Орусия менен АКШ делегацияларынын Женевадагы жолугушуусу аяктады
Орусия менен АКШ делегацияларынын Женевадагы жолугушуусу аяктады. Америкалык делегацияны жетектеп барган мамлекеттик катчынын орун басары Венди Шермандын айтымында, сегиз саатка созулган эки тараптуу сүйлөшүү "олуттуу" жана "кесипкей маанайда" өткөнүн билдирди. Шерман АКШ жолугушууга бир нече сунуш менен келгенин айтып, анын ичинде ракеталарды жайгаштыруу жана аскердик машыгууларды чектөө да бар экенин кошумчалады. Ал ошондой эле америкалык аскерлердин санын кыскартуу маселеси эки тараптуу жолугушуунун күн тартибине чыгарылбаганын билдирди.