ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 13.01.2022

Батыш менен Орусиянын Украина боюнча үчүнчү сүйлөшүүсү да ийгиликсиз аяктады

Azattyk.org 

Украинанын чек арасында орус аскерлеринин топтолгонуна байланыштуу кырдаалды жеңилдетүү боюнча Европа кызматташтык жана коопсуздук уюму (ЕККУ) менен Орусиянын өкүлдөрүнүн 13-январда Венадагы жолугушуусунда тараптар бир пикирге келе алышкан жок. Бул аталган темага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы болуп саналат. Алгач 9-10-январда Орусия менен АКШнын өкүлдөрү Женевада эки тараптуу жолугушуу өткөрүшкөн. 12-январда Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны болду. Экинчи айлампага НАТОго мүчө... Читать дальше...

Кызыл-Кыштактын жепжутаттары Баходир Холматовдун, Х.Рахматуллаевдин, М.Газиевдин жемкорлугу жана коррупциялык схемалары

PR Kyrgyz 

КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

АРЫЗ

1. КР Президенти С.Н. Жапаров: “Экономиканы көмүскөдөн чыгарып, бюджетти 400 млрд сомго чыгарабыз. Ал үчүн коом жардам берип, мамлекет эсебинен мыйзамсыз байыган, салык төлөбөгөн адамдарды айтышы керек, укук коргоо органдары аларды кустурат”-деп айткан.

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты, ЖК депутаты И.Матраимовдун коомдук кеңешчиси Б. Халматовдун кылмышкер шериктери Рахматуллаев Хикматилла каймана аты Тилла... Читать дальше...

Amnesty International Казакстанды кармалгандар менен каза болгондордун санын ачык айтууга чакырды

Azattyk.org 

Amnesty International эл аралык уюму Казакстандын бийлигин нааразылык учурунда каза болгон жайкын тургундардын жана андан бери кармалган адамдардын санын ачык айтууга чакырды. Уюм ошондой эле кармалгандардын арасындагы журналисттерди жана активисттерди бошотууга үндөдү. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан укук коргоо уюмунун кайрылуусунда бардык укук бузууларды, ошондой эле “күч кызматтары тараптан курал колдонуу” менен жасалган фактылардын баарын кылдат жана бейтарап иликтөө зарылдыгы айтылат. Уюм... Читать дальше...

Орусияга барган мигранттар 30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүш керек

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусияга келген кыргызстандыктар кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, манжа изин тапшырып, сүрөткө түшүү тартибинен өтүшү керектигин эскертет. Элчилик Орусияга иштөө үчүн барган Кыргызстандын жарандары медициналык кароодон өтчү мекемелердин тизмесин жана бааларын "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы менен жаранга тиешелүү күбөлүк берилет. Кароодон өтпөгөн же изилдөөдө баңгизаттарын же психотроптук каражаттарды колдонору... Читать дальше...

Оокаттын айынан бөйрөгүн саткан оогандар

Azattyk.org 

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери Казакстандан чыгарыла баштады. Кыргыз жоокерлери 14-январда Бишкекке кайтып келээри маалым болду. Коңшу өлкөдө төрт жаран камакта. Кыргыз бийлиги аларды бошотуу макулдашылганын маалымдаган. Ооганстанда жашоонун айынан өз бөйрөгүн саткандар көбөйдү. Бир бөйрөктүн баасы төрт миң долларга чейин барат.

Алматыда каза болгон Азиз Мусаевдин сөөгү туугандарына берилди

Azattyk.org 

Казакстандагы тополоң учурунда Алматы шаарында каза болгон кыргызстандык жаран Азиз Мусаевдин сөөгүн апасы менен агасы Кыргызстанга алып кетти. Бул тууралуу Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулу Назарали Арипов билдирди. Алматыда каза болгон дагы бир кыргызстандык Бахтияр Базарбаевдин сөөгүн алып кетүүгө дагы уруксат берилди. Консулдун айтымында, Базарбаевдин жакын туугандары келгенден кийин сөөгү берилет. Алматыдагы башкы консул камакта жаткан төрт кыргызстандыкты бошотуу боюнча иштер жүрүп жатканын... Читать дальше...

"Хьюман Райтс Уотч" уюму 2021-жылдагы отчетун жарыялады

Azattyk.org 

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму дүйнө жүзүндөгү адам укугунун сакталышы боюнча 2021-жылдын отчетун жарыялады. Анда Борбор Азия жана Кыргызстандагы адам укугунун сакталышы тууралуу дагы айтылган. Уюм Кыргызстанда 2021-жылы ишке кирген Конституциянын айрым жоболору адам укугунун стандарттарына каршы келерин, бул жылы бейөкмөт уюмдардан негизсиз каржылык отчеттуулукту талап кылган, жалган маалымат үчүн өтө чоң жоопкерчиликти киргизген көйгөйлүү мыйзамдар кабыл алынганын белгилеген. Читать дальше...

"Кан төгүүнү иликтөө үчүн Кыргызстандагыдай комиссия түзүлсө болмок"

Azattyk.org 

Казакстанда соңку кандуу окуяларда канча карапайым киши каза болгону тууралуу расмий маалымат айтыла элек. Укук коргоочулар жоготуулардын, жабыркагандардын санын аныктоо үчүн калктан далил-маалыматтарды чогултуп жатышат. Алардын бири Галым Агелеуовду сөзгө тарттык. - Укук коргоочуларда чындыгында канча киши каза тапканы тууралуу маалыматтар барбы? Ал сандар расмий статистикадан канчалык айырмаланат? - Азырынча бизде эч кандай так сан жок. Биз учурда видео материалдарды чогултуу менен алек болуудабыз. Читать дальше...



Кыргыз-казак чек арасындагы бекеттер иштөө тартибин өзгөрттү

Azattyk.org 

Чек ара кызматы коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү эске алуу менен кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу жана адамдардын өтүү тартиби өзгөргөнүн билдирди. Ага ылайык, оор жүк ташуучу транспорт каражаттары “Ак-Тилек", “Чалдыбар" жана Талас облусундагы “Чоң-Капка" бекеттеринен өтө алышат. "Ак-Жол", “Ак-Тилек”, “Чалдыбар” жана Талас облусундагы “Чоң-Капка” бекеттери аркылуу адамдардын өтүүсүнө дагы бир катар чектөөлөр киргизилген. Жогорудагы бекеттер аркылуу Кыргызстандын жана чет өлкөлүк... Читать дальше...

АКШ сенаты Орусиянын президенти Путинге каршы санкцияларды даярдады

Azattyk.org 

АКШ сенатындагы демократтар Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган орус аткаминерлерине жана Орусиянын банк түзүмүнө санкциялар топтому боюнча мыйзамдын долбоорун даярдашты. The Washington Post мурдараак бул мыйзам долбоорун Ак үй колдогонун жазган. Санкциялар эгер Орусия Украина басып кирсе колдонулат. Санкциялардын ичинде Путиндин АКШга кирүүсүнө тыюу салуу, анын америкадагы активдерин камакка алуу сыяктуу чаралар бар. Ушундай эле нерселер Орусиянын премьер-министрине, тышкы иштер министрине жана коргоо министрине колдонулат. Читать дальше...

Рамзан Кадыров Ингушетиянын "айылдарын басып алам" деп коркутту

Azattyk.org 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Ингушетиянын жашоочуларына жана аксакалдарына багытталган видеокайрылуу таратып, өзүнө коюлган айыптарды дааналап айтуу үчүн үч күндүк мөөнөт койгонун маалымдады. Ал эгер дооматтар негизсиз жана анын кадыр-баркына шек келтире турган болсо, “анда бардык кадамдарга барарын, ал үчүн эч кандай мыйзам жоктугун” айтты. Инстаграмда жарыяланган кайрылууда Кадыров “анын калкынын, уруусунун, үй-бүлөсүнүн жана өзүнүн кадырына шек келтирген адамдарды жөн калтырбай” турганын айтты. Читать дальше...

Аймактарды өнүктүрүү фонддоруна түшкөн каражаттарды онлайн көрүүгө болот

Azattyk.org 

Тоо-кен ишканаларынан аймактарды өнүктүрүү фонддоруна түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча маалыматтар "Ачык бюджет" – budget.okmot.kg порталына жайгаштырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтында жарыяланды. Өлкөнүн ар бир жараны тоо-кен компанияларынан аймактарды өнүктүрүү фонддоруна түшүүчү каражаттар кайда, качан жана канча өлчөмдө жумшалып жатканын онлайн режимде көрө алары айтылат. Бул иштер президенттин 2021-жылдын 29-январындагы "кен казуу тармагын реформалоо маселеси... Читать дальше...

Казакстанда кармалган төрт жаран бошотула элек

Azattyk.org 

Казакстандагы тополоң учурунда Алматы шаарында кармалган төрт жаран эркиндикке чыга элек. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда жүргөн ар бир жарандын укугу корголо турганын айтып жатат. Алматыдагы башаламандык учурунда Кыргызстандын эки жараны - Азиз Мусаев менен Бахтияр Базарбаев каза болгон. Алардын сөөгү бейшембиде туугандарына берилди. 33 жаштагы Азис Мусаевдин Алматынын борбордук аянтында жараат алгандардын бирине көмөк көрсөтүп жатып окко учканы маалымдалган. Ал 2016-жылдан... Читать дальше...

Лифттеги өлүм боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Бишкек милициясы Улан кичирайонундагы лифтке кыпчылып каза болгон адамдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Кылмыш иши Жазык кодексинин 297-беренеси ("Колдонуучулардын өмүрүнө кооптуу кырдаалды түзүү") боюнча ачылды. Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Иликтөө иштери уланууда. Буга чейин Бишкек мэриясы лифттеги өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тармактар аралык комиссия түзгөн. Читать дальше...

Карим Масимов "бийликти басып алуу” беренеси менен айыпталууда

Azattyk.org 

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) аскерлери 13-январда Казакстандан чыгарыла баштады. Эл аралык укук коргоочу уюмдар казак бийлигин соңку окуяларда канча жайкын киши каза тапканын жашырбоого үндөп жатышат. Ал тапта Коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовго “бийликти басып алуу” беренеси менен кылмыш иш козголгону белгилүү болду. “Тынчтык орнотуучу бирдиктүү күчтөрдүн Казакстандагы бөлүктөрү коюлган максаттарды аткарып бүтүп, техниканы жана жабдууларын Орусиянын Аба-космос аскерлеринин учактарына жүктөй баштады”... Читать дальше...

Бишкек шаардык соту мурдагы депутат Карганбек Самаковду актады

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 13-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду актады жана мүлктөрүн камактан чыгарды. Жогорку сот өткөн айда анын ишин кыскартуу тууралуу Бишкек сотунун өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра экинчи инстанцияга жөнөткөн. Анда прокурорлор айыптоо корутундусунан баш тартканына байланыштуу иш кыскарганы айтылган. Өткөн жылдын башында Жогорку сот ошол кезге чейинки Самаковго чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберген. Экс-депутат 2017-жылы... Читать дальше...

ЖККУнун аскерлери Казакстандан чыгарыла баштады

Azattyk.org 

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында барган жоокерлерди Казакстандан чыгаруу аракеттери башталды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады. 13-январда Алматы шаарында аскерлерди узатуу иш-чарасы өттү. Анда сырттан келген күчтөрдүн тынчтыкты сактоо жана стратегиялык объектилерди коргоого багытталган аракеттерине ыраазычылык айтылды. Бул күнү кайсы өлкөнүн аскерлери чыгарылып кетери так айтылган жок. Кыргызстандын аскерлери 14-январда учуп кетишери мурдараак кабарланган. Читать дальше...

Президенттин басма сөз катчысы анын атын колдонгондор тууралуу эскертти

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев анын атын колдонгон шылуундар тууралуу эскертти. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына "акыркы убакта менин атыма жамынып, белгисиз адамдар ар кимге ар кыл “өтүнүчтөр” менен чалып жаткан учурлар көбөйгөнүн эскертип койгум келет. Достор силерден сураныч, телефон шылуундарынан сак болуңуздар! ",-деп жазды жана өзүнүн аты аталган "Вотсаптагы" жазышуулардын сүрөтүн чыгарды. Эрбол Султанбаев президенттин басма сөз катчысы болуп былтыр май айында дайындалган. Читать дальше...

Алматы: талап-тоноолордун чыгымы санала баштады

Azattyk.org 

Алматыда жай турмуш акырындап калыбына келүүдө. Башаламандыктан кийин көпчүлүк жеке дүкөндөр иштей баштады, ири соода борборлору ачылууда. Бирок шаардагы бардык соода түйүндөргө кечки 7ге чейин гана иштөөгө уруксат. Тополоңдо дүкөндөрү талкаланган ишкерлер эми полицияга арыз жазып, мародерлерду табуунун амалын издеп жатышат. Алматыдагы талап-тоноолордун жалпы чыгымы 211 миллион доллардан ашары кабарланды.

Новости России
Москва

ДЭГ местного значения // Суд оставил в силе итоги электронного голосования на выборах президента


Өкмөт өнүктүрүү программасын ишке ашыруу планын жарыялады

Azattyk.org 

Министрлер кабинети 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу планын жарыялады. Анда алдыдагы беш жылдын ичинде орточо эсеп менен жыл сайын 5% экономикалык өсүштү камсыздоо, киши башына эсептелген Ички дүң өнүмдү (ИДӨ) кеминде 1,5 миң долларга жеткирүү, жумушсуздуктун деңгээлин 5% чейин тушүрүү, жакырчылыктын деңгээлин 20% азайтуу каралган. Өкмөттүн планына ылайык, бизнести колдоо максатында жеңлдетилген насыялар берилет. Бир катар ГЭСтерди куруу, курулган ГЭСтердин абалын, мүмкүнчүлүгүе жакшыртуу каралган. Читать дальше...

Жалал-Абадда оорукананы тоногондор кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абаддагы облустук оорукананын эшигин бузуп кирип, ноутбуктарды, автоунаалардын документтерин, бензин, күйүүчү май алуучу таллондорду уурдаган үч жаран кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. "2022-жылдын 7-январга караган түнү облустук оорукананын администрациясынын эшигин белгисиз кылмышкерлер бузуп кирген. Ал жерден төрт ноутбук, термос, сейфтин ичинде турган 15 автоунаанын документтерин, 4670 литр бензиндин жана 2330 литр солярканын... Читать дальше...

Түрк тышкы иштер министри Кытайдагы сапарында уйгурлар маселесин көтөрдү

Azattyk.org 

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кытай кесиптеши Ван И менен Бээжиндеги сүйлөшүүсүндө этникалык уйгурлардын жагдайы боюнча камтамачылыгын билдирди. “Биз күн тартибиндеги маселелер боюнча, өзгөчө уйгурлар жөнүндө көз караштарыбызды, күтүүлөрүбүздү жана кооптонууларыбызды ачык айттык”,-деди Чавушоглу 12-январда сүйлөшүүдөн кийинки басма сөз жыйынында. Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү... Читать дальше...

Соцфонд: Пенсия, жөлөк пулдарга 50 миллиард сомдон ашык каражат сарпталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2021-жылы пенсия жана жөлөк пулдарды камсыздоого 50 млрд. 819,4 млн. сом жумшалды. Бул тууралуу 13-январда Социалдык фонддун басма сөз кызматы кабарлады. Пенсия жана жөлөк пулдун эң чоң көлөмү Ош облусуна туура келет. Бир жылда дубанды камсыздоого жалпы 9 млрд. 315,6 млн. сом бөлүнгөн. Бишкек шаары, Чүй облусунда да Социалдык фонддон каржылангандардын саны көп. Социалдык фонддун маалыматына караганда, Кыргызстандагы 670 миң адам пенсия жана жөлөк пул алат. (BCh)

Казакстан: Карим Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

Azattyk.org 

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасы Карим Масимовго карата “бийликти басып алуу” беренеси боюнча да кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматына таянуу менен “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Жаңы берене боюнча коопсуздук комитетинин жетекчисинин мурдагы эки орун басарына да айып тагылган. Карим Масимов соңку нааразылыктардын фонунда 6-январда кызматтан алынып, ошол эле күнү кармалып, тергөө абагына камалган. Ага алгач “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып тагылган. Читать дальше...

АКШ БУУну Түндүк Кореяга кошумча санкция киргизүүгө чакырды

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттар БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуу менен ракеталар топтомун дагы сынаган Түндүк Кореяга кошумча санкцияларды киргизүүнү талап кылды. Бул тууралуу АКШнын БУУдагы элчиси Томас-Гринфилд “Твиттерде” жазды. Ал билдиргендей, Пхеньян былтыркы жылдын сентябрынан бери алты жолу баллистикалык ракета атты, анын ар биринде БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы бузулду. 12-январда АКШ өзү Түндүк Кореяга бир тараптуу санкцияларды киргизген.  Түндүк Кореянын алты атуулун... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Камбэком обернулся матч вундеркинда из России перед стартом Еленой Рыбакиной в Мадриде






Прием заявок конкурса «Бюджет для граждан» начался в Подмосковье

В Подмосковье начали курсировать новые автобусы Yutong

Всероссийская акция «Тотальный диктант» прошла в Лобне

В Подмосковье обучили председателей профсоюзных первичек Минздрава