ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 14.01.2022

Зеленский Байден менен Путинге үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Жо Байденге жана Орусиянын президенти Владимир Путинге үч тараптуу жолугушуу өткөрүүнү, болбосо видеоформат аркылуу сүйлөшүүнү сунуштады. Бул тууралуу жума күнү украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак кабарлады. Анын айтымында, Зеленский өз демилгесин Байденге айтты. Качан айтканын тактаган жок. Андрей Ермак “америкалык өнөктөштөр бул сунушту кызыгуу менен кабыл алышканын” белгилеп, орус тараптан эч кандай реакция боло электигин кошумчалады. Читать дальше...

Нурсултан Назарбаевдин иниси Самат Абиш Коопсуздук комитетиндеги кызматында калды

Azattyk.org 

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин агасынын уулу Самат Абиш өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасынын биринчи орун басары кызматында калды. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында 14-январда чыккан маалыматта айтылат. “Улам-улам түшүп жаткан суроо-талаптарга байланыштуу С.Абиш УККнын жетекчисинин орун басары кызматында мурдагыдай эле иштеп жатат”,-деп маалымдады басма сөз кызматы. Маалыматта ошондой эле ал азыр жылда алчу эмгек өргүүсүндө экени белгиленет. 7-январда... Читать дальше...

Президент Токаевдин уулунун четтеги мүлкү

Azattyk.org 

“Азаттыктын” орус кызматы жана “Настоящее время” телеканалы казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин уулу Тимурдун чет өлкөдөгү активдерин иликтеп чыгышты. Маалыматка ылайык, Тимурдун Москвада жана Женевада кымбат кымбат батирлери бар. Мындан тышкары Токаевдин уулунун бир топ кирешелүү компанияларда үлүшү да болгон.

Шекердеги жер талашты ким чечет?

Azattyk.org 

Кара-Буура районунун Шекер айылынын тургундарынын ортосунда жайыт маселесинен улам чыр чыкты. Жердин ээси делген Каныбек Токторалиев айыл тургундары коркутуп жатканын айтып, укук коргоо органдарына жана президент Садыр Жапаровго чейин арыз жазган. .

Казак активисттери курмандыктардын тизмесин түзүүгө киришти

Azattyk.org 

Укук коргоочулар казак бийлигинен тополоңдо каза тапкандар менен кармалгандардын тизмесин ачык жарыялоону талап кылууда. Интернетте башаламандыктын курмандыктарынын аянычтуу тагдыры тууралуу түрдүү видеолор тарап атат. Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага, анын фракциялашы Орозайым Нарматова УКМКга сурак берди. Батыш менен Орусиянын мамилеси чыңалып турган маалда Украинанын өкмөттүк сайттары жапырт кибер чабуулга кабылды.

Нидерланддын королу расизмдин элементтери чагылдырылган арабадан баш тартты

Azattyk.org 

Нидерланддын королу Виллем-Александр сыртында расисттик деп саналган сүрөт тартылган салттуу алтын арабадан баш тартуу чечимин кабыл алды. Карета XIX кылымдын аягында жасалган. Анда кара терилүү адам менен азият түспөлүндөгү киши тизелеп олтурган абалда Нидерландды символдоштурган ак терилүү аялга какао жана кант камышын сунуштап жатканы тартылган. Аялдын жанында ак терилүү эркек европалык эмес келбеттеги адамдарга цивилизациянын символу катары китеп сунуп турганы чагылдырылган. Корол Нидерланддын... Читать дальше...

"Жүрөгүнө жана чекесине ок тийген". Казакстанда кыйылган өмүрлөр

Azattyk.org 

Укук коргоочулар казак бийлигинен тополоңдо каза тапкандар менен кармалгандардын тизмесин ачык жарыялоону талап кылууда. Интернетте Казакстандагы башаламандыктын курмандыктарынын аянычтуу тагдыры тууралуу түрдүү видеолор тарап жатат. Интернетке тараган видеолордун биринде Алматы облусунда бүтүндөй бир үй-бүлөнүн тажиясын көрүүгө болот. "Настоящее Время" телеканалы билдиргендей, бул үй-бүлөдө күйөөсү, аялы жана 15 жаштагы кызы 8-январдын кечинде Талды-Коргон шаарында мерт болгон. Укук коргоочулардын айтымында... Читать дальше...

Лавров Москванын Батышка карата "сабыры түгөнгөнүн" билдирди

Azattyk.org 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москванын Батышка карата “сабыры түгөнгөнүн” маалымдап, “коопсуздук кепилдиктери” боюнча талаптарга кагаз түрүндө жоопту бир апта күтүшөрүн айтты. Бул тууралуу ал 14-январда жылды жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында билдирди. Ал бул аралыкта жооп болбосо Орусия кандай кадамга барарын тактаган жок. Ушул аптада аталган темага байланыштуу үч сүйлөшүү өттү. Алгач 9-10-январда Орусия менен АКШнын өкүлдөрү Женевада эки тараптуу жолугушкан. 12-январда Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны болду. Читать дальше...



УКМК Орозайым Нарматованы суракка чакырган себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 14-январда билдирүү таратып, Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын суракка чакырылышы боюнча түшүндүрмө берди. Мекеме парламентке шайлоо өткөн учурдагы текшерүү иштеринде Нарматованын окууга которулушундагы мыйзамсыздык жөнүндө маалымат түшкөнүн билдирет. Анын негизинде Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.  Коопсуздук комитети... Читать дальше...

Бишкекте индус тектүү жарандын өлүмү иликтене баштады

Azattyk.org 

Бишкекте 14-январда Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан эркек кишинин сөөгү табылды. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына караганда, маркум 1962-жылы туулган индус тектүү Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Азыркы тапта анын өлүмүнүн себептери иликтенип жатат. (BCh)

Казакстанда кармалгандардын саны 12 миңге жакындады

Azattyk.org 

Алматы шаарында соңку суткада өткөн аптадагы нааразылык акцияларына катышкан 2159 адам кармалды. Бул тууралуу шаардын комендатурасы кабарлады. Ага чейин 10 миңдей адам кармалганы кабарланган. Натыйжада акцияга катышкандан кийин кармалгандардын жалпы саны 12 миңге чамалады. Казакстанда өткөн аптада газдын баасынан улам тутанган нааразылык тополоң, башаламандык менен коштолгон. Эң чоң каршылыктар жана жоготуулар Алматы шаарында болду. Өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Читать дальше...

БУУ ачарчылык менен күрөшүү үчүн Ооганстанга жардамды көбөйтүүгө чакырды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Ооганстандын убактылуу тоңдурулган валюталык резервдерин кайра иштетүүгө уруксат берип, Кабулга эл аралык финансылык жардам берүүгө чакырды. Ал мунун себебин Ооганстанда гуманитардык каатчылык тереңдеп, ачарчылык күчөп жатканы менен түшүндүрдү. “Мамлекеттик сектордун кызматкерлерине маянага төлөгөнгө жана медицина, билим берүү жана башка маанилүү кызмат көрсөтүү боюнча ооган мекемелерине жардам берүү үчүн эл аралык каржылоого уруксат берилиши... Читать дальше...

“Театр - менин айтып бүтпөс дастаным”

Azattyk.org 

Жаңы жыл алдында Эл артисти Замир Сооронбаев жазган “Театр - менин айтып бүтпөс дастаным” деген китеп миң нускада жарык көрдү. Анда таланттуу актердун өмүр таржымалы, театр өнөрүнө кадам таштаган алгачкы чыйыры тууралуу жана сахнада ойногон ролдору, койгон спектаклдери камтылган. “Театр - бул жандуу искусство. Көрүүчү менен сахнадагы аткаруучунун түздөн-түз байланышы, кандай гана жанрдагы болбосун, мейли трагедия, мейли комедия же болбосо турмуштагы күнүмдүк драмалык көрүнүштөр болсун ага таасирленбей койбойсуң. Читать дальше...

Абдикарим Алимбаев: Тажикстанда он кыргыз жараны кармалып турат

Azattyk.org 

Президенттин Баткендеги атайын өкүлү Абдикарим Алимбаев ушул тушта Тажикстанда он кыргызстандык жаран кармалып турганын "Азаттыкка" билдирди. Ошол эле учурда Кыргызстанда дагы кармалган тажик жарандары бар экенин маалымдады. "Биз алардын баарын бошотконго аракет кылып жатабыз. Мен бул боюнча Согд облусунун губернатору менен сүйлөштүм, кат жолдодум. Ал дагы өздөрүнүн жарандарын бошотууну суранып жатат", -деди Алимбаев. Алимбаев тажик түрмөсүндө каза тапкан кыргызстандык жаранга байланышуу укук... Читать дальше...

Австралия белгилүү теннисчи Новак Жоковичтин визасын кайрадан жокко чыгарды

Azattyk.org 

Австралия дүйнөлүк рейтингинде биринчи сапта турган сербиялык теннисчи Новак Жоковичтин визасын экинчи жолу жокко чыгарды. Бул тууралуу чечимди өлкөнүн иммиграция министри Алекс Хоук кабыл алды. Министрдин айтымында, визаны жокко чыгаруу жарандардын коопсуздугун көздөйт жана өлкөнүн коомдук кызыкчылыгына туура келет. Виза биринчи жолу жокко чыгарылганда спортчу сотко даттанып утуп алган. Ал экинчи чечимди да сотко даттанганы турат. Жоковичти юристтери теннисчи өлкөдө калып, Australian Open турнирине катыша алат деп үмүт кылып турушат. Читать дальше...

Абакта ооруган аял эркиндикке чыгары менен көз жумду

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту кабарлагандай, Аламүдүн райондук сотунун чечимин узак убакыт күткөн, абактагы 44 жаштагы аял оор дарттан улам эркиндикке чыгары менен көз жумду. Анын жакындары сотко бир нече ирет жаза мөөнөтүн убактылуу токтото туруу өтүнүчү менен кайрылган. Маркум 2018-жылдан бери Чүй облусунун Степное айылындагы №2 түзөтүү колониясында алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. 2021-жылдын сентябрь айында ден соолугу начарлап Чүй облустук ооруканасына жаткырылган. Ага инфаркт баштаган бир нече оор диагноздор коюлган. Читать дальше...

Тажикстанда соттолгон бир кыргыз жараны көз жумду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги тажик түрмөсүндө жаткан 1953-жылкы кыргызстандык жаран каза тапканын билдирди. Мындан улам бул жарандын өлүмүнүн себебин калыс, адилет иликтөөнү өтүнүп Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Элчилик тараткан маалыматта маркум чек арадан "мыйзамсыз өткөн" деген айып менен эки жылга соттолгон жана №6 абакта жатканы айтылат. Элчилик бул жаран качан кармалып, соту качан болгонун тактаган жок. Айрым бир маалыматтарга караганда, ал Кудайберди Бекмуратов аттуу жаран. Читать дальше...

АКШнын Жогорку соту президент Байдендин милдеттүү вакцинациялоо жарлыгын жокко чыгарды

Azattyk.org 

АКШнын Жогорку соту президент Жо Байдендин орто жана ири компаниялардын кызматкерлерин милдеттүү вакцинациялоо тууралуу мурдараак чыгарган жарлыгын жокко чыгарды. Соттун 13-январда кабыл алган чечиминде эми мындай талап федералдык бюджеттен каржыланган медициналык мекемелерге гана тийиштүү болуп саналат. Мындай мекемелерде 10 миллиондой кызматкер бар. Техникалык коопсуздук жана эмгек гигиенасы боюнча федералдык башкармалык мурда 100дөн ашык кызматкери бар компаниялардын баардыгынын кызматкерлерин... Читать дальше...

Министрлик "учак менен коронавирусту чачып жатат" деген кабарларды төгүндөдү

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги социалдык тармактын кыргыз сегментинде, WhatsApp чаттарда таркап жаткан "өлкөдө инфекцияны учак менен абага чачып жатат" деген кабарларды төгүндөдү. "Күндүн ультракызгылт нурлары вирусту өлтүрөт, ушундан улам коронавирус инфекциясын чачып жатышат деген кабар жалган. Вирус жуккан адам өзүнөн бир метр аралыктагы кишиге чүчкүрсө, жөтөлсө аба аркылуу жугат. Бөлмөнү желдетпөө, тазалыкты сактабоо да вирустун көбөйүшүн шарттайт", - деп билдирди министрлик. Расмий маалыматка ылайык... Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Депутат Орозайым Нарматова УКМКга суракка кирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Орозайым Нарматова 14-январда Улуттук коопсуздук комитетине суракка кирди. Мунун алдында ал тергөөчүлөрдүн чакырган себебин билбей турганын айткан, бирок саясий ишмердиги, активист болуп жүргөн учуру менен байланыштырган.  "13-январда Жогорку Кеңеште жыйын болуп жатканда кызматкерлер мага чакыруу берип кетишти, себебин айтышкан жок. Чакырууда дагы жазылбаптыр. Күбө катары чакырышты. Бүгүнкү саат 4кө дешкен, бирок мен "макулдашып алып барабыз" дегем. Читать дальше...

Түркмөнстанда кымбатчылыкка нааразы болгондор митингге чыгышты

Azattyk.org 

Түркмөнстандын Лебап облусунун Фарап районунун акимиатынын алдына 200дөй киши акцияга чогулуп, азык-түлүктөрдүн баасын арзандатууну талап кылышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы жазды. Журналисттер кабарлагандай, 1-январдан тартып дүкөндөрдө мамлекет камсыздап турчу азык-түлүктөрдүн наркы 7-8 эсе өсүп кеткен. Маселен, 3 манат турган пахта майы ($0.8) учурда өкмөттүк дүкөндөрдө 24 манатка ($6.8) чейин сатылууда. Чогулгандар товарлар кымбаттаганы менен айлыктар көтөрүлбөгөнүн айтып,... Читать дальше...

COVID-19: Ош шаарында дагы карантин чаралары күчөтүлөт

Azattyk.org 

Ош шаардык мэриясында 14-январда коронавируска байланыштуу соңку абал талкууланды. Анда вирустун "омикрон" түрүнүн жайылышынын алдын алуу үчүн карантин чараларын күчөтүү тууралуу чечим кабыл алынды жана бир катар тапшырмалар берилди. Ага ылайык, эл көп топтолгон жайларда, базарларда, мечиттердеги жума намаз маалында санитардык-эпидемиялогиялык талап-эрежелерди сактоо, эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Дары-дармектердин запасы такталат. Соңку күндөрү Ошто вирус жуккан учурлар көбөйө баштады. Читать дальше...

Таласта 7-апрелдин макамын кайра кароого каршы чыгышты

Azattyk.org 

Таласта Апрель революциясынын катышуучулары "7-Апрель - Элдик революция күнү" макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбооруна каршы чыгууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" 14-январда "Баатырларга таазим" коомдук бирикмесинин төрайымы Кишимжан Таштекеева билдирди. "Биз 7-апрелди кызыл календардан алуусуна каршыбыз. Себеби революцияга чыккан канча элдин мүдөөсү, каны менен бул окуя болгон эле. Канчалаган энелер баласыз калып, канчалаган балдар жетим болду, кан төгүлгөн. Башка майрамдарды кыскартса да, 7-апрелге тийбесин", - деди Таштакеева. Читать дальше...

"Котормо менен коомду агарткым келет"

Azattyk.org 

Дүйнөлүк жазуучулар Эрнест Хемингуэй, Уильям Фолкнер, Ясунари Кавабата жана башка классиктердин чыгармаларын кыргыз тилине которуп, өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргыз окурмандарына сунуштап келе жаткан Кубантай Эрназаров "Азаттыкка" маек курду. Ал учурда Москва шаарындагы Орусиянын элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институтунда эмгектенет. - Кубантай мырза, соңку жылдары дүйнөгө аты чыккан жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп жүрөсүз. Адабият... Читать дальше...

Октябрь окуяларына байланыштуу соттук териштирүү 27-январга жылды

Azattyk.org 

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 2020-жылы бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларына байланыштуу соттук териштирүү 27-январга жылды. Буга айыпталуучулардын толук келбегени себеп болду. 2020-жылы октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу нааразылык тоз-тополоң менен коштолуп, бийлик алмашуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандар абактан бошотулган. Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкектеги митингге катышкан. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Камбэком обернулся матч вундеркинда из России перед стартом Еленой Рыбакиной в Мадриде






Психолог Наумова: субкультура фурри не опасна для детей, пока игра не перерастет

Арестованный замминистра обороны Иванов рассказал о своем состоянии

Раскрыты подробности морального и физического состояния экс-замминистра Иванова в СИЗО

Названа худшая команда весенней части сезона РПЛ