Кыргызcтандын 100дөн ашык жараны казак жергесинен кайтарылды
Казакстандагы 150дөн ашык кыргыз жараны чек арадагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети аркылуу мекенине келди. Эвакуациялангандар автобус менен Бишкекке жеткирилди. Мекенине келген кыргызстандыктардын көпчүлүгү жаңы жылга карата Казакстанга тууган-туушкандарыныкына барганын айтып жатышты. Алардын дээрлик бардыгы өлкөдөгү башаламандык учурунда үйдөн чыкпаганын, сырттагы атышуулардын үнүн гана угуп тургандыгын билдиришти. Алардын бири Бактыгүл Сабырбекова. “Кызым Алматыда жашайт, жаңы жылдын алдында ага учурашайын деп Бишкектен барган элем. Читать дальше...