Кийин өкмөт муну «техникалык» ката деген негизде четке какты. Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы беймаалым. Бийлик бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана «куралчан» 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген. Читать дальше...

Алматыда кармалган музыкант, окко учкан наристе

Azattyk.org 

Казак телеканалы Алматыдагы митингге «жалданып келген» деп көрсөткөн жигит кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экенин жакындары, кесиптештери тааныды. Алматыдагы башаламандыктарда дагы бир наристенин өмүрү кыйылды. Казак Ички иштер министрлиги алты миңдей киши кармалганын, арасында чет элдиктер да бардыгын жекшембиде жарыяларды.

Казак боордошторго боор тарткандар

Azattyk.org 

Ыктыярчылар менен Бишкектин мэриясы “Манас” эл аралык аэропортуна транзиттик каттамдар менен түшкөн казакстандык жүргүнчүлөргө атайын унаа даярдап, "Ак-Жол" чек ара бекетине жеткирип жатышат. Түн бир оокумда келир конгон коңшу өлкөнүн жарандары Бишкекте мейманканага жайгаштырылып, ысык тамак-аш менен камсыздалууда.

Бердымухамедов «Тозоктун дарбазасын" өчүрүүгө буйрук берди

Azattyk.org 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов «Тозоктун дарбазасы» деген атка конгон, 50 жылдан бери жанып турган газ кратерин өчүрүүгө буйрук берди. Каракум чөлүндөгү кратерге советтик геологдор от койгондо тез эле өчүп каларын болжошкон. Бирок алар ойлогондой болгон жок. Түркмөн бийлиги бул кратерди бир нече ирет туристтик жайга айлантуу аракетин көрүшкөнү менен андан да майнап чыккан эмес. Бердымухамедов 2010-жылы да ал отту өчүрүүгө буйрук берген.



Сербияда литий металлын казуу планына каршы акция өттү

Azattyk.org 

Сербияда ишембиде жүздөгөн киши бийликтин литий казуу планына каршы чыгып, жолдорду торошту. Акция баш калаа Белградда да өттү. Өкмөт башчы Ана Брнабик «Пинк» каналына бийлик литий өндүрө турган компания менен келишимди жокко чыгарууну көздөп жатканын айтты. Жарандар жана экологияны коргоо менен алектенген компаниялар бийлик өз пландарынан баш тартмайынча акциялар улана берерин билдиришти. Адистер белгилегендей, автоунаанын аккумуляторуна колдонулчу литий металын казуу аймактагы экосистемага олуттуу зыян келтириши мүмкүн.

ТИМ Казакстандын элчисине нота тапшырды

Azattyk.org 

Музыкант Викрам Рузахуновдун Алматыдагы башаламандыкка тийиштиги бар деп шектелип кармалышына байланыштуу бүгүн, 9-январда Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө министринин орун басары Азизбек Мадмаров Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырды. Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада... Читать дальше...

Президент Жапаров адилетсиз жоопко тартылган жарандар үчүн күрөшө турганын айтты 

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандар болсо Кыргызстан ар бири үчүн катуу күрөшө турганын айтты. Бул тууралуу президент “Фейсбук” баракчасына жазды. Мамлекет башчы кошуна өлкөдө болуп жаткан окуялардан толук кабардар экенин, музыкант Викрам Рузахунов тууралуу маалымат социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмалар берилгенин белгилеген. “Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат. Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп.

Казакстандагы соңку окуяларда 164 адам каза болгону расмий айтылды

Azattyk.org 

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү тополоңдо 164 адам каза болгонун билдирди. Мекеменин маалыматын казакстандык Телеграм каналдар таратты. Министрлик өлкөнүн төрт облусу боюнча маалымат берген. Ага ылайык, Алматыда 103 (эки бала), Кызылорда облусунда 21, Жамбылда он жана Алматы облусунда сегиз адам каза болгон. Калган 22 адамдын кай жерлик экени белгисиз. Казакстандын өкмөтү 5-январдан бери биринчи жолу каза болгондор боюнча кеңири маалымат берди. Буга чейин Ички иштер министрлиги... Читать дальше...

"Ак сарай ичиндеги интригалар айдан ачык болуп калды"

Azattyk.org 

Казакстандагы окуялар жакырланган калк менен олигархтардын ортосундагы ажырым жогорку чекке жеткенин көрсөттү. Бул окуялардан кийин казак бийлигинин диктатурасы күч алышы мүмкүн. Мындай пикири менен Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат «Азаттыкка» бөлүштү. - Эрика айым, Казакстандагы соңку окуялар бийликтин жогорку сересиндеги кризисти далилдедиби? Токаевдин баарын өзү айткандай «террордук топторго» шылтоосу бийликтин жүзүн сактап калуу аракетиби? - Казакстандагы... Читать дальше...

Ооганстанда талибдердин бийлигин сындаган профессор камалды

Azattyk.org 

Ооганстанда телеканалдагы түз ободо талибдердин өкмөтүн сынга алган Кабул университеттин профессору Файзулла Жалал 8-январда камалды. Бул маалыматты анын кызы Хасина ырастады. 20-ноябрда түз көрсөтүлгөн талкуу маалында профессор «Талибанды» (Кыргызстанда тыюу салынган) бийликти бир колго алып, сөз эркиндигин басмырлаганы үчүн сынга алган. «Кабулдагы кырдаалды көрүп, ыйлагым келет. Адамдардын жегенге наны жок» деген Жалалдын сөздөрүн оогандыктар социалдык тармактарга бөлүшүп, айрымдары анын сүрөтүн өз баракчаларына коюп алышкан. Читать дальше...

Жакындары Казакстанда кармалган жигит "Закир Юбуров" деген маалыматты четке кагышты

Azattyk.org 

Казакстанда тополоңго тиешеси бар деп кармалганы айтылган жигит "кыргызстандык Закир Юбуров" деген маалыматты анын жакындары четке кагышты. Бир тууганы Тахир Юбуров “башаламандыкка катышым бар, Кыргызстандан 90 миң теңгеге жалданып келгем” деп көрсөтмө берген видеосу интернетке тараган адам менен туугандык байланышы жок экенин “Азаттыкка” билдирди. “Видеодогу киши менин бир тууганым эмес. Ал 7-январда жума намазын окуганы чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат. Закир үй-бүлөсү менен Алматыдагы базарда соода кылып жашачу. Читать дальше...

Султанбаев: Рузахуновду деструктивдүү элемент катары көрсөтүү аракети тынчсыздануу жаратат

Azattyk.org 

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстандагы башаламандыкка катышы бар деген шек менен кармалышы боюнча “Фейсбуктагы” баракчасына комментарий жазды. “Бир катар чет өлкөлүк маалымат каражаттарында кыргызстандык жаз музыканты Викрам Рузахуновду Казакстанга митингге катышуу үчүн келген деп, аны деструктивдүү элемент катары көрсөтүү аракеттери тынчсызданууну жаратат. Мындай оңой эмес кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан... Читать дальше...

250гө чукул казакстандык жарандын мекенине кайтуусуна жардам көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Акыркы бир нече суткада Бишкек мэриясы  Казакстандын чет жактардан келе жаткан 247 жаранын тосуп алып, мекенине кайтышына жардам берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 195 казакстандык жаран чет жактан учуп келери менен кыргыз-казак чек арасына жеткирилген. Калганы топ-топ болуп, кыргызстандык ыктыярчылардын жардамы менен кетүүдө. 7-январда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын жарандарына жардам  уюштуруу боюнча шаардык штабдын иштөө тартибин бекиткен. Маалыматка караганда... Читать дальше...

"Маселени министр чечпегенде Майрам Акаевага баргам"

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу - Кыргызстандын азиздер бирикмесинин төрагасы Калык Мамбетакунов. Ал кантип “Калык чекист” аткан конгону, коммунист болууга ким бут тоскону, Майрам Акаева менен болгон мамилеси, саясатчылар Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жөнүндө айтып берди.

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Евразия чемпиону болду

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-январда Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Евразия хоккей чемпионатында Кыргызстандын хоккей курама командасы биринчи орунду ээледи. Чемпионатка Кыргызстан, Түркия, Болгария жана Босния-Герцоговиниянын курама коммандалары катышты. Оюндар 7-8-9-январда болду. Кыргызстандык хокейчилер Болгария менен Түркиянын оюнчуларын жеңип, финалда Босния-Герцоговинанын курама командасы менен беттешип, 5-2 эсебинде утту. 8-январда жарым финалда Түркия менен беттешип, 7-5 эсебинде жеңген. (ElB)

Новости России
Москва

Эксперты КА «Главный Советник» приняли участие в форуме «Тренды и антитренды корпоративного видео сегодня»


Оралда 360тан көп адам кармалды, куралдуу блокпосттор коюлду

Azattyk.org 

Казакстандын Актөбө-Орал (Уральск) шаарынын айланасына беш блокпост коюлду. Батыш Казакстан полиция департаменти бул посттор кирип-чыккандарды көзөмөлдөө үчүн коюлганын кабарлады. Күч түзүмдөрү ары-бери өткөн бардык машине, адамдарды тыкыр текшерип жатат. Полициянын маалыматына караганда, 8-январда таңкы саат 05:20 чамасында Актөбө-Орал шаарынан 15 чакырым алыстагы Подстенное айылынан өтүп бара жаткан машине текшерилип, ичинен граната, 12-калибрдеги ок, планшет, телефон жана смарт-саат табылган. Читать дальше...

Ташиев казак бийлигин "риториканы өзгөртүүгө" чакырды

Azattyk.org 

Бишкекте 9-январда Казакстандын элчилигинин алдында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүп жаткан акцияга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев барды. УКМК жетекчиси Викрам Рузахунов террорчу эмес экенин айтты. “Ал музыкант. Эртең менентен бери Викрам Рузахунов тууралуу бардык маалыматты текшердик. Ал эч кандай башаламандыктарга катышкан эмес. Казакстандын мамлекеттик телеканалдарынан чыгып жаткан маалымат жалган. Коңшулар окуяларды иликтөө жаатында риториканы өзгөртүшү керек. Читать дальше...

Алматыда дагы бир бала окко учканы белгилүү болду

Azattyk.org 

Казакстандын балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыдагы окуяларда дагы бир наристенин өмүрү кыйылганын 9-январда билдирди. "Азаттыктын" казак кызматы Саиндин маалыматына таянып, 7-январдагы атышуулар убагында , саат 19.00дө Алматынын Сейфуллин жана Сатпаев көчөсүндө бараткан машинеге ок тийип, анын ичиндеги төрт жаштагы наристе чарчап калды.  Автоунаадагы 9-класста окуган дагы бир секелек реанимация бөлүмүндө жатат.  Буга чейин жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Алматыдагы өлүкканага... Читать дальше...

Алматыда кармалган музыканттын жакындары Бишкекте митингге чыгышты

Azattyk.org 

Бишкекте Казакстандагы соңку башаламандыктарга тиешеси бар делип кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду колдогон митинг өтүп жатат. Казакстандын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдына чогулган 50дөй киши Рузахуновду Кыргызстанга алып келүүнү талап кылып жатышат. Алар казак Ички иштер министрлиги Рузахунов тууралуу жалган маалымат таратып жатканын айтып, ага баа берүүгө чакырышууда. Чогулгандар арасында кыргызстандык белгилүү ырчы, музыканттар Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая, Ырыскелди Осмонкулов жана укук коргоочулар... Читать дальше...

ИИМ: Музыкант Рузахуновду Алматыга концерттик программага чакырышкан

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Казакстанда башаламандыкка катышы бар деп кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов тууралуу 9-январда маалымат таратты.  Рузахуновдун кармалышына байланыштуу жагдайлар такталып жатканын, ал жакында концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылганын билдирди. Жакындары Алматыга баруу үчүн авиабилет 2021-жылдын 16-декабрында алынып, музыкант 2-январь күнү, саат 20:00дө учуп кеткенин айтып беришкен.  “Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен анын небереси... Читать дальше...

Үкибай "Назарбаев Коопсуздук кеңештин төрагалыгын өзү тапшырганын" билдирди

Azattyk.org 

Казакстандын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары экс-президент Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Үкибайдын маегин басып чыгышты. Анда ал Назарбаев Коопсуздук кеңештин төрагалыгын "абалды түшүнгөндүктөн, өз эрки менен Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенин" айткан. Буга чейин Айдос Үкибай маалымат каражаттарына Нурсултан Назарбаев Казакстанда экенин, башкалаада Касым Жомарт Токаев менен абалды жөнгө салуу үчүн жолугушууларды өткөрүп жатканын билдирген. 5-январда Казакстандагы... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Азаренко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Майами






Москва готовится к ракетным ударам по аэродромам НАТО?

Татьяна Марчук выпустила альбом «Экопесенки» на лейбле Riki Music

Рейсы в Москву из Благовещенска возобновит одна из авиакомпаний

В подмосковном Дмитрове 19-летний водитель сбил троих детей на пешеходном переходе